Нарындагы улуу курулуштун бүдөмүгү
Ошентип өлкөдөгү негизги курулуштардын биринин эртеңки тагдыры арасат абалда калгандыгы ачыкталды. "Нарын дайра төрт жерден буулат" дейт, "Сууну тосконго Кургактын зоолору жараптыр" дейт, "Каналдар баланча гектар сугат жерди ээлейт экен" дейт, "Жаңы көпүрө Эчки-Аттамакка салынат" жана башка дейт-дейттерге 24-декабрь күнү өлкө башчысы алгачкы чекитти койду.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын

Кептин төркүнү Орусия Жогорку Нарын суу электр бекеттерин (ЖНСЭБ) курууга кур шылтоолорду ого эле божурап калышкандыгы тууралуу бара жатат. Быйылкы жылдын башынан тарта ар кайсы мезгилде ар кандай коошпогон сөздөрдү айта башташкан орусиялык лөк энергетиктерге ишенбей калгандыгын Президент ачыкка чыгарып, эми башка капчыктууларды издөө керектигин жарыя кылды. Бирок Орусия Президентинин маалымат кызматы азырынча шашылууга негиз жок экендигин жооп кайтарды. Ал эми кырдаалдын келип чыгышы эң оболу ушул 2000-жылдардагы "кыргыздын эң алгачкы улуу курулушу" атыккан ЖНСЭБдин салынышы жүрүп жаткан аймактардын жашоочуларынын көпчүлүгүн катуу кабак түйүүгө дуушарлантты.
"Биз келерки жылы миңдеген жумуш орундар менен камсыз болобуз жана биринчи СЭБден электр ала баштайбыз деп чоң үмүттө турганбыз. Айтор башыбыздан ылдый муздак суу куюп жибергендей эле деңдароо абалда калдык",-деп муңкана баштады ЖНСЭБ курулушу жүрүп жаткан Нарын районунун Орток, Дөбөлү, Чет-Нура айыл аймактарынын айрым тургундары. Айтор "болоору болду, эми боёсу калды" демекчи, ЖНСЭБдин келечек тагдыры бешенеде тургандыр. Бирок биз мындай чалкеш абалга кириптер болуунун себептерине кыскача баам салууну кеп кылсакпы деп турабыз.
Биринчиси албетте, Орусия Федерациясындагы учурдагы экономикалык абал. Канчалык бул мамлекет көкүрөк кагып, эл оозундагы кеп аркылуу айтканда өзүнүн дүйнөдөгү бирден бир "Держава" экендигин көрсөткүсү келгени менен, кудурети жылдан жылга, айдан айга, а түгүл күндөн күнгө кетүүдө. Башка жагдайларды айтпаганда да, АКШ жана Европанын кыйла мамлекеттеринин киргизген экономикалык санкциялары Орус мамлекетин бир жагынан муунтса, экинчи жагынан Крымды кошуп алуу өлкөнү кошумча чыгымдарга кириптерлентти. Аларга кошул-ташыл Түркия менен болгон алакадан соң бул өлкө миңдеген долларлардан куру жалак калууда. Ушундан улам кечээки ыраматылык союз заманындагы бир мыскыл эске түшөт.
Сталинге темир жол курулушу токтоп калды, белгиленген бекетке вагондор жетпей калууда деген маалымат түшөт.
- Планга киргизилди беле. Эгер киргизилсе, бүтүргүлө. Мен ошол күнү ачылышына барам,-деп айттырат. Айтылган күнү барса, баарысы ойдогудай.
Хрущевге да ушундай маалымат түшөт.
- Темир жолдун артындагыларын алып, алдына салып, жеткиргиле,-деп тапшырма тагат.
Брежневге дагы ушундай кабар келет.
- Анда вагондорду ары бери кыймылдатып тургула. Ичиндегилер өздөрүн жүрүп бараткандай сезишсин,-деген экен кайран Леонид атабыз. Ошентип 2016-жылы Нарын-1 СЭБди ишке киргизебиз деп күпүлдөгөн "Рус-Гидро" ААКсы азыркы тапта Брежневдин тапшырмасындай арабөк абалда калгандыгы өткөн жылдын этегинде эле байкала баштагандыгын жергиликтүү талдоочулар кеп сала башташкан.
Экинчиси өзүбүзгө, демек кыргыздарга байланыштуу болууда. Айрымдары кыргыздардын колунда 727 млн. доллары жана СЭБ кура ала турган кадрлары болбосо кантип курулуш курмак эле деп чыгуулары мүмкүн. Мында кеп акча каражатта эмес, кеп "КЕСИР" кылууда болууда. Ата-бабаларыбыз байыртадан эле "Кудай урган оңолот, каргыш урган оңолбойт". "Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын" деп канкакшап келишкен. Чындыгында кыргыз элибиз, Ала Тоо жерибиз эгемендик алгандан кийин өзгөрүлүүгө кириптерленди. Жакшы жагыбыз менен катар мурда кийин болбогон кайдагы ыплас адаттарды алдыңкы орунга алып чыктык. Бир учурда өздөрүн сакалдуумун деп эсептеген дүжүр чал-кемпирлерди алдыга салып, алардын соңунан ажылдаган катындарды коё берип, артынан эркек өңдөнгөн сөрөйлөр кыйкырган адат пайда болгон эле. Мындай ыкма айрыкча бир мандаттуу шайлоолордо кеңири колдонулуп калган. Кийин кен чыккан жана курулуш курулган жайларда кандайдыр кыйкырыктар башкы орунга чыкты. Кайсы бирөөнү колдоп жол тосо калмай адаттан да толук арыла элекпиз. Бул өңдүү коркутуулардан, сөөмөй кезөөлөрдөн ЖНСЭБ дагы куру калган эмес.
2013-жылдын 12-июнь күнү Президент А.Атамбаев учуп келип, "Рус-Гидро" ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын төрагасы Е.Дод менен бирдикте курулушту баштоонун алгачкы аралашмасын салуу жараянына катышкандан кийин, курулуш кулач жайган. Шаарчанын кабат-кабат имараттары курулуп, бир нече компаниялар келип иш жүргүзө башташкан. 2014-жылда дагы курулуш кеч күзгө чейин токтоп калган жок. Бирок жергиликтүү элде сасык саясат жыттанган наалыган кептер тарай баштаган.
- "Бул СЭБдер үчүн жерибизден ажырайт экенбиз". -"Чаңдан малдарыбыз төл бербей калды, бээлер кулун салууда". "Оор машиналар ары-бери өтүп, тамдарыбыз титиреп жарылууда". "Бизди жумушка албай, өздөрүнүн кшилери менен келишүүдө" ж.б. деген ылаң сөздөрдү айрым жергиликтүү тургундар кадыресе кепке айландырышкан. Айрымдары түшүнүп-түшүнбөй эле, "СЭБдер салынбасын, токтотулсун" дегенге чейин барышкан. Эми минтип ЖНСЭБдин эртеңки болочогу бүдөмүк болууда. Демек СЭБ куруу керек же керек эместигин балким жогорудагы айрым "Ач айкырыктар" түшүнүштү болду бекен? Деги кесир сүйлөөнү качан токтотобуз.
Маалымат үчүн. ЖНСЭБди куруу үчүн Кыргыз жана Орус мамлекеттеринин өкмөтү 2012-жылдын 20-сентябрында макулдашууга барышкан. Аны ишке ашыруу үчүн ЖНСЭБ жабык акционердик коому түзүлгөн. Коомдун уставдык капиталы 50-50 пайыз өлчөмүндө эсептелип, бардык чыгым 727 млн. доллар деп бааланган. 2012-жылдын 27-октябрь күнү КРнын Президентинин катышуусунда эң алгачкы эстелик белги, ал эми 2013-жылдын 12-июнь күнү жумуштун накта башталышы катары эң алгачкы аралашма салуу жараяны өткөрүлгөн.
Жалпысы 4 СЭБ курулуп, алардын алгачкысы 2016-жылы, акыркысы 2019-жылы бүткөрүлмөк болгон. Каскаддын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болуу менен бир жылда төртөө 942,4 млн кВт.саат электр кубатын өндүрүп чыгармак.