Абалың кандай этникалык кыргызым?
Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаңы пахта айыл өкмөтүндө 6332 тургун болсо, анын 4564ү Тажикстандан келген этникалык кыргыздар. Учурда Лук завод жана Май айылында жашаган этникалык кыргыздар өкмөт тарабынан көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктердин пайдалана албай келишет. Абалды жеринен билүү үчүн айылдын эли менен жолугушуп кайттык.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ
КАЛЫЙНУР КАЛМУРЗА УУЛУ

ЙТажикстандан көчүп келген кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алганы эле болбосо турак-жай, жер, суу маселесин бүт бардыгын өздөрү чечип алышкан. Колунан келгендери жер алып, үй салып алса, үйү жоктор бүгүнкү күнгө чейин батирде күн кечирип келишет. Сырттан көчүп келген этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан бир топ убадалар берилгени менен ал кагаз түрүндө гана калып, чыныгы жашоонун өзү биз ойлогондон башкача экендигин өз көзүбүз менен көрүп, жашоочулардын бизге берген маегинен байкасак болот.
Абдикарим Амиров, дыйкан: "Быйыл помидорду Кара-Балтадагы заводго кезекке туруп 10-15 күн дегенде араң тапшырдык"
Учурда 57 жаштамын, 6 балам бар. Кыргызстанга 2007-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келип, кыргыз жарандыгын 2009-жылы алгам. Келген жылы батирден-батирге көчүп жүрүп, ушул жерди сатып алып, там салганбыз. Ал эми мамлекеттен берилген үлүш жерлер 1992-жылы көчүп келген этникалык кыргыздарга берилсе, бизге жер жетпей калган. Жашоо-шартыбыз жакшы. Бирок, жаштарыбыз шаардагы жумушка орношо албай келет. Мисалы, мен деле күзөтчү болуп ишке орношуп соцфондго акча төлөсөм, 9-10 жылдан кийин пенсияга чыкканыма жакшы болот эле да. Анын үстүнө иштегенге кат-сабатыбыз жетишпей жатпайбы. Азыр жумушсуз жүргөн жаштарыбыз көп. Мамлекет жумуш менен камсыз кылат дейин десек, биз эми шаардагы элди жумуш менен камсыз кыла албай жатат. Биздеги чечилбеген маселелердин бири жер маселеси. Үлүш жерибиз болсо жакшы болмок. Мисалы өзүбүздүн 1-2 гектар жер болсо ага кык чачып, дөңсөө жерин түздөп, арыгын тазалап, жакшы түшүм алат элек. Ал эми ижарага 20 миң сомго алып, жерди багып, кык чачып семиртип алсак кийинки жылы жердин ээси башкага берип жиберген болот. Ал эми күчүнө кирбеген жерде түшүмдүүлүк аз болот да. Ошондой эле түшүмдү жыйнап аны сатууда да кыйынчылыктар болот. Быйыл помидорду Кара-Балтадагы заводго кезекке туруп 10-15 күн дегенде араң тапшырдык. Көпчүлүгү тапшыра албайт, тапшырганы акчасын жарытылуу ала албай кала беришти. Сокулук районун өзүндө мындай завод болгондо жергиликтүү эл кыйынчылыкты тартпай мамлекетке пайда алып келмек. Балдарыбыз Казакстанга, Орусияга иштегени кетип жатат.
Таштанов Нураалы: "Кышкысын баарыбызга кыйын, жумуш жок"
Май айылында жалпы 42 түтүн бар. Көчөлөрү жок, бул айылдын жер участогун ар бирибиз 3 миң доллар төлөп, 1 кишинин менчигинен сатып алганбыз. Өкмөттөн жер сурасак жер жок дейт. Орозо айында бир ай жарык жок жашадык, акыры ар бир түтүн 5-6 миң сомдон чогултуп 300 миңге трансформатор койдук. Баарыбыз жалданма жумуштарда иштеп күн өткөрөбүз. Кышкысын жумуш жок. Көмүрдүн баасы тоннасына 5 миң сом, бул акча биз үчүн өтө чоң каражат. Турак-жай салууга өкмөт жер бергени менен жетишсиз, азыр 3 жыл мурун кезекке тургандарга араң жетти. Бала бакчабыз жок, жол эмес көчөлөрүбүз белгисиз, генпланы жок турат. 327-маршрутканын токтой турган акыркы аялдамасы биздин айыл болуш керек бирок алар бизге жетпей эле Лук завод айлына токтоп алышат. Окуучулар таң эрте мектепке бир жарым чакырымдай жерге жөө барышат.
Шумкар Фазылов, дыйкан: "Соцфонд ижарага алып иштеткен жериңер бар деп 4 балага жөлөк пул бербей койду"
Соцфонд ижарага алып иштеткен жериңер бар деп 4 балага жөлөк пул бербей койду. Азыр ушул айылда бир дагы адам албайт, биздин документтерди караган Зульфат Махмудинова кыргызча билбейт. Биз орусча билбейбиз ортодо көп кыйынчылыктар туулат. Шумкар аганын сөзүнөн улам, этникалык кыргыздардын соцфонд боюнча документтерин кабыл алуучу Зульфат Махмудиновага кайрылганыбызда ал буларга токтолду.
Зульфат Махмудинова, соцфонд өкүлү: "Этникалык кыргыздардын көпчүлүгү жардамга муктаж эмес"
Баары мыйзам чегинде жүрүп жатат, учурда этникалык кыргыздардын көпчүлүгү жардамга муктаж эмес. Мыйзамда ижарага алып иштеткен жери, машинасы же ушул сыяктуу мүлкү болсо соцфонддон жардам берилбейт. Бизге келген адамдардын көпчүлүгү документтерин туура эмес толтуртуп келишет, ошого узакка созулуп кеткен учурлар кездешет. Ал эми мен этникалык кыргыздардын тилин диалектикасынан бери жакшы түшүнөм.
Нуржан Алымкулова: "Мектеп авариялык абалда турат, балдарга чай берүүгө шартыбыз жок"
Май айылынын депутаты, Жаңы Пахта толук эмес мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нуржан Алымкулова билдиргендей, Май айылынан этникалык кыргыздардан 90 окуучу келет. Сабак эртең менен 8:30 да башталат. Окуучулар эки нөөмөттө билим алышат. Учурда мектеп авариялык абалда турат, балдарга бир маал печенье менен чай беребиз, ысык тамак берүү үчүн ашканабыз жок, шарт жок. Этникалык кыргыздардан абдан таланттуу балдар бар, жакшы окуган балдар көп, райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү бар. Тилекке каршы, ата-энелер өздөрүнүн укуктарын жакшы биле беришпейт. Калем кармап жаза албаган ата-энелер да жок эмес. Абдан ынтымактуу эл бирин-бири жөлөп колдоп турушат. Жалданма жумуштарда чогулуп иштешет, аялдарына сырткы жумушту кылдырбайт. Ислам динин катуу кармашат, бул айылда ФАП жок.
Шерик Орозбаев, айдоочу: "Шаардан эки айылга жол кире 50-60 сом"
Май айылына түшкө чейин каттаган айдоочулар каттап жатабыз, негизгиси жол жаман. Май айылына баруучу эл жок болсо Лукзаводдон эле токтойбуз, бар болсо жеткирип коёбуз. Мен мисалы окуучулардан акча албайм, шаардан Жаңы-Пахтага 50 сом, Май айылына чейин дагы 10 сом кошобуз.
Жаңы-Пахтанын айыл өкмөтү Сулайман Жоробеков: "Айылдык депутаттардын жалпы саны 21 болсо, анын 17си этникалык кыргыздар"
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн округунда 5 айыл, 3 мектеп, 2 ФАП бар. Тургундардын 85 пайызын этникалык кыргыздар түзөт. Айылдык депутаттардын жалпы саны 21 болсо анын 17си этникалык кыргыздардан. Жылдык бюджетибизге 5 миллион сом каралат, быйыл өкмөт тарабынан 280 адамга жер үлүшү берилсе, анын 70 пайызын этникалык кыргыздарга бердик. Жерлердин 30 пайызын жакыр үй-бүлөлөргө калганын тизме менен берип жатабыз. Жер маселеси боюнча жыл сайын келишими бүткөн жерлерди дыйкандарды чогултуп мыйзам боюнча аукционго коёбуз. Ал эми Май айылындагы жолдун оң тарабындагы жаңы түшкөн конуш боюнча айтсак, азыр ал жер өкмөттүн балансында эмес. Аны этникалык кыргыздар жеке менчиктен сатып алган. Азыр айылдык өкмөттүн балансына өткөрүү боюнча генплан түзүлүп жатат. Ошол ишке ашса баардык маселе жөнгө салынат. Маршрут боюнча айта кетсем, азыр Май айылынан мектепке чейин кыш айлары маршруткага окуучуларды ташуу үчүн өкмөттөн акча бөлдүк. Буйруса эртеңден тартып ташый баштайт. Жолдорго оңдоо ишин жүргүзүп 7 чакырымга шагыл төшөп, 500 метр жолду асфальттадык. Беш көчөгө жарык берилди. 2016-жылы жазда Май айылына бир орто мектеп 1 ФАП курууну пландап жатабыз.