Болору болду…
Спикерлик төңкөрүштүн чын себеби эмнеде?
Ыйык орун бош турбайт (орус макалы)
Саясый кырдаал бул жуманын башында дагы бир ирет чыңалып, спикерлик креслого тармышкандар менен жылмышкандар дүйшөмбү күндүн кечинде жеңилдегендей болду көрүнот. Бул күрөш коомчулукка кооздолуп көрсөтүлгөнү менен ички кухнядагы териштирүүлөр, соодалашуулар болуп көрбөгөндөй жүргөндүгүн парламентарийлер шыбырап жатышат. Саясат деген оокатты кандай жегенди «билгендер» Жогорку Кеңештин трибунасын кадыресе сахнага айландырышты.
Негедир мындай шоунун фонунда парламенттин ичкен суулары, кымбат баалуу дөңгөлөктөрү, пардалары жана командировкалык ашыра чыгымдары таптакыр эле көрүнбөй калды. Абысындардай тытышкан парламентарийлер бири-биринин чыгымын эсептеп бүткүчөктү депутат айымдар Жогорку Кеңештин бюджетинен көйнөккө акча өөнөп калганынан бери айтылып кетти.
Саясый оюндун жүрүшүнө абай салган экспертердин көпчүлүгү муну «спикерлик» тактыга болгон күрөш катары жоромолдошту. А. Келдибековго алгачкылардан болуп чабуул жасаган «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары кара «пиарды» абдан кылдат иштеп чыкканбы же бул маселе АША тарабынан макулдашылганбы деген түкшүмөл суроо пайда болот. Албетте, АША үчүн Келдибековдун бул постту ээлеп олтурганы пайдасыз экендиги, СДПКчылардын бул оюнга активдүү катышкандыгы спикерлик төңкөрүшкө себеп болду. Бул тууралуу Келдибеков да жылмышкандан кийин «…сценарий СДПК коалициядан чыккандан кийин эле түзүлгөндүгүн жана мунун бардыгы кресло үчүн жасалгандыгын» билдирди.
Алай эли 12-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулуп, «спикерден колунду тарт» өңүттөгү лозунгдар менен ага садага чабылаарын айтса, Оштун администрациясынын алдына атчандар тобу келип элдин үрөйүн бир саам учурду. Ал эми Алайдын борборунда жол бууган көпчүлүк, «Ахматбегибиздин укугун эч качан тебелетпейбиз»,- деп суукка тоңуп турганда Келдибеков мырза Жогорку Кеңеште депутаттарга мораль окуп жатып, …эл катары мен деле чет жерге барып эс алайын, эмне Алайга барып тоонун арасында эле жатышым керекпи?»- деген сөзүн байкабай тарс эттирди. Тоо калкы эмеспи, бул сөзгө маани бербегени менен Келдибековдун кичимекенине болгон сүйүүсү, тоолоруна болгон суктануусу шайлоо учурунда гана айтылаары белгилүү болуп калды.
Эми коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бир суроо, «Ата-Журттун» мындан аркы кадамы кандай болот? Аталган партиянын негиздөөчүсү, саясаттагы туруктуулукту билген, айрыкча сатып кеткен адамдарга да туруктуу мамиле кылган К.Ташиев бир канча ирет оппозициялык багытка өтөөрүн маалымдады. Демек парламентте көпчүлүк орунду ээлеген партия мындар ары күрөштү гана улантаары анык.
Саясый согуштун башкы автору катары Текебаев өзүнүн адистигин мыкты көрсөтө алганы менен, таза эмес колу аркылуу таза иш жасап жатканын басылмалар жазып чыгышты. Айрыкча июнь коогалаңына түздөн-түз тиешеси бар деп кинеленип жүргөн Текебаевдин жообун эл алигүнчө уга албай келет. («Майдан.kg» гезитинун мурунку санында интрига устатынын кылгылыктары кенен берилген.)
Экс-спикер Келдибековдун азыркы абалы талтайып турган каарманды элестетип калгандай. Эгер Келдибеков ашыкча кыңк этчү болсо аны алдыда дагы көптөгөн сюрприздер күтүп турушу мүмкүн. Демек азыр өзүнүн электоратына гана таянуу мүмкүнчүлүгү бар.
Электорат демекчи, учурда Ошто калың журт Келдибековду премьер кылуу талабын коюп, антпесе Бишкеке чейин жөө жүрүш жасап жиберүү ыктымалдары бар экендигин билдирди. А бирок, спикерликтен араң кетирген депутаттар пермьерлик орунду ыраа көрөөр бекен?
Барктабас Сабиров