Карылык келсе, кароосуз калгандан сакта
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

Айрым кайрымдуулук иштерин эске албаганда, өлкө казынасынан ар бир адамга тамак-аш үчүн күнүнө 55 сом жана дары-дармекке 7 сом бөлүнөт. Интернатка баардык аймактардан кароосуз калган жана майып адамдар келет. Мындан бир нече жыл мурун мамлекеттин камкордугуна муктаж болгондор эч кандай документи жок деле кабыл алына берсе, учурда атайын жолдомо сөзсүз керек.
Бул жерде иштегендердин айтымында, акыркы жылдары кыргыз улутундагы кароосуз калган карылардын саны кыйла көбөйгөн. Айрыкча, Нарын областынан жан сактоо максатында келген улгайган адамдар арбын. Бул жерде иштеген кызматкерлердин саны 241 болсо, эмгек акылары 1500 сомдон ашпайт. Мынчалык аз айлыкка адамгерчилик жана жумушсуздук кармап турат дейт карыларды багуучу кыздар. Биз аталган интернаттагы айрым адамдарды кепке тарттык:

Төлөмүш Исаков:
- Мен Ат-Башы районуна караштуу Дыйкан айылынан болом. Жашымда окуган эмесмин , өмүрүм кой багуу менен өттү. Үй-бүлөм жок, таеке туугандарым бар, алар деле көңүл бурбайт. Акыркы 10 жылда Казакстанда кой кайтарып, ал жактан да акчаны толук алалбай бир топ түйшүк тарттым. Бул жерде жашоо эптеп өтүп жатат. Пенсиямдын жарымын кармап калат. Мага жакпаганы чайы элдин баарына таратканча муздап калат. Карылар үйүнө келбегенимде жашоом кандай болмок, билбеймин. Интернатка документ болбосо албайт экен. Ат-Башылык бир жигит баардык документтеримди даярдап, ошол алып келди.

Талига Дүйшеева:
- Өзүм Ысык-Көлдөн болом. Ичке-Суу деген айылдан карылар үйүнө жөнөп жатканымда аябай ыйладым. Коңшуларым да жашын көлдөтүп кала берди. Бул жерге иним алып келип таштады. Учурунда Нарын шаарында бир канча жыл бухгалтерлик кызматта иштеп, областтык кеңештин депутаты болуп да шайлангам. Турмуштун көптөгөн сыноолоруна кабылдым. Эки жолу турмушка чыгып, балалуу боло албадым. Экинчи жубайым жакшы жан болчу. Анын биринчи аялынан эки баласы, үч кызы бар эле. Жолдошум каза болуп, өзүм улгайып, кароосуз калдым. 85 жаш оңой эмес экен. Тез-тез кан басымым көтөрүлүп турат. Кээде ооруп төшөктөн турбай калам. Экинчи корпуста ордунан тура албагандар жатышат. Анан врачтар эми болбой калды, тиги имаратка барасыз дегенде коркконумдан туруп кетем. Кудай меникиндей тагдырды жыланга да бербесин (жашып кетти). Мен такыр картошка менен капуста жей албаймын. Мына бүгүн да капустадан жасалган тамак алып келиптир, турат. Биринчи келгенимде эч кандай оокатым жок эле келипмин. Бул жерден чай кайнатканга печке менен идиш-аяк сатып алдым. Пенсиямдын тең жарымын алам, жарымын кармап калат. Колума тийген пенсияма тамак сатып жеймин. Алтындай болгон врач кыздардан айланайын, эмнең ооруйт апа деп турушат. Ушулар менин өмүрүмдү сактап келет. (Бир топ жашып алган соң) Кудай ажал берсе кыйнабай эле алса деп тиленем. Туугандарымды да ойлоймун. Оорукчан сиңдим бар эле ал кантти? Туугандардан өзүң таарынсаң да, бооруң таарынбайт экен. Бир тууган иним Кубан, ал деле өз тиричилиги менен алек. Кайсы бир акимчиликте кароолчу болуп иштесе керек. Ал кантип атты экен деп түн бир оокумга чейин уйкум келбейт. Акыркы кездерде дарынын күчү менен уктап жатамын. Бул жерде мени караган кыздарга мен өлсөм куран окутуп жакшылап көмгүлө деп айтып жүрөм. Алар да тамашалап, кошок айтып каадасын кылабыз деп коёт. Өлсөм ушул жерге эле койсо керек. Анткени бул жерден өлгөндөрдү ушул жерде эле көмүп жатышат. Ал үчүн бир аз каражат чогултуп койгонмун.

Качкынбек Усупов:
- Карылар үйүндө өз каалоом менен 2006-жылдан бери жашап келем. Көзүм көрбөй калып, көп мамлекеттердин күчтүү врачтары да айыктыра албады. Анын үстүнө турмушум да бузулуп кетти. Эки балам мектеп интернатында тарбияланып, бирөөсү быйыл жогорку окуу жайга тапшырды. Финансы академиясына контракттык негизде өтүп, студент болуп отурат. Балам батирде турат. Каржы жагынан карындашым көмөктөшүп, ал эми пенсиямды эч коротпой балама беремин. Окуунун баасы 14 800 сом экен. Өткөндө окуу жайдын ректору менен сүйлөшүп, ал-жайымды түшүндүрдүм. Ал да акылдуу жигит экен, жарымын төлөй турган болдук. Өзүм шаарга барыш үчүн сөзсүз бирөөнү эрчитишим керек. Жол кире да кымбат. Балам өзү келип кабар алып турат. Кыргыздын мыкты жигиттери мага жардам берсе жакшы болот эле. Өзүм Айыл-чарба институтунда инженердик факультетти бүткөм. Совет доорунда инженер, директердун орун басарына чейин жеткемин. Советтер Союзу кулагандан кийин аскер комиссариатында да иштеп жүрдүм. Галстугумду болсо жыйырма жашымдан бери тагынып келем. Бул болбосо өзүмдү селсаяк катары сезип калам.

Нуржан Кожокеева, кызматчы:
- Бизди кармап турган нерсе-жумушсуздук, анын үстүнө жашаган жерибиз да жакын. Чынын айтсам, бир жарым миң сомдук айлык эч нерсеге жетпейт. Аткарган жумушубуз бир топ оор. Бул жерде ар кандай кыял-жоруктагы адамдар бар. Кээ бирлери кирлерин бербей коёт. Ордунда жаткандарды жаш баладай эле кылып карайбыз. Заара кылат дегендей. Башка жакка иштеп кетейин деп да көрдүм, бирок бул жердегилерди бир-эки күн көрбөй калсаң кадимкидей сагынып каласың. Жакындары карабай койгон адамдарды биз да карабай койсок, анда булардын тагдыры эмне болот.

Арстанбек Абдылдаев, "Аурдин" ишканасынын башчысы:
- Бул жерде жаткандардын көпчүлүгүнүн бир кездерде бактылуу турмушу болгон. Кароосуз каламын деп ойлогон да эмес. Айрыкча, кыргыз улутундагы кароосуз калган карылардын санынын өсүп жатышы ар бир кыргызды түйшөлтпөй койбосо керек. Биздин негизги максат, маалымат каражаттары аркылуу атасын же апасын таштагандар таасир алып, кароосуз калгандардын саны кыскарсын деген тилек. Мамлекетибиз мындай оор шартта бул адамдарга жетиштүү көңүл бурууга чамасы жетпейт. Бирок, бул жердеги ата-энелерди балдары же туугандары таштап кетсе да, биздей кыргыздын жигиттери таштабайт. Ошон үчүн бүгүн ысык тамак менен 2 сааттык чакан концерт уюштурулат. Андан сырткары жылуу кийимдер жана керектүү каражаттарды ала келгенбиз. Мен учурдан пайдаланып баардык колунда бар адамдарды кайрымдуулук иштерине чакырып кетет элем.
* * *
Карылар жана майыптар үйүндө күн кечирген кишилер адам мээримине муктаж экени көздөрүнөн байкалып турат. Сүйлөшө кетсең көпчүлүгү жакындары бар болсо да эч кимим жок деп айтат экен. Аларды бир туугандары же балдары карабай койсо да, жакындарым уят болбосун деп аяйт тура. Шаарды көздөй кайтып жатканда бир орус аксакал эстелик үчүн сүрөткө тартып койчу деп жалбарганда аябай жаман болуп кеттик. Үмүтсүз чалдын өзүм өлсөм да ушул сүрөтүм калсын дегини окшойт.
Бир бооруңду кароосуз таштап кетүү жаратылыш мыйзамдарына да каршы келчү көрүнүш. Заман өзгөрүп, адамдардын арасында мындай кыянатчылыктын күч алып жатышы аябай кейиштүү. Сөзүбүздүн аягында, ылайым кароосуз калган адамдар болбосун деп тилек кылалы.





РФнын президенти Зита менен Гитага жаңы жылдын алдында белек тартуулады
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

РФнын президентинин Администрациясынын тапшыруусу менен түзүлгөн катта "Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Сиздин кыздарыңызды 9-классты аяктагандан кийин кирүү экзамендерисиз россиялык бюджеттин эсебинен медициналык колледждердин бирине окууга алуу тууралуу алдын ала макулдашууга жетишилди" деген жооп камтылган.
Учурда Зита жана Гита Кыргызстандын Военно-Антоновка жатак-мектебинин сегизинчи классында окушат. Бул жерде толук эмес орто билим гана алууга болот. Тилекке каршы, Кыргызстанда майыптар бир эле учурда дарыланып дагы, жашап дагы, окуй турган дагы адистештирилген окуу жайлар жок. Акыркы учурларда кыздар, өзгөчө Зита көбүрөөк ооруй баштады. Алардын жатак-мектепте жашоосунун тиричилик шарттарынын ылайыкташпаган шарттары дагы таасир берүүдө. Учурда ал жерде Гита гана окуп жана жашап жатат, ал эми Зита Москва клиникаларынын биринде дарыланууда.
Дүйнө жүзүнө атагы чыккан кыргызстандык сиам эгиздерин 2003-жылдын 26-мартында Москва шаарынын №13 Филатов атындагы балдар ооруканасында хирург Александр Разумовскийдин жетекчилиги менен ийгиликтүү ажыратышкан. Операциядан кийин кыздарда бирден бут, бирден бөйрөк, бирден жамбаш калган, жыныс мүчөлөрү сакталган эмес (ичеги жана заара чыгуучу канал капталга чыгарылган, ошол себептүү алар атайы заң чыгаргычты пайдаланышат).
Кыздар бала чагынан эле УЗИ-дарыгери болууну кыялданышат. Ошол эле учурда Зита жана Гита операциядан кийин 7 жыл карманып жана толук кандуу жашоо үчүн күрөшүп жатышы - керемет окуя. Алар сакайып кетүүдөн үмүтүн үзгөн жүздөгөн адамдарга үлгү болушууда.