Хамид Карзай менен коштошууга аз калды
Афганистан АКШнын оккупациясынан кийин 2001-жылдын декабрь айында Бонн конференциясы өткөн. Анын жыйынтыгында өлкөдө президенттик такка Хамид Карзай отурган. Өзгөчө окуя болуп кетпесе ал август айынын ичинде ордун жаңы мамлекет башчысына өткөрүп берет.
Баш мыйзамга ылайык үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин кое албаган Х.Карзай өлкөнүн тарыхында шайлоо жолу менен келген биринчи президент. Афганистандын тарыхында биринчи ирет шайланган адам, элдин тандоосу менен келе турган адамга ордун өткөргөнү турат. Төрт айга созулары пландалган президенттик шайлоо процесси өз нугу менен бара жатабы? Жаңы шайланган президентти 2014-жылдын аягына чейин кандай иштер күтөт?

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ПРОЦЕССИ
Биринчи айлампасы 2014-жылдын 5-апрелинде өткөн президенттик шайлоодо эң жогорку добуш алган эки талапкер Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани Ахмедзаи экинчи айлампага аттанышкан. Саясий өнөктүктүн биринчи турунан жетимиш күн өткөндөн кийин 14-июнда экинчи айлампасы болду. Өлкөдө географиялык кыйынчылыктар, калыптанган шайлоо системасынын болбогондугу бул кечигүүнүн башкы себептери. Ошону менен бирге такталбаган жыйынтыктардан кийин даттанууларды кабыл алган шайлоо комиссиясына түшкөн жүздөгөн арыздарды карап чыгууга узак убакыт талап кылынган.
Экинчи айлампа өтөөрү менен кызуу талкуулар башталды. Саясий өнөктүктө түрдүү амалдар колдонулгандыгы туурасында эки тараптын бири-бирин айыптоосу, өзгөчө социалдык баарлашуу тармактарындагы маалыматтар олуттуу абалдын келип чыгышына түрткү болду. Президенттикке талапкерлердин шайлоодо айла-амалдар кеңири колдонулганы жазылган билдирүүлөрү ансыз да чыңалып турган абалды ого бетер татаалдаштырды.
Көз карандысыз шайлоо комитети 7-июлдагы билдирүүсүндө биринчи жыйынтык боюнча Ашраф Гани добуштун 56,44 пайызын алып, алдыңкы орунга чыкканын, Абдулла андан төмөнкү көрсөткүчтө 43,56 пайыз добушка жеткенин жазган. Алдын ала жыйынтыктар менен бирге өзгөчө Абдулланын тобу 14-июндан кийин улам эле добуштар бурмаланды деп айтып жатышканы жакшы түшүнүктүү болду. Анткени келип чыккан биринчи турдун жыйынтыктарына караганда экинчи айлампанын жыйынтыктары өтө таң калтырарлык көрүнөт.
Берилген добуштун саны биринчи айлампада 6,6 миллион болсо, экинчисинде 8,1 миллионго жеткен. Афганистандын шарттарында бул өтө жогорку көрсөткүч болуп саналат. Экинчиден Абдулланын добуштары 500 миңге көбөйсө, Ашраф Ганиники 2,4 миллион жогору көрсөткүчтө болгон. Бул Абдулланын тарапташтары кабыл алчудай көрсөткүчтөй көрүнбөйт.
Статистикалык жактан эсептей келгенде айрым провинцияларда Ашраф Ганинин добуштарында абдан айырмалуу жогорулоолор байкалбайт. Мисалы Вардакта 15 миңден 186 миңге чыгып, 1,137 пайызга көбөйгөнү айтылат. Ошол эле Кандагарда 675 пайыз (35 миңден 269 миңге), Хост провинциясында 364 пайыз (83 миңден 388 миңге), Логарда 313 пайыз (21 миңден 86 миңге) өсүүлөр да көңүл бурарлык.

КАЙРАДАН САЯСИЙ ХАОСКО КАБЫЛДЫБЫ?
Абдулла жыйынтыктар жарыялана электен мурда Көз карандысыз шайлоо комитетинде орун алган мурда өз тобундагы байкоочуларды артка тарткандарын, жарыялана турган жыйынтыкка макул болбой тургандыгын билдирген эле. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы эки талапкер менен бир нече ирет сүйлөшүп, орток пикирге келүүгө аракеттенген. Ашраф Гани болсо болжолдуу жыйынтыктар жарыялана электе эле 7 миңге чейинки шайлоо үкөктөрүн көзөмөлдөөнү, 3 миллионго жакын добуш кайра саналышы керектигин айткан. Ошону менен биргеликте жаңыдан эсептөө жана көзөмөлдөө процессинде Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) байкоочуларынын активдүү түрдө орун алышын чын ниетинен туура көргөн.
Болжолдуу жыйынтыктар чыгарылгандан бир күн өткөндөн кийин көптөгөн колдоочуларынын катышуусунда маалымат жыйынын өткөргөн Абдулла жыйынтыктарды кабыл албасын, шайлоодо жеңишке жеткенин кабарлаган. Ошондой эле ал колдоочуларынын өкмөт курулсун деген талаптарына үнсүз калбай тургандыгын кошумчалаган. Ал эми Ашраф Гани Абдулланын аракеттери тууралуу айтып, "Бул түрдө кош өкмөт түзүүгө аракет кылбайт деп ойлойм",-деген ал.
Жыйынтыктай келгенде шайлоо бул абалдан чыгышы үчүн 2009-жылдагыдай процесстер иштеши керек эле. Негизинен эки талапкердин тең макулдугу жана Хамид Карзайдын чакыруусу менен арага түшүү үчүн Кабулга АКШнын Тышкы иштер министри Жон Керри келген. Анын катышуусунда 48 саатка созулган олуттуу сүйлөшүүдөн кийин өткөн маалымат жыйынында Ж.Керри эки талапкер тең БУУнун көзөмөлүндө 8 миллион добушту кайрадан саноону туура көргөнүн айтты. Добуштарды санөө Кабулда башталып, башка провинциялардагы үкөктөр Коопсуздукка жардам кылуучу эл аралык күчтөр (ISAF) жана Афганистандын коопсуздук күчтөрү тарабынан борборго жеткирүү жагы чечилди. Саноо иштери аяктагандан кийин жарыялана турган так жыйынтыкты кабыл аларын айткан эки талапкерден жеңишке жеткени президенттин алдында Улуттук биримдик өкмөтүн курары макулдашылды. Экөө тең 2-август же жаңы президенттин кызматка киришүү күнүн кийинкиге жылдыруу талабын коюшту. Жон Керринин катышуусунда өткөн маалымат жыйынында Хамид Карзай коюлган талаптар кабыл алынарын, кайрадан саноо иштери эң кыска убакытта аяктарына ишенимин билдирди.

ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ САЯСИЙ АБАЛ
Афганистандын саясий туруктуулугу үчүн 2014-жылкы президенттик шайлоонун мааниси зор. Үстүбүздөгү жылдын аягынан баштап НАТО жана АКШ аскерлеринин жарымына жакыны өлкөдөн чыгары пландалууда. Жалпы өлкөнүн коопсуздук толугу менен афган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлгөн акыркы бир жыл аралыгында жарандык жана аскердик жоготуулар жогорку көрсөткүчкө жеткен учур. Мамлекет коопсуздук жагынан өтө олуттуу мезгилди башынан өткөрүп жатканда бир жагынан саясий хаос мене бет келишти. Бул 2014-жылдан кийин баштала турган он жылдык (2015-2024) үчүн чоң тобокелчиликтерди жаратат.
Хамид Карзай акыркы алты ай аралыгында эч бир олуттуу чечимге кол койбогону, эл аралык оюнчулар менен болгон мамилесин эң төмөнкү чекке түшүргөнү жаңы президенттин мойнунда олуттуу иштер турганынан кабар берет. АКШнын президенти Барак Обаманын 2014-жылдын аягында Афганистанда 9 миң 800 аскер калтыруу планы жүзөгө ашышы үчүн алгач кол коюлушу зарыл болгон "Эки тараптуу коопсуздук келишими" аталган иштердин эң башында орун алган. Ошону менен бирге Х.Карзайдын мезгилинде көп ирет айтылып келген паракорчулукту кошуп, мыкты башкаруу, экономиканы жөндөө, афган калкынын күнүмдүк жашоосун жакшыртуу сыяктуу баалуу долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы бар. Аларга чейин да шашылыш түрдө чечилиши керек болгон бир топ маселелер жаңы президенттин столунда күтүп турат.
Мына ушундай абалдагы мамлекетте шайлоодон улам болуп жаткан хаос тезирээк аяктааны жакшы. Эки талапкердин маалымат каражаттарына айткандары жана орток билдирүүлөрү бул процесс үчүн үмүттөрдү жаратат. Бирок тирешүүлөр дароо аяктары күтүлбөйт. Жаңы президенттин Улуттук биримдик өкмөтүн курганы хаосту аягына чыгара турган эң маанилүү элемент катары көрүнүүдө.
Жыйынтыктап айтканда тараптар шайлоонун жыйынтыгы кандай чыкканына карабастан аны сыйлашы керек. Жеңилген жеңгенге колдоо көрсөтүп, бир гана Афганистан үчүн биргеликте аракет болуусу зарыл. Эгер бул абал тескерисинче болсо анда өлкөгө бир же а балким көп жылдардан кийин келе турган мүмкүнчүлүк бүгүн тепселгендей болот.