Кедейчиликтен чыгарчу кендер кейиштүү абалда
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

"Алтын-күмүш бизде көп, алып чыккан киши жок"

"Кыргызстан пайдалуу кендерге абдан бай өлкө. Бул кендерди натыйжалуу иштетсек жүздөгөн жылдар бою жакырчылыктан кутулуп бакубат жашайт элек. Мисалы, бир эле "Кумтөр" ишканасы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 10 пайызын, өнөр жайдын 40 пайызын, ал эми Кыргызстандын экспортунун 60 пайызын камсыз кылып жатат. Бул деген сөз тоо-кен тармагы улуттук экономиканын локомотиви боло алат дегендин айкын далили. Кыргызстанда "Кумтөргө" окшогон 4-5 ишкананы жөн эле куруп иштетип койсо болот. Мындай ишканалардан мамлекеттик бюджетке сезилерлик каражат түшмөк. Кыргызстанда байлык жокпу, байлык бар, бирок мамлекет тоо-кен тармагын натыйжалуу башкара албай келет. Эгемендик алган жыйырма жылдан бери тилекке каршы, аталган тармакта кандайдыр бир жылыш болгондугу көрүнө элек. Бүгүнкү күндө ал терең кризиске кептелип, коррупциянын сазынан чыга албай турат",-дейт КРнын тоо-кенчилер ассоциациясынын башкармалыгынын жетекчиси, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев. Анын айтымында, Кыргызстандын жаңы өкмөтүнүн курамына тоо-кен тармагы боюнча бир дагы кесипкөй кирген жок.

Кендердин кендирин ким кесип жатат?
"Тоо-кен тармагын туура эмес башкаруу бүгүнкү жагдайга алып келди. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери тоо-кен тармагын башкара турган мамлекеттик орган бирде министрлик, бирде агенттик болуп 10 жолу өзгөрдү. Жетекчилер дайыма алмашып, алардын ордуна кесипкөй эместер ал тургай, сантехниктер келип иштеген учурлар болду. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп коет кыргыздар. Бирок бизде андай болгон жок. Анын жыйынтыгында мына өлкөдө кен тармактарын 4-5 эсе аз иштетип жатабыз",-дейт КРнын тоо-кен өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, геология илимдеринин доктору Апас Бакиров. "Тоо-кен өнөр жайы бул өтө оор тармак. Ушундан улам аны башкаруу жана көзөмөлдөө натыйжалуу болушу керек. Ошондой эле тармакта кадр маселеси да чоң мааниге ээ. Тоо- кен тармагын адистер гана башкара алат", - дейт О. Дүйшеев.
Адистердин айтканын өкмөттүн өкүлү да ырастады. "Канчалык айтуудан качсак да, пайдалуу кендерди иштетүү тармагы иштебей калганы бул факт",-деп белгиледи Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев. "Биздин биринчи кезектеги милдетибиз кен байлыктар боюнча мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгышыбыз керек. Келечекте бирдиктүү тоо кодексин кабыл алууну караштырып жатабыз",-дейт ал.

Магнит темир кени темир жол үчүн кетет
Кендерди натыйжалуу пайдаланбай жатканыбыздан улам алардын келечегине көз жуумп жасалган иштер да бар. "Бир эле мисал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу үчүн биздин өкмөт Кытайга үч кенди берүүгө ниеттенүүдө",-дейт КРнын илим-изилдөө институтунун президенти, геолог- инженер Дүйшөнбек Камчыбеков. "Кытайга Нарын областындагы "Тереккан" алтын кенин, "Сандык" алюминий кенин жана "Жетим-Тоо" темир кенин берүү жагын өкмөт карап жатат, бул экономикалык жактан алганда абдан эле пайдасыз. Аталган кендер темир жол магистралын курууга сарптала турган 2,5 млрд доллардын ордуна берилет. Эгерде биз аталган үч кенди өзүбүз иштете турган болсок, кендерди иштетүүгө кеткен ыгым-чыгымдан тышкары 8 миллиард доллар таза киреше түшмөк. Кытайлыктар "Жетим-Тоо" кенинде жаткан темирге кызыгып жатканынын да себеби бар. Бул темир магниттүү темир породаларына кирет. Аны магнит менен оңой эле казып алса болот. Ал эми учурда Кытай темирди Австралия жана башка өлкөлөрдөн абдан эле кымбатка сатып алат",-дейт Д.Камчыбеков.

Көмүрүбүз чын эле жокпу же...
Ошондой эле кендерди иштетүүдө коррупцияга жол берген учурлар бар. "Жергиликтүү көмүрдүн сапаты казак көмүрүнө салыштырмалуу начар болгону менен аны пайдалансак көп каражат үнөмдөлөт эле",-дейт тоо инженери, КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Картайбек Мукамбетов.
"Быйыл кыштагы катуу суук болгон кыш отундун башка да түрлөрүн пайдалануу керектигин көрсөттү. Көмүрдүн жетишсиздигинен жана баасы кымбат болгондон улам элдин басымдуу бөлүгү турак-жайларын электр энергиясы менен жылытып жатат. Натыйжада, электр тутумунда өчүрүүлөр көбөйдү. Мындай шартта көмүр кендерин иштетүү зарылчылыгы айкын эле көрүнүп турат", - дейт адис.
К. Мукамбетов учурда көмүр тармагын өнүктүрүүгө зарыл каражат жок экендигин белгиледи. "Ошондуктан алгач кампаларда сакталып турган майда сорттогу көмүрдү сатуу керек. Аны Бишкек Жылытуу-энергетика борборунда (ЖЭБ) жаксак болот. Бирок коррупциялык түзүлүштүн айынан ЖЭБ жергиликтүү көмүрдү сатып алууга кызыкдар эмес, анын ордуна казак көмүрүн сатып алууда. Албетте, биздин көмүрдүн сапаты казак көмүрүнө караганда начар. Бирок жергиликтүү отунду ташып келүү менен көп каражат үнөмдөлмөк. Бюджеттик ишканалар жыл сайын 500-600 млн. сомдук жылуулук пайдаланат анын баары Казакстандан сатылып алынат. Миң-Куштан эле көмүр алсак болот эле, бирок алар албай жатышат. Алардын далили боюнча Кыргызстандын көмүрүнүн кубаттуулугу начар", - дейт тоо инженери. "Кыргызстандагы 100 көмүр кенине лицензия берилген болсо, алардын ээлери чалгындоо иштерин кыла албайт",- деп кошумчалады адис.
"Электр станциялары" ачык акционердик коому Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүрдү пайдаланууда көмүрдү ташып келүүгө сарпталган чыгым азайганы менен сапаты начар көмүрдү жагуу үчүн кошумча отун керектигин белгиледи. "Жергиликтүү көмүрдү жагууда газ жана мазут сатып алуу зарылчылыгы келип чыгат. Бишкек ЖЭБиндеги 24 буу казандарынын 20сы Өзбекстандын газы жана Казакстан көмүрүнө эсептелген. Анткени 50 жыл мурда курулган ЖЭБде жабдуулар жаңыртыла элек. Болгону 4 буу казаны гана Кара-Кече көмүрүн жагууга ылайыкташтырылып оңдолгон",-дейт АККнын басма сөз кызматы.

Мунай жагынан муңайбайт элек
Эл аралык валюта фонду мунайга болгон дүйнөлүк баа эгерде Иран мунайынын экспортуна эмбарго киргизилсе (тыюу салуу,чектөө) 20-30 пайызга кымбаттайт деп билдирүүдө. Бирок Кыргызстан кендерди натыйжалуу иштетүү, инвесторлорго шарт түзүп берүү аркылуу өзүн мунай менен толук камсыз кыла алмак. "Кыргызстан эгерде мунай иштетип чыгуу тармагына инвесторлорду тарта турган болсо өзүн мунай менен камсыз кыла алат. Алдына ала маалыматтарга таянсак Кыргызстандын жер астында мунайдын 500 миллион тонна кору жатат",-дейт К. Мукамбетов
"Азыр Кыргызстанда жыл сайын 70 миң тонна гана мунай казылып алынат ал эми ички керектөөнү камсыз кылуу үчүн 1,5 млн. тонна мунайзат зарыл. Бирок тоолуу рельеф мунайды алып чыгууда кыйынчылыктарды жаратат. Мунай кендеринин көбү Токтогул, Аксай, Арпа сыяктуу алыскы өрөөндөрдө жайгашканы да буга тоскоолдуктарды жаратууда. Болгону бул тармакка күчтүү инвесторлор зарыл",-дейт инженер.
Айтор кен иштетүү тармагын натыйжалуу иштетүү ийгиликке гана алып келээри анык. Бирок сөздөн ишке өтүү үчүн көп убакыт талап кылынууда.