Парламенттик башкаруунун биринчи кадамдары
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышында 16 комитет түзүлдү. Ар бир комитетте башчысы менен кошо экиден орунбасарлары болот.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Бейшемби күнкү Жогорку Кеңештин жыйыны жыйынга катышпай калган депутаттардын атын атоо менен башталды. Буга чейин "Ар-Намыс" партиясы расмий түрдө парламенттик оппозицияга өткөнүн жарыяласа, "Ата Мекен" фракция лидери Өмүрбек Текебаев жыйын башында ал жетектеген партия оппозицияга кеткендигин кабарлады. Андан соң, күн тартиби боюнча алты маселе каралып, анын негизинде ЖКнын түзүмү бир добуштан бекитилди. Кезек төрага орунбасарларын шайлоого келип, беш фракциядан бирден талапкер көрсөтүлдү. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында, "Ата Журт" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев, "КСДПдан" Асилбек Жээнбеков, "Республика" партиясынан Бакыт Төрөбаев жана "Ата Мекен" фракциясынан Асия Сасыкбаева орунбасарлыкка 96 добуш менен шайланды. Келишим боюнча беш орунбасар кезек-кезеги менен төрага жанында экиден олтурат. Калган үчөөсү залдагы орундарында эле кала беришет.
Буга чейин маалым болгон көпчүлүктү түзгөн коалициялык фракциянын жетекчиси Канат Исаев эл өкүлдөрүнө сунушталуучу 16 комитет менен тааныштырды. Айрым депутаттар мынчалык көп сандагы комитеттерге нааразычылыктар болушу мүмкүн деген ойлорун айтышты. Бул маселе боюнча төрага Ахматбек Келдибеков түшүндүрмө берип кетти. Анын айтымында, парламенттик башкарууну тандаган өлкөдө мыйзамдардын иштешин камсыз кылуу жана чоң жоопкерчиликти аткаруу үчүн 16 комитет зарыл экенин белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышында 16 комитет түзүлдү. Ар бир комитетте башчысы менен кошо экиден орунбасарлары болот. Бул комитеттердин үчөөсүн оппозиция мүчөлөрү жетектейт. Комитет жетекчилерин шайлоо электрондук негизде жүрүп, талапкерлердин дээрлик баары көпчүлүк добуш менен бекитилди.




Жогорку Кеңештеги комитеттердин аталышы жана жетекчилери:
1. Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети: Галина Скрипкина (КСДП)
2. Бюджет жана финансы боюнча комитет: Акылбек Жапаров ("Ар-Намыс" оппозиция)
3. Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитет: Замирбек Алымбеков (КСДП)
4. Отун-энергетикалык комплекс жана тоо кендерин пайдалануу боюнча комитет: Азамат Арапбаев ("Ата Журт")
5. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитет: Алмазбек Баатырбеков ("Республика")
6. Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет: Исмаил Исаков (КСДП)
7. Укук коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет: Туратбек Мадылбеков ("Ата Мекен" оппозиция)
8. Фискалдык жана акчалай-кредиттик саясат боюнча комитет: Алтынбек Сулайманов ("Республика")
9. Сот-укуктук маселелер боюнча комитет: Садыр Жапаров ("Ата Журт")
10. Билим, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитет: Жылдыз Жолдошева ("Ата Журт")
11. Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү комитет: Эркин Сакебаев (КСДП)
12. Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитет: Дамира Ниязалиева (КСДП)
13. Транспорт, коммуникация, байланыш, архитектура, жана курулуш боюнча комитет: Исхак Пирматов ("Республика")
14. Жаштар саясаты, дене-тарбия, спорт жана гендердик саясат боюнча комитет: Чолпон Султанбекова ("Республика")
15. Адам укуктары, коомдук уюмдар менен байланыш жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коргоо боюнча комитет: Дастан Бекешов ("Ар-Намыс" оппозиция)
16. Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитет: Курмантай Абдиев ("Ата Журт")


Коалициялык өкмөттүн курамы:
Премьер-министр: Алмазбек Атамбаев
Биринчи вице-премьер-министр: Өмүрбек Бабанов
Вице-премьер-министр: Ибрагим Жунусов
Вице-премьер-министр: Жантөрө Сатыбалдиев
Күч органдарын көзөмөлдөө боюнча вице-премьер-министр жана Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү: Шамиль Атаханов
Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси: Нурханбек Момуналиев
Тышкы иштер министри: Руслан Казакбаев
Каржы министри: Чоробек Имашев
Адилет министри: Абылай Мухамежанов
Ички иштер министри: Зарылбек Рысалиев
Энергетика министри: Аскар Шадиев
Экономиканы теcкөө министри: Учкунбек Ташбаев
Өзгөчө кырдаалдар министри: Болот Борбиев
Айыл чарба министри: Төрөгул Беков
Жаратылыш ресурстары министри: Замирбек Эсенаманов
Транспорт жана коммуникация министри: Эркин Исаков
Саламаттыкты сактоо министри: Сабыр Жумабеков
Мамлекеттик мүлк министри: Нурдин Илебаев
Билим берүү жана илим министри: Канат Садыков
Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министри: Алмазбек Абытов
Жаштардын иши боюнча министри: Алиясбек Алымкулов
Маданият жана маалымат министри: Нурлан Шакиев
Калкты социалдык жактан коргоо министри: Дуйшеналы Мамасалиев
Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасы: Зиядин Жамалдинов
УКМК төрагасы: Кеңешбек Дүйшөбаев
Коргоо министри: Абибилла Кудайбердиев




"Ар-Намыс" оппозицияда

Дүйшөмбү күнү "Ар-Намыс" партия лидери Феликс Кулов баштаган фракция өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштурду. Бул жыйында Ф.Кулов "Ар-Намыс" партиясы расмий түрдө оппозициялык фракция болорун жарыялады. Ошондой эле, оппозицияга кетүү менен башкаларга душман эмес, чындыкты айткан дос болоорун эскертип өттү. Ал белгилегендей, "Ар-Намыс" партиясы "Ата Мекен" партиясы менен оппозициялык коалицияга бирикпейт.
Мындан тышкары, фракция лидери Ф.Кулов өкмөттүн жаңы курамына анчалык ичи чыкпай турганын айтып өттү. Анын белгилөөсүндө, өлкө экономикалык оор кырдаалда турганда, министрликтердин санынын мурдагыдан да көп болушу туура эмес. "Бюджеттик чыгымды азайтуу үчүн мамлекеттик аппаратты кыскартуу зарылчылыгын айтып келебиз. Бирок иш жүзүндө мурун 14 министрлик болсо, Убактылуу өкмөт аны 18ге жеткирген. Эми коалициялык өкмөттө 20 министрлик калыптанды", - деди Ф. Кулов. Ошондой эле, партия лидери жаңы өкмөт 30 пайыздан ашуун "Ак-жол" партиясынын өкүлдөрүнөн турушу элдин нааразычылыгын жаратарын эскертип өттү.


"Ата Журт" ЮНИСЕФ өкүлдөрүн кабыл алды

Жуманын шейшемби күнү "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Европа бирлиги жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында эл аралык уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы карапайм калктын жакыр катмарын, анын ичинде балдарды социалдык жактан коргоо маселеси орчундуу экенин белгилеп өттү. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Ража Баррада Социалдык жактан коргоо министрлигинин түзүлүшүн кубаттап, бул министрлик Кыргызстан үчүн зарылдыгын белгилеп өттү. "Атайын жумушчу топтун иликтөөсүнүн негизинде буга чейин Социалдык жактан коргоо министрлигин түзүү сунушу киргизилген. Партия жетекчилери да саясий эркин көрсөтүп, жаңы түзүлгөн өкмөт курамына аталган министрликти киргизип отурат", - деди Р.Баррада.
Аталган уюмдун өкүлү Бурул Макенбаеванын айтымында, балдар үйүндөгү келечек муундарына өкмөт айына 7 миң сом бөлөт, ал эми ата-энесинин колундагы аз камсыз болгон балдарга 240 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул берилет. "Башка тармактарга караганда социалдык камсыздандыруу тармагында паракорчулук аябай кулач жайган, бул маселени тез арада чечүү керек,"- деп белгиледи ал.
Өз кезегинде, "Ата Журт" фракция депутаттары коалициялык өкмөттүн социалдык блогун өз мойнуна алгандан кийин бул тармакта олуттуу иштерди пландаганын айтты.