Президент мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көбөйтүүгө буйрук берди
Роза Отунбаева 2011-жылдын январь айынан тартып мугалимдердин айлык акысын 30 пайызга көбөйтүү тууралуу буйрук берди.
СҮРӨТ: АЛИЖАН ЯКУБОВ

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Кыргызстандын өткөөл мезгилиндеги президенти Роза Отунбаева 2011-жылдын январь айынан тартып мугалимдердин айлык акысын 30 пайызга көбөйтүү тууралуу буйрук берди. Бул тууралуу өлкөнүн элдик мугалими Мукаш Базаркулов маалымдады.
Анын сөзү боюнча, 2004-жылы кабыл алынган КРнын "Билим берүү тууралуу" мыйзамында педагогдун айлык акысынын деңгээли республика боюнча орто деңгээлден төмөн коюлган. "Кыргызстанда бюджеттик кызматкерлердики 4 миң сомго жакын болсо, мугалимдер 1500 сомго жакын алышат. Андан тышкары иштеген жылдарына карата айлык акыга кошумча төлөмдөр бар: 5 жыл үчүн - 10 пайыз, 10 жыл - 20 пайыз, 15 жылдан ашык болсо 30 пайыз кошулат. Бирок, 2009-жылдан бери аларды төлөбөй калышкан",-дейт М.Базаркулов.
Ал бүткүл республика боюнча мугалимдер өздөрүнүн кемсинген абалынан улам митингге чыгып жатышат деп кошумчалады. "Мен маселени тынчтык жолу менен чечүү зарыл деп эсептеймин. Өкмөт акциялардын лидерлерин сүйлөшүүлөргө чакырышы керек жана мугалимдерди адаштырбас үчүн эмгек акы канчага көбөйө тургандыгын түшүндүрүүгө тийиш. Алар жаран катары өздөрүнүн нааразычылыгын билдирүүгө укуктуу, бирок, педагог катары алар жүрүм-турумдун нравалык нормаларын сактоосу абзел жана алар талап кылган акчалар бюджетте жок экендигин түшүнүүсү керек",-дейт элдик мугалим.





Бул жолку аракет ишке ашабы?
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

Бейшемби күнү кечинде парламенттин спикеринин милдетин аткаруучу Ташболот Балтабаевге 3 фракциянын жетекчилеринин колу коюлган келишим келип түшкөн. Анда, СДПК, "Республика", "Ата-Журт" партияларынын коалициясы тууралуу жазылган. Келишимге ылайык, Жогорку Кеңеш төрагалыгына "Ата-Журт" партиясынан Ахматбек Келдибеков, премьер-министр кызматына СДПК партия лидери Алмазбек Атамбаев, вице-премьер-министр кызматына "Республика" партиясынан Өмүрбек Бабанов сунушталган. Алдын ала белгилүү болгондой, бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму болот. Бул жыйында спикерди, премьер-министрди жана вице-премьер-министрди шайлоо күтүлүүдө. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ




Доллардын куну күн сайын өсүүдө

Өлкөдө АКШ долларынын сомго карата расмий курсу күн санап өсүүдө. Улуттук банктын маалыматына караганда, АКШ долларынын валюта тооруктарындагы куну өткөн жылга салыштырмалуу 6,34 пайызга өскөн. Акча алмаштыруучу жайларда болсо 6,10 пайызга көтөрүлгөн. Декабрь айынын биринчи декадасында доллардын расмий курсу өскөн болсо, 11-декабрга карата анын курсу дээрлик 7 тыйынга төмөндөгөн. Бирок дем алыш күндөрдөн кийин доллардын курсунун кайрадан өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 16-декабрга карата курс 47,0882 сом деп белгиленип, 15-декабрга салыштырмалуу 0,03 пайызга көтөрүлдү. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Апрель окуялары боюнча сот жалпы каралат

7-апрелдеги кан төгүү боюнча жүрүп жаткан сот отурумунда мурдагы чиновниктер Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Марат Бакиев, Мурат Суталинов, Жаныш Бакиев жана Эсен Байыш уулунун кылмыш иштерин өзүнчө бөлүп кароо чечими чыккан эле. Мындай кадам жабырлануучулардын нааразычылыгын жараткан. 15-декабрда белгилүү болгондой, Аскердик сот бул чечимди четке какты. Эми аталган жарандардын иштери апрель окуясы боюнча иликтенип жаткан иштер менен чогуу каралат. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ


Жетекчилер суралып сыналат

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык мындан ары жогорку даражадагы кызматкерлер: Мамлекеттик салык кызматынын стат-катчысы, бажы, жана юстиция тармагында иштеген жетекчилер бүгүнкү күндүн талабына ылайык милдеттүү түрдө полиграфиялык тестирлөө борборунан өтүшү керек. Бул тестирлөөнүн негизги максаты өлкөбүзгө тамырын кенен жайып келе жаткан коррупцияны жоюу. Быйылкы жылдын эсебинен тестирлөөдөн 117 кызматкер өткөн. Аттестация негизинен 3 этап менен жүргүзүлөт: компьютердик, полиграфиядагы тестирлөө, аңгемелешүү. Баян Кулова





Китеп чыгаруучулар сыйланышты…
Маданият жана маалымат министрлиги "Китеп - жан дүйнөнүн азыгы" аттуу республикалык беш номинациядан турган "Окурмандар күткөн китеп", "Жаштык жигер", "Калемдеш", "Мыкты басма" жана "Балдардын тилин тапкандар" деген аталыштагы акция өткөргөн. Акциянын жеңүүчүлөрү Тарых музейинин чоң залында жалпы 127 өз эсебинен китеп чыгаруучу авторлор, котормочулар акчалай сыйлык жана ардак грамоталар менен сыйланышты. Мындан сырткары маркум жазуучулардын китептерин жарыкка чыгаргандыгы үчүн үй-бүлөлөрүнө акчалар сыйлык берилди. Ал жерден Маданият министри Садык Шер-Нияз сөз сүйлөп, жазуучулардын иштерине ийгилик жана ден соолук каалады. Баян Кулова




"Айыл таланттары" аттуу
I Республикалык фестивалы

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги айыл маданиятын жана айыл таланттарынын өнөрүн бийик көтөрүп, чыгармачыл топторду колдоо жана бул салтты мындан ары улап кетүү максатында 2010-жылдын 19-20-декабрында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында "Айыл таланттары" аттуу үлгүлүү чыгармачыл өнөрпоздордун Республикалык I фестивалын өткөрөрүн аталган министрликтин басма сөз катчысы Назгүл Мекешова кабарлады.
Жеңүүчү деп табылган райондорго Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Ардак грамота, дипломдор менен бирге 1-орунга - музыкалык аппаратура (комплект), 2-орунга - видео проектор, ноутбук, 3-орунга компьютер тапшырат.
Министрлик ар бир райондук маданият үйлөрүнө 3 комуз, 1 аккордеон колдоо максатында берет. Фестивалга республикадагы бардык район катышып, 15 мүнөттүк программа менен ар бир район өз таланттарын көрсөтө алышат. Бул иш чара Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияздын демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Фестивалды өткөрүүгө 1 млн. 860 миң сом каралган. Кабар борбору




Балдар жазуучусу 70 жашта

Балдар жазуучусу Байтемир Асаналиев 70 жашка чыкты. Юбилей К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын "Манас" залында белгиленип, кечеде анын ырларын көркөм окушуп, чыгармаларынан үзүндү аткарып беришти. "Кичинекей кыз", "Жалкоо коңуз" сыяктуу бөбөктөргө арналган бир нече жыйнактардын автору учурда "Байчечекей" балдар журналында эмгектенет. Баян Кулова




Меккедеги кыргызстандыктын абалы дагы эле оор

Сауд Аравиясында калган бейтаптын абалы оор боюнча калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ушул тапта Мекке шаарынын медициналык ооруканасында ажылыкка барган учурунда ооруп калган Кыргызстандын 56 жаштагы тургуну У.Ш. дарыланууда жатат. Ал кант диабети оорусу менен жабыркап келген, натыйжада абалы начарлап ооруканага жаткырылган. Ошол жерде ага гемодиализ сеансы жасалган. Бейтаптын жанында жакын туугандары бар, анын абалы оордугуна байланыштуу, аны мекенине алып кетүү белгисиз мөөнөткө чейин калтырылууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтапты кароо үчүн калган туугандары менен үзгүлтүксүз байланышууда. АЙМИРА МЕНДЕЕВА


Белоруссия экс-президенттин турган жерин билбейбиз деген жооп берди

Белоруссиянын Башкы прокуратурасы Курманбек Бакиевдин турган жерин билбей тургандыгы тууралуу маалымдады. Мындай жооп Кыргызстандын кулатылган башчысын экстрадациялоо тууралуу башкы көзөмөл органынын өтүнүчү боюнча келген.
2010-жылдын 7-апрелинен кийин, КРнын бийлигине оппозиция келгенде, экинчи президент Бишкектен чыгып Жалал-Абад областындагы Тейит айылына баргандыгын эскерте кетмекчибиз. Ал жерде бир канча күн тургандан кийин ал үй-бүлөсү менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдын ортомчулугу жана Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун чакыруусу менен Белоруссия Республикасына учуп кеткен.
Ушул айлардын ичинде жалпыга маалымат берүүчү каражаттардагы көп сандаган маалыматтарына жана кулатылган президенттин өзүнүн сөзүнө ылайык, ал Белоруссиянын аймагында, Минскинин расмий коргоосунун алдында жашап жатат. АЙМИРА МЕНДЕЕВА