Куба өлкөсү тууралуу кызыктар
КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ

Куба аралда жайгашкан мамлекет. Анда 4 миңден ашуун майда жана орточо аралдар жайгашкан. Кубалыктардын орточо жашоо узактыгы 77 жаш. Медицина тармагы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлеп, өлкөнүн жарандары үчүн медициналык кароодон өтүү акысыз. 2012-жылы Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө куба медицинасы "Дүйнөдөгү мыкты медицина" наамына ээ болгон. "Медициналык туризм"- мамлекеттин бирден бир кирешелүү тармагы болуп эсептелет.
Куба туристтик эс алуучу жайларга, чалгындаган кендерге, мунайга бай. Өлкөдө мамлекеттик акча бирдигинин эки түрү болсо, алар песо жана алмаштыруучу песо (CUC). Песону жергиликтүү тургундар, ал эми алмаштыруучу песону негизинен чет элдиктер колдонушат. Эки акча тең кызмат көрсөтүүдө, товарды сатып алууда бирдей колдонулат.
Бул өлкөдө орточо эмгек акы 15 долларды түзөт. Ошондой эле мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер каралган. Мисалы, кийим-кече, билим берүү, медицина акысыз. Мамлекет 6 жашка чейин бөбөктөргө акысыз сүт берет. Мындан тышкары азык-түлүк, тамак-аш азыктарынын баасы туруктуу сакталат. Өлкөдө карточкалык система белгиленген чекте ишке ашырылган. Аны менен кардар мамлекеттик дүкөндөрдөн арзан баада азык-түлүк сатып алып, белгиленген чектен ашып кетсе, анда базарга барып соода-сатык кылышат. Базарда мамлекеттик дүкөнгө салыштырмалуу баа бир топ эле жогору.
Куба калкынын 98,8 пайызы сабаттуу. Баардык билим берүү мекемелери акысыз билим беришет. Кайсы гана болбосун жогорку окуу жайда окугусу келген жаран 3 предметтен: испан тили, математика, куба тарыхынан сынактан өтөт. 2000-жылдан бери кубалыктар электр чайнектерди, тамак жылытуучу каражаттарды, тостер, электр приборлорду колдонууда баш тартып, расмий түрдө колдонууга тыюу салынган. Электр ресурстарын үнөмдөө максатында мамлекеттик саясат катары кабыл алынган.
Кубалыктар чөнтөк телефондорду, компьютерлерди, DVD-плеер жана башка турмушка керектелчү техникалык каражаттарды 2008-жылдан бери эркин сатып алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Өлкөнүн абоненттерди тейлеген жалгыз "Cubacel" уюлдук оператору бар. Байланыш наркы кымбат, 1 мүнөтүнө 1 доллар турат. Интернет кызматын колдонуу жай жана кымбат. Анысы аз келгенсип, жергиликтүү жашоочу Интернет кызматын өз үйүнө туташтыра турган болсо, мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдардан расмий макулдук алышы керек. Эгер уруксатсыз дүйнөлүк желени пайдаланган болсо, ал 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул мыйзам чет элдиктерге тиешелүү эмес.