Барак Обама:
"Мусулмандарды бирдей типте кароого кошулбайбыз"

АКШнын президенти Барак Обама шейшембиде кечинде Конгресстеги жылдык кайрылуусунда мусулмандарды кол салууларды ишке ашырган экстремисстик идеологиядагылар менен бирдей кароону кабыл албай тургандыгын айтты.
ИЛИМдин алдыга жылууларын ооздуктаганын баса белгилеген президент кайрылуусунда Америка элине жагымдуу жагдайларга токтолду. Ал Америка азыр рецессиядан баш көтөрүп, келечек тарыхын жазууга чечкиндүү киришкенин белгиледи.
Бир сааттан ашык сүйлөгөн сөзүндө Америка элине маанилүү болгон экономикага, тышкы саясатта террорчулук менен күрөшкө, Украина кризисине, Ирандын өзөктүк көйгөйүнө токтолду.
АКШнын президенти Париждеги чабуулдардан кийин "террорчу" жана мусулман деген сөздөрү кайрадан бирдей колдонула баштаганы туура эместигин белгиледи. "Биз менен тынчтыкты, жоопкерчиликти бөлүшкөн мусулмандарды кол салгандар менен бирдей кароодон баш тартабыз",-деген президент жалпы дүйнө жүзү боюнча террорчулукка бута болгондор менен биримдикте болуу керектигин баса белгиледи. "Аскердик күчтү күчтүү дипломатия менен бириктирип, күчүбүздү коалиция менен бекемдегенибизде эң мыкты иш кылган болобуз",-деди. Ортоңку Чыгышта башка согушка кирүүнүн ордуна кеңири коалицияга башчылык кылгандарына көңүл бурдурду. "АКШны коркуткан террорчуларга каршы океандын ары жагынан кошуундарды жиберүүнүн ордуна Түштүк Азиядан Түндүк Африкага чейинки өлкөлөр менен өнөктөштүктөрдү түзүп жатабыз",-деди президент. ZAMAN


Александр Ламбсдорфф:
"Түркия менен сүйлөшүүлөр токтотулушу керек"

Түркиянын Европа биримдигине (ЕБ) мүчө болуусун колдогондордун бири Европа парламентинин төрагасынын орун басары Александр Ламбсдорфф президент Режеп Тайип Эрдогандын жана анын өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнүн кереги жок экенин белгилеп, "сүйлөшүүлөрдү токтотолу" деген чакырык жасады.
Түркияда медиага кысым көбөйгөнүн, өкмөттү сындаган гезиттер жабылганын, журналисттер жумушунан айрылганына токтолгон немис саясатчысы Александр Ламбсдорфф медиа билдирүү жасады. "Түркияда сөз эркиндиги коркунучта. Бир топ журналисттер өкмөттү сындаганы үчүн ишинен айрылды жана камалышты. ЕБ менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан өлкөдө булар кабыл алынбасын айткан бүтүндөй демократтар биригишти. Эгер Эрдоган муну түшүнбөй жатса анын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү улантуунун мааниси болбойт. Сүйлөшүүлөр токтотулушу керек",-деди ал. Түркия менен мамилелер жаңы баскычка көтөрүлүшү керектигин айткан саясатчы ачык жана демократиялуу өлкөнүн көрсөткүчтөрү эркин коомчулук экенин, бул ЕБге мүчөлүктүн шарттарынын бири экенин эске салды. Прокуратуранын "Zaman" гезитинин башкы редактору Экрем Думанлыны террорчулукка айыптап суракка алышы "чындыкка коошпойт" деген А. Ламбсдорфф Түркияда сөз эркиндиги эле эмес, AK партия өкмөтүнүн кылгандары менен укуктук мамлекет коркунучта экендигин баса белгиледи. ZAMAN


"Боко Харам" үч адамды өлтүрүп, сексенин уурдады

Нигериянын түндүк аймактарындагы кылмыштары менен белгилүү "Боко Харам" террордук уюму бул ирет коңшу өлкө Камерундун айылдарына кирди. Алар үч адамды өлтүрүп, 80дей айылдыкты уурдаганга жетишкен. Өкмөттүн маалымат катчысы Исса Чирома бир эле убакта бир топ айылдарга кол салган согушкерлер 80 үйдү өрттөгөнүн маалымдады. Барган сайын баскыны көбөйгөн "Боко Харамдын" кол салууларын тыя албаган Камерун армиясына Чад аскерлери жардамга келди.
Боко Харам террордук уюму өткөн жылы Нигериянын түндүк-чыгышындагы Чибо шаарындагы лицейге кирип эки жүз кызды уурдаган. Акыркы жолу Бага шаарчасын жер менен жер кылган уюм жүздөгөн адамдардын өмүрүн кыйган. ZAMAN




Азербайжан "Кандуу январь" шейиттерин эскерди

Аталган өлкө 1990-жылы 20-январда Советтик армиянын Бакудагы жөнөкөй элге кол салуусунан көз жумган шейиттерди эскерди.
"Кандуу январь" делген окуянын 25 жылдыгын эскерүү Баку шаарындагы "Шейиттер аллеясында" өтүп, аталган жайга өлкөнүн президенти Ильхам Алиев гүлчамбар койду. Миңдеген азери жарандарынын мазарларына гүл коюлуп, куран окулду. Саат 12:00дө Азербайжан үчүн жанын берген шейиттер 1 мүнөт эскерилип, өлкөнүн бардык желектери жарымына чейин түшүрүлдү.
1990-жылы Советтер Союзунун ошол мезгилдеги лидери Михаил Горбачевдун буйругу менен Совет армиясынын танктары 19-январдан 20-январга караган түнү Бакуга кирген. Көчөлөрдө көз карандысыздыктын жүрүшүн жасаган элге атылган октон бала жана аялдардан турган 137 адам көз жумса, 700дөн ашыгы жарадар болгон. ZAMAN


Калкан делген ракеталарга маани берилүүдө

Орусия континенттер аралык ракеталарын күчтөндүрүүгө багыт алып, "RS-26" тибиндеги стратегиялык ракетаны жасоону тездетти. 2016-жылдан баштап инвентарлардын катарына толуктары пландалган ракета радар жана ракетадан коргонуу системасынын аңчысы болору айтылууда.
Орусиянын стратегиялык ракета күчтөрүнүн командачысы, генерал-лейтенант Сергей Каракаев "RS-26" тибиндеги ракета системасы биринчи сыноодон ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Ошондой эле ал текшерүү иштери 2015-жылы аяктап, 2016-жылдан баштап армияга тапшырыларын белгиледи. "RS-26нын" эң маанилүү өзгөчөлүгү түрдүү радар жана ракетадан коргонуу системаларын таасирсиз абалга алып келгендигинде",-деди С.Каракаев.
Аталган ракета системалары биринчи этапта Красноярск жана Оренбург аймактарына жайгаштырылары белгиленүүдө. АКСИОН журналы