Табылды Актанов:
"Атадан калган өнөрүм кичүү балама өттү"
Өнөр адамдары көп кырдуу деген сөздүн кажети жоктой. Театрда ойногон, тасмаларда бир нече каармандарды жараткан таланттуу, бир канча өнөрдүн ээси Кыргыз Эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты Табылды Актанов менен маектешип, анын өнөр сересине карай кадамы, балалык чагынан башталгандыгына күбө болдук.

Балалык чакта байкалган өнөр
Кадимки кыргыз балдарындай эле айылда төрөлдүм, чоңойдум. Өмүр жолуна, тагыраак айтканда, театрдын босогосун аттагычакты айылда турмуш кечирдим. Ал кезде Нарын районунун Өрнөк деген (азыркы Миң-Булак) чоң кан жолдун боюнда айыл бар эле. Ошол жерди айдоо кылабыз деп бизди башка айылга көчүрүп, тептегиз жер кылып салышкан. Арадан отуз-кырк жыл өткөндөн кийин акырындап көчүп келишип, кайра азыр айыл болуп калды. Мен ошол Өрнөк деген айылда төрөлгөм. Атадан-балага мурас катары сакталып келе жаткан өнөр кандан-канга өтүп келе берчү экен. Менин бул өнөрдөгү тарыхым 200 жылдык мезгилди камтып калат. Себеби, Тыныбек манасчы менин чоң атам болгон. Ал киши Ысык-Көлдө төрөлгөн экен. Манасчы Тыныбек чоң атам, анын баласы Актан менин атам. Актан дагы атасынын жолуна түшүп манасчы болгон эмес, бирок, комузчу, акын, чечен болгон. Кыргыздын акыркы чечени ушул Актан атамдан кийин токтогон экен. Кечээки эле Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев деген залкарлар анын колунан устукан жеп өнөрүн көрүп калышты. Атам каза болгондо мен 2де экенмин. Мени багып чоңойткон, ушул эрезеге жеткирген апам болду. Жарыктык ал киши мага бардык залкарлардын өмүр баяны, алардын өнөрү, таланты, жеке адамдык касиеттерин кулагыма кичинекейимден эле куя берип, мени өнөр жолуна багыттап койгон экен көрсө. Мектепте окуп жүргөндө эле ийримдерге катышып, комузду да мыкты өздөштүрүп алгам. Андан тышкары ал кезде артисттер айылдарга оюн коюп келишчү. Аларды ушунчалык дилгирленип карап калчумун. Эртеси күнү мектепке барганда түндөгү артисттердин койгон оюндарын, ырдаган ырларын ырдачумун. Мунумду байкаган мугалимдер ата уулу, атасынын жолун жолдойт экен дешип, мени ар кандай кароо-сынактарга катышууга жардам беришти. Ал кезде биздин айылдагы мектепте 8-класстык гана билим берилчү. Калганын башка айылдагы мектептерден улантышчу. Классташтарым башка мектепке кетишти. Мен барбай айылда калдым. Ошентип жүргөн учурда парторгубуз мени көрүп калып, Кочкорго чабандын окуусуна жөнөтүп ийди. Мени менен кошо бош жүргөн балдар да кетишти. Союздун учурунда бош жүргөндөр болчу эмес. Ал жакка барып бир жыл окуп, курсту бүтүрүп, чабан-механизатор болуп кайра келдим.

Жашоомдогу эстен кеткис бурулуш
Чабандыктын бир жылдык курсунда окуп жатканымда менин өмүрүмдө эстен кеткис бир бурулуш болду. Ал кезде 17 жашта болчумун. Ошол учурда бүткүл союздук жаштардын фестивалы болуп калды. Нарын аймагы боюнча жалгыз мен тандалып, Фрунзеге келдим. Тандоо турунда элүүдөй жаштардын арасынан сынактан өтүп, Москвага барып, фестивалда жеңүүчү аталып, лауреат болуп медаль тагынып келдим. Бул мен үчүн өзгөчө унутулгус окуя болгон. Балким бул менин тагдырымдагы боло турган көрүнүш болсо керек деп ойлоп да кетем. Эгерде мен башка мектепке окуп кетсем, фестивалга барбай калмакмын жана мындай ийгиликке жетишмек эмесмин. Москвага барып, медалды көкүрөккө тагынгандан кийин, кудай бетин салбасын өнөргө болгон кызыгуум ого бетер артты, тим эле жалындады.

Колхоздун жумушунан шаарга кадам
Ошентип чабандыкты бүтүрүп келип, айылда жүрсөм, бир тракторчу байкеме жардамчы кылып коюшту. Анан бир күнү эле апам эшикке чыгып кетип, кайра тез келди да, мага карап, "балам мен парторг менен сүйлөшүп келдим, барып келчи" деп калды. Эмнени сүйлөштүңүз десем, "бар, барсаң ошол жерден айтат" деди. Көрсө, апам парторгго барып, биздин ата-бабабыздын тарыхын бүт айтып, төкмө акын комузчу Актандын баласы койчу, тракторчу болуп калат деп абдан намыстанган экен. Апам абдан намыскөй адам эле. Мага көрсөтпөй ыйласа да керек. Ал кезде колхоздун жумушу кыйын болчу. Таңдан кечке чөп чабык, кой туут, сугаты болобу кайда жумшаса барып тынымсыз иштечүбүз. Анан парторг мени карап туруп, "сен өнөрлүү бала турбайсыңбы, бизге кагаз келди, мына Фрунзеде зав. клубдагы эл чыгармачылык үйүнө бир жылдык окууга жиберели" деди. Тракторчунун жардамчысы болуп, топурак, чаңга оонап жүргүчөктү кетип калган жакшы деп дароо эле макул болдум. Ошол эле жерден эмгек акымды берип, борборго өзү алып келди. Кирдик, окуу башталды. Ал жерде жүрүп, бат эле, тактап айтканда, бир айда эле аккордеондо ойногонду үйрөнүп алдым. Балдар менен коридордо да аккордеонду сыбызгытып ойноп калчубуз. Музыкалык окуу жайда сабак берген агай ары өтүп, бери өтүп карап калчу. Бир күнү эле ал мага карап, аккордеон бөлүмүнө которулбайсыңбы, сенин талантың бар экен деп калды. Анын жардамы менен которулдум. Окуу аяктагандан кийин кайда барат элем. Кайра айылыма келдим. Келсем, орунун бошотуп берчүсү жок. Кайрадан колхоздун жумушуна кирип кеттим.

Кой туутту таштап театрдын босогосун аттадым
Колхоздо кой туутка жөнөтүштү. Нарындан бир топ эле алыс Сары-булак деген жерде элек, Оңол деген байкем бар эле насыбай тартчу. Бир күнү анын насыбайы түгөнүп калып "айланайын сенин коюңду мен кайтарып турам, Нарынга барып насыбай алып келип бер, кечке чейин келе каласың"-деди. Базарга барып, ал жерден кокустан эле театрда иштеген, атамды абдан жакшы тааныган Жумамүдүн Шералиевге жолугуп калдым. Ал менин кой туутта экенимди укканда таң калып, бир эсе жини да келип, ошол эле жерден жүр деп мени театрга алып келди. Анан тез эле театрдын директорлору менен чогуу иштешкендерди топтоп аларга карап "ай мен силерге мына, сонун бала таап келдим, азыр өнөрүн көрө калгыла, эгер жакса командировкага айдап ийгиле" деп калды. Көрсө бир бригада музыкантсыз командировкага Казакстанга кете албай туруптур. А мен аккордеонду тим эле безилдетем. Ошол жерден эле мыкты ырлардан созолонттум. Алар сүйүнүшүп, "даяр артист" турбайбы деп мени кабыл алышты. Гастролго эртеси эле жөнөп кетмей болдук. Аны уккандан кийин эч кимге, жада калса апама да айтпай эртеси кетип калдым. Кой туут да, баары калды. Анда мен актер Капар Медетбековдун бригадасына кошулуп күзгө чейин гастролдоп Казакстанды кыдырып жүрүп, күзүндө келдик. Ошондон тарта театр деген керемет дүйнөгө кезигип, Нарын театрында өмүр бою иштедим. Актерлукка баш отум менен кирдим. Театрдын жардамы, касиети менен обон да чыгара баштадым. Актер, ырчы, обончу болуп, чоң театр дүйнөсүнүн казанында кайнап, бүгүнкү күнгө чейин залкарлардан таалим алдым.

Актерлук билимим жок эле өнөргө ээ болдум
Актер болуп көп жылдан бери Нарын театрында иштесем да, Москва, Ташкентке барып окуп келүүнү каалачумун. Бирок мектептеги берилчү аттестаттан окубай куру калгам. Бир күнү Капар Медетбековго кайрылып, "агай мен окуюн ушинтип жүрө берсем болбойт го, бирөөнө жибербейсиңерби" деп сурандым. Анда ал мени карап, "талантты да, өнөрдү да окуйт бекен, ал окуу жардам берет албетте, бирок өзүңдүн ары жагыңда эч нерсе жок болсо, сен кырк-элүү жыл оку, жакшы актер болбойсуң" деп калды. "Залкарларыбызды ким окутуптур, алар окумак тургай ысымдарын араң жазышчу. Мисалы, Муратбек Рыскулов агабыздын төрт класстык гана билими бар, эч окуган жок, бирок ташкындаган таланты деп мени көндүрдү. "Сен антпей эле иштей бер, акыры сенден бир нерсе чыгат" деп жоошутуп койду. Ошентип иштеп жүрдүм, бир канчалаган ролдорду ойнодук, башкы ролдорду ойногон учуларым да көп болду. Музыкант, обончу, ырчылык өнөр өзү эле чыга берди. Бардык өнөрдү бирдей кармоого аракет кылдым. Алардын биринен да эч зыян тарткан жокмун. Бардык өнөрдүн бийиктигине жетпесем дагы ошол өнөрдүн көрүнүктүү ишмерлери болууга жетиштим.

Төкмөлүк, манасчылык өнөр тутанды
Төкмөлүккө аябай кеч келдим. Бул да бир кокустук болду. Мен бала кезимден бери эле ушул өнөргө кызыкчумун, бирок коркчумун. Өнөрдүн эң татаалы да, ардактуусу да төкмөлүк деп чоочучумун. Бирок 1991-жылы болсо керек, Кыргызстанда биринчи жолу айтыш башталды. Ал туурасында теле жана радиодон кулактандыруу кете баштады. Аны уккандан кийин эмнегедир сынакка катышкым келип, үй-бүлөмө да айтпай комузду колго алып, Нарындан Бишкекти көздөй сапар тарттым. Төкмөлүктө төгүп ырдап көргөн жан эмес болчумун. Тандалган 60тай акын келиптир. Карысы да, жашы да бар. Ошентип тандоо турдан өтүп кеттим. Биринчи эле катышканда биринчи орунду алып калсам болобу. Мына ошондон баштап акындык, төкмөлүк өнөрүм күч алды. Ошону менен актер, режиссер, драматург, обончу, комузчу, төкмө акындык өнөрдүн ээси болдум. Мына былтыртан бери Манас айтып келе жатам. Манасчылык өнөр да акыркы убактарда оргуштап келе жатат. Кээде бүт баарын жыйыштырып өмүрүмдүн акырына чейин Манас айтууга өтөм деп ойлоп келем. Анткени манасчы болуш үчүн башка ишке алаксыбай бир гана Манас айтуу керек. Аянды да, шумдуктуу окуяны да күткөн жокмун. Манас айтыш өтө татаал. Азыркы биздин жаш манасчылар Манас айтып жүргөндө азыр биринчи эле классты бүтүргөн баладай. Ал үчүн адамдын өмүрү да чак келбейт. Бир жылдан бери кандайдыр бир сезим ойгонуп тутанып келе жатат. Манасчылыкка атайын бир өмүр, дүйнө керек. Чыныгы манасчы теңирден болот.

Балам менин жолумду жолдоочум
Бишкектеги драма театрына 2005-жылы келдим. Келүүмө эки себеп болду. Союз жоюлгандан кийин эл туш тарапка кете баштады. Залкарлар пенсияга же башка театрга кетишти. Мен ойлонуп олтуруп, "Манас руху" деген театр ачып жаштарды тарбиялай баштадым. Ошентип жүрүп чыгармачылык иш боюнча Бишкекке келип калсам кичүү балам колумда эле ал келип эле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке бизге айтпай туруп эле тапшырып өтүп кетиптир. Ал кезде үчүнчү класста окучу. Анан ойлондум да, "кой эми Нарынга барганда эмне кылмак элем" деп баламдын өнөрүн баалап үй-бүлөм менен борборго көчүп келдик. Талантымды, өнөрүмдү, ушул балага өткөрүп берет окшойбуз деп абдан сүйүндүк. Шаарга келгенден кийин театрларга келип жүрсөм, бул жердеги аксакал теңтуштар, " Ой Табыке эмне кылып жүрөсүң, бул жакта?" деп калышты. Аларга кыскача түшүндүрдүм эле, андан көрө ушул театрда эле иштебейсиңби? дешти. Алардын айтканын туура көрүп, макулдугумду билдирип, театр дүйнөсүнөн чыккым келбей иштеп калдым.

Маектешкен САМАРА КАБЫЛБЕКОВА