04.06.10 - 29-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА
БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)
Той болобу, жыйын болобу сөз сүйлөгөнгө келгенде баарыбыз Шайлообектин далысына жашынып жашадык. Баарыбыздын атыбыздан айтылчу куттуктоо сөзү болобу, көңүл айтуу сөзү болобу же жөн-жай каалоо-тилек сөзү болобу - шаа мүйүз Шакеме түртө салаар элек. Кулак тушуна эңкейип баш тамгасын эле айтып койсок, калганын камчы салдырбай өзү улап кетчү. Кичине-чоң, маанилүү-маанисиз окуя болобу - Шакеме баары бир, кичинесин чоңойтуп, маанисизин маанилеп, бабына келтирип сүйлөйт. Жөн сүйлөбөй жарпыңды жазып күлдүрүп, купшуңдап куудулданып сүйлөйт. Өтө чебер, кылдат, этият, таза, так, таамай сүйлөйт.
Тикендүү жерге тилдирбей, ийнелүү жерге илдирбей сүйлөйт. Ал канчалык кооздоп, куудулданып, кубулуп сүйлөбөсүн - чындыктан тайбай сүйлөйт. Калпты жининдей көрөт. Ал канчалык асмандатып, фантазиялап, апыртып, көбүртүп-жабыртып сүйлөбөсүн же жазбасын түбүн реалдуу турмушка байлайт. Ал өзүнүн чындыгы үчүн өлүп-талып күрөшкөн өжөр адам. Түз барып туура эмес деп бетке айтсаң, тынбай тызылдатып чаккан уу тилин агытат. Шакемдин тилиндей уу тил жылаанда да, ажыдаарда да жок. Анын чаккан тилине чыдай албай чыңырган досторубуз: "Шаке, ушундан көрө бир жолу чаап жиберчи, эс алып калайын!" деп башын, бети-мурдун, жаагын тосуп "жалбарчу". Күч менен көндүрөм деген кишини жек көрөт. Ар жак, бер жагына чыгып жай айтсаң, жоошутуп-муютуп айтсаң, жибитип айтсаң, жашытып айтсаң жайма-жай көңүл менен жакшы көнөт. Анан ал өзүнүн чындык деп жүргөн чындыгынан акырындап баш тартып, сенин чындыгыңа оойт. Терең кирип алгандан кийин сенин чындыгыңды ал өзүнүн чындыгындай тик туруп жан дили менен калкалап, коргоп олтуруп, ал чындыкка дагы биртоп чыргоо чындыкты кошуп, түп-орду менен өзгөртүп, өзүнүн чындыгына айлантып алат. Ал чындык аттууну ушундай жакшы көрөт, чырылдатып ыйлатып таштап кеткен, карабай кеткен чындыкты баладай багып алат, куулуп, тентип-темселеп, арып-ачып жүргөн чындыкты асырап алат. Ал тоодон, таштан, түздөн, адамдардын арасынан "жылт" эткен кенедей чындык көрсө "жетелеп" кетет. Ал өмүр бою чындык жыйнаган адам.
Өзү ким бирөөнүн маңдайына аның андай, мунуң мындай деп оңойлук менен бетке чаап сүйлөбөйт. Бир аз кызып алганда ошентиши мүмкүн. Соо кезинде антпейт. Ар жак, бер жагыңа чыгып акырын алдап сүйлөйт. Тамырыңды тартып, көңүлүңдү таап сүйлөйт. Жок деп жооп айталбай, акырындап анын чындыгына баш ийип бересиң. Бирок, анын чындыгын тартып ала албайсың. Ал өзүнүн байлыгын алдырса алдырар, эч качан чындыгын алдырбайт.
Алы жеткендерди мурунтуктап алганга маш. Өңгөнүн ойнун ойнотпой, оюн ойлотпой, өзүнө биротоло эле буруп алат. Анын айтканын айтып, кылганын кылып, жасаганын жасап, көлөкөсүндөй сүйрөлүп ээрчип жүрүшүң керек. Андай учурда сенин чындыгың чындыкка жатпай, анын чындыгы өкүм сүрөт. Эр болсоң чыпкадай жыш чындыгынан сызылып чыгып көр, капкандай жаагы катуу чындыгынан качып көр. Жолун таап чыксаң чыгасың, качсаң качасың. Бирок анда дос эмес, душманга айланасың.
Шакем кайсы жерде иштебесин чындыктын торун жайып, биртоп досторун, өң тааныштарын "туткундап" алат. Анын чындыгы тар кийимдей бутуңду өйкөбөйт, белиңди кыспайт, далыңды, тизеңди кармабайт. Чоюлчу жерден чоюлуп, жыйрылчу жерден жыйрылат. Ошондуктан анын чындыгынан көптөр качпай, канатына канат, бутагына бутак болуп жүрө берет. Шакем да ошол чындыгынын "туткунунда" жүргөндөр менен өзүн күчтүү сезет.
Шакем ар бир иште адал болууга тырышат. Чынында ал бардык жагынан адал адам. Атүгүл ал көптөр арам деп эсептеген арак, тамекини да адалдап алган чындыгы бар. Эгерде ал өзү адалдап алган чындыгына өзү ишенбесе, арагыңды ичмек эмес, тамекиңди тартмак эмес.
Шакемдин көзү, мээси, колу-буту сыяктуу эле, жүрөгү да чынчыл жүрөк. Ал бардык чындыкты жүрөгү менен кабыл алат. Ошол чындык же ыр болуп жүрөгүнөн чыгат, же ый болуп көзүнөн чыгат. Шайлообек үчүн чоочун чындык жок. Көзү көргөн, кулагы уккан чындыктын баары анын чындыгы.
…1988-жылдын февраль айында өмүрү башым деп ооруп көрбөгөн 38 жаштагы сопсоо агам врачтардын кайдыгерлигинен улам сокур ичегиден каза тапты. Мындай жаманчылык башыман өтө элек жаш жаным Шакеме дос катары бул чындыкты күйгүлтүккө түшүп күйүп да, ызага батып ыйлап да айтып бердим. Агама топурак салганы келген Шакем ал жердеги ый-муңду өз көзү менен да көрдү. Шакем он күн ошол менин муңдуу чындыгымдын ичинде жашап, "Кайдыгерлик" аттуу адамзаттын жүрөгүн титиреткен мыкты ырын жазды. Мен аны ыр жазсын деп айткан эмесмин, жөн гана дос катары ичимдеги кайгымды бөксөртүү үчүн гана айткам…
Ал эми мен ал кайгымды, чындыгымды туура бир жылдан кийин "Агам өлдү - өчтү менин жарыгым, агам өлдү - өлдү менин жарымым" аттуу ыр түрмөгү аркылуу бергенге аракет кылдым.
Шакем өзүнүн кайгылуу, өкүттүү чындыгына караганда, өңгөнүн кайгы менен өкүтүн бат кабыл алат. Өзөгүнө түшкөн ал кайгы менен өкүт өчү бар оорудай жанын жай алдырбай кыйнап, акыр-аягында аркырап-шаркырап "кармаган колду калакайлатып" жалын чачып "күйгүзгөн" кыпкызыл ырга айланып чыгат.
Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап турчу. "Кың" десе баса калмай кыраандыгы да бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агам дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин "кармаша албай", жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе деле эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок, Салижан аке сөздү ырбатпай дароо токтотуп, бөлөк сөзгө өтүп кеткен. Ишенбай ага сыртынан жоош, токтоо көрүнгөнү менен чала-чарпыт түшүнүгүң бар маселе боюнча талашка түшсөң, оңбогондой кырс киши. Сөзүңдү кыя чабат. Акыл-эс, билим, тажрыйба жагынан экөө бирдей эле даражада сыяктанат, болду-болбоду Салижан ага Ишенбай аганын кырс кыялынан жалтайласа керек деп көпкө чейин өз ичимен ушундай бүтүм чыгарып жүрдүм. Бир күнү иш кабинетимде олтурсам Салижан ага адатынча жаркылдап кирип келип калды. Аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, сөздүн ыгы келе калганда көңүлүмдө жүргөн суроомду узатсам:
- Ээ, Нуралы, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Ишенбайдын башы бүтүн адам. Ишенбай алгандай билимди биз өчөйүп өз жерибизден чыгалбай жүрүп алалган жокпуз. Ишенбайдай англис, япон тилин билбесек, Япония сыяктуу өнүккөн капиталисттик мамлекетте он беш жыл жашабасак, Арбатов сыяктуу академиктер менен, Хонда сыяктуу миллиардерлер менен маңдай-тескей олтуруп баарлашпасак, аныкындай билим-тажрыйба бизде жок болуп жатпайбы. Каймагынан ажыраган көк сүттү ичкенсип советтик цензуранын чыпкасынан өткөн орус тилиндеги китептерди окудук, бардыгы жаап-жышырылган социалисттик түзүлүштөгү мамлекетте жашадык. Кайсы бир жөөт диссиденттердин каңырыш сөздөрү аркылуу угуп жүргөн чет тилдеги баалуу китептерди, илимий эмгектерди Ишекем бурмаланган, бычып-тонолгон орус тилинде эмес, түп нускада - англис, япон тилинде эбак эле окуп алган. Маселени мыкты билген кишиден чала билген киши чарылдап талаша бергени уят. Мен Ишекемдин түп нускадан алган билимин, дүйнөнүн тең жарымын өз көзү менен көрүп, өз жон териси менен сезип кыдырып, жашап келген турмуштук тажрыйбасын сыйлайм, - деп түштүктүк досторум айткандай, агынан жарылып айтып берген эле.

(Уландысы бар)
Нуралы КАПАРОВ