04.06.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кимдин ким экенин биле жүр

Жаныбек ЖАНЫЗАК,
"Сериал" гезитинин баш редактору
Чыккынчы, диссидент, дезертир дегендер ким?
Чыккынчы

"Азаттык" радиосу жакында (23.05.10) Кабыл Макештин "Кыргыз деп күйүп, кыргыз деп өткөн өмүр" деген көлөмдүү уктуруусун жарыялады. Бул уктуруу "Азаттыктын" интернет сайтынан да жарык көрдү.
Материалында урматтуу Кабыл Макеш андан бетер урматтуу Азамат Алтайды ашык-кеми жок "...кыргыздын чыгаан уулу, "Азаттык" үналгысынын негиздөөчүсү..." деп көтөрө чалды.
"Азаттыктын" сайтында "Шерине" деген маек уюшулган. Мен ошол маекке 26.05.10до төмөнкүдөй жазуу жибердим:
"Урматтуу Тынчтыкбек, менимче, сиз жетектеген "Азаттык" сөзгө жана ошол сөздүн маанисине ашкере көңүл бурушуңар керек.
Мисалы, Кабыл Макештин "Кыргыз деп күйүп, кыргыз деп өткөн өмүр" деген макаласында ( http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Historu_Azamat_Altay/2050136.html) Азамат Алтайды "Азаттык" үналгысынын негиздөөчүсү деп жазыптыр.
"Негиздөөчү" дегенибиз, (айла жок орусчага салыштыралы) "основатель". "Основатель" дегенибиз, мисалы, ошол нерсени алгачкы болуп көтөрүп чыккан адам болсо керек эле.
Мисалы, мен там салайын деп жер алып, каражат топтоп, жумушчу жалдап, там тургуздум дейли. Ошол менин ойумдун негизинде, менин каражатыма тургузулган тамдын "негиздөөчүсү" ким, менби же ошол тамды курган итпай-чотпайларбы? Биз биерде "негиздөөчү" жана "аткаруучу" деген сөздөрдү тактап алалычы. Сиз эгер "негиздөөчү" деп бирөө баштаган ишти улантып кеткен кишини айтсаңыз, анда "Азамат Алтай" деп ураан таштап атканыңар туура. Бирок эгер сиздердин анабашыңар АКШ Конгресси болсо, анда Кабыл Макештин аныктамасы карандай калп жана ошондой катачылык кетиргениңер себептүү окурман-угармандарыңардан кечирим сурашыңар керек. Сөздү сыйлайлы жана тарыхка балта чаппайлы. Мисалы, "Википедиянын" орусча сайтындагы Азамат Алтайдын Тынчтыкбек Чоротегин менен түшкөн сүрөтүндө: "Первый сотрудник и бывший Директор радио Азаттык, видный киргизский журналист и публицист Азамат Алтай (1920-2006) и его младший коллега Тынчтыкбек Чоротегин (справа)" деп эле, "Азаттык радиосунун алгачкы кызматкери..." делинип турат. Биерде эч кандай "негиздөөчү" деген сөз жок..." .
Тилекке каршы, "эркин сөздүн башаты" делинип жүргөн "Азаттыктын" кызматкерлери менин жогорудагы материалымды басышпай, Зейнеп кыз ар кандай шылтоолорду айтып алаксытымыш болду. Бирок мен үналгынын башка чоңураак кызматкерлерине чалып отуруп, акыры менин жогорудагы жазууларым үч күндөн кийин "Шеринеге" жарыяланды, капырай.
Бу муну менен калсын, эми 24.05.10до кыргыз телесинин 1-каналында кечки 20:45те кыргыздын белдүү тележурналисти Ширин Жумагулова кыргыздын андан бетер белдүү драматургу Бексултан Жакиев менен Азамат Алтай тууралуу маек уюштурду. Маектин жүрүшүндө Азамат Алтайдын ысымын Кыргызстандын мерчемдүү жерине калтыруу, орден тагып, аз болгондо "Кыргыз баатыры" деген наам берүүдөн да баш тартпагыдай ойлор айтылып кеткенсиди, шумдугуң кургурдуку...
Азамат Алтай - согуш алдындагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Айрым маалыматтарга караганда, "Туркестан легионуна" катыштыгы бар имиш. Бирок муну "Азаттык" үналгысы бир кездери танып чыккан. Ошентсе да, кокус немистер Ата мекендик согушта жеңип алганда, далай кыргыз кырылмак, менимче, ошо кырылышта Азамат акебиздин да бир нече граммдык салымы болмок, тилекке каршы.
Ырас, Азамат Алтай АКШ баштоосундагы "Азаттык" радиосун түптөгөндөрдүн бири болгон жана Американын ошол кездеги СССР саясатына каршы оргуштаган албуут сөздөрүн тынымсыз берип турган. Балким, кыргыз журтчулугунун аң-сезимин өстүрүүгө ошол берүүлөр тынымсыз булак болуп бергендир, бирок азыр опурулуп жаткан урматтуу Бексултан аке Жакиев мырзанын ажайып драмалары советтик кыргыз сахнасында ойнолуп, жаш драматургдун чыгармачыл беделин так ошо советтик чындык көтөрүп чыккандыгын бу киши өзү таналбас деп ойлойм.
Андай болгондо алагуштун атынан эле атап, чыккынчыны чыккынчы деп, бирок ал кыргыз баласы болгон себептүү, өз элине кылган кастыгына карабай кечиримдүү болуп койсок жарашат. Арийне, ошо чыккынчы баласына чыккынчылык кылган эли эми төшүнө "Манас" орденин тагып койсо кантээр экенбиз, ов?!
Тактоо иретинде "Кыргыз тилинин сөздүгүнө" кайрылалы. ЧЫККЫНЧЫ - элдин, өз тарабынын кызыкчылыгын сатуучу, өз тарабынан бөлүнүп, душман, кас тарапка өтүп кетүүчү. Ого бетер тактоо иретинде, орус тилинин түшүндүрмө сөздүгүнө кайрылалы. ИЗМЕНА - предательство интересов родины, переход на сторону врага. Алда канча так, кыска жана нуска.
Абайлаш керек. Менимче, тарых өзү биз сөз кылып жаткан кишинин атын ташка тамга баскандай калтырды. Баса, баягы биринчи кыргыз курултайында чыккынчы кыргыздар ой-даа майрамдалды го, чиркин... Атамекендик согуштун ардагерлери согушта жеңип ит болуптурбуз деп да калышты го дейм ошондо...
Биерде менин айтайын дегеним, Бексултан Жакиев, Тынчтыкбек Чоротегин жана башка азаматтар айткан сөздөрүнө калп аралаштырбай сүйлөсө болот эле. Тактап айтканда, "Азаттыкты" Азамат Алтай түптөдү" деген былжырак сөзгө анчалык жетеленбесе жана биерде ошол Азамат Алтайды кыргыз журтуна эгемендик алып келген инсандын бири катары көтөрө чалбаса дегеним.
Ар бир иштин өз орду бар. Шарты келди - бир багытта күрөшкөн АКШ менен СССР кыл чайнашып калды. АКШ "Свобода" радиостанциясын түздү. Анын кыргыз бөлүмүн алып баруу үчүн Азамат Алтайды дайындады... Азамат Алтай бул жерде "негиздөөчү" эмес, марионетка. А киши бийик идеологиядан эмес, кара курсактын айынан ошол кызматка барды. Тактап айтканда, аны алып барышты. Бул өңүттөн алып караганда, Бексултан Жакиев, Тынчтыкбек Чоротегин жана башка азаматтарыбыздын далбасын мен мисалы, тарыхты жүзүкаралык менен бурмалоо аракети деп эсептейм.

Диссидент

Ошол эле "Азаттык" үналгысы тээ Кыяс Молдокасымов башкарып турганда кадимки Рахманкул хан болумушту колдорунан келишинче диссидент кылууга далбасташты. Диссидент дегенибиз четэлдик сөз, болжолу бийликтин идеологиясы менен макул болбогон адам. Бу демек, тээ Совет бийлиги орнотулуп, күч ала баштаганда Алайдагы кайсы бир уруу башчысы Рахманкул ошол элди түгөлү мененби же жарым-жартылайынбы, айтор, СССР аймагынан алып качып чыккан экен.
Эми а кишинин бу кылганын 22.03.2003тө "Азаттыктын" ошогездеги башчысы Кыяс Молдокасымов мырза кайсы бир профессор Сулайман Кайыпов менен болгон маегинде "Рахманкул хандын 90 жылдыгын Кыргызстанда белгилөөнүн чекене болсо да планын түзүү" жөнүндө ой толгошуп, бу кишиге да Кыргызстандын кандайдыр бир ордендери жана атак-даңктарын ыйгаруу жөнүндөгү далбастарын билдиришиптир.
Суроо туулат, кайсы ырысына?! Өзү ала качкан малынын туягын түгөлдөп жүрүш үчүн ээрчите кеткен элинин бүгүнкү абалынабы? Ошол диссидент хан болумуштун айынан Түркиянын кайсы бир жеринде калып кеткен, афган Памириндеги аянычтуу абалга калган кыргыздарыбыздын шордуу турмушунабы?
Баса, жакында эле Памирдеги кыргыздардын ит ыйлагыдай турмушун чагылдырган материалдарды окудук, көрдүк эле го...
Диссидент деген сөз кайсы бир мамлекеттер үчүн жарашса жарашаар, асти Рахманкул хан болумуштун мисалында бу сөз жөн эле фарска айланат. Жөпжөнөкөй эле мисал. Ошо хан болумуш алып качкан элдин ошогездеги коңшулары Кыргызстанда совет бийлигинин алдында "калып кеткен" кыргыздардын жашоосу менен салыштырып көрөлү. Кимисинде канча галстук жана канча папке бар экенин эсептесек эле, алиги диссидентибиз өзү менен кошо ала качкан кыргыздарын кандай турмушка кириптер кылганын дапдаана билсек болот. Анан ошол кишиге бүгүнкү Кыргызстан эмне деген наам, эмне деген сыйлыктарды ыйгарышы керек эле, анын 90-100 жылдыгына?!

Дезертир

Менин атам дезертир болгон. Атамдын дезертирлиги кызык. Согуш маалында атам элүүдөн ашып калган кези экен. Ал 1929-жылы артель уюштуруп, анын башкармасы болгон. Атамдын эки баласы тең мурда согушка кетип дайынсыз жоголуп, экөөнөн тең кара кагаз келиптир. Анан инисине да согушка чакыруу келет. Ошондо атам инимдин ордуна мен барам деп чыгат. Военкоматка барып өзүн жаздырат. Ал кезде элүүдөн ашкандарды эмгек фронтуна алып кетчү экен, атам ошентип Челябинскиге эмгек фронтуна кетет. Ал жерден октябрь айынын аягында да муз жерди талкалап картошка казышчу экен. Ошондо сууктан, ачкадан эл боо-боо түшүп кырылышчу экен. Атам кыраакы адам эле, айтып атпайбы, "бизди ошентип кууратып иштетип араң эки кап картошка каздыргыча, айылга кубалап жиберип мал бактырса, малдын сырын билген биз мындан көрө өкмөткө он эсе пайда келтирбейт белек" деп.
Ошентип анан эл кырылып атканда атамдын оюна качыш керек деген ой келет. Ошондо 1944-жылдын октябрь айы экен. Октябрда качып, айылга март айында араң жетишет. Өзү менен кошо бир кишини кошо ала келген экен. Элестетип көр, кыштын күнү Россия, Казакстанды аралап качып келгенин. Айылга келгенде баягы Токтогул Сибирден качып келгендей эле болгон дейт. Бирок бир кызыгын карабайсыңбы, алар айылга келгенде 1945-жылдын март айы же совет өкмөтү жеңишке жетип калдык деп ошондой болгонбу, баягы киши менен атам экөөнү сурап койгон жан болбойт. Качып келдиңби же каяктан келдиң деп өкмөттөн бири да сурабайт. Демейде тартип катуу болчу, НКВД басып калды деп жазышчу эле го, жок, анын бири жок. Ошентип анан бир күнү атам райборборго барса, күйөөсүнөн кара кагаз келген апам да райборборго келип калыптыр. Ошо менен экөө табышып, кол кармашып келе беришиптир. Ушундай. Анан мен кийин бир жылы 9-майда атамдын дезертир болгонуна кубанам, сыймыктанам деп жазгам. Себеби, атам качып келбегенде баягы боо-боо түшүп өлгөндөрдүн бири болуп жок болмок да. Анда мен кайдан төрөлмөк элем. Мен 1950-жылы төрөлүп атпаймынбы. Ал кезде Жеңишбек деп ат койгон мода болчу, бирок апам "эч кимди жеңбей эле койсун, жаны эле бек болсо болду" деп туруп атымды Жаныбек коюшуптур. Ошол үчүн мен турмушта эч кимди жеңгим деле келбейт. Бирок биз Кыргызстанда кайсы бир топторго жеңилип калбай, мыйзамга гана жеңиле турган болсок.
Мынакей, урматтуу окурман, май айынын мен үчүн мерчемдүү окуялары жана алар алып келген айрым ойлор. Менин ойлорум меники, албетте, эч кимге таңууланбайт. Мен атама сыйлык бериш керек дебейм, себеби атамын сыйлыгы - мен өзүм.