04.06.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ысык-Көлдөн салам кат

"Роза Исаковна, кошоматчылардан алыс боло көрүңүз"

Өткөн жумада өткөөл мезгилдин президенти
Роза Отунбаева "Ысык-Көл - 2010" XII эл аралык туристтик жарманкесин ачып, андан
соң Ысык-Көл
облусунун район, айыл өкмөт башчылары менен жолугушту.
Үчүнчү жаңылыштыкты тарых кечирбейт
Сөз алып сүйлөгөндөр акыркы эки-үч айда өлкөдө, облуста болуп жаткан көйгөйлөрдү убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жаап-жашырбай, болгонун болгондой айтып жатышты. Алгач сөз алган Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Дамир Иманалиев акыркы убакта Көл өрөөнүндөгү бардык саясый, экономикалык чечимдер Бакиев кланынын каалоосу менен гана кабыл алынып калганына токтолду. Анын айтымында, Бакиев кетип, жакшы жашоо үчүн кан төгүлгөнү менен облуста акыбал оор. Акыркы эки айда айыл чарбасы начарлап, жумушсуздук, жакырчылык күчөп, жаштарга билим берүү деңгээли төмөндөп кеткен. "Туура, убактылуу өкмөттүн мойнунда оор тапшырмалар турат. Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракети өлкөнү өнүктүрүп, эл жашоосун оңдоого багыт алса, көлдүктөр аларды колдойт. Ошон үчүн убактылуу өкмөт лидерлери июнда өтө турган Конституциялык референдумду, күзүндө боло турган парламенттик шайлоонун ачык-айкындыгын, бийликке таза адамдардын келишин камсыз кылуулары керек. Чыныгы элдик, тажрыйбалуу лидерлер гана Кыргызстанды оор кырдаалдан сууруп чыгат" дейт айыл өкмөт башчысы. Анын билдиришинче, облус жетекчилери убактылуу өкмөттү колдоп жатат, бирок бийлик тарабынан аларга колдоо аз. Көлдө пансионаттар курулуп жатканы менен акыркы жылдары айыл инфраструктуралары XX кылымдагы абалда. Көчөлөр оңдолбой, бир катар ишканалар талкаланган. Ичүүчү суу дагы деле жетишсиз. "Көйгөйлөр көп, аны кантип чечүүнүн жолдору да бар. Урматтуу убактылуу өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстан жетер чегине жетти. Өз кызыкчылыгыбызды унутуп, келечек тууралуу ойлонолу. Үчүнчү жаңылууну тарых кечирбейт" деп аяктады Дамир Иманалиев.
Врачтар малчы да, дыйкан да болуп жатышат
Экинчи болуп сөз алган ҮДТ борборунун дарыгери Зина Аликеева убактылуу өкмөт Бакиевди, анын жакындарын, жан-жөкөрлөрүн кайдан да болсо кармап соттобосо, эл тынчыбастыгын баса белгиледи. Буга улай ал айыл жерлериндеги медицина кызматкерлеринин жашоосу начар экендигин, айлыктын аздыгынан алар малчы да, дыйкан да болуп жатышканын билдирди. "Өзүңөр билгендей айыл жерлеринде оору көп. Бирок, "тез жардам" машинелери, жаш кадрлар жетишсиз. Акыркы он-он беш жыл ичинде Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна медакадемиянын бир да кадры келген жок. Айыл жерлериндеги врачтардын айлыгын жогорулатып, миграцияны токтотпосок, айылдык медицина абдан чоң жоготууга учурайт" дейт Зина айым.
Тариф баарына бирдей болушу керек
Балыкчы шаарындагы "Каухар-Таш" АКсынын жетекчиси Марат Турдубаевдин пикиринче, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын Кыргызстанды Швейцария кылып коюуга мүмкүнчүлүгү бар. "Эгер муну аткара алсаңыз Курманжан даткадай, Индира Гандидей, Маргарет Тетчердей болуп кыргыздын тарыхында каласыз" дейт Марат мырза. Буга улай ал Балыкчынын кире беришиндеги экологиялык посттон түшкөн каражаттын бир бөлүгү шаардын бюджетине түшсө жакшы болот эле деген оюн айтты. Анын айтымында, Балыкчы шаары көп жылдардан бери сууну сегиз чакырым алыстыктан электр насосу менен алат. Шаар эли кирешесинин көбүн сууга, электр энергиясына төгөт. Муну эске салган Марат мырза таза суу маселесин колго алган шаар жетекчилигиндеги жаштарга убактылуу бийлик бир аз колдоо көрсөтсө деген оюн ортого салды. Мындан сырткары ал Балыкчыдагы биртоп ишканаларды эски бийлик атайылап банкрот кылып жоготконун, азыр да айрым ишканалар оор акыбалда турганын билдирди. "Кырдаалды эске алып, ишканаларга электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүп бербесеңер болбойт" дейт "Каухар-Таш" башчысы.
Кошоматчылык,
төш какмайды
койсоңор
Жыйында сөз сүйлөгөн Күн-Чыгыш айыл округунун ардагери Аалы Турумтаев кадр, айыл чарба, айыл маселесинин көйгөйлөрүнө токтолуп, убактылуу өкмөттөн ушуга терең маани берүүсүн талап кылды. Сөз аягында ардагер өкмөттү да, элди да ынтымакка чакырып, Манас деп төш какканга жараша анын урпактары дегенге татыктуу болууга чакырды. Кезексиз эле өзү трибунага чыга калган Жети-Өгүз районунун райондук кеңешинин депутаты Жамал Эсенканова эркектер качып кеткенде мамлекет жоопкерчилигин алган Роза Отунбаевага райондун аялдарынын атынан ыраазылык билдирди. "Азыр Жети-Өгүз районунда эки аким иштеп жатат. Муну облус губернатору билбейби? Акаев, Бакиев убагындагы кошоматчылар азыркы бийликке да кошоматтанып, ынтымакты ыдыратып жатат. Эл мага таарынбасын, бирок Бакиевдин ушундай болушуна калктын 80 пайызы күнөөлүүбүз. Биз кошомат кылып жатып ушуга апкелдик. Азыр да бийликке кошоматтангандарды сүйлөтүп жатасыңар. Роза Исаковна, баары жакшы деген кошоматчыларга ишенбеңиз. Акаев, Бакиевдерге сын айткандар эле кайра башкача сүйлөйбүз. Келгиле, ушуну токтотолу" деп район депутаты агынан жарылды.
"Ляппай" дегенди эл каалабай турат
Көлдүктөрдүн көйгөйүн, каалоолорун, сунуштарын угуп, сөз алган убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева көптөн бери оппозицияда жүрүп, мындай жолугушууну унутуп калганын жашырган жок. Буга улай өткөөл мезгилдин президенти бийликке умтулуп жаткан партиялар арбын экенин, бирок бул тоталитардык, монополиялык бийликтин болбосуна гана шарт түзөрүн айтты. "Кыргыз эли учурда бир хан бийлеп, ага баары "ляппай" дегенди каалабай турат. Чыдабагандыктан "болду, жетишет" деп силкинип, Бакиевди алып түшүштү. Жүзгө чукул адам өмүрү бүгүнкү элдик бийликке, эркиндикке, жаңы жолго кайра түшүрүп берди. Биз ошолордун арбагын, элдин ишеничин сыйлап, башка жолго түшөлү деп аракет кылып жатабыз" дейт Роза айым.
Апрель окуясынан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө, жабыр тарткандарга жардам берүү чараларын айтып келип, Роза Отунбаева көлдүктөрдү 7-апрель үчүн уялбоого чакырды. "Кыргыз эли бул күндөрү кландык зомбулукка каршы күрөш жүргүздү. 7-8-апрелде Ысык-Көл облусунун 11 тургун каза болду. Бул биз үчүн өтө чоң кайгы. Алар чынында баатырлар. Учурда алардын аттарын түбөлүккө калтыруу боюнча бир катар иштер болуп жатат" дейт Роза айым.
Жаңы Башмыйзамга баруудан башка жол жок
Өткөөл мезгилдин президенти бул жыйында мамлекет бутуна туруш үчүн референдум зарыл экендигин белгиледи. Анын пикиринче бул тарыхый, өзгөчө референдум. Анткени, буга чейин Конституция алты жолу элдик референдумга коюлуп, алты жолу тең президенттин бийлигин чыңдап берген. Мындан сырткары жыйында Роза айым 1993-жылдагы Конституция азыркы саясий системага дал келбей тургандыгын баса белгиледи. "2010-жылы жаңы Конституция болот. Бизде башка жол жок. Буга добуш бербесеңер кайра 2007-жылдагы Бакиевдин башмыйзамына түшөбүз. Бул бизди, өлкөнү кайра артка тартат. Анда биз Бакиевсиз жашай албасыбызды көрсөтөбүз. Жаңы башмыйзам өтө маанилүү. Анткени бул долбоор Кыргызстанды парламенттик формага чакырып жатат" деп кошумчалады өткөөл мезгилдин президенти. Анын айтымында, эки жолу президенттик башкаруу болуп, эки президенттин качышы кыргызстандыктар үчүн сабак.
Эч ким эмгек акысыз калбайт
Мугалимдердин, врачтардын кошумча айлыгы тууралуу суроого жооп берип жатып, Роза Отунбаева педагогикалык тажрыйба үчүн бериле турган акчаны быйыл убактылуу өкмөт карап чыгарын билдирди. Жыйынга катышкандардан мектептерге байланыштуу биртоп суроолор түшүп, убактылуу өкмөт башчысы аларды Билим берүү, Каржы министрлиги менен биргеликте чечип берерин убада кылды. Роза айым быйылкы жылы бир да кызматкер, бир да пенсионер маянасыз калбашы үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
Азыр баары
убактылуу
Сөз арасында убактылуу өкмөт башчысы орунбасарларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү үчүн кечирим сурап, экинчи мындай кайталанбасына кепилдик берип өттү. "Алмазбек Атамбаев 400 000 доллар эч качан албайт. Бул бекер сөз. Берки бир миллион боюнча бир нече жолу түшүндүрмө бердик. Кийинчерээк атайын комиссия акчанын кайсыл жакка жумшалганын тастыктап, жыйынтыгы элге көрсөтүлөт. Референдумга келсек, мага байланыштуу бир маселе бар. Учурда президенттин милдети убактылуу мага жүктөлүп жатат. Өлкөнүн тынчтыгы, шайлоо, референдумдун таза өтүшү үчүн бир жарым жылдык мөөнөткө өлкө башчылыгынын милдетин алдым. Азыр президенттикке ат салышууну каалаган ар кандай адамдар, күчтөр чыгып, ошол эле Бакиевдин кишилери да буга аракет кылышууда. Бирок күчтүү, жаңы багытты жактаган партиялар шайлоого келишип, жаңы турмуш, жаңы программага аракет кылсак, дестабилдүүлүктү каалаган партиялар өтө алышпайт" дейт Роза Отунбаева. Буга улай ал учурда дайындалып жаткан министр, кызматкерлердин баары убактылуу экенин да белгилеп өттү. "Бара-бара административдик, аймактык реформалар жасалат. Ага чейин эл татыктуу адамдарды өзү тандашы керек. Урмат Барыктабасовду айтып жатасыздар. Ал өзү Алмазбек Атамбаев же мени менен жолуккусу келет экен. Келсин, сүйлөшсүн, биз даярбыз. Иши ак болсо шайлоого катышууга тоскоолдук болбойт" деп сөзүн бүтүрдү Роза Отунбаева.
Мелис СОВЕТ уулу