2015-жылдын эң мыкты 10 тасмасы
Өткөн жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин көрсөтүүгө чыккан кинотасмалардын ичинен "жылдын эң мыкты 10 тасмасы" жөнүндө "Zaman Кыргызстан" гезитинин окурмандарына сунуштадык.

1. SON OF SAUL / "Соулдун уулу"
Венгриялык режиссер Ласло Немештин биринчи толук метраждуу тасмасы "Соулдун уулунда" еврей геноцидине жаңы көз караш менен карайт. Бул жылкы Канн кинофестивалында эң башкы сыйлыктардын экинчиси болгон Гран-при сыйлыгына татыктуу болгон тасма көрүүчүлөрдү 1944-жылдагы Аушвиц лагерине алып барат. Крематорийде иштөөгө бир канча ай мурун тандалган еврей туткуну Соулдун жашоосу, кичинекей баланын денесин таап алгандан тартып өзгөрөт. Баланы өрттөөгө жол бербей, еврей салтына ылайык көмүүнүн жолун издеген Соул татаал авантюраны башынан өткөрөт.

2. WHIPLASH / "Кемер"
Режиссер Дэмиен Шазеллдин автобиографиялык "Кемер" тасмасы "Оскар" сыйлыгында 3 алтын статуеткага татыктуу болгон. Тасма консерватория студенти жана ага өтө катаал ыкмаларды колдонгон музыка мугалими жөнүндө тартылган. Жаз барабанчысы болууну эңсеген Эндрю агайы Теренс Флетчер менен таанышканда оюнан кайтууну ойлойт. Ритм жана музыкадан алыс болгон көрүүчүнү өзүнө тарткан бул тасма сыйлыкка татыктуу.

3. BIRDMAN / "Бёрдмен (учкан адам)"
Мексикалык режиссер Алехандро Гонсалес Иньяриттунун "Бёрдмен" тасмасы Голливудун көптөгөн белгилүү ысымдарын камтыган. Көрүүчүлөрдү бир максаттуулугу менен өзүнө тарткан бул тасма 87- Академиялык сыйлыктардын ичинен, эң мыкты тасма, эң мыкты режиссер, эң оригиналдуу сценарий жана эң мыкты оператор наамына татыктуу болуп, 4 "Оскар" сыйлыгына ээ болду. Тасма көп жыл мурун белгилүү каармандын ролун ойноп, бирок унутулуп калган актердун кайрадан жаңы шоу даярдап Бродвейге чыгышын баяндайт.

4. FORCE MAJEURE / Турист
Кыска метраждуу жана документалдык тасмалардан толук метраждууга өткөн швед режиссер жана сценарист Рубен Остиндин "Турист" аттуу тасмасы бардык фестивалдардын мактоосуна ээ болду.
Тасмада Франциянын кар баскан тоолоруна эс алууга барган 4 кишиден турган үй-бүлөдөгү "ата" түшүнүгү маселесине маани берилген. Үй-бүлөдөгү ата, апа ролунун социологиялык маселелерин чагылдырган бул тасма траги-комедиялык жанрга ээ.

5. 45 YEARS / "45 жыл"
Эндрю Хайдын "45 жыл" тасмасы, башкы каармандары Шарлотт Рамплинг жана Том Кортниге Берлин кинофестивалында сыйлыкка ээ кылды. Девид Константиндин аңгемеси боюнча тартылган тасма, 45 жыл бирге өмүр сүргөн жубайлардын жашоосун чагылдырган.

6. MAD MAX: FURY ROAD / "Акылдан адашкан Макс: Катаал жол"
Кыяматтын кийинки жашоонун башталышы жөнүндөгү "Акылдан адашкан" тасмасынын режиссеру Джордж Миллер 30 жылдан кийин кайрададан тасмага кайрылды. 1979-жылдан бери 3 уландысы менен чыккан бул тасма эми төртүнчү жолу "Акылдан адашкан Макс: Катаал жол" деген аталыш менен чыкты. Башкы каармандардын ролун Том Харди жана Шарлиз Терон ойнойт, тасмада баш калкалай турган сарайда кулдарга айланган адамдардын жашоосу чагылдырылган. Башкы каарман Макс бул кулчулукту жоюуга аракет жасайт.

7. INSIDE OUT / "Терс тарап"
"Валл-и" жана "Көккө кара" деген анимациялык тасмаларды жараткан Пит Докчердин "Терс тарап" аттуу жаңы тасмасы Голливуд кино сыйлыктарынан "жылдын анимациялык тасмасына" татыктуу болду жана ошондой эле Оскар сыйлыгын алууга да шансы бар. Тасма кубануу, кайгыруу, коркуу, жинденүү сыяктуу сезимдерди жаратып, адамдын жашооосуна жакындыгын көрсөтөт.

8. THE MARTIAN / "Марстын жашоочусу"
Режиссер Ридлли Скоттун "Марстын жашоочусу" аттуу тасмасы жазуучу Эндрю Вейндин ошол эле аталыштагы романынан алынган. Жылдын эң мыкты фантастикалык тасмасы деп аталган тасмада, Марс планетасында жападан жалгыз калган астронавттын жашоо менен күрөшү чагылдырылган. Барак Обама 2015-жылдагы эң жакшы көргөн тасмасы "Марстын жашоочусу" экендигин айткан.

9. PHOENIX / "Феникс"
Немец режиссер Кристиан Петцолдун "Феникс" тасмасы Хаберт Монтелеттин "Le Retour des cendres" аттуу романынан алынган. 2-дүйнөлүк согуштун лагеринен кутулуп кеткен Нелли мурунку жашоосуна кайтуу жолун издейт. Бирок бир ок менен гана бети таанылбай өзгөргөн айым көп жолку эстетикалык операциядан өтсө да, мурунку калыбына келбейт.

10. SICARIO / "Киши өлтүргүч"
Денис Вильнювдун "Киши өлтүргүч" деп аталган боевик жанрындагы тасмасында ФЧКнын (ФБР) Мексикадагы баңгизат менен күрөшүү чагылдырылган. ФЧКнын идеалист агенти Кейтке АКШ менен Мексиканын ортосунда жайгашкан мыйзамсыз шаар Цуареске жеке операцияга жиберилет. Тасма 2015-жылдын Канн кинофестивалында Алтын пальма сыйлыгы үчүн жарышкан.