04.06.10 - 27-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

"Көз салып турат кыргызга,
Көк жалдар ата-бейитте"

Эл таламын талашып, акты сүйлөө ар бир акындын парзы. Чындыкты жазбаган, айтпаган акын акын эмес. Тилекке каршы, акыркы кездерде кыргыз бийлиги чындыкты айткан адамдарды опузалап, коркутуп келгендиктен төкмө акындарыбыздын тили кыска болуп келгени ырас. Бул тууралуу белгилүү төкмө акын Аалы ТУТКУЧЕВ буларды айтып берди.

- Аалы мырза, акын катары апрель окуясын кандай кабылдадыңыз?
- Апрель окуясы акындарга эле эмес, бүткүл кыргыз элине оор сабак болду. Сыртынан караганда эле жанагынча окуя болуп кетти. Ар бир адам өзүнчө аалам. А апрель окуясынан соң ар бир адамдын ичинде ааламдагыдай окуя, төңкөрүш болду. Кудайга шүгүр, анын баары өттү. Бирок, каза болгон жүзгө жакын адамдын, ок жеп майып болуп калгандардын үй-бүлөсүнүн тагдыры эмне болот? Жаракат алган миңге жакын адамдын жандүйнөсү, кийинки жашоосу кандай болот? Ушунун баарын ойлоп биз кайдыгер тура алган жокпуз. Өлкөдө болуп жаткан кайгыны, башаламандыкты, айрымдардын наадандыгын айттык. Ошол эле жер басып алуучуларга "Баарыбызды жер жутат, бакыра бербе жер үчүн, Наадандык кылып жатасың, намыс-арың кем үчүн" деп кайрылдык. Кайгылуу күндөрдө акындар кошогун, кайрылуусун айтып элди сооротуп жатышты. Мындайда оркестрдин, опера, эстрадаңдын да кереги жок экен. Жалгыз гана акындар тикесинен тик туруп берди. Баягы сыйлык, наам алган ырчы-чоорчуларга караганда ушу кезге чейин бири да наам албаган төкмө акындар чыныгы элдик таланттар экени билинип калды.
- Муну менен эмне айткыңыз келип турат?
- Албетте, биз бийликтен наам сурабайбыз. Бизге эл берген наам жетиштүү. Анткени, илгертен акындарга наамды эл берип келген. Карасаңыз, тоо булбулу Токтогул, Алымкулду төкмө, Осмонкулду океан, каражаак Калмурза деп наам беришкен. Бүгүнкү күндө Жеңишбекти - автомат, Амантайды - саркашка, Элмирбекти - акжайык деп атап коюшту. Болгону бизде азыр илгертен кыргыздар айткандай "карыныма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм" болуп жатат. Бизди эмне үчүн бийлик шайлоо, пикеттерде кол топтоп, элди токтотуш үчүн колдонот дагы, башка учурларда бизге чындыкты айткан оппозиция катары карайт?
- Балким, бийликтин мындай болушуна элге жандүйнө байлыгын бере албай жаткан жазма, төкмө акындардын да "салымы" бардыр?
- Кайсы бир деңгээлде бар. Бирок, коомдун таза болушу бир гана акындардан көз каранды эмес. Мурун өлкөнүн көп аймактарында Исхак Раззаковдун "сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген сөзү жазылып, адамга таасир берип турчу. А Бакиевдин убагында "экономика өнүкмөйүн, мамлекет өнүкпөйт" деген ураандар чыкты. Үналгыны иштетсең "пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт" деген жарнаманы угасың. Булар "материалдык байлык моралдык байлыктан жогору турат", "акчаң болсо адамсың, болбосо жалдыраган итсиң" деген эле сөз эмеспи. Бул кыргыздын эмес, көшөгө артындагы жөөттөрдүн саясаты. Ошондуктан биринчи улуттук дем, рухту көтөрүшүбүз керек. Мына, азыр көчөлөрдө машина батпайт, бардык жерде ресторан, кафелер жайнайт. Бирок, экономикалык каатчылык, жашообуз начар. Бизнесинен банкрот болуп калган адамдар асынып өлүп жатышат. Бул эмнеликтен? Бул материалдык байлыктын, экономиканын начардыгынан эмес, жандүйнөбүздүн жардылыгынан.
- Материалдык байлыкты моралдык байлыкка айландыра албайбыз да. Эмне кылышыбыз керек?
- Жандүйнөнү байытыш үчүн бир кызга жүрөгүн көтөрө чуркаган ырларды эмес, мекен, эл-жер жөнүндөгү ырларды чыгарышыбыз керек. Ырчыларды интеллигенция, элита санап, эл ошолорго каранып түздөнөт. Ошон үчүн бүгүнкү ырчылар эл, мекен, патриоттуулук жөнүндө ырдашса. Айрым ырчылардын жеке сүйүүсүнүн азыр кимге зарылчылыгы бар? Мына, Аксуубай Атабаев "ашыгымды жыттайын, жыттайын сылап беттен" деп сүйгөнүн ырдайт. Бирок кеп тоолор жөнүндө болуп жатат. Ал бул ыры менен сүйгөнүмө караганда тоолорум, мекеним алдыңкы орунда турат дегенди билгизип жатат. А бүгүнкүлөрдүн репертуарларында он ыр болсо, анын бирөө гана мекен жөнүндө болушу мүмкүн. Калган тогузу чийки сүйүү жөнүндө. Мекен десе, жакында бирөө "мекеним, жан жерим, жан жеримди коргоймун" деп ырдап чыкты. Дагы бири Асанкалый Керимбаевдин "сенин тунук шаркыратма сыяктуу, шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат" деген ырын "сенин тунук шаркыратмаң сыяктуу" деп ырдап жатат. Бул азыркы жаштардын кайдыгерлиги, түркөйлүгү. Мисалы, союз маалында "тээтиги Серафимовкадагы карылар үйүндө 400дөн ашык кары бар, анын 98 пайызы кыргыз экен" десең, уккандар абдан кейип, жүрөгү менен кабыл алышмак. Азыркылар муну жөн гана маалымат үчүн угуп коюшат.
- Азыр мамлекеттүүлүктөн айрылып калуу коркунучу башыбызда турат. Акындарды бул көбүрөөк кооптондурса керек…
- Албетте, бүгүнкү күндө мамлекет болбой калуу коркунучтуу. Орозду хан өлгөндө кытайлар кыргыздарды басып кирип, боюнда бар аялдардын курсагын жарып, мазарын талкалап, кыргыз элин тукум курут кыларда Манас Алтайдан келип элдин башын бириктирген. А бүгүн болсо, Орозду хан деле өлгөн жок. Бирок, эмне үчүн кыргыз туш-тушта чачырап жүрөт? Манас качан туулат? Качан бизде элди жебеген ыймандуу башчы чыгат? Ушуларды ойлоп "Кайрылуу", "Ыймандуу башчы келсе экен" деген термелерди чыгардым. Бул термелерде Манас доору менен бүгүнкү күн салыштырылган.
- Акындын элине каалаганы эмне?
- Алмадай болгон жаш балдар, айланып


кетти шейитке,
Чындык деп курман болушту, чыгарсын


кудай бейишке.
Ата-эне, туугандар тургай, ааламды


салды кейишке,
Азыркы бийлик алгандар, ак дилден иштеп



беришсе,
Ок тийип каза тапкандар, ошондо жетет



жеңишке,
Көз салып турат кыргызга, көк жалдар


ата бейитте.
Түптүү кыргыз эл элек, түтөгөн сайын



күчөгөн,
Кудайдан сурап күнү-түн, күчөгөнүм



күчөгөн,
Ыймандуу, калыс башчынын келээрине



ишенем.
Берешен Кудай тааламдын, кыргызга


берерине ишенем.
Мелис СОВЕТ уулу




  Кыргыз кайгы

(Башы өткөн санда)
Ыржалактап ырдалган ырың мына,
Ырыс кескен ызаатсыз сыйың мына.
Акылың айга жетип турса дагы,
Акмакка арзыбаган тыйын мына.
Айбандар атып туруп басып кетсе,
Арбакка алынбаган кунуң мына!

Арзан баа арзыбаган бакты талаш
Атаңдан калган өңдүү такты талаш.
Аз күндүк аманатта жанды эмес,
Ашыгыраак жесем деп, ашты талаш.
Көз көрбөсө көтүмдү жей берсин деп,
Көңдөй челек, көөдөнсүз башты талаш.

Эл болдукпу эссизге башты бурган,
Тооктой топтомолок жүнүн жулган.
Отко айдаса окшоңдоп бокко качып,
Ойлонбой оңбос жакка ооп турган.
Бар байлыкты барк албай балчык көрүп,
Жок нерсеге жооноюп кооп турган.
Өзөгүнө өрт таштап өз уулуңдун,
Өтүгүнө өзгөнүн тооп кылган.

Кыздарың кысыр калган байтал болду,
Кемпир-чал кесир сүйлөп шайтан болду.
Чоң курсактын чоеке катындары,
Жаңыл Мырза, Каныкей, Сайкал болду.
Ала-Тоону тааныткан ай-ааламга,
Айчүрөгүң анакей, беш сомдогу.

Куу кандекти - Кумайык, макта дедик,
Ылайык ыйык ушул атка дедик.
Эси жок, эрке көпкөн "куурчактарды",
Кусурлуу Курманжандай датка дедик.
Бүбүсара, Таттыбүбү, Бакендерди,
Миң жылда бир жаралчу Мыскалдарды,
Намыс деп, жылдыз болуп учкандарды,
Качан эле тумардай сакта дедик?!
Ар дебей, намыс дебей, адам дебей,
Алардан артыгыраак акча дедик.
Сактабай жер байлыгын, эл байлыгын
Чучугу чубалгыча чакпа дедик?

Кара сууга кан куйган эл элек го,
Каңгай каптап өтө алгыс чеп элек го.
Телегейи тептегиз бейиш жерде,
Тек жашаган чыдамкай эл элек го.
Түлкү эмес, чөө эмес, кошоматчы.
Теги асыл, сырттан мүнөз, бөрү элек го!
Башканы айтып баш чагып не кылайын,
Өз жеринде өз тилин чайнап калган,
Жандүйнөсүн жайратып жайлап салган,
Жан азабын бир дагы эл көрө элек го.

Чыңгызың чыркыраса - кенебедиң,
Эсенгул эскертти эле - элебедиң.
Төх-х, деди, чарчап бүтүп Төлөгөнүң,
Шайлообекти шашпа-а, деп жемеледиң.
Тапандыгын мунун деп, ташбараңдап,
Табылдыны бышык иш - тебелээриң.

Түндүк, түштүк өзөгүм, жүрөк, боорум,
Өйдө болсом өбөгүм, жөлөнөөрүм.
Айтты дээрсиң, али көп асыл элим,
Алдыда көргөнүңдөн көрө элегиң!
Кайгырган, намыс кылып сакал үчүн,
Эзелки эсил кайран Манакеге
Баш уруп, келип турат чөгөлөгүм!
Күтүп жүрүп, күбүлүп калба Кыргыз,
Бактыңа баатыр МАНАС төрөлөөрүн?!