Кыргыз гезиттер

Warning: include(../../shilteme.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 70

Warning: include(../../shilteme.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 70

Warning: include(): Failed opening '../../shilteme.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 70


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 74

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 74
п»ї
Токтогулдагы кырдаал ГЭСтерди оңдоого коңгуроо какты
Узап кеткен жылдын соңку апталарында Токтогул суу сактагычындагы эки агрегаттын авариялык абалга дуушар болгондугу, энергетика тармагындагы эски жамактарды бүтөө зарылдыгын даана көрсөттү. Түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөт коңшу Казакстандан 100 мегаватт электр жарыгын импорттоого аргасыз болду. Маселени жеринде көргөн өкмөт башчы Темир Сариев калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча жетиштүү резевдер бар экенин билдирип, аталган ГЭСтеги оңдоп-түзөө иштери 18-январга чейин бүтөт деп ишендирди.


НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА
ГЭСТЕРДИ ОҢДОО МӨӨНӨТҮ ЭБАК ЭЛЕ ӨТҮП КЕТТИ

23-декабрда орун алган авариянын кесепеттерин жоюу боюнча учурда жергиликтүү жана Орусиядан келген адистер иштеп жатат. Алар 18-январга чейин оңдоп бүтүүнү пландоодо. Оңдоо иштери үчүн 250 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат керектелет. Абалды жеринен көргөн өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандагы ГЭСтерди оңдоп-түзөө убактысы эбак эле өтүп кеткенин белгиледи. Анын белгилөөсүндө өлкөдөгү бардык ГЭСтерди алдыдагы эки жыл аралыгында оңдоп-түзөөдөн өткөрүү милдети турат. "Бул иштерди мындан 15 жыл мурда аткаруу керек эле. Жарактан чыккан кабелдердин иштөө мөнөтү 25 жылды түзсө, алар 40 жылдан ашуун иштетилген. Натыйжада, алар моралдык жактан эскирип жарактан чыккан",-деди өкмөт башчы. Ошондой эле премьер-министр энергетиктерге комиссия түзүп, жалпы ГЭСтердин техникалык абалын комплекстүү иликтеп чыгууну, тийиштүү учурда аларды баскыч-баскычы менен реконструкциялоодон өткөрүү планын бекитүүнү тапшырды. q ЭКОНОМИКА 06



 

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 149

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 149

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/16/0108_1.htm on line 149
а ­е¦Є.НҐй«