Азимжандын аялынын айгайына бали!
Учурда Ош окуясында милиционерди өлтүргөндүгү сот тарабынан аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун аялы өзбек тилдүү эл аралык басылмаларга «Кыргызстанда күч органдары мени аңдып жүрөт, үйүмө чейин келип текшерип жатышат. Өмүрүм коркунучта!» сыяктуу маектерди байма-бай берип айгай салып жүргөн кези. Эгер эсибизге жара чыкпаса бир убакта Аскаровдун соту жүрүп жатканда «кыргыз соттору коррупцияга белчесинен баткан, аларды четинен сатып алууга болот» деген таризде ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын администрациясына четтен (мүмкүн АКШ) 200 миң доллар өлчөмүндө акча каражаты келип түшкөн. Муну азыркы Жогорку соттун төрайымы менен Роза Отунбаева да өтө жакшы билсе керек. Бирок Азимжанды соттоп жаткан сот айым пара алууга караманча каршы туруп, 200 миң доллардан кесе баш тартып окуяны элге жарыя кылып жиберген. Бул аракетти жасагандар мындайды күткөн эмеспи качаарга жер, кирээрге ийин таппай калышкан. Натыйжада, Азимжан Аскаров түрмөнүн төрүнө жол тарткан. Бирок ар убак ушул кишинин айынан «кыргыздар улутчул» деген сөздү чет элдик басылмалардан көп угууга болот.
Айыпталгандар актала берсе кимди күнөөлөйбүз?
Эки жылдан бери коррупция менен айыпталып жаткан Акматбек Келдибековдун соту 11-январда Бишкек шаардык сотунда каралмакчы. Буга чейин ал райондук соттон өзүнө коюлган коррупция беренелери боюнча толук акталып, Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы иш боюнча сот ага 3 миллион сом айып салган. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар соттун чечими туура эмес болду деп Келдибековду коррупция боюнча айыптоону талап кылууда. Буга чейин Президент Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында коррупция боюнча чуулуу кылмыш иштерине сот тарабынан жеңил өкүм чыгып жатканы маанисиндеги суроого «алар соттордун алаканына акча берип кутулуп жатышат» деп жооп берген. Келдибековдун иши да өтө чуулуу. Эгер ал шаардык соттон толук акталса анда коомчулук тарабынан сотторго нааразылык күчөйт. Бул эле эмес, эгер Келдибеков күнөөсүз болсо жок жерден элди ушунча дүрбөткөн Башкы прокуратуранын да аракетине баа берилүүсү зарыл.
Мыйзамсыз никеге бата түшпөйт
ЖК депутаттары Аида Салянова жана Элмира Жумалиева нике күбөлүгү жоктордун никесин кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзамды демилгелешүүдө. Алар мунун себебин өспүрүм кыздардын турмушка эрте чыгып жаткандыгы менен түшүндүрүшөт. Демилгечи депутаттар расмий каттоодон өтмөйүнчө молдонун нике кыюусуна уруксат бербөө боюнча мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна коюшкан. Анда күбөлүгү жок баш кошуп жаткандарга нике кыйган молдолор 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Бирок исламда нике кыюу балакатка жетсе эле уруксат берилээрин аалымдар айтып келет.
Чубак ажы кийинки президентпи?
Акыркы кезде Чубак ажы өзүнүн диний көрөңгөсү менен элге бат таанылды. Ошондуктанбы аны өткөн парламенттик шайлоодо көптөгөн партиялар өз катарына кошууга аракет жасашты. Бул эле эмес Чубак ажыны кийинки президенттик шайлоого катыштырабыз деген атайын топ бар экенин да жакшы билебиз. Ошондуктанбы социалдык түйүндөрдө ажыкенин талапкерлигин жактаган кишилер көп болуп жатат. Чындыгында президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ажыкенин конституциялык укугу. Буга чейин деле дин жаатында жүрүп кийин мамлекетти башкарып кеткен аалымдар исламда көп болгон.
Карасартова сотко кайрылат
Рита Карасартова парламенттеги Акыйкатчыны шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрыла турганын фейсбуктагы баракчасында видеокайрылуу жасап, шайлоодо мыйзам бузулганын, ага депутаттар жол бергенин, парламентаризмди колдоочуларды өз катарына чакырды. Ал «Кайрадан шайлоо болот деп жарыя кылышсын, татыктуулар көп. Эң негизгиси Жогорку Кеңеш мыйзамды бузбай, өз шайлоочуларын сыйлап тандаса жакшы болот» деп кошумчалаган.
Эдил Байсалов Акаев бийлигинде
АКШнын тыңчысы болгонбу?
Жакында интернетке » Биз түстүү революцияларды кандайча жасаганбыз» деген видеотасма жарыяланды. Ал Сербия, Украина, Грузия жана Кыргызстандагы революциялардын мисалында тартылган. Тагыраагы, түстүү ыңкылап жасалган жогорудагы өлкөлөргө алдын ала барышып кандайча аракеттерди жүргүзүшкөнү тууралуу баяндашат. Көрсө, Эдил Байсалов алгач Украинада айлап жүрүп анан Кыргызстанга келет да, америкалык өкүлдөр менен Кыргызстандагы студенттерди жашыруун жолуктуруп «саясый вирус» жайылта баштайт. Андан ары Байсаловдун Америкада окуганы, ал жактан стипендия алып турганы айтылат.Ал эми Төлөйкан Исмаилова бийликти кандайча алмаштыруу керектиги тууралуу четтен келген маалыматты ММК колдоо басмаканасынан кыргыз тилине которуп басып чыгарып, жашыруун таратып жаткандыгы ж.б. көптөгөн бизге белгисиз маалыматтар көрсөтүлөт. Ар бир окуяга ошол мезгилде Америкадан келген түстүү революциянын авторлору, саясый технологдор түшүндүрмө берип турушат. Анда Майк Стоун деген бизнесмен «МСН» кийин «Суббота» ж.б. гезиттерди каржылаганын мойнуна алат.
Акунду сотко беришти
Турсунбек Акун Акыйкатчы институтун башкарып турганда кол астындагы жети кишини жумуштан алган. Алар буга нааразы болуп, сотко кайрылышып, соттун чечими менен кайра кызматка алынышкан жана жумушсуз жүргөн күндөрү үчүн акы төлөп берүү чечимин да чыгарган. Ал эми Акыйкатчынын жаңы жетекчилиги ошол акыны Турсунбек өзү төлөп берсин деп доо коюп сотко кайрылышты.