Ибрагим ЖУНУСОВ Түркияда өзүн Султан сезеби?
«Эламанды» созолонто ырдап, элге атагы чыккан Ибрагим Жунусов учурда Түркиядагы Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси. Учурунда мыкты ырчы, мыкты обончу болгон, КР эл артисти наамын алган Ибрагим саясатка аралаша коем деп жакшы атагын жаман аттыга айлантмай болду. Анткени Бакиевдин парламентинде депутат болуп жүргөндө тилинен чаң чыгып, акыйкаттык, адилеттик жөнүндө сайраган Ибрагим 2010-жылкы революциядан кийин «Ак жол» партиясынан «Ата журтка» өтө качып, вице-премьерлик кызматка жеткен. Ошол үлкөн креслону ээлеп турган чагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды дейбизби же «май кармаган бармагын жалады» деп айтабызбы, айтор адилеттик жөнүндө какшаганын бир заматта унутуп, КМШнын «Звезда Содружества» деген алтын медалына, 60 миң евросуна өзүн-өзү көрсөтүп, жең ичинен алып алганы коомчулукта азыркыга чейин айтылып жүрөт. Ушул фактыдан кийин бул сыйлыкты чиновниктерге бербеш керек деген жобо чыкты жогору жактагы Москва тараптан. Баса, эскерте кетсек Ибрагим Жунусовго чейин Султан Раев да КР Маданият, маалымат жана туризм министри болуп турганда ушул алтын медаль менен 60 миң еврого өзүн-өзү көрсөтүп алып алган жайы бар.
2012-жылы Ибрагим кайсы партиядан келгени белгисиз, айтор КР Маданият, маалымат жана туризм министри боло калганда өзүнүн кесиптештери эстрада ырчыларын теске салам деп чуулгандуу Көркөм кеңешти түзүп жиберген. Башкы прокуратурадан бул Конституцияга туура келбеген мыйзамсыз буйрукту жокко чыгарып, күнөөлүүлөрдү жазалаш керек деп келген эскертүү кагазын эч кимге айтпай, иш столуна катып, дымын чыгарбай бир жыл бою кармаганы ал кийин креслодон кеткенден кийин гана билинген.
Ибрагим Жунусов чиновник болгон кезде айтылуу уулу Эламан Ысык-Көлгө барып, ызы-чуу чыгарганы тууралуу да ММК булактарына жарык көргөн эле. Өзүнүн ММКларга берген маегинде Сталинди кумир тутаарын айткан Ибрагим мырзага сталиндик режим керек болуп жатса керек. Учурда Түркиядагы Кыргызстандын ыйгарымдуу толук элчиси чет өлкөдө өзүн хан сезип калганбы, айтор чет жердеги кыргыздарды теңине албай, алардын укугун коргобой, ага даттанып баргандардын датын укпайт деп редакцияга даттанып келгендер бар. Балким Ибрагим Жунусов интернет желелериндеги Түркияда иштеген кыргыз мигранттарынын арманын укса бир тыянак чыгараар. Пайдасы жок элчиден көрө пайдалуу обончу боюнча калса дурус болот беле…