Чубак ажы Жалилов:
"Шиит мусулман-дарынын таасири өтө коркунучтуу"
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ар кандай диний агымдар, секталар көбөйүп айрымдары туура жолдо бараткан жаштарды азгырып, өздөрүнүн саясатын жүргүзүп келет. Диний ишмерлер мындай көрүнүш келечекте чоң коркунучка алып келээрин эскертишет. Бул маселелерди алдын алуу боюнча диний жана коомдук ишмер Чубак ажы Жалилов баяндайт.


Салттуу ислам деген эмне?
Салттуу ислам дини деген түшүнүк Орусиядан кирип келген. Орусиянын азыркы муфтийи Талгат хазрат Таджуддин аталган өлкөгө кире баштаган диний агымдар, секталар маалында салттуу динди сактап калуу максатында бардык карапайым адамдарга, ММКнын өкүлдөрүнө түшүндүрүү үчүн жатык тилде "салттуу дин" деген түшүнүктү киргизген. Бул түшүнүктү интернет булактарынан жана башка жерден айрыкча туура эмес багыт алган көз караштагы агымдардын өкүлдөрү "салттуу дин" деген түшүнүктү жээрип "ал таптакыр туура эмес түшүнүк, бизге кереги жок, таза ислам динине коошпойт" деген түшүнүктү калыптандырып жатышат. Мунун аркасында өздөрүнүн радикалдык максаттарын ишке ашыргысы келишет. Чындыгында салттуу ислам бар жана жаңы түшүнүк же мурдатан калыптандырып калганга коюлган жаңы ысым десек туура болот. Кээ бир мусулмандар салттуу ислам дегенде дароо чоочуп "салт аралашып, үстөмдүк кылып калган ислам экен да, мында ислам сакталып калган эмес" деп түшүнүшөт. Бул туура эмес түшүнүк, салттуу ислам деген түшүнүк кайсы бир элде кылымдар бою ислам өзүнүн нукура таза кебетесинде сакталып, ошол адамдар көп жылдар бою алпурушуп жашагандыктан ошол элдин салты катары кабылданып калган таза, көөнө исламды салттуу ислам дини десек туура болот. Эгерде Кыргызстанды мисал катары кабыл ала турган болсок Матрудий акыйдасы менен Ханафи мазхабы биздеги салттуу исламдын туюндурган түшүнүгү катары калыптанат.

Муну азыр айтпасак эртең кеч болуп калат
Кыргыздардын тарыхында кыргыз улутунда, исламдын эң жетишкен доору азыркы доор. Буга чейин мындай доорду өткөн эмес. Бирок, азырга чейин Кыргызстанда ислам дини калыптанып бүтө элек. Ошол эле учурда бизге ар кандай агымдар келип, ар кими өзүнүн боегун же Кыргызстандагы салттуу исламдын курамына кошкусу келип жатышат. Араб, Пакистан, Түрк исламын кошкусу келип жаткандар бар. Булардан чочулоонун кереги жок. Анткени суний багытындагы ислам өзбек же түрк исламына таасир тийгизе албайт, анткени аларга калыптанып калган. Биз көчмөн эл болгон үчүн азыркы калыптанып жаткан доордобуз. Экинчи маселе азыркы тапта дин тараптан коркунучтуу болуп жаткан нерсе шиит агымынын мусулмандар жашап жаткан жерде жайылып жатышы. Мисалы Нарындагы Ага-хан университети, Ош шаарында да ачылган мектептер. Бишкектеги айрым окуу жайларда перс маданиятын окуп, үйрөнүү деген шылтоо менен шиит агымын үйрөтүү күч алып, ага кирген кыргыз жаштары, кыздары кадимкидей таасир алып, аны коргогонго чейин барып жатышат. Мындан үч жыл мурун муфтий болуп турган убагымда Улуттук университетке барганымда перс маданиятын окуган студенттерди көргөнүмдө аларда кадимкидей шииттешип калганын суроосунан байкап корктум. Бул келечектеги Сирияны камсыздоо деген эле кеп. Анткени азыркы учурда Сириядагы суниттер менен шииттердин ортосунда болуп жаткан согушту мисал катары алсак болот. Демек мындан улам Кыргызстандын диний жаатында коркунучтуулугу бар. Бул боюнча шиит саясатын колдогон айрым элчиликтер медреселерди колдогусу келип, атайын китепканаларды ачып жатат. Кээ бир тыюу салынган уюмдардан коркуш керек, ошол эле учурда биз айтып жаткан нерседен көбүрөөк коркуш керек. Анткени, бизде мамлекеттик деңгээлде Исмаил Ага-хандарды расмий тосуп алып, аларга гектарлаган жерлерди берип, өздөрүнүн пикирлерин жайылтканга кадимкидей шарттар түзүлүп жаткандыгы өз кезегинде коркунучтуулугун пайда кылат. Муну азыр айтпасак эртең кеч болуп калат.

Кирип жаткан агымдарды чектөө керек
Жогорудагы маселени алдын алууда кандайдыр бир топ түзүү менен маселе чечилбейт. Буга мамлекет, мамлекеттик жогорку органдар, муфтият, журналисттер, мекенчил адамдардын баардыгы биргеликте иш-чараларды уюштуруп, "биз эртеңки Кыргызстандын дин жаатын кандай жол менен чече алабыз? деген бир пикирге келишибиз керек. Тегерек столдорду өткөрүп, максатыбызды аныктап алгандан кийин чечкиндүү иш-чараларды өткөрсөк болот. Кирип жаткан агымдарга мамлекет чектөө коюш керек. Дипломатиялык тартипти сактап отурганыбыз менен келечекке коркунуч болуп жаткандыктан атайын дин иштери боюнча мамлекеттик коммисия кээ бир агымдарга тыюу салуу керек. Ошол эле учурда жалпыга маалымдоо каражаттары түз багытта кетип бараткандарга маалымат берилиши керек. Мамлекет динди түртүп эле, мамлекет башка, дин башка дебестен, өзүбүздүн Абу Ханафи мазхабты, Матуриди акыйдабызды тереңдеп, күчтөп үйрөтүүгө киришүүсү керек. Себеби биздин эң эле чоң байлыгыбыз эл, аларды сактап калуу максатында мектептерде, окуу жайларда улуттук идеология катарында же эгемендүүлүктү сактап калуу катарында динди тереңдеп окутушубуз зарыл.