Олжолуу окуу жайдын таржымалы
Дайыны даркан журтка даңаза болгон, түштүк аймагындагы тунгуч жогорку окуу жайы аталган, билим берүүдө өзүнчө флагман орду бар Ош мамлекеттик университетинин уюшулганына 60 жыл болду.

Ысламидин Ташполотов, физика-математика илимдеринин доктору, профессор.
Асылбек Айтманбетов, доцент

Бул мезгил аралыгында журт алкышына татыган, маңдай терин төгүп, мээнетин элге арнаган инсандар билим алып чыгышты.
60 жыл дегенде эки даталуу учур гана эске алынып жүрөт: 1. 1951-жылы 28-майда И.В.Сталиндин буйругу менен мурунку мугалимдер институту Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп уюшулган; 2. 1992-жылдын 17-июнунда Ош мамлекеттик педагогикалык институту Ош мамлекеттик университети болуп кайрадан түзүлгөн.
Ал эми мугалимдер институтунун таржымалы жөнүндө жалпы коомчулуктун, окурмандардын маалыматы жокко эсе. Андыктан мааракеси өтүп жаткан узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин даңкы таш жарган окуу жайдын башаты болгон мугалимдер институту жөнүндө (архивдик документтердин негизинде) азыноолак кабар берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептедик.
Жалпы билим берүү тармагындагы зарылчылыкка байланыштуу 1939-жылы Ош шаарында мугалимдер институту ачылган. Алгач бул институттун курамында тарых-филология, физика-математика жана табият-география факультеттери түзүлгөн. Биринчи жылдарда окуу мөөнөтү 2 жыл болуп, 10 айлык предметтик курстардын, педагогикалык училищалардын бүтүрүүчүлөрү кабыл алынган.
1939-1941-жылдарда белгилүү акын Жума Жамгырчиев институттун биринчи кышын койгон, изин салган тунгуч окутуучулардын катарында болгон.
1941-жылдын 22-июнунда калың журтту калайман каргашага салган Улуу Ата Мекендик согуш башталып, көптөгөн окутуучулар, студенттер кан майданга аттанышкан. Ооруктагы (тылдагы) согуш шартында кайрадан түзүлгөн завод-фабрикалар менен бирге батыштан эвакуацияланып келген илимий жана маданий мекемелерди кыска мөөнөттө жайгаштыруу, алардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө шарт түзүү - орчундуу маселелерден болгон.
Дүйнө элинин үшүн алган кандуу согуштун мезгилинде өлкөнүн жетекчилиги кыйынчылык, экономикалык, каржылык жетишпестикке карабастан, билим берүүнүн нугун үзгүлтүккө учураткан эмес.
1942-жылдын сентябрь айында Ростов-на-Дону шаарындагы университет жана педагогикалык институт Ош шаарына көчүрүлүп келинген. Курамында 9 профессор, 25 доцент, 30 дан ашуун окутуучу, ассисент жана лаборанттары бар Ростовдун 2 жогорку окуу жайы согуш абалына байланыштуу бир окуу жайга бириктирилген.
Ошол мезгилдеги бийлик органдарынын чечими менен согуш башталганда жабылып калган Оштогу мугалимдер институтунун окуу имараты, эки мектептин 18 класстык бөлмөсү эвакуацияланып келген Ростов университетинин карамагына өткөрүлүп берилген. Бул университеттин профессордук-окутуучулук курамы аз убакыттын аралыгында эле окуу процессин уюштурууга жетишип, Ош шаарынын, облустун коомдук-саясий турмушуна активдүү аралаша башташкан. 1942-жылдын 27-сентябрында (эвакуацияланып келгенден бир жумадан кийин) филологдордун демилгеси менен "Совет элинин фашисттик басып алуучуларга каршы Улуу Ата Мекендик согушу азыркы көркөм чыгармаларда" деген адабий конференция өткөрүшкөн.
Ростов университети 1942-жылдын 15-ноябрынан өз ишмердүүлүгүн баштап, 1-курска 150, университеттин алдында кайрадан ишин баштаган мугалимдер институтуна 100 студент кабыл алган.
Биргелешкен бул окуу жайлар 1942-жылдын декбрында улуу физик Исаак Ньютондун туулган күнүнүн 350 жылдыгына карата "Советтик илимге 25 жыл" деген 2 күндүк илимий сессия өткөрүшкөн.
1943-жылдын март айында өткөрүлгөн илимий конференцияда доцент Л.П.Громов "Токтогул - кыргыз элинин улуу акыны" деген темада илимий баяндама жасаган.
Жогорку окуу жайдын (3 окуу жайы бириккен) окумуштуулары кыйын кезеңде эл чарбасына чоң практикалык көмөктөрүн көрсөтүшкөн. Ар бир факультет, кафедра өздөрүнүн илимий багыттары боюнча, атап айтканда, биолог окумуштуулар картошка, жапайы чеснок, пахтанын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн, малга зыян келтирүүчү мите-курттарды изилдешсе, геологдор Ноокат районундагы курулуш материалдарын изилдеп, көпкө чейин сакталган темир боек запастарын табышса, химиктер Ош облусунан табылган туз кенинин курамын, көмүрдү кокска айландыруу мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөгө алышкан. 1942-жылдын сентябрынан 1944-жылдын май айына чейин окуу жайы тарабынан 27 жолу илимий экспедиция уюштурулган.
1943-жылдын октябрынан баштап, улуттук педагогикалык кадрларды даярдоону өркүндөтүү максатында 2 улуттук (орус эмес) группаларды кыргыз тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты, физика жана математика предметтери боюнча мугалимдер даярдала баштаган.
Ал мезгилде өкмөт тарабынан студенттерге атайын камкордук көрүлгөндүгүн архивдик материалдар тастыктап турат. М: СССР эл комиссарлар Советинин 1943-жылдын 6-ноябрында "Мугалимдер институтунда стипендия ыйгаруу эрежелери жана өлчөмү" жөнүндө токтомунда окууда артыкчылыкка ээ болгон 1-курстун студенттерине айына 140 рубль, 2-курстан 160 рубль белгиленген. "Эң жакшы" бааларга окуган мыкты студенттерге стипендиянын өлчөмү 25% га көбөйтүлгөн.
Кыргыз өкмөтү жергиликтүү педагогикалык кадрларды даярдоонун олуттуулугун эске алып, Ростов университети менен биргеликте иштеп жаткан Оштогу мугалимдер институтун 1944-жылдын 21-мартынан 116 студенттердин контингенти менен кайрадан өз алдынча институт катары уюштурган. Ал эми Ростов университети 1944-жылдын 2-майында өз мекенине көчүрүлгөн.
1944-жылы мугалимдер институтун 39 бүтүрүүчү аяктаса (анын арасында азыркы мезгилде АКШда жашап жаткан, белгилүү окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Эммануил Моисеевич Липманов болгон), 1-курска 117 студент кабыл алынган.
1946-жылдын 1-ноябрында мугалимдер институтунун күндүзгү бөлүмүнүн 1-2-курсунда 270, 1946-жылдын 1-январынан сырттан окуу бөлүмү ачылып (429 студент), жалпы 699 студент билим алышкан.
1946-жылдын 19-сентябрында Кыргыз ССРинин эл агартуу министрлигинин №362 буйругунун негизинде математика, физика жана педагогика предметтери боюнча 3 илмпоз (А.Исхаков, Н.В.Григорьев, Т.Х.Чормонов) Ошко жөнөтүлүп, 4-октябрда институттун директору кызмат орунга Н.С.Камалов, окуу жана илимий иштер боюнча директордун орун басарлыгына А.Мусаев дайындалган.
1947-1949-жылдарда Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев эң мыкты окуган студент болгонун (архивде сакталган ведомостто "4", "5" деген бааларга окуганы даана берилген), мугалимдер институтунун алгачкы бүтүрүүчүсү экендигин сыймыктануу менен белгилөөгө болот.
1951-жылдын 24-майындагы СССР Министрлер Советинин токтомуна ылайык 1-августтан баштап, тил жана адабият, физика-математика, биология, чет тилдер жана дене тарбия факультеттеринен турган Ош педагогикалык институту кайрадан түзүлгөн.
1951-жылы институттун окуу корпустарын ремонттоого, окуу чарбалык шаймандарды, курал-жабдыктарды алууга 1 млн.рубль бөлүнгөн. Ушул эле жылы Ош педагогикалык институтунун жаңы окуу корпусунун, студенттик жатаканасынын долбоорун даярдоо жана 1952-жылы аларды курууну баштоо белгиленген.
Ошентип от күйүп, адамзат тарыхында болуп көрбөгөн согуш мезгилинде да билим берүүнүн очогу аталган мугалимдер институту өз ишмердигин токтотпостон, элге ак кызмат өтөгөнү айгине нерсе экенин жалпы элге маалымат бердик. Мааракесин өткөрүү босогосунда турган ОшМУнун түпкү негизи мугалимдер институтунан калыптанып, Орто Азия, КМШ өлкөлөрүнө, чет элдиктерге төбөсү көрүнгөн, алдыңкы окуу жайы катары таанылып келүүдө.





Жаңы китептер жентеги
Жашоо ыргактары

Акун Мырзакулов 1938-жылы Кетмен-Төбөнүн Торкен айылында туулган. Көп жылдар бою эсеп-кысап тармагында иштеп келген. Анын "Айат" басмасынан 2011-жылы 416 бет көлөмүндө чыккан китеби "Жашоо ыргактары жана Дөбүш уруусунун санжыра тарыхы" деп аталат. Поэзия дүйнөсүнө кечигип келсе да, автордун ырларында акындыктын жылуу илеби, таза жүрөктүн мекен, эл-журт, тууган-урук, адамдар деп соккон жүрөгүнүн кагышы кадыресе байкалып турат. Анын чыгармалары элеттик карапайым адамдын кебетесиндей жөнөкөй жана жеткиликтүү. Бул китеп акындын 3-том-жыйнагы болуп, жүздөгөн адамдардын ыр менен тартылган бейнелерин, 2010-жылдын апрель окуяларын көрөбүз. Сүйүү жана ден соолук темасы да жыйнактан кеңири орун алган.
Дөбүш уруусунун санжыра-тарыхы да окурмандар үчүн, өзгөчө ошол уруунун балдары үчүн кызыгып окулат деген ойдомун.

Алай тууралуу баян
Биология илимдеринин доктору, профессор Бурул Каримова "Даткалар жашаган табият" деген илимий, публицистикалык, көркөм китебин чыгарды. Анын биринчи бөлүмү Алымбек жана Курманжан датка, Муса Адышев тууралуу тарыхый баяндардан куралса, ошол эле кезде Алайдын суулары жана табияты жөнүндө илимий-публицистикалык ой жүгүртүүлөр айтылат. Экинчи бөлүмү оштук окумуштуунун ырларынан турат жана үчүнчү бөлүм азыркы акындарда учурабаган жанр - кошок жанры болуп, анда анын акын-эне катары күйүт-күлпөтү чагылдырылат.
Дагы бир бөлүм автор жөнүндө ой-пикирлерден, каалоолордон куралып, аны окуу менен белгилүү окумуштуунун жүргүзүп жаткан иштери, адамдык жана аалымдык асыл нарктары менен таанышабыз. Китеп "Айат" басмасында 300 нускада чыккан.

Тургунбаевдин "Жагалмай канат жапан ыры"
Акын Сүйөркул Тургунбаев жаңы жыйнагын жогорудагыдай атаган. Кыргыз поэзиясында өз стили жана окурманга тааныш басыгы бар акын бул жыйнагында да мурдагы салтын сактап, бийик эмоция, ички бир туюм-сыр менен азыркы доор, өткөн-кеткен мезгил, келечек тууралуу философиялык ой жүгүртөт. Ааламды жана анын ээси адамды метафоралык жол менен караган акындын поэтикалык дүйнөсү окурманын тамшандырып, ырларындагы таамайлык, кыскалык жана образдуулук кыргыз поэзиясынын айтылуу акынынын дале болсо минген аты күүлүү-күчтүү, камчы кармаган колу шадылуу экендигин айгинелет.
Китепке жаңы ырлары менен катар мурда басылган айрым ырлары да киргизилип, "Бийиктик" басмасында басылган.

Адабиятчы эскерилет
Качкынбай Артыкбаев белгилүү сынчы, адабият тарыхын изилдөөчү, акын, котормочу, профессор болгон. Ал кырк жыл университетте сабак берген жана он бештей илимдин кандидаттарын даярдап чыгарган. "Турар" басмасынан "Качкынбай Артыкбаев жөнүндө эскерүүлөр" деген китеп жарык көрдү. Анда К.Артыкбаев тууралуу ырлар, эскерүүлөр жана анын чыгармачылыгы жөнүндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жарык көргөн эмгектер жана алардан үзүндүлөр киргизилген. Аларда белгилүү инсандын окумуштуу-адабиятчылыгы, устат-педагогдугу, акындыгы жана жалпы эле адамдыгы ар түрдүү кырдаалдарда ачылып берилген.
Абдыкерим Муратов