ШКУнун Университети эл аралык кызматташтыкты чыңдайт
Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү ШКУнун Университетин уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинде болгон жолугушууда Канат Садыков ШКУнун Университетин ишке киргизүү процессин тездетүү үчүн башкаруу структураларын минималдуу кылып, колдонуудагы методикалык иштелмелерге жана окуу программаларына негизденүү зарылдыгын баса белгиледи.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдүн эксперттик жумушчу топторунун мындан мурда Пекинде болгон жыйынында ШКУнун Университетин уюштуруунун укуктук маселелерин чечүү жана ШКУнун Университетинин Хартиясына кол коюу маселелери талкууланган. ШКУнун Университети аталган уюмга мүчө жана байкоочу болгон өлкөлөрдөгү университеттердин базасында түзүлүп, маданий, илимий-агартуу жана экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо милдетин аткармакчы.
Жолугушууда Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Лариса Ефремова министр Канат Садыковго ШКУга кирген өлкөлөр үчүн Россиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн каралган квоталарды тапшырды.

К.ЖУКЕЕВА




Жарандардын арыз-даттануулары жерде калбайт
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш март айында өткөн отурумунда жарандардан түшкөн кайрылуулар менен арыздарды кароо тартибин талкууга алды.

Талкуунун жыйынтыгында жарандардын арыздары менен кайрылуулары тиешелүү инстанциялардан чечилбей калган учурларда гана Байкоочу кеңеш карасын деген чечим кабыл алынды. Кат түрүндө берилген арыздар гана каралмакчы. Байкоочу Кеңеш КР Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкү сунуштарды жолдоду:
1. КР Билим берүү жана илим министрлигинин жарандар кайрылуучу коомдук кабылдамасынын бөлмөсүн максатка ылайык пайдалануу жана толук кандуу иштетүү зарыл;
2. Жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрүн райондук/шаардык деңгээлде да иштетип, алардын талапка ылайык иш жүргүзүүсүнө көз салуу керек;
3. Жарандардын арыздары менен кайрылууларын өз учурунда карап, жарандык коом менен болгон тыгыз байланышты камсыздоо жана бекемдөө абзел.
Байкоочу кеңеш Билим берүү жана илим министрлигинен жарандардын кайрылууларын кароо ишин жогоруда айтылган чечимге ылайык уюштурууну өтүнүүдө.