04.06.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Катнашың" арбын болсо…

Биологиялык жашыңды билесиңби?

Окумуштуулар адамдын жашы анын канча жыл жашаганына байланыштуу эмес, биологиялык жашына карата баа берилерин аныктап чыгышты. Башкача айтканда, паспортуңдагы календардык жашың биологиялык жашыңды аныктай албайт экен. Календардык жашың менен биологиялык жашыңдын ( чыныгы жашың) айырмасы чоң. Жашы 30-40ка чыкпай атып абышка-кемпирге айланып калган кишилерди көп эле учуратабыз. Эгер өзүңүздүн чыныгы жашыңызды билгиңиз келсе, төмөнкү тестке көңүл бөлүп, биологиялык курагыңызды аныктасаңыз болот.


1. Эңкейүү
Убакытты өлчөп, түптүз туруп, тез бүгүлүп колуңардын учун полго тийгизип, кайра тез түзөлүш керек. Кайра эңкейгиле. Бир мүнөттө канча жолу ушинтип эңкейдиңер?
Бул көнүгүүнү 50-55 жолу жасай алсаңар, анда сиздин биологиялык курагыңыз 20 жаштагы адамдыкына барабар.
49-35 - 30 жашка барабар
34-30 - 40 жашка барабар
29-25 - 50 жашка барабар
Баса, тизеңизди бүкпөй туруп алакандарыңызды полго тийгизе алсаңыз, сиздин жашыңыз 20 менен 30дун ортосунда.
2. Реакциянын тездиги
Өнөктөшүңүз 50 сантиметрлик сызгычты тигинен 50 деген санда кармап турат. Сиздин колуңуз сызгычтан он сантиметрче төмөн турушу керек. Өнөгүңүз сызгычты кое берер замат, баш бармагыңыз жана сөөмөйүңүз менен шарт кармаганга аракет кылыңыз. Кокус, сызгычты 20 деген санынан кармасаңыз сиздин биологиялык жашыңыз 20да.
25 сантиметрде 30 жашка барабар
35 сантиметрде 40 жашка барабар
45 сантиметрде 60 жашка барабар
кармай албай калсаңыз 70 жашка барабар.
3.Вестибулярдык аппарат
Көзүңүздү катуу жумуп оң же сол бутуңузга туруңуз. Бир бутуңузду жерден 10 см. чейин көтөрүңүз. Өнөктөшүңүз убакытты карап турушу керек. 30 секунддан ашык тура алсаңыз жашыңыз 20дагы кишиникине барабар. 20 секунд туралсаңыз 40 жашка барабар. 15 секунд турсаңыз 50 жаш, 10 секундга жетпей калса 60 же андан ашык жашка барабар.
4. Кан тамырларыңыздын абалы
Беш секунд баш бармагыңыз жана сөөмөйүңүз менен алаканыңызды катуу чымчыңыз. Териси бир аз агара түшөт. Убакытты карап туруп, агарган тери канча убакытта калыбына келерин белгилеңиз. Эгер беш секундда калыбына келсе сиз 30 жаштасыз, сегиз секундда калыбына келсе 40ка чукулсуз, он секундда 50 жаштасыз, 15 секундда калыбына келсе 60ка жакын, андан өтүп кетсе 70 жаштасыз.
5. Дем алуу системасы
Көкүрөгүңүздү толтура дем алып, кайра чыгарыңыз. Бир минутта канча жолу дем алып, кайра чыгара аларыңызды эсептеңиз. 45-40 жолу дем алсаңыз 20 жаштасыз, 39-35 жолу болсо 30 жаштасыз. 34-30 - 40 жашта. 29-20 - 50 жашта, 19-15 - 60 жашта. 14-10 - 70 жаштасыз. Баса, өпкөңүздүн абалы шамды канчалык аралыктан үйлөп өчүрө алсаңыз ошого жараша болот. Кокус шамдан бир метр аралыкта туруп үйлөп өчүрө алсаңыз сиз 20 жаштасыз. 70-80 см. туруп өчүрө алсаңыз 40 жашта, 50-60- см. аралыгында өчүрсөңүз анда 60 жаштасыз.
6. Либидо (эркектер үчүн)
Эгерде сиз жумасына кыйналып кысталбай 6-7 жолу жыныстык катнашка барсаңыз 20 жаштасыз. Ал эми айына 5-6 жолкуга жарасаңыз 30 жаштасыз. Бир айда 3-4 жолу катнашка барсаңыз 40 жашта. Эгер айына 1 же 2 жолу араң жараса 50 жашта. Андан да аз болсо анда 60 же андан ашык жаштасыз.
7. Муундардын абалы
Колдоруңуздун манжаларын бириктирип туруп башыңыздан ашыра көтөрүп, далыңызга тийгизүүгө аракет кылыңыз. Эгер эркин жасай алсаңыз анда сиз 20 жаштасыз. Кокус колуңуздун манжаларын эле далыңызга тийгизе алсаңыз анда 30 жаштасыз. Колуңузду жакындата эле алсаңыз анда 40 жаштасыз. Колуңузду башыңыздан ашырып бириктире албасаңыз анда 60 жаштасыз. Колуңузду көтөрө албасаңыз анда алтымыштан өтүп кеткенсиз.
8. Борбордук нерв системасынын абалы

Карандаш же сөөмөйүңүздү ар бир клеткага бирден жыйырма бешке чейин ирээти менен тийгизип чыгыңыз. Канча секунд кеткенин эсептеңиз. Эгерде 30-35 секундда бүтө алсаңыз анда сиз 20 жаштасыз. 36-40 секундда бүткөрө алсаңыз 30 жаштасыз. 41-50 секундда 40 жаштасыз. 51-60 секундда бүткөрсөңүз 50 жаштасыз. 61-65 секундда бүткөрсөңүз 60 жаштасыз. 66- 75те бүткөрсөңүз 70 жаштасыз.
Эми тыянагын эсептеп чыгыңыз. Ар бир пункттагы жаштарыңызды топтоп, канча тесттен өтсөңүз ошого бөлүңүз. Чыккан сан сиздин биологиялык жашыңыз болуп эсептелинет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА