Кызамык менен ооругандардын саны 485ге жетти
КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ

Свердлов районунун №4 Үй бүлөлүк медициналык борборунда "Кызамык оорусун дарылоо жана алдына алуу" боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди. Тегерек столго шаардын Саламаттык сактоо департаментинин жетекчиси Амангелди Мурзалиев, Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, райондун билим берүү борборлору, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери, медицина кызматкерлери катышты.
Адистердин айтымында, дарыгерге токтоосуз кайрылуу диагноз коюуда гана эмес, эпидемиялык ооруга каршы чара көрүүдө да маанилүү. Мурда белгиленгендей, кызамык оорусу менен оорубаган окуучулар тез арада эмдөөдөн өтүүсү абзел. Кызамык оорусун алдын алуунун эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Биринчи эмдөөнү 12 айлык балдарга, экинчи эмдөө 6 жашка чейинки балдарга өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө Бишкекте кызамык оорусу менен ооруган 485 катталып, анын 209у лабораториялык жактан такталды.
Тегерек столдун жыйынтыгында, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө, кварталдык комитеттерге, кызамыкка каршы эмдөө албаган мектеп окуучуларына көзөмөл жүргүзүү жана өтө электерге өтүү тапшырмасы коюлду. Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти шаардын Үй бүлөлүк медициналык борборлоруна тегерек столдорду, лекцияларды, кызамык оорусун алдына алуу боюнча маалыматтык-билим берүүчү кагаздарды таратуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.




Түркия медициналык жабдууларды камсыздамакчы

14-январда КРнын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын "Систем Тып" өкүлчүлүгүнүн башкы директору менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушууда, мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында алар тараптан ("Систем Тып") диагностикалык кызматтар үчүн жабдуулар: компьютердик томограф, маммограф, санариптик рентген, ошондой эле УЗИ аппараты алынып келингени айтылды. Андан тышкары, аталган уюм мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына инвестиция кылууну улантары жана МЖӨ долбоорунун алкагында лабораториялык жабдуу алып келүүнү карай тургандыгы белгилүү болду.
"Систем Тып" Түркиянын мамлекеттик жана жеке өнөктөштүгү мамлекеттик ооруканаларга заманбап технологиялык жабдыктарды камсыздап, өзүнүн активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Өкүлчүлүктүн директорунун билдиришинче Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын колдоо көрсөтүп өнүктүрүүгө, көп жылдык тажрыйбасын ар дайым бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди. КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ





Министр ооруканалардын абалы менен таанышты

КРнын Саламаттыкты сактоо министри иш сапары менен Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборуна караштуу Төш-Дөбө айылындагы клиникалык ооруканага жана Чүй облустук Арчалы айылындагы кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымадайт. Иш сапардын жүрүшүндө министр Талантбек Батыралиев Таш-Дөбө айылындагы клиникалык ооруканасынын жана Арчалы айылындагы кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын учурдагы абалын сынга алды.
"Аталган мекемелердин аймагында жайгашкан имараттардын бир бөлүгү уурдалган жана менчиктештирилген. Өтө чоң акча коротулган. Акыркы жылдарда аталган кызматка донорлор тарабынан 19 млн АКШ доллары берилген. Бирок, мекемелердин абалы өтө начар. Көптөгөн имараттар капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылат. Мекемелердин аймактарынын ичинде менчиктештирилген жер тилкелер да бар. Мунун баары биринчи кезекте оорукананын жетекчилигинин начар менеджменти менен байланыштуу", - деп белгиледи министр. КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ