Санжар Бакиев 10 жылга соттолду
Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Санжар Бакиев Жалал- Абадда массалык баш аламандыкты уюштурган, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган деген айып менен 10 жылга соттолду. Анын жактоочусу Бүбайша Арстанбекова аны күнөөсүз жерден эле, Бакиевдердин тууганы болгону үчүн соттоп жиберишкенин билдирүүдө.
Кыргыз басма сөзү-86 жашта
Ушул жекшемби күнү, 7-ноябрда Кыргызстандын басма сөзү кесиптик майрамын майрамдайт. Бул дата 1993-жылдын 1-ноябрындагы Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен белгиленген. 1924-жылдын 7-ноябры «Эркин Тоо» (азыркы «Кыргыз туусу») чыга баштаган күн . Ушул майрам 1993-жылдан тартып гезиттердин, басмалардын гана майрамы эмес, китеп соодасынын, радио жана телекызматкерлеринин майрамы да болуп калган. Кыргызстандагы биринчи гезит 1913-жылы «Пржевальский сельский хозяин» деген ат менен 16-18 бет, 1000 нуска менен чыгарылган.
Бүгүн кыргыздын жалпыга маалымдоо каражаттарын сындаган эле киши. Бирок жаңы революционерлер баш болгон жетекчилер, саясатчылар өздөрү саясий максатына жеткенден кийин, кыйын -кысталыш күндө өздөрү менен бир болгон журналисттерди карабай кетип жатышат. Бакиевдин убагында ал бийликке каршы сөз айткан бирин- экин гана гезит болгон. Эми болсо, өкмөттүк гезиттерден тартып баары эле баатыр болуп чыга келишти, ал убакта генпрокуратуранын сурагынан калбаган, сотто соттолуп, кыйналган журналисттердин тагдыры менен эч кимдин иши болбой калды. «Назар» гезитин башка бирөөлөр сатып кетти, анын журналисттери туш- тушка тарады. Өкмөт тарабынан да басма сөз тууралуу кам көрүү деген жок. Ар ким өз киндигин өзү кесмей турмуш, жаңы гезиттен. Кайрадан нөлдөн баштамай турмуш. Анан кантип басма сөз оңолсун. Азыр кыргыз тилдүү басма сөздү сындап жаткан орус тилдүүлөр Бакиев элге кордук көрсөтүп жатканда, алар кайда эле?
Октябрь революциясынын 93 жылдыгы
Эгер Советтер Союзу жашап турганда 7-ноябрда кызыл-тазыл желек жана «Жашасын Улуу Октябрдын 93 жылдыгы!» деген транспарант көтөрүп, парадга чыкмакпыз. Эми ал майрам мурунку Советтер Союзунун Кыргызстандан башка бардык мамлекеттеринде жоюлган. Кыргызстан коммунисттери арадан 11 жыл өткөндөн кийин кайрадан калыбына келтирүү тууралуу сунуш менен кайрылып, ошондон бери майрамдалып келатат.
Шайлоого ким канча акча сарптады?
БШКнын билдирүүсү боюнча парламенттик шайлоого партиялар мынча акчаны сарптады:»Республика» партиясы 63 млн 584 миң сомдун 62 млн 158 миң 407 сому сарпталды. «Ата Мекен» 59 млн 297 миң сомдун 59 млн 177 миңи сарпталды. «Ар-намыс» партиясы 54 млн 369 миң 860 сомдун 53 млн 569 миң 181 миң сому сарпталды. СДПКнын 47 млн 350 миң сомдон 46 млн 132 миң 269 сом сарптады, «Ата журт» партиясы 32 млн 200 миң 58 сомдун 30 млн 579 миң 789 сомун сарптады. 29 партиянын ичинен «Эгемен Кыргызстан» менен Үй куруучулар партиясы отчетун өткөрө элек, калган 27 партия 474 млн 59 миң 146 сом сарптаган.
Жоомарт Оторбаев «Ата мекен» партиясынан чыкты
Кечээ кечинде «Ата- Мекен» партиясынын тизмесинин баш жагында турган Жоомарт Оторбаев партиядан чыгып кетти деген кабар тарады.
Шайлоо шаңы
БШК созуп атып, акыры шайлоонун жыйынтыгын да чыгарды. Негизинен ал алдын-ала жыйынтыктан өзгөрүүгө деле учурабады. Баягы аталган беш партия келди. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы эми шайлоодогу кошумча тизмеге каршы болсо, эми шайлоону тааныбайбыз деп, сотко кайрылып жаткандыгын билдиришүүдө. «Замандаш», «Акыйкат», НДПК, БЭК, коммунисттер партиясы, Кыргызстан элдери союзу, прогрессивдүү партия шайлоону тааныбаганын билдирди.
Кемелбек Нанаев камалды
Улуттук банктын А. Акаев убагындагы төрагасы Кемелбек Нанаевге мурда издөө салынып, ушул жайда ал Бишкекке кайтып келген. Азыр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алтын чатагы боюнча күнөөлүү дегендердин катарында болгон. Башкы прокурордун билдиргенине караганда Кемелбек Нанаев азыр үй камагына алынды.