Бир бүркүм
Акыркы жыл ичинде өлкөдө өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулук эки эсеге кыскарганын КР Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев кабарлады.
***
19-январда АКШнын Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында 23 жаштагы кыргыз жигит «Кавасаки» үлгүсүндөгү мотоцикл менен 6-7 метр болгон көпүрөдөн кулап түшүп каза болду.
***
20-январда Аскар Бешимов Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды.
***
ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков 19-январда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын элчилигинин иши менен таанышып, ал жакта билим алып жаткан мекендештер менен жолугушту.
***
Жашы жете элек алты өспүрүм Бишкек шаарынын көчөлөрүндө травматикалык эки тапанча көтөрүп жүргөн жеринен кармалышты. ИИМдин билдиргенине таянсак тапанчалар балдардын ата-энелерине таандык болгон.
***
Жумгал районунун Кичи-Арал айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 40 чарчы метр чатыры, 6 тонна чөп, 2 уй, 15 эчки, 15 кой күйүп кеткен.
***
Ошто бачабаз молдо мындан төрт жыл мурун тогуз жаштагы медресенин тарбиялануучусун зордуктагандыгы тууралуу күнөөсү далилденип, Ош шаардык соту тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылды.
***
ЖК вице-спикери Нурбек Алимбековду депутат Кенжебек Бокоев регламентти сактабаганы үчүн «бетиңиз жок экен» деп беттен алды.
***
19-январда жаңы түзүлгөн Энергетикалык холдингдин жетекчиси болуп 33 жаштагы Айбек Калиев дайындалды.
***
Каракол шаарында 18-январда үйүнөн чыгып кеткен 16 жаштагы кыз изделүүдө.
***
Бишкек-Ош жолунда «Лексус GX470» автоунаасы кырсыкка учурап, Абдрахманов Таалайбек Эргешович жана Оторбаев Бейшенбек Жумабекович каза тапты.
***
Ош шаарында 11-январдан 15-январга чейин окуучулардын арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиада Кыргызстанда буга чейин боло элек электрондук негизде өттү.
***
А.Келдибековдун иши боюнча 21-январда соттук отурум болуп, ага күбө катары чакырылган А.Салянова менен Ө.Текебаев келбей койду.
***
Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылынын 42 жаштагы жараны күрмөсүнүн ичине 13 килограмм марихуана катып жүргөн жеринен кармалды.

Агым», 22.01.16
(Visited 186 times, 1 visits today)