"Жылуулук акысын төлөөдөн баш тартабыз"
Ноябрь айында көп кабаттуу үйлөргө алар ойлогондой жылуулук деле келген эмес, от жагылып жатабы, жокпу, ага анча маани беришкен эмес.


Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары быйыл ноябрь айынын жылуу болгонуна сүйүнүп, "Кудай бизге боору ооруп жатат окшойт, көк муштум болуп, үшүп-шишибей кыштын бир айын артка таштадык" деген ток пейилдик ар биринде бар эле. Ноябрь айында көп кабаттуу үйлөргө алар ойлогондой жылуулук деле келген эмес, от жагылып жатабы, жокпу, ага анча маани беришпегендигин айтышты. Дегинкиси, Гагарин көчөсүндөгү №30 үйдүн тургундары үчүн кыштын башталышы бир топ түйшүктү жаратат. Канча жылдан бери жылуулук келбеген бул үйгө эки жылдан бери от жагылымыш болууда. Бирок, үйдө алар каалагандай жылуулук жок. Калаадагы "Теплокомэнерго" ишканасынын жетекчилигинин безеленип айткандарына таянсак, от күн-түн жагылат. Тилекке каршы, аталган үйдүн тумшугу дале жылыбайт, кат-кат кийинген наристелердин, кары-картаңдардын күрс-күрс жөтөлгөн үндөрү гана угулат. "Башы оорубагандын Кудай менен иши жок" дегендей, аталган ишкананын жетекчилиги, тиешелүү адистери ойдогудай жылуулук бербегендери аз келгенсип, ноябрь айы үчүн ар бир үй ээлеринен 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин акча төлөгүлө деген талап коюшууда. "Кышкы от жагуу мезгилинде эзели жылып көрбөгөн үй үчүн ар бирибиз 16 миң сомдон 22 миң сомго чейин акча төлөшүбүз керек экен. "Теплокомэнерго" ишканасы таш көмүр жакпай эле уютулган алтын жагып жатышкан окшойт. Ысык суу деген жок, ванна, туалетке жылуулук келүүчү түтүкчөлөр орнотулган эмес, алар асмандагы бааны өз билгениндей коюшууда. Үйүңөр жылып жатабы, бизге дооматыңар жокпу деп бирөө да баш багып коюшкан жок. Жылуулук келүүчү түтүкчөлөрдү алмаштырымыш болушкан, бирок ал да чала бүтүп, токтоп калды. Биз жылуулук акысын төлөөдөн баш тартабыз. Керек болсо Президентке, Өкмөткө чейин арызданабыз",-дешти бир ооздон аталган үйдүн тургундары. Бул көйгөйдүн түбү көрүнбөйт окшойт, канча жылдан бери жылуулук маселеси ойдогудай чечилбейт. Мындай көйгөй бир эле үйдө эмес, калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик бардыгында бар. ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ




"Бюджет - бул жарандардын акча каражаты" улуттук сынакка
Айыл округдун арабөк акчасы

Нарын районундагы Казан-Куйган айылдык округу райондогу, а түгүл облустагы тепкедей аймактык бирдиктин бири. Айтылуу Долон ашуусунан түндүктү карай ылдыйлап, кокту менен жөнөй бергенде эң алгачкы кыштак чалдыгат. Ушул Кара-Үңкүр атыккан элдүү конуш да Казан-Куйган айыл округуна карайт. Мындагы 20 түтүн менен Казан-Куйган айылынын жалпы түтүнү 262ге жетет. Же болбосо Казан-Куйганда 1159, Кара-Үңкүрдө 86 адам тиричилик кылышат. Айылда кесипчилик лицей, орто мектеп, бала бакча, айылдык үй-бүлөлүк медициналык оорукана, почта байланыш бөлүмү, Тянь-Шань асыл тукум кой өстүрүү чарбасынын кеңсеси, клуб бар. Айыл округ болгону 355 гектар айдоо аянтка эгедерленсе, анын 147 гектары гана сугат жер. Демек, киреше табуу каражаты да ченемдүү. Айыл округдун башкы эсепчиси Анаркүл Шалтаева айымдын айтымында, аймактагы бюджеттик акча каражатты керектөө 5 миллион 469,4 миң сомду түзөт. Ал эми быйылкы жылы айыл өкмөткө ички табылгадан 183 миң 900 сом жыйноо вазыйпасы белгиленген экен. Демек, айылдыктардын маңдай тери менен табылган береги 184 миңге 100 сому жетпеген акча кайдан келет? Бул соболго биз жолуккан айыл адамдарынын кыйласынын эч кызыгышпагандыктары айгинеленди. Анда кеп кезеги казанкуйгандыктарда.
Бакыт Саадакунов: -Биз эми көчөдө иштейбиз да. Анан бюджетке мээ жетмек беле.
Эркин Ысмайылова, ардагер 70 жашта: - Айыл өкмөттүн акчасын деле билбейм, айланайын, контордо иштебегенден кийин. Алардын элге жардам бергенин да билбейт экем.
Шайкүл Капарова, ардагер: -Эми салык бергиле дейт. Сураган акчасын беребиз да, бербей коймок белек. Бирок ал акчаны эмне кылып жатат, чынында ишибиз жок.
Мирбек Абылов, айыл тургуну, 27 жашта: -Бюджет боюнча эч кандай маалыматты беришпейт. Жарым жылдык отчетту бергиле деп отчет ала алган жокпуз. Почтага акча келгенде ал жерден салыктарды кармашат. Ал эми чогулган акчаларды эмне кылышат, кайда жумшашат белгисиз.
Муратбек Искенов, кесипчилик лицейдин мугалими: -Айылдын бюджети боюнча анык маалымат жок. Мына биз окуучуларды спорттук мелдештерге катыштыруу үчүн, ушу турган Нарын шаарына алып барып келели деп бир чака май сурасак бергенге жарабайт, айыл өкмөт. Анан чогулган акчалар кайда кетип жатат, аны бир кудай эле билбесе.
Замир Эсенгулов, №4 Казан-Куйган айылдык үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери: -Негизи айыл өкмөттүн бюджетин түзүүнүн принциби туура эмес. Мисалы мен таңгалам. Маселен мындай экен да. Айыл өкмөттү КРнын Өкмөтү сен дотацияда олтурасың деп жылына 1 сом берет дейли. Ал эми бул айыл өкмөт жылына 10 тыйын табат. Ошондо 1 сом 10 тыйын менен жашаш керек да. А мамлекет болсо сен 10 тыйын таптың деп 90 тыйын берип коёт экен. Ал акча болсо айлыктан ашпайт. Демек бюджетти көбөйтүүдө айылдарда эмне кызыкчылык.
Рашид Күнтууганов, айыл округдун статисти: -Мен билгенден айыл округ жылына 158 миң сом чогултат. Бул каражаттын кандайдыр бир бөлүгү айлыкка, май куйганга кетет. Ошондой эле башка чыгашаларга деп сарпталат да.
Айыл округдун башчысы Токтосун Дүйшеев мырза менен бети калды баарлашып, ал жетектеген округка болгону 5 миң гектар жайыт туура келерлигин эшиттик.
- "Жайытыбыз чыр болуп чечилбей жатат. Сугат жерлер, дегеле айдоо аянттар да аз. Табылган акчаны жергиликтүү кеңеш бекитип берет. Биз андан эч жакка жылбайбыз. Кененирээк бюджет боюнча бухгалтер түшүндүрүп берсе",-дейт айыл өкмөт аке. Ошентип соңку сөз айыл округдун башкы эсепчисине барып такалды.
- "Негизги каражат элдин үлүш жеринен түшөт. Бизде жер аз да, ошон үчүн 60 миң сом үлүштөн чогултулат. Транспорт салыгынан 40 миң, патенттен 20 миң, жеке менчик огороддордон 14500, кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен 12600 сом план берилген. Кыймылсыз мүлктөн 2 миң, административдик айып салуудан 1100, жайыттан 10 миң сом акча чогултуу керек. Биз өткөн 9 айдын планын 155 пайызга аткарыпбыз",-деген башкы эсепчи Анаркүл Шалтаева айымдан, каражат табуу кайсы булактан көбөйгөндүгүнө кызыктык. Көрсө, айыл округдун аймагына "Мегаком" байланыш түйүнүнүн толкун таратуучу антеннасы орнотулуп, андан айына 4 миң сом чегерүү жараяны макулдашылган экен. Эсепчи менен баарлашып, 183 миң 900 сомдон эмгек акыга кошумча берилерин, Кара-Үңкүр айылынан окуучуларды Казан-Куйган айылына ташууга окуу күндөрү үчүн 16 литр күйүүчү майга акча бөлүнөөрүн эшиттик. Айтмакчы, айыл округда 14 адам толук штатта турса, 2 киши жарым штаттык бирдикте иштешет. Аларга эмгек акы үчүн айына 88 миң 466 сом теңдештирилген гранттан каражат келет. Бирок, эсепчи эже айыл өкмөттүн тапкан акчасынан канча пайызы эмгек акыга берилерин ачыктаган жок. Мындан сырткары иш сапарларга 5900 сом, телефон байланышка 1900, транспортко күйүүчү май куюу үчүн 10 миң, башка каражаттарга деп да 10 миң сом чыгыштоого бөлүнгөн. Ошону менен катар салык чогултууга дагы акча каражаттан пайдаланабыз деген эсепчи айым тапкан ташынган каражат жетпестигин, даталуу күндөрдү(мисалы карылардын, майыптардын ж.б.) өткөрүүгө өздөрү чөнтөктөрүнөн акча чыгарып өткөрүшөөрүн айтат.
Нарын райондук мамлекеттик салык кызматын бир катар жыл жетектеген, учурдагы ардагер экономист Токтобек Керимбаев салык жыйноодо көмүскө абал орногондугун белгилейт.
- Бизде мурунку эле абал кайталанып келе жатат. Албетте, айылдарда сатуудан пайда тапкандар аз. Бирок бардык эле жерде анык хронометраж жасалбайт. Малдардын саны так эмес. Ошондуктан жайыттардан салык топтоо ар качандан бир качан аткарылбайт. Ал эми эң башкысы бюджетти чыгымдоо баш аламан абалда десек болот",-дейт Т.Керимбаев мырза. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН




Балаты майрамына облустан 130 окуучу катышат

Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Алимбаеванын берген маалыматына караганда, 25-декабрда Барпы театрында облус губернатору Бектур Асановдун катышуусунда балаты майрамы өткөрүлөт.
Губернатордун арча майрамына облустун аймагынан 130 окуучу катышат. "Алар: июнь коогалаңында жабыр тарткан жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары, окуусунда эң жакшы деген баага окуган алдыңкы окуучулар. Балатыга келген балдарга таттуулар жана оюнчуктар берилет",-дейт Г.Алимбаева.
Ошондой эле, ошол эле күнү түштөн кийин губернатордун катышуусунда студенттердин балы болот. Бул балга: жакшы окуган, жарым жетим, коогалаңда жабыр тарткан 120 студент катышат. Аларга губернатордун атынан күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар берилет. Конкурстарга атайын приздер берилет.
"Ал эми облуста жайгашкан балдар үйлөрүнө губернатор өзү барып куттуктап, жаңы жылдык белектерин тапшырат. Мына ушулардын баарына губернатордун фондунан 390 миң сом бөлүндү",-деди бөлүм башчы Г.Алимбаева. АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД


Төрт көчөгө балатылар орнотулду

Башка жылдарга караганда быйылкы жыл өзүнүн коогалаңдуу окуялары менен эсте калып, Жаңы 2011-жылды тосуп алууда шаардыктарга тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты тилек кылып жатканын шаар мэринин биринчи орун басары Абдималик Элеманов билдирди.
Шаардыктарга Жаңы жылдык майрамды көңүлдүү тосуп берүү үчүн шаардын Эркиндик аянтына, Спутник кичи шаарчасына, "Айгүл" базарчасынын астындагы аянтка, Тайгараев айылына чоң балатылар орнотулуп, кооздолгон. "31-декабрь күнү кечки саат 20га чейин балаты орнотулган аянттарда жаңы жылдык оюн-зоок тамашалар өткөрүлөт. Шаардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коргошот",-деди А.Элеманов. АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ