Борбордук Азиядагы биринчи эркин шайлоо
10-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында беш партия белгиленген беш пайыздык чекти басып өтүп, жеңишке жетишти. Шайлоого көз салган эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар майда-барат кемчиликтерине карабай Борбордук Азиядагы биринчи эркин жана демократиялык шайлоо болду деп белгилешүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген алдын-ала маалыматтарга караганда, шайлоо жарышына катышкан 29 партиянын ичинен беш партия алдыга чыкты.
"Ата Журт" партиясы 266 923 добуш топтоп биринчи болду. Экинчи Социал-демократиялык партиясы (241 528 добуш), үчүнчү "Ар-намыс" (232 682), төртүнчү "Республика" (217 601), акыркы "Ата Мекен" (168 218) болду.
Көрүнүп тургандай парламенттик көпчүлүккө бир дагы партия жетише алган жок, ошондуктан беш пайыздык чектен өткөн партиялар азыркы учурда өз ара биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Парламенттик шайлоодо тизмедеги 2 миллион 852ден ашуун шайлоочунун 56 пайызга жакыны, б.а. 1 679 538 жаран катышып добуш берди.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашуун өлкөдөн 850 эл аралык байкоочу, беш миңдей жергиликтүү байкоочу көз салышты. Байкоочулар шайлоонун жүрүшүндө адамдарды ташып келүү, байкоочуларга тоскоолдук кылуу сыяктуу майда-барат кемчиликтер болгонун белгилешти. Бирок ошого карабастан байкоочулар баары Кыргызстандагы шайлоого Борбордук Азиядагы биринчи жолу болгон эркин шайлоо катары баасын беришти. Бул жагынан Кыргызстан бүтүндөй регионго өрнөк болор жолго - демократиялык жолго түшкөнүн эл аралык абройлуу уюмдар тарабынан көп айтылууда.
Борбордук Шайлоо Комиссиясы шайлоо өткөн күндөн кийин эки жуманын ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарууга тийиш. Ошондон 15 күн кечикпей Жогорку Кеңештин жаңы курамы өзүнүн биринчи сесссиясына чогулушу керек.

К. Чекиров, "КБ"