"Агым", 22.02.08 "Кашык жутуп ийгендер бар"

Комментарии · 60 Просмотры

Нарынбек Талипов, Улуттук хирургия борборунун ириң бөлүмүнүн врачы:

Нарынбек Өмүрбекович, алгач сиз иштеген бөлүм жөнүндө учкай кеп кылып кетсеңиз.
Биздин бөлүм 25 орунга негизделген. Февраль айынын башынан бери 35 оорулууну дартынан айыктырдык, үйүнө аман-соо кетишти. Дагы 25 адам учурда дарыланууда. Жылына орто эсеп менен 500 адам кайрылат.
Наркомандар да бул жайдан дарыланат деп укканыбыз бар.
Жакындале наркозатты көп колдонгон орус улутундагы адам дарыланды. Кадимки эле тузду сууга чылап эритип, кантамырларга сайынат экен. Өзүңөр жакшы билесиңер, туз кан аркылуу денеге тез тарайт. Натыйжада, ар бир сайган жери жарага айланып, ириңдеп чыгат. Мындай ооруну "флегмона" деп атайбыз. Азыр анын акыбалы жакшы. Аз жерден эки колунан тең айрылып кала жаздады.
Дарылануу бекер болбошу турган иш. Дегеним, ар бир оорулуу дарыланганы үчүн канча төлөшү керек?
Оорунун түрүнө жараша төлөнөт. Эгерде оорулуу адамга операция жасалса 1440 сом, медициналык коргоо карточкасы болсо 1080 сом. Операция кылынбай, жөн эле келип дарыланса 830 сом, ал эми пенсионерлер 200 сом төлөшү шарт (75 жаштан улууларга бекер). Бул сумманын ичинде жаткан орду, дары-дармеги камтылган. Ал эми дарыканаларда эң кымбат дары 1090 сом турат.
Бир күндө канча оорулууну операция кылууга туура келет? Деги эле операция жасоо канча убакытка созулат?
Мындан бир жума мурун түн бою он операция жасоого туура келди. Жеңил операцияларды 15 минутада бүтүрсөм, оорлору 5-6 саатка чейин созулат.
Ар бир оорунун өзүнүн мезгили болот эмеспи. Жылдын кайсы мезгилинде дартка чалдыккандардын келиши көбөйө баштайт?
Кышында оорулуулар аз келишет. Жазында көбөйө баштайт. Себеби, талаа жумуштары башталат, күндүн жылышы менен жарат бат ырбап, ириңдей баштайт дегендей. Көбүнчөсү түндө оорулууларды кабыл алабыз. Караңгыда бычак, ок жеп, же болбосо арзыган адамына жетпей, жашоосуна нааразы болуп өзүн-өзү өлтүргүсү келгендер арбып барат. Айрыкча бири-бирин бычактагандар мектеп окуучулар арасында көбөйүүдө. Мындан сырткары, сокур ичеги болгондор бизге көп келет. Кээде бармагынын кичине эле жерин тилип алгандар убагында бизге кайрылбагандыктан, колунан айрылып калган учурлар да бар.
Жашоо деген аркандай демекчи, иш убагында кандай окуя эсиңизде калды?
Мындан 3-4 жыл мурда буту курттап кеткен бир орус кемпирди тез жардам менен алып келишти. Көрсө, ысыктын күнүндө жүн байпагын чечпей кийип жүрө бериптир. 3-4 күндөн кийин айыгып, чыгып кетти. Дагы бир кызык окуя. Студент кыздын кызыл өңгөчүнө кымындай картошка тыгылып калыптыр. Аны чыгарам дегенби, айтор, чай кашыкты кекиртегине салбайбы. Салган кашыгын жутуп жиберген экен. Операция жасап, ашказанынан кашыкты алып чыктык.
Ириң бөлүмүндө дарыланып аткан адамдардын арасында дагы кайтыш болгондор кездешеби?
Ажалга айла жок да. Көпчүлүк адамдар оорусу өтүшүп кеткенде кайрылышат. Буту гангрена болуп, кан айланбай калганда, сөөк чирий баштайт. Гангренанын да эки түрү бар. Биринчиси сууланган, экинчиси кургак. Ошол экинчиси өтө коркунучтуу. Себеби, көпкө чейин ооруганы билинбей жүрө берип, чирий баштайт. Анысы аз келгенсип бут капкара болуп катып калат. Бирөө буту гангрена болгонун билсе да, маани бербей жүрө бериптир. Жыйынтыгында чирип калган буту түшүп калган. Ошол бутун өзү көтөрүп келип атпайбы, бутума эмне болду деп. Убагында келип кайрылса, жакшы болуп чыгып кетпейт беле. Анан оорусу өтүшүп, дарылоого мүмкүн болбой калган адамды ажалдан сактай албай каласың да. Жылына биздин бөлүмдөн 4-5 адам кайтыш болот.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ

Комментарии