Жергиликтүү тургун горилла менен пингвин тартуулады
Нарын районунун Учкун айылынын тургуну Адилет Кутбидинов 24 жашта. Ал 20 жашынан бери кышкысын муздан ар кандай айкелдерди жасап келет.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН

"Эң алгачкы жылы Аяз ата менен Аяз кызды жасагам. Андан кийин жылкынын, кийинки жылы "Эркиндиктин символун" жасап, баарысын айылдыктарга тартуулагам. Былтыр кой жылынын урматы үчүн кочкордун айкелин Нарын шаарынын борбордук аянтына алып келип орнотком",-деген тубаса таланттуу Адилет эми гана архитектуранын окуусун сырттан окуп жаткан экен. Ал быйылкы эмгегин келе жаткан маймыл жылына арнап оозун ачып турган кадимки горилланы жана жанына пингвинди кошо жасап келиптир.
"Албетте алдыдагы жыл маймыл жылы. Ал эми пингвин кыштын символу болгондуктан аны дагы кошо жасадым. Былтыркы жылы кочкорду машинага төрт бала эле көтөрүп салып, өз каражатым менен алып келгем. Быйыл Нарын шаардык мериясы кран менен салып келген чыгымынан бери көтөрүп жардам кылышты",-дейт Адилет. Ал 20 күндөн ашык убактысын ушул айкелдерди жасоого коротуптур. Анын куралдары кадимки кол араа, аш бычак, кичинекей ак балта жана желим бөтөлкө болгон. Үйүлгөн карга улам-улам желим бөтөлкө менен суу куюп, кайра араалап, жонуп ушундай айкелди нарындыктарга жана шаардын меймандарына тартуулаган Адилетке аянттан ары-бери өтүп көргөн дээрлик бардык жарандар ыраазычылык билдиришүүдө. Ал эми Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев буларды белгиледи.
"Адилеттин былтыркы эмгегинен кийин биз ушундай муз айкелдери үчүн атайын сынак жарыялап, ага 10 миң сом бөлгөнбүз. Тилекке каршы, мындай жумушту ар ким эле жасай бербейт экен. Ошондуктан каралган акчанын 3 миң сомун жумшап, Адилеттин горилласы менен пингвинин өзүбүз барып алып келдик",-деген Ы.Адиев 31-декабрь күнү Адилетке акчалай 5 миң сом сыйлык тапшырды.


Жалал-Абад облусу "2015-жылдын мыкты спорт аймагы" деп аталды
КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө "TOP-KG" журналынын жетекчиси Динара Орозбаева спорттун күрөш түрү боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" наамын Кубанычбек Көкүмовго, ал эми облустук спорт комитетине "Жылдын мыкты спорт аймагы" номинациясын тапшырды.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

"TOP-KG" журналынын жетекчиси Динара Орозбаеванын сөзүнө караганда, жылда дүйнөлүк мелдештерге спорттун ар кайсы түрү боюнча катышып, Кыргызстандын атын таанытып, ийгиликтерге жетишкен спортсмендерге "Жылдын мыкты спортчусу" наамдары окурмандардын баалоосу менен берилет.
"Быйылкы жылы Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан спортчуларыбызга "Жылдын мыкты спортчусу" наамын ыйгаруу Бишкекте өттү. Анын арасында Жалал-Абад ОИИБнын кызматкери Кубанчыбек Көкүмов жана Кочкор-Ата шаарынан Нургазы Абдуразаков эркин күрөш боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" аталышты", - деди Д.Орозбаева.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыкты аталган спортчуларды куттукташып, мындан ары да ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын атын дүйнөгө чыгарып дүйнөлүк мелдештерде алдыңкы орундарды багындырып жүрө беришин каалашты.


Жашоочулар айыл өкмөт башчысына нааразы

Жалал-Абад областына караштуу Аксы районундагы Атана айылынын жашоочулары айыл өкмөтүнүн башчысынын ишине нааразы. Бул тууралуу "Turmush" сайтында маалымдалды.
Жергиликтүү тургун Абдырасул Калмырзаевдин айтымында, айылда аралыгы 1 чакырым 800 метр болгон суу түтүктөрү орнотулушу керек эле.
"Айыл өкмөт башчысы М.Жапаров 32 сантиметрлик түтүктөрдүн ордуна 22 сантиметрлик түтүктөрдү берип койду. Эми биз ар бирибиз 250 сомдон чогулталы деп жатабыз, түтүктөр коюлуп калса кыштактагы 50дөн ашуун үй-бүлө таза суу менен камсыз болот", - деп кошумчалады ал.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Жапаров өз кезегинде "20 күндөн кийин жергиликтүү бюджетке каражат бөлүнөт, андан соң бул акча таза суу чыгаруу ишине жумшалмакчы" деп түшүндүрмө берип кетти. АЙЗАДА КАСЫМБАЕВА


Өкмөт башчы Жумгал районуна болгон иш сапарын баштады

Өлкөнүн премьер-министри Темир Сариевдин Нарын областынын Жумгал районуна иш сапары башталды. Бул боюнча КРнын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы 2015-жылдын 7-декабрында Миң-Куш айылында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери, ошондой эле уран калдыктарын сактоочу жайдын абалы менен таанышмакчы.
Мындан тышкары, Т.Сариев жолдорду куруу иштеринин жыйынтыктары жана 2016-жыл үчүн коюлган пландар боюнча жыйын өткөрөт. АЙЗАДА КАСЫМБАЕВА