"Аалам", 11.01.08 Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт

Комментарии · 17 Просмотры

Рыспай Абдыкадыров
Рыспай агайдын көзү тирүү болгондо эртең 68ге чыкмак
"Түгөйүм", "Алтынчы күнү кечинде", "Койчунун ыры", "Таанышыңда



Түгөлбай Казаков,
обончу:
"Абдыкадыровдун шинелинен чыкканбыз"
Рыспай Абдыкадыров кыргыз элине бир келген феномен. Себеби, 50-жылдардын аягында Султан Мамбетбаев, Ашыралы Айталиев, Бейшеке Жандаров деген обончулар чыгып калган учур эле. Анан Рыспай биринчи "Түгөйүм" деген ыры менен радиодон чыкты. Ошондо өзүнчө бурулуш башталды десем болот. Биринчиден, ага чейин деле кыргыздар аккардеон тартып жүргөн. Бирок, бу кишичелик мукам ойноп, бу кишичелик аккардеондун кыргызга мүнөздүү регистирин таап, өзүнүн шаңгыраган керемет муңдуу үнү, обону менен чыкты да. Мисалы, Рыспай "Түгөйүм" деген ырын өзү ырдабай, башка эле бирөөгө ырдатса башкача болуп калмак. Азыр деле ырдалып жатат, бирок өзүндөй жеткиликтүү ырдалбай жатпайбы. Эгер ырларын өзү ырдабаса, жогорку деңгээлде көкөлөйт беле, ким билет. Бу инсанга Жараткан бардык жагынан телегейин тегиз кылып бериптир. Анан музыкант катары абдан биримдүү болуп, аккардеонду так ойноп, мукам тарткан, анан үнү дагы бир башкача болуп чыкты, эч кимдикине окшобогон. Мына ушундай үч-төрт компонент кошулуп келип, бардыгы бийик деңгээлде болгондугу үчүн элге сиңимдүү болду. Мисалы, мага окшоп комуз чертип жүргөндөр аккардеонго жармашты. Аккардеондон ары обон чыгарганга өттүк. Негизи, обончулардын ырдап калышына бирден бир себеп Рыспай Абдыкадыров болуп калды десем эч жаңылышпайм. Асанкалый деле ошентип айтчу эле ыраматылык. Мына, 70-жылдын чыгармачыл балдары бүт ошол, баягы Чеховдун бир чыгармасында бар го "баланчанын шинелинен чыкканбыз",- деген сыяктуу Рыспай Абдыкадыровдун шинелинен чыкканбыз. Рыспай бизге бир чоң мектеп ачып кетти. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү жер, чыгармачылыкка бардык чыгармачыл адамдар Рыспайдай мамиле кылбайт. Бу киши жападан жалгыз оюнчугун аягандай өнөрүн көкүрөгүнө кысып, ушунчалык аздектеп, аялуу мамиле жасап жүрдү да. Мисалы, мен анткен жокмун. Менде башка да бир турмуштун багыттары болду дегендей. Бирок, ушу кишинин өнөргө жасаган мамилесине суктанам да. Себеби, бул адам өз көкүрөгүндө кайнап аткан магнаны элге толук чачып берди. Ал айтчу эле: "эң жакшы жазган чыгармам чыга элек",-деп. Ошондой үмүт менен жашап жүрдү. Бирок, турмуштун катаал мыйзамы бар. Өзгөчө музыканттарда жаш өйдөлөгөн сайын сезим мокоп, мерес болуп, акыл көбөйөт. А музыка сезимди жакшы көрөт. Акыл өзү музыкага тоскоолдук кылат да. Чыгармачылыгын жаңы баштаганга "анчалык акылдын деле кереги жок",- деп айтсам катуу угулаар. Сезим толкуп-ташып, табияттагы көрүнүштөрдү жүрөгү аркылуу өткөрүп, тыбырчылап турган адамдан гана шедевр музыка жаралат. Рыспайдыкы ушундай болду. Апогейге жетти. Турмуштун мыйзамы ушундай экен. Анан бир кезде апогейге жетип, дуулдап чыккан киши жыл өткөн сайын атак-даңкы ылдыйлай берет. Бу киши дагы турмуштун өйдө-ылдыйын көп көрдү. Ошонун баары көкүрөгүнө из калтырбай койгон жок.
Ушул ахыбалды Рыспай агай кандай көтөрдү?
- Рыспай 1941-жылы жылан жылында төрөлгөн. Акылдуу киши эле. Жылан жылында төрөлгөндөр негизи акылдуу болушат. Акылдуу киши бардыгын сезип-туюп эле жүрдү. Бирок, ошону эч кимге айтпай, сыртынан күйпөлөктөп күйүп-бышпай, калбаат көтөрдү. Ичинен абдан мындай тагдырдан катуу сокку алгандай жүрдү. Бирок сыртка чыгарган жок.
-Мамлекет Рыспай агайга кандай көңүл бурду?
Агай эмгек сиңирген артисти болду болгону. Башка жыргаган эчтеке берген жок.
СССР учурунда Ленин комсомолдук сыйлыгына 4 жолу көрсөттү. Бирок, төрт жолу тең берилген жок. Алардын бир шылтоосу эки аял алган, кичине ичет дегени болду. Кийин эгемендүү мамлекет болуп, мен Маданият министрлигинде жүргөндө Эл артисттигин берүү боюнча эки жолу маселе көтөрдүм. Анда да өткөзө албай койдум.Ошентип, Акүйдө Рыспай Абдыкадыров менен Жеңижоктун ким экендигин далилдей албай абдан ыза болгом. "Жеңижок деген ким?"- деп чыгышканда менин айтаар сөзүм калбай калды. Эгер кыргыздар Жеңижок менен Абдыкадыровду билбесе анда баракелде! Анда кыргыз улут эмес. Ошентип, Рыспай өз убагында өз баасын албай, ардакталбай кетти. Биз кыргыздардын жеткен деңгээлибиз ушунда болуп жатпайбы? Бири-бирибиздин кемчилигибизди чукуп, пендечиликтен өйдө көтөрүлө албай жатабыз. Эмне үчүн орус элин улуу эл деп айтабыз? Улуулугу көптүгүнөн эмес, орустар ошол эле Есенинди, Высоцкийди кандай көкөлөтүп алып чыгышты. Ар бир адамдын кемчилиги бар. Кемчилигин чукуп, сыйлык бербей сындагандар а кишиден 60 эсе көп зыян келтирди элге, кызматтык орундарынан пайдаланып.
Элдин берген баасынан өткөн сыйлык жок да. Мамлекет сыйлыкты өзүнүн ээсине туура таап бербегенден кийин, сыйлыктын баарын жоюп эле салган жакшы го. Чыгармачыл адамдарга мамлекет туура мамиле кылбагандыгынан оор сокку болуп, тагдырлары өйдө-төмөн болушуна түздөн-түз терс таасирин тийгизип келээринен шек санабайм. Дегеле мамлекеттик сыйлыктын кереги барбы?
- Мамлекеттик сыйлыктар - социализм учурундагы өнөр адамдарын эксплуатация кылыш үчүн, партиянын идеологиясына байлатыш үчүн табылган нерсеси. Союз өлдү, бирок сыйлыктар калып калды да. Мисалы, Индиянын же Германиянын Эл артисти деген наамы жок. Негизи эл баалаган менен ал кишинин курсагы тойбойт. Сөздүн ачыгын айтыш керек. Мына Союз учурунда эл дуулдап колдоп турду. Бирок, Рыспай материалдык жактан оңолгон жок да. Эл ушунчалык караанын көрсөк деп бир нечелеген кило-метрден келчү. Элдин назары деген көзгө көрүнбөгөн, руханий жактан колдой турган нерсе. Башка нерсени өзгөртө албайт ал. Элдин баасы деген өзүнчө критерий. Мамлекеттин баасы өзүнчө критерий. Мамлекет мамлекеттин руханий байлыгын толтуруп аткан кишилерди татыктуу баалаш керек. Ал кишинин көз карашына, саясый позициясына карап эмес, чыгармачылыгына карап баалаш керек. Сыйлык алыш үчүн Рыспай кошомат кылыш керек болчу. Ошондо Эл артисти жана башка наамдардын ээси болмок. Берилбей калганы менен бирок, Абдыкадыровдун ырлары шаңгырап жаңырып турат. Өз мекенинин сүйүктүү уулу бойдон калды. Улуулук деген ушул. Алтынды чаң баспайт дейт. Рыспай Абдыкадыровдун кайрылып келе турган жылдары али алдыда.Себеби, бул өтө керемет ырларды жазган. Биздин каныбыз улуттук чыгармаларга тартпай койбойт. Ошон үчүн эстрадада жүргөн балдар деле Абдыкадыровго кайрылып атпайбы. Мындан мыкты кайрыла турган учур келет. Себеби, биз акырындап обон дегенди жоготуп атабыз. Биздин эң чоң байлыгыбыз обон болчу. Муну учурунда Виноградов айтып, жазып чыккан: "Кыргыз музыкасынын жаны- обон",- деп. Ошол обонубузду жоготуп атабыз. Казактар бизге караганда 20-25 жыл алдыда да. Булар жоготуп бүттү. Анда-санда айылдан чыккан балдар чыгарып калат. Алар 80-жылдары эле: "Силерде обон али бар экен, бизде жоголду",- деп айтышкан. А биз азыр ошолордун тагдырына келдик. Обон такыр жоголгондо анан Абдыкадыров жаркырап турат. Эчтеке таппай карайлап калганда анан кайрылабыз. Ошол кишинин арбагына таазим этип, ардактап ырдай баштайбыз. Азыркы муун эмес, кийинки муун кайрыла турган керемети бар.

Саламат Садыкова,
Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
"Өз жүзү менен жүргөн инсан болчу"
Рыспай агай башка обончулардан эмнеси менен айырмаланып турат?
- Агайдын ырлары бир караганда турмуштун өзүндөй татаал, ошол эле учурда жандүйнөсүнөн кайнап чыккан, чындыкты баяндап тургандыгы менен башка обончулардан айырмаланат. Ошон үчүн ар бир уккан адамга ырлары өзүнө арналып жазылгандай кабыл алышат. Менин оюмча, бир караганда агай өмүр бою сүйүүгө карып болуп өткөн кишидей сезилет. Махабатты даңазалап, махабаттын артында чоң трагедия бар экендигин же чыныгы турмушта жашоого өзүң жалгыз келип жалгыз кеткендин ортосундагы чоң философияны туюп-сезип, жалгыздыктан ушул сүйүү тууралуу жашоонун чыныгы чакырыктарын таза обонго салгандыгы менен мени таң калтырат да. Негизи адам баласы сыртыбыздан зымпыйып, төрт тарабы төп келишкен болуп, жалган күлүп-жайнап көрүнөбүз го. Ал эми улуу инсан бизден айырмаланып, каткыргандан дагы, кез-кезде ыйлагандан дагы уялбай жашап өттү, бул жашоодон.
Чыгармачылык жолумда канча обончу менен иштешип келатам. Бирок, эч кимисинин өмүрлүк жары ушул Рыспай агайдын жубайы Давлет эжеге жетпейт эле да. Чындыгында, Абдыкадыровдой улуу талантты турмуш курганга чейин баалаган адам катары сезилет. Себеби, ал кишини дасторкон четинен көп жолу көрүп, камкор, жароокер, мээрман жар экенине менин сөзүм жетпейт. Агайды ушундай кастарлап, сыйлап турчу. Агайдын чыгармачылыгына тынчсызданып турган аял эле. Ал эми агай өзү элдин көзүнчө аялы менен бир башкача мамиледе болуп, көздөн оолак болгондо башка мамиле кылган жасалма эркектерден айырмаланып бардыгы сыртында, карапайым, керек болсо жаш балача улактай секирип, кубанычын жашыра албаган бир башкача адам болчу. Ушундай жакшы мүнөздөрү менен эжени зериктирбесе керек.
- Эл билбеген кандай сапаттарын билесиз ?
- Бир касиетин көрүп таң калган учурум эсимен кетпейт. Агайды кумир тутуп, ырларын ырдап жүргөн жылдар болчу. 1986-жылы облустагы борбордук маданиятта иштеп жүргөн жылдарым. Ошондо Абдыкадыров агай чоң чыгармачыл тобу менен биз жакка концерт коюп, келип калды. Биздин борбордук маданиятта иштеген Зайырбек деген агай экөө чогуу институтта окуп калышыптыр. Ал мени тааныштырып: "сенин ырларыңды жакшы ырдап жүрөт, өзүң угуп көрчү",- деп калды. Ал киши аккардеон чертип, мен ырдап аткан мезгилде сырттан кычырап кийингенинен кишини сүрдөткөн райкомдон жетекчилер кирип келишти. Агай токтогон жок. Анан Зайырбек агай Рыспай агайга кайрылып: "булар райкомдон келишти, жетекчилер",-десе агай аккардеонун токтотпой, сөзгө жооп берип жатпайбы: "эми мындай шляпалар жер жүзүндө толуп жатат, токтоп тур, ырымдын аягына чыгып алайын",-деп. Кошомат кылбаган, кызматтык орду бир-эки тепкич жогору турган адамдарды көргөндө биз обу жок ийилип жибермейибиз бар эмеспи. Ошондой сапаттан алыс экендигин көрүп таң калгам. Бир гана Рыспай деген жүзү менен жүргөн инсан болчу. Ырдап бүткөндөн кийин да, а киши ордунан турган жок. Тиги жетекчилер күтүп турушуп, баш ийкешип учурашып анан чыгып кетишти.

Даярдаган Кыял Абдыраманова

Комментарии