04.06.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА

ДЗЮДО БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ТУРНИР
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында алгачкы жолу дзюдо боюнча республиканын ачык турнири болуп өттү. Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1-июнда өткөрүлүп, уландар арасында тогуздан алтын, күмүш жана коло медалдар ойнотулду. Андан сырткары, жеңүүчүлөр уюлдук телефондорду белекке алышты. Демилге көтөрүп, Дзюдо улуттук федерациясы, Республикалык дзюдону өнүктүрүү борбору жана Башкы судьялар коллегиясынын көзөмөлү менен уюштуруп, өткөргөн "KG Tosor" спорт клубу болду. Белгилей кетели, бул дзюдо боюнча аймакта өткөн биринчи иш-чара.
Спорт аркылуу азыр абадай керек болуп турган журттун биримдигине, жаштардын кара күчүн туура нукка бурганга, эрки күчтүү муунду тарбиялоого жетишсе болот. Спортко кызыгууну арттырып, өлкөнүн ар тарабында жашаган жаш спортчулар арасындагы достукту бекемдөөгө жана дзюдону жайылтууга өбөлгө түзүлдү. Ачылыш аземинде ойдун тегерегинде сөздөр айтылды. Түрдүү салмак категориялардагы 1994-1999-жылкы дзюдоисттер Нарындан, Чүйдөн, Бишкектен, Таластан чогулушту. Башта макулдугун берген 130 катышуучунун ордуна 170 спортчу кызыкчылык арттырып келгени уюштуруучуларды кубандырды. Турнир эл аралык дзюдо федерациясынын шарттары боюнча Олимпиадалык системада өттү. Эртең мененки саат тогуздан баштап алдын ала беттешүүлөр өтүп, түштөн кийин жыйынтыктоочу жолугушууларга чейрек финалга чыккан спортчулар беттешти.
Бишкектеги "Golden score" клубунан 1994-жылкы Топчубаев Кубан 60 кг салмак категориясында биринчиликти алды. Татамиден чыгаары менен терин арчый электе эмоцияларын бөлүшүүнү сурандык:
- Мен Сокулуктан келген дзюдоист менен күрөшүп, жеңип алдым. Дзюдо менен эки жылдан бери машыгам. Өткөн жылы республикалык турнирде үчүнчү, Бишкек боюнча биринчи, Данил Бабаевдин турниринде биринчи болгом.
- Сабакка да спортко да жетишүү кыйынбы?
- Эртең менен мектепте, түштөн кийин спортзалда убактымды тең бөлүштүрүп алгам. Дзюдо мага ден соолук берип жатканын түшүнөм. Бул спорттун түрү кооз деп айталам. Келечекте менин балдарым да машыгуусун каалайм. Кыялдарым болсо, Олимпиадага катышуу жана Азия чемпиону болуу.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусунун жардамчысы Саур Аматов турнирдин башкы судья кызматын аткарды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда дзюдо спорттун номур биринчи түрү. 2008-жылкы Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргогон Елена Проскуракова жана Талант Жанагулов ушул облустан.
Мелдештин башкы катчысы самбо боюнча дүйнө чемпиону, мыкты дзюдо спортчусу Елена Исакова айыл жергесиндеги жаштар арасынан атактуу спорстмендер көп чыгарын, алар кара жумуштан күчтүү келип, машыгып отуруп жеңишке тез жетерин айтты. Жапон элинен келген дзюдо адамда көз карандысыздыкты, эрктүүлүктү, жеңиште көппөй, жеңилгенде чөкпөгөндөй мүнөздү тарбияларын баса белгилеп, жаштарды дзюдо менен машыгууга чакырды.
Нарын облусу боюнча дзюдо жана самбо боюнча ага машыктыруучу Бакыт Чороев Нарын шаарынан жана Ак-Талаа районунан эки команданы алып келген. Анын окуучуларынан Бакытбек уулу Алибек 42 кг салмак категориясында 2-орунду, 66 кг га чейинки салмак категориясында Абдилназиров Шабдан 3-орунду камсыз кылды. Ага машыктыруучу үчүн бул турнирге катышуу да жетишкендик. Анткени тоолуу аймактан сыртка чыгуу кыйынга турат. Ал уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн чын дилинен ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз эли үчүн өткөөл маалда уюштурулган биримдикке, досчулукка үгүттөгөн мелдеш уюткулуу журтта жарык келечектен үмүт бар экенин айтты.
Мындай ири турнирди өткөрүү үчүн "KG Tosor" спорт клубу 14 миң долларлык спорттук мат - татамилүү болду. Бул кымбат спорт шайманын дзюдо улуттук федерациясы менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" акчасын тең бөлүшүп алып беришти. Андан сырткары, турнир катышуучуларын жайгаштырып, өткөрүүгө кеткен чыгымдарды, байгелерди алтын казуучу ишкана толугу менен көтөрдү. Компаниянын регион менен кызматташуу менеджери Керим Шатманов Тосор айылы алардын карамагындагы айыл катары биринчилерден болуп түрдүү көйгөйлөрү менен кайрыла аларын айтып өттү.
Окуу жылы аяктап, жайдын башталышы, балдардын майрамы сыяктуу жагымдуу окуялардын шары менен турнир жакщы маанайда, калыс жыйынтыктар менен өткөрүлдү. Бишкекте мындай иш-чаралар жаңылык эмес. Айыл жергесинде болсо балдардын демин, көз карашын байкасаңар көпкө чейин эсте каларлык окуя болду. Спорт майрамы күрөшкө чыккан балдардын ата-энелерин да жакшы таасирде калтырды.
- Республикалык деңгээлде турнир өткөрүү мындан ары да улантылабы?
- Албетте биз аймактагы спортту өнүктүрүү үчүнбүз. Келерки жылдары Тамга же Барскоон айылдарында өткөрсөк болот. Ал жерлерде да мыкты жабдылган спортзалдар бар. Компаниянын негизги максаты - аймактагы бардык багыттар боюнча өнүгүүгө негиз түзүү.
Нуржан АЛЫМКАНОВА





  Беш ыргай

Айжан ГАЗИЕВА:
"Каалаган кыялым кыр ашты"
Кыргызга кыйла таанымал болуп калган жаш ырчы Айжан Газиева өзүнүн жеке студиясын ачты. Ага жолугуп маектешкен элек.

- Кичинемен бери каалап, тилеп жүргөн кыялымдагы вокалдык студиямды ачтым. Өзүмдүн эстрадалык вокал боюнча сабак берүү дипломум бар. Студияда окугандарга устатым Рафаэл Сарлыков агайымдын методикасы менен өз алдынча сабак бере баштайм. Ал агайдан он беш жыл сабак алып, көп нерсени үйрөндүм. Сахнага чыгып ырдаган жеңил, ал эми теория менен практиканы үйрөтүп сабак берген оор. Бул студияда, сабак алган окуучулар жандуу ырдаганды үйрөнүшөт. Андан тышкары, хореографияны да үйрөтөм. Кийинчерээк актердук чеберчилик боюнча да окутуп, жаңыдан ачылып аткан студиямды чоң академияга айлантсам деген оюм бар. Азырынча аталышын "Айжан Газиеванын эстрадалык вокалдык студиясы" деп койдум. Жай айынын башынан баштап окуучуларды кабыл алууну жарыялайм. Мурдатан бери үйдөн даярдап, окутуп аткан окуучуларым бар. Азыр беш жаштан баштап окуучуларды кабыл алып, Россиядагы кичинекей балдардын "Непоседы" деген музыкалык тобуна окшоштуруп бийлетип, ырдатып, театралдаштырган топ ачсамбы деп ойлоп атам. Студияга беш жаштан баштап каалоочулар келе берсе болот.
- Бардык нерсенин ачылышы каражатка келип такалат эмеспи, бул жагы кандай чечилип атат?
- Студияны өз чөнтөгүмөн ачтым. Буга чейин менин чыгармачылык жашоомдо эч ким демөөрчү болуп, жардам берген эмес. Ошондуктан азыркыга чейин бир да жолу концерт кое элекмин. Концерт коюш үчүн ага абдан чоң каражат керек. Андай каражат менде жок. Вокалдык студиямды өзүмдүн ырдап таап, чогулткан каражатым менен ачтым.
- Чыгармачылыктан тышкары өзүңдүн жеке жашооңо кайрылалы. Жаш ырчы кыздардын арасынан сексуалдуу, ажарлуу айым экениңди эч ким жашырбайт…
- Сексуалдуу, ажарлуу бирок жалгыз айым дешеби? (күлүп) Негизи элдер ажарлуу, сексуалдуу болсо эле ар ким менен жүрө берет деп ойлошу мүмкүн. Бирок, ошондой ажарлуу, сексуалдуу кыздар өзүн абдан жакшы карашат. Алар мырзаларга кол жеткис. Мага устатым Рафаэл агай жакшы тарбия берген деп ойлойм. Ал ырчынын баардык жагына көңүл бурат. Артист деген сахнада жакшы көрүнүш керек, анын келбети, фигурасы, ырдап атканда элге жагымдуу болуш керек деп айтат. Бирок, ошол эле учурда моралдык жагынан да катуу тарбиялаган. Эгер менин мүнөзүм жеңил болсо, анда финансылык жактан көп нерсеге жетишмекмин. Капчыгы калың мырзалар менен дос болуп, аны пайдаланып байып алгандар деле аз эмес. Бирок менде андай ой жок. Ошондуктан өзүм тапкан каражатка, апам жардам берген акчага жашап келем.
- Эми атактуу, сулуу кызга капчыгы калың мырзалар кантип көз артпай койсун?
- Андайлар болгон, азыр деле бар. Бирок, мен андай мырзаларды пайдаланганды билбейм, ага да өзүнчө талант керек го. Бай мырзаларга бир нерсе саттырып алып, же алдырып алыш үчүн ага да шык керек. Менин кыялым татаал, ачуум чукул, баарын өзүм жасаганды жактырам. Мындай мүнөздөгү айымдарды эркектер жактыра бербейт. Мен бирөөдөн бирдеме сурабай, баарын өз колум менен жасай алам деп ойлойм. Бирөөгө көз каранды болуп, сурап жашай албайм. Мисалы, менин көп курбуларым бай адамдын эсебинен жашашат. Алар үндөрүн өйдө чыгарып, баш көтөрө алышпайт. Албетте, мен алардын жеке жашоосуна кийлигишүүгө акым жок. Мен эч кимге көз каранды эмесмин, эркинмин, бул мен үчүн маанилүү. Бай, бизнесмен адам эртең кедей болуп калышы да мүмкүн. Саясатчылар болсо эртең талаада калышы ыктымал. Азыр эч нерсеге кепилдик жок. Андан көрө өз ишимди акырын кылдыратып жасай берем.
- Досторуң көппү, алардан көңүлүң калып, сатып кеткен учурлар болду беле?
- Учурда досторумдун көбү эркектер. Жандүйнөм кыйналып турганда ичимдеги бугумду ишенип айта турган абдан жакын курбум жок. Мындай учурда үйгө келип, бир сыйра ыйлап алганым жакшы. Апама айтайын десем, ал алыста. Мурда ичимдеги букту кимге айтам деп адам издей берчүмүн. Азыр канчалык кайгы-капа келбесин, Кудай өлчөмү менен ушул адам көтөрө алат деп берет деп ойлойм. Бирөөгө ыйлап-сыктасаң өзүңө гана зыян, жүрөгүңдү ачкан адамдар сени алсыз деп ойлошу мүмкүн. Өзгөчө Микаэлдин өлүмүнөн кийин көпчүлүк көйгөйлөр суу кечпей калды.
- 7-апрелдеги окуяга Кыргызстандын жараны катары кандай баа бересиң?
- Ошол күнү Алма-Ата көчөсүнөн машинем менен тыгынга туш болуп калдым. Таш көтөргөн адамдардын абалын көрүп, коркуп, үйдөгү балдарыма аман-эсен жетейин деп ойлодум. Кыргыздын жаш балдары орой сөздөрдү айтып атышты. Негизи мага бирөө катуу айтса, коркуп калбай тескерисинче чыйрала түшөм. Менин машинамдын алдына туруп алып кое бербей аткан балдарга чыгып, кое бергиле дедим. Ошол жерден мага бир бала колундагы чоң ташты көргөзүп, "момуну көрүп атасыңбы, азыр башыңа учуп түшпөсүн" дейт. Менин да жиним келип, эркексиңби, коюп жибер! Эркек болуп алып таш менен кыз баланы коем десең ур десем, башка жигиттер аны тыйып, бул ырчы кыз эмеспи деп калышты. Уятыңар жок экен, мен силерге эмне жамандык кылдым деп кетип калдым. Жөнөкөй жарандарга кол салган адамдарга түшүнбөдүм. Аял кишиге кыргыздын жигиттери таш көтөрүп калгандан кийин алардан эмнени күтсө болот. Азыркы кырдаал үчүн абдан тынчсызданам. Телевизордон өз өлкөсүн талкалаган, тоногон мародерлорду көрүп ичим ачышып, кадимкидей көзүмө жаш толот. 7-апрелде досторумдун бирөө көз жумду. Албетте бул өкүнүчтүү.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА