А.Абдраев : банк тармагындагы кырдаал туруктуу
БЕКХАН АСАНОВ

2014-жылы коммерсиялык банктардын таза кирешеси 2,8 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу "КРнын Экономикасы: 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылдын чакырыктары, бизнестин көз карашы" аталыштагы тегерек отурумда КРнын банктар союзунун төрөагасы Анвар Абдраев билдирди.
"Сомдун девальвация болгондугуна карабастан банк тармагындагы кырдаал туруктуу. Мисалга ала турган болсок депозит базасынын өсүшү 80 млрд. сомго жетти же 17 пайыз болду. Коммерсиялык банктардын насыя портфели 76 млрд. сомду түзүп 41 пайызды камтыды. Ал эми таза суммарлык капиталдын көлөмүнүн өсүшү 12 пайызды камсыз кылды",- дейт А.Абдраев.
"Өсүш болуп жаттат. Бирок мындан аркы сомдун нарксыздануу тенденциясы бар. Мисалга алсак долларлык депозиттер 2 эсе көбөйдү. Бул көрүнүш жарандардын чочулоо маанайынан кабар берет. Бирок сомдун орус акчасына түз көз карандылыгы жок. Базардагы чочулоо жана мүмкүндүк оюндары кызыл кулактык негизге шартталган",- деп белгилеп кетти А.Абдраев.




1,5 млн. жаран биометриялык каттоодон өттү

Кыргызстанда 22-декабрга карата биометриялык маалыматтарды тапшырган жарандардын саны 1 млн. 586 миң 274 адамды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматыны маалымдады.
Мамкаттоо кызматынын маалыматы боюнча республика боюнча күн сайын 60 миң адам биометриялык маалыматтарын тапшырууда. 22-декабрда Кыргызстан боюнча биометриялык маалыматтарын 65 миң 180 жаран тапшырган.
Биометриялык маалыматтарды тапшыргандардын дубандардагы пайыздык көрсөткүчү Ош облусунда - 54,18; Нарын облусунда - 44,27; Баткен облусунда - 44,48; Талас облусунда - 43,97; Ысык-Көл облусунда - 41,83 пайызды түзөт. Ал эми Ош шаарында 62 пайыз. КАБАР БОРБОРУ




Түрк компаниясы кыргыз медицинасын инвестициялоого даяр

Түрк компаниясы Кыргызстандын онкологиялык кызматына 5 млн. АКШ доллары көлөмүндө инвестиция жумшоону сунуштады. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Талантбек 15-декабрда "Лидер Медикал" ЖЧКнын башкы директору Бюлент Учкач менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сунушталган долбоордо гамма-камера, компьютердик томограф жана залалдуу шишикке диагнос коюу үчүн позицитронно-эмисиялык бөлүм ачуу пландалууда. Аталган долбоор Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат жана медицина чөйрөсүндө зор өзгөрүүлөрдү алып келип, анын деңгээлин көтөрөт",- деп айтылат маалыматта. БЕКХАН АСАНОВ




Евразиялык экономикалык комиссиясы мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгат

24-декабрда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы азык-түлүк продукциялары боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламенттери үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны бекитти. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Евразиялык экономикалык комиссиясы мамлекеттер аралык 148 стандарттарды иштеп чыгууну карайт. Анын 11ри Стандартизациялоо боюнча эл аралык уюмдун, 4ө Европалык стандарттардын негизинде ал эми 33ү БУУнун стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.
Комиссиянын коллегиясы мындан тышкары ветеринардык көзөмөлдөн өтүүчү товарларга Бирдиктүү ветеринардык талаптарды киргизишти.БЕКХАН АСАНОВ




234 качкын Кыргызстандан баш паанек издейт

2014-жылдын ноябрь айына карата өлкө ичиндеги качкындардын саны 165 адамды түздү . Бул тууралуу КРнын Эмгек миграция жана жаштар министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жалпы качкындардын 116 сы Афганистандан келгендер, ал эми 49 качкын башка өлкөлөрдөн келгендер. Кыргызстандан баш паанек издегендердин саны 234 адамга жеткен. Кыргызстан баардык качкындарды кандайдыр бир белгилерге карабай бирдей укуктук шарт түзүп берет",- деп айтылат маалыматта. БЕКХАН АСАНОВ


Акын Кубанычбек Маликовдун эстелиги тургузулду

22- декабрда Эркиндик жана Ж. Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине Кыргызстандын эл акыны Кубанычбек Маликовдун эстелиги тургузулду. Эстеликтин ачылыш аземине КРнын мдмният, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, акындын небереси Кадыр Маликов, эстеликтин скульптору Болот Абдиев, архитектор Болот Усубалиев жана башка акындын чыгармачылыгын баалаган коноктор катышты.
Маалымат катары: Кубанычбек Маликов Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айылында 1911-жылы 16-сентябрда туулуп, 1978-жылы дүйнө менен кош айтышкан. 1947-1978-жылдар аралыгында Эркиндин проспектисинде 7- үйдө жашаган. КАБАР БОРБОРУ


Бишкектин жандооч шаары курулат

Чүй областынын Сокулук районуна Бишкектин жандооч шаары курулат. Бул тууралуу 2014-2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу боюнча жыйында белгилүү болду.
Жандооч шаарды курууга 240 миң чарчы аянт каралган, 4 миң батирлүү турак жайлар курулат. Ага кошумча социалдык объектилер, эки бала бакча, медициналык мекеме куруу пландалды. Аталган кулушка 100 млн. доллар инвестиция талап кылынат.
Вице-премьер-министр Валерий Диль азыркы учурда Орусия, Кытай, Корея жана Канададан мүмкүн болуучу инвесторлордун келиши күтүлүп жатканын айтты. БЕКХАН АСАНОВ