3 собол Шүкүрбек Кучкачев,
КР Майыптар коомунун төрагасы:
Коомдун ар бир мүчөсүнүн укуктарын коргойбуз…
Бүгүнкү «3 собол» рубрикабыздын мейманы Кыргыз Республикасынын Майыптар коомунун төрагасы Шүкүрбек Кучкачев коомдун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип кетти.
— Шүкүрбек мырза, Майыптар коомунун бүгүнкү абалы кандай?
— Алгач биздин уюмдун кантип уюшулганы тууралуу маалымат айтып берейин. Биздин коомдук уюм 1989-жылы Совет министрлигинин Токтому менен союз убагында уюшулган. Биз 1992-жылга чейин мамлекеттен айлык алып келгенбиз. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон кийин бир жылдын ичинде өзүнчө коомдук бирикме болуп түзүлдүк.
Азыркы учурда өлкөбүздө ар кыл багыттагы коомдук бирикмелер абдан көп. Биз демөөрчүлөрдүн жана мекемелердин жардамы менен өз оокатыбызды кылып келе жатабыз. Республика боюнча жалпы оорулуулардын саны 79 миң адамды түзөт. Алардын ичинен 16 жашка чейинки 3000 бала биздин каттообузда турат. Калган 65 миң адам 18 жаштан 75 жашка чейинки кишилер. Биз өзүбүз аракет кылып компьютердик курс ачканбыз. Курс ачканыбызга 3 жылдын жүзү болду. Жылына 60-70 балага билим берип келебиз. Мындан тышкары республика боюнча 367 атайын ийримдерибиз бар. Биздин коомдун 2500 гө чукул мүчөсү кол эмгек менен эмгектенишет. Биздин уюм эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта болгондуктан коңшу мамлекеттерге жана Бишкек шаарында сатылышына жардам берип келебиз.
— Сиздерге кайрылган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай жардам бере аласыздар?
— Биз ар дайым чет өлкөлүк донор уюмдарга ар түрдүү долбоорлорду жазып турабыз. Алар тарабынан көпчүлүк учурда дары-дармек, кийим- кече жана азык- түлүктөр жардам катары берилет. Андан тышкары биздин коомдун өкүлдөрүнө юридикалык кеңештерди беребиз. Биз ар дайым коомдун мүчөлөрүнүн укуктарын коргойбуз.
— Коомдун кайсы аймактарда атайын өкүлчүлүктөрү бар?
— Республика боюнча коомдун он эки филиалы бар. Бул өкүлчүлүктөр өлкөбүздүн жети дубанында жана шаарларыбызда орун алган. Бүгүнкү күндө колдон келишинче иштеп жатышат.
Айбат Пресс
Т.Сариев президенттик шайлоодо А.Атамбаевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алды
«Акшумкар» саясий партиясы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Темир Сариев бүгүн, 28-сентябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал Кыргызстан элинин келечектеги кызыкчылыктарын көздөп, президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөтпөй тургандыгын чечкен. «Анткени, талапкерлердин саны көбөйүп кетсе, өлкөнүн бытырандыгына, региондорго бөлүүгө, коомчулуктун ичинде жектешүүнү күчөтүүгө, артка кетүүгө алып келиши мүмкүн», — дейт саясатчы.
Ал белгилегендей, апрель айында башталган, коомдогу өзгөртүүлөрдү уланта алган талапкерди колдоо керек. Ал талапкер, саясий жана экономикалык реформалардын андан ары улантылышына шарт түзгөн талапкер болууга тийиш.
«Партия ичиндеги жана өзүбүздүн бардык жактоочуларыбыздын маанилүү кеңештеринен кийин шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдык. Бул адам, биздин көз карашыбызда, реформаларга өзүнүн берилип иш кылгандыгын көргөзө алды жана өлкөнү кайрадан артка — авторитардык башкарууга тартпайт», — деп билдирди Т.Сариев.
«Мыкты айыл өкмөтүнүн» ысмы Түшүм майрамында айтылат
Облустагы 63 айыл округ башчыларынын ортосундагы жарыяланган «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жыйынтыгы октябрь айында белгилене турган «Түшүм майрамында» чыгарылмакчы. Буга чейин облустун ар бир районунда көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү багытында семинарлар өтүп, ал Жумгал районунда жыйынтыкталды. Облус башчысы Канатбек Муратбеков райондун акимдери, айыл округ башчылары башка айылдар менен алака түзүп, теңир тоолуктар ынтымакта иш алып баруу максатында мындай семинарлар өткөрүлгөндүгүн билдирди. Ал эми айыл округ башчылары бул семинар биз үчүн башка райондорду көрүп кесиптештерибиздин жаcаган иштери менен таанышып тажрыйба алмашуубузга чоң өбөлгө болду дешүүдө. Ошентип облус башчысынын мыкты айыл округ башчысына ыйгара турган автоунаасынын ээси жакында белгилүү болот. Мындан сырткары экинчи орунга ээ болгон айыл округ башчысы үй-бүлөсү менен Дубайга эс алууга мүмкүнчүлүк алса, үчүнчү орундун ээси акчалай сыйлыкка татыктуу болмокчу.
«Mega Билим» Нарында
«Mегаком» уюлдук операторунун жардамы менен Нарын облусунун Жан-Булак айылындагы А. Жутакеев атындагы орто мектепке, Кыргызстанда жок үлгүдөгү жаңы 7 компьютер тапшырылды. Ал иш чара «Mega Билим» долбоорунун негизинде ишке ашты. Бул жылы «Мегакомдун» жаңы жетекчилиги кымбат баадагы баннерлерден баш тартып, республикадагы мектептерге окуучулар үчүн компьютер белек кылууну пландашкан. Ал долбоор ишке ашып, алгачкы компьютерлердин партиясы тапшырылган А. Жутакеев атындагы орто мектептин директору Эркинбек Өмүрбековдун айтымында мурда информатика сабагы теориялык түрдө өтсө, эми окуучулар компьютерлер менен таанышышты. «21-кылымда шаардык өз курбалдаштарынан калбай айылдык окуучулар да компьютерди жакшы өздөштүрүп келечекте жакшы адис болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү» дейт мектеп директору Э. Өмүрбеков. Бул иш чарага катышуу үчүн келген «Мегакомдун» сатыктар боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Даминовдун айтымында компьютерлер менен бирге аларга ылайыкташкан эмеректер да берилди. Келечекте «АлиппеTV» долбоорунун алкагында, «Мегаком» республикадагы айылдык мектептерде интерактивдүү билим берүү системасына өткөрүүнү колдойт.
naryn.kg
Президенттике талапкерлердин экөөсү Нарындыктар менен жолукту
КРнын Президентикке ат салышып жаткан талапкерлер Өмүрбек Суваналиев жана Адахан Мадумаровдун жолугушуулары 27-сентябрда Нарында өттү. А.Мадумаровдун жолугушуусу «Теңир-Тоо» аянтында өтүп, ага 300 гө чукул адам чогулса, кечке жуук облустук драм театрда өткөн Ө.Суваналиевдин жолугушуусуна 500 дөй адам катышты. Эки талапкер тең учурдагы бийликти сындап, президенттик программаларын айтып беришти.
жумгал
Нарында жашап, Суусамырга шаар куруп, баарын жанчыгысы келген Ташиев
Таң калбаңыз! Мурдубуз кычышпай, оозубуз ачылбай эле Россия деп сүйлөгөн кыргыздын Президенти болгусу келген Камчыбек Ташиев үгүт насаат иштерин Жумгал жергесинен баштады. Бул кадамга дагы таң калбаңыз… Айткан сөзгө кулагыңыздын шариги жарылып кетпесин, Камчыбек мырза шайлоо күнү Жумгал районунун Арал айылдык участкасында өз добушун бермей болуп, өз арызын жазып кетти… Кудай сакта эмне азап, же бул мырзабызга Жумгалдыктар жагып калганбы? Болбосо ушул узак жолдо, аң- дөңү көп, чаң-түтүнү быкшыган аңгыл-дөңгүл жолдорубуз жакканбы айтор түшүнүү кыйын… Саяктар кыйын болот десе эле сакалын тарап, чачын сыйпалап калганыбы же Президент болуу үчүн ушундай жоруктарга барышы керекпи?
Өкмөттүн өпкөсүн өрчүтүп, Убактылуу бийликтин убалына калгысы келбеген Ташиев мырза, болгон программасын төкпөй чачпай эл алдына, Чаек айылынын чапкынчыларына чачыратып чачып айтып берди. Программасынын эң маанилүү жери: бул коррупцияга малынган, коррупция менен иш алып барган жаранды «жанчыганы» адамды чочутуп ийди. Чогулган элдин арасында интеллигент адамдардан бир жан көрүнбөдү. Жөн гана көчө бойлоп келе жаткан жана айыл аралап жүргөн дежурный ч…дан бөлөк адам деле келбеген өңдөнөт. Бар болгону 150 киши чогулса балдары менен эки жүзгө чамалап барды. Бул бир ууч топтун теңинен көбү концерт көргөнү келишиптир. Айыл аксакалдары жана ошол жерде турган тургундар өз суроолорун беришип президент болгусу келген Ташиевден акча сурагандар да болбой койгон жок. Эки- үч саатка созулган эл менен жолугушуу аземи бүтүп, Ташиев мырзага чепкен кийгизилип, ак калпак башка конуп, эки алакан жайылып Токон Арзыбеков аксакал балпайтып батасын берип, партиянын адамдары бир тарапка чогулушуп сый тамак ичүүгө борборубуздагы «кофебрейк» тердин бирин көздөй бет алышты. Тамак ичкиси келген кээ бир тургундар «Ай мени деле жазып кой, тамагын ичип алайын» деп күпүлдөшпөй калганын дүлөй кулак деле угуп калды…
Мирбек АСАНАЛИЕВ