Агым", 10.06.16 Эстен чыккан Эркин экономикалык аймактары

Комментарии · 29 Просмотры

Жогорку Кеңеш 8-июнда Эркин Экономикалык Аймактар тууралуу мыйзамга толуктоолорду киргизүү маселесин карады. Депутат Таалайбек Масабировдун: "Учурда Кыр

Дүйнөлүк практикада Эркин Экономикалык Аймактардын мааниси зор. Андагы түзүлгөн шарттар, каралган жеңилдиктер инвесторлор үчүн эң эле ыңгайлуу экени талашсыз. Эсибизде ЕАЭБге кирер алдындагы келишимде Кыргызстандан 3 ЭЭА жана дагы 6 ишкана өздөрү өндүрө турган товарлары үчүн продукцияларды сырттан үстөксүз алып кире ала тургандыгы айтылган. Бул деген Кыргызстандагы 3 ЭЭА ("Бишкек", "Нарын", "Каракол") ЕАЭБдин талаптарына жооп берет дегендик эле.
Анан эле ЕАЭБге киргенден кийин Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин ЖКда билдиргенине караганда Кыргызстан боюнча 5 ЭЭАнын бирөө гана талапка жооп берип, калганы "жооп бербей калыптыр". Орун басар министрдин айтымында "Каракол", "Лейлек", "Маймак" ЭЭАлары обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам иштебей турса, дагы биринин финансылык көйгөйү бар болуп, дагы бири айлана-тегерегин тосуп бүтө элек экен. Ошону менен Россия, Казакстанга өз товарларын экспортко чыгарып жаткан "Бишкек" ЭЭАсынан башкасы жыргатпай жатса керек.
Мына тамаша. Сырттан инвестор тартабыз, аларга шарт түзөбүз дейбиз. Ал эми мыйзам боюнча дээрлик бардык жеңилдиктер каралган ЭЭАларды иштете албайбыз. Бу кандай? Булардын кандай маселеси болсо да мамлекет чукул чечип бербесе иштери илгерилебей тургандыгы ырас. Анткени ЭЭАлардын негизги ишмердиги биринчи кезекте элди жумуш менен камсыздоо, Кыргызстандын бренди менен товарларды чыгарып өлкөбүздү таанытуу, имиджин арттыруу эмеспи.
Ушуга байланыштуу аймактардагы ЭЭАлардын биринин абалын билүү максатында "Нарын" ЭЭАсынын Башкы директору Гүлзат Абдырасуловага телефон аркылуу байланышып, айрым суроолор менен кайрылдым:
- Жогорку Кеңеште Кыргызстан боюнча 1 гана Бишкек ЭЭАсы ЕАЭБдин талаптарына жооп бере тургандыгы айтылууда. "Нарын" ЭЭАсы талапка жооп бере албайбы?
- Андай сөздөрдү билбейт экемин. ЕАЭБге кирер алдындагы келишимде "Нарын" ЭЭАсы расмий тизмеге кошулган. Эгерде талапка жооп бербесе кошулбайт болчу. Биз талапка жооп беребиз. Себеби бизде иштөө тартиби КР ЭЭА жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Учурда "Нарын" ЭЭАсында 5 субъект катталган. Азыр 3 ишкана иштейт. 2 ишкана аймагын тосуп, бажы көзөмөлүнө даярдап жатат.
Бизден чыккан продукциялар бүт экспортко кетет. Мисалы, Нарын шаарындагы "Шалбар" ишканасы негизинен шым тигет. Азыр ассортиментин көбөйтүп жууркан, шейшеп,балдардын кийимин тигүүгө даярданып жатат. Бизге атайы балдардын кийимин тигүү боюнча Белоруссиянын Бельбимо фабрикасы заказ берди. Келечекте фабрикага 500 адамга чейин жумуш ордун түзүү менен райондордун борборлоруна филиалдарын ачып, үйдө отурган жеке ишкерлерди тартуу менен дагы кошумча 500 орунга чейин жумуш ордун ачабыз. Ишкана Кыргыз-орус өнүгүү фонду аркылуу жаңы техникалык жабдууларды алды. Учурда "Шалбар" ишканасы Кочкордогу "Ренесанс" бут кийим чыгаруучу ишканасы менен бирдикте заманбап стилдеги чокойлорду чыгаруу долбоорунун үстүндө иштеп жатат.
- Муну менен "Нарын" ЭЭАсы облустун өнөр-жайын жанданта алат деп айта алабызбы?
- Нарын облусу үчүн "Нарын" Эркин Экономикалык Айма-гынын мааниси зор. Себеби, климаты татаал, алыскы аймакта жашаган элдин турмуш шартын көтөрүү, жумуш менен камсыз кылуу, инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвесторлорго жагымдуу шарт болуш керек. Менин жеке оюмда Эркин Экономикалык Аймактарды экономикасы өнүкпөй калган аймактарга ачыш керек.
- Нарындагы кийим, Кочкордогу бут кийим тигүү фабрика-ишканалары жаңы жабдуулар менен жабдылган деп жатасыз, демек атайын адистерди талап кылса керек. Ал жагы кантип чечилип жатат?
- Кийим тигүүдө окутуу иштери менен 3 жыл иштедик. Азыр Нарын облусунда жайгашкан кесиптик техникалык окуу жайлар менен быйылтан баштап келишим түзүп, бизге керектүү адистерди даярдай баштадык. Көрүнүп тургандай бир тармак эле кыймылга келсе баарын камтыйт окшойт. Анан дагы өзүбүздөн даярдаган адистер башка жактан алып келгенге караганда арзан болуп калды.Башында жумушчулар тойго же жамандык болгондо кетип калышып жумушка 5 күнгө чейин келбей коюшчу. Азыр түшүнүп калышты. Себеби булар конвейер системасы менен иштейт. Бир адам ишке келбесе беш адам иштей албай калат.
- Нарын облусунда жасалчу иштер, көтөрө турган тармактар арбын. Баарын камтый аласыздарбы?
- Биз атайын багыттарды бекиткенбиз. Облуста жеңил өнөр жайын жолго коюу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экологиялык жактан таза өнүдүрүлгөн товарларды премиум-класс катары чет мамлекеттерге кымбат сатуу, логистикалык борборлорду куруу, мунун ичинен айыл чарба продукцияларын сактоочу кампаларды куруу жана жанына кайра иштетүүчү ишканаларды жайгаштыруу. Дагы Кашкар шаарына биздин соода өкүлчүлүктү ачуу менен 300 м2 соода аянтын, Кашкар ЭЭАсы аркылуу алганбыз. Эми бизде өндүрүлгөн бал, курут жана шире, кайнатма жана сууларды ушул соода өкүлчүлүгү аркылуу Кытайга экспорттоого даярданып жатабыз. Булардын ичинен Кочкордогу "Ренесанс" бут кийим, Нарын шаарындагы "Шалбар" фабрикасы, Нарындагы "Чжун Цай" тиричилик буюмдарын жасоо ишканасы иштеп жатат. Ошондой эле биз өзүбүздөгү ички инвесторлор менен сырттан келген инвесторлорду байланыштырып,ишкана ачуу боюнча иштерди алып барабыз, аларга техникалык-экономикалык негиздемелерин жасап беребиз...
P.S. Көрүнүп тургандай бир эле облустун ЭЭАсында анча-мынча болсо да иштер жүрүп жатыптыр. Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашевдин парламентте берген маалыматына караганда "Каракол" ЭЭАсында 14, "Маймак" ЭЭАсында 26 субьект катталыптыр. Бул эмне деген экономикалык потенциал?! Ушулардын ар биринен жок дегенде үчтөн ишкана күркүрөп иштеп кетсе да канчалаган жумушчу оруну табылып, аймактардын экономикасына кан куюлбайт беле?
Баарыдан мурда аймактарга инвестиция тартуу жөнүндө оозубуздан көбүк чыкканча кеп кылабыз. А инвестор дегениң ЭЭАлар өңдүү атайын мыйзам, эреже менен иш алпарган, мамлекет тарабынан өзгөчө корголгон жерлерге келет экен. Менимче элетти өнүктүрөбүз десек ЭЭАларды баладай бапестеп, мыйзамга ылайык болгон мүмкүнчүлүктү түзүп берсек, ички-тышкы инвестициянын үзүрүн көрчү жер ушул ЭЭАлар сыяктанат. Аларсыз алыскы аймактардагы кайра иштетүү тармактарын, жеңил өнөр жайын, бир катар социалдык багыттагы обьектилерди көтөрүү кыйынга турчудай. Анын үстүнө ЭЭАлардын чыгарган продукциялары негизинен экспортко багытталган. Экспорттун өзү конкуренция.
ЕАЭБге кирдик дейбиз, башкалар менен тизгин талашканга өзүбүздүн сапаттуу продукцияларыбыз болуш керек. ЭЭАларга инвестиция салып, реэкспортту көздөгөн инвесторлор сапатсыз буюмга басым жасабаса керек. Бизге эң маанилүүсү жумушчу орундары, анан ЭЭАлардын экспортунан түшө турган салыктар. Баамымда Жогорку Кеңеш ЭЭАларга тиешелүү мыйзамдарга толуктоо киргизүү менен ЕАЭБдин шартында алардын иштөө эрежелерин карап жатса керек. Бул туура кадам болуп турат.




15 жыл эмгек стажысын
"жоготкон" 94 жаштагы карыя
Редакциябызга Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын тургуну, 94 жаштагы Т.Мүсүралиев аксакал келиптир. 70 небереси бар экенин, кутмандуу карылыктын төрүндө экенин айтып отурду. "Мен келбейт деле элем. Бала-бакыра шүгүр эле. Болгону эле бир кезде иштеген эмгек стажым пенсияга чыкканда эсепке алынбай калганына күйө беремин", - дейт.
Айтымында 18 жашынан баштап иштей баштаган карыянын эмгек стажысы эң кеминде 44 жыл болушу керек экен. Кийин экс-президент Р.Отунбаевага чейин арызданып барганда эмгек стажысын 31 жылга жеткиришип, учурда алган пенсиясы 4904 сомду түзөт экен.
"Жалал-Абаддагы Тоскоол-Ата токой чарбасында 20 жылдай иштедим. Ал жакка 1948-жылы ишке киргемин. Беш деректирди алмаштырдым. 1969-жылы Шамалды-Сайга көчкөндө иштен чыккам. Дал ошол жерде иштеген 15 жылым кирбей калыптыр",- дейт карыя.
Документтерин алып карап көрсөк арасында Ноокен райондук прокурору А.Каримовдун аксакалдын арызы боюнча 2016-жылдын 25-январында берген (№6/0-16) жообу бар экен, анда мындай деп жазылыптыр: "Текшерүү учурунда Ноокен райондук мамлекеттик архивинен Тоскоол-Ата токой чарбасынын буйруктарынын ичинен 1949-жылдын 30-декабрдагы 111 сандуу буйругу менен аталган токой чарбасынын Майлуу-Суу токой чарбачылыгына жумушчу, 1954-жылдын 19-августундагы №49 буйругу менен мисте теримдигине кароол болуп жумушка алынгансыз. Бирок жогорудагы жылдардагы эмгек акыңыз жана жумуштан бошонгондугуңуз тууралуу документтер райондук мамлекеттик архивден табылган жок",-деп жазылат прокурордун жообунда.
Карыя мурда аталган токой чарбасында иштегеним тууралуу эч маалымат табылбай келген, райондук прокуратура кийлигишкенден кийин гана жогорку маалыматтар чыкты дейт. Ноокен районунун прокурору А.Каримов бул ишке анча киришкенден кийин райондук архивди, социалдык камсыздоо бөлүмүн дагы "муунта" түшсө болмок экен. Болбосо "кирген из бар, чыккан из" жок дегендей болуп калып жатпайбы. Жумушчу атайын директордун буйругу менен ишке алынып атса, ал бекер иштеген жок да?! Айлык төлөндү да?! Демек, социалдык камсыздоого да акча которулгандыр. Биздин оюбузча райондук архив, социалдык камсыздоо бөлүмү шалаакылык кылбай жакшылап издеп көрүшсө 94 жаштагы карыянын көксөөсү суур беле? Прокурор А.Каримов, булардын куйругун дагы бир жолу катуурак толгоп көрбөйсүзбү?!

Бетти даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Комментарии