Сыймык Бейшекеев:
"Мамлекетибиздин бүгүнкү акыбалына кайгырып жүрөм"
Жашоодогу жүрөк ооруткан көрүнүштөрдү, бактысыз сүйүү менен бааланбаган өмүрдү, жан дүйнөнү эргитип ырга салган обончу, элибиздин улуу-кичүүсүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан ырчыларыбыздын бири Сыймык Бейшекеев. Өзүнүн адамгерчилик сапаты менен, жүрөккө жеткен мукам кайрыктары, обондору менен эл алдында жогорку деңгээлде бааланып, анын ырлары хитке айланып келе жаткандыгын баса белгилеп айткым келет. Биз Сыймык Бейшекеевдин "жан дүйнөсүндө" болуп жаткан кубанычы, кайгысы, өкүнүчү, акыркы жаңылыктары, алдыдагы максаттары тууралуу ырчы менен маектештик.


- Сиздин ырларыңыз улуу-кичүү муундарга бирдей жагып келе жаткандыгыңыздын сыры эмнеде?
- Бул жерде мен мындай кыйынмын деп айтыш оор, ыр жазганда жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек, жоопкерчилик менен дегеним тексттерин жакшылап акындар менен иштешем, менин оюмча, ыр сүйүүчүлөргө ырдын сөзү канчалык жакшы болсо, ошончолук жеткиликтүү болуп, ырдын өмүрү узун болот. Себеби, биздин эл сөз баккан, сөзгө маани берген "Манастай" улуу эпосту жараткан калк эмеспи. Менин максатым, эптеп чалды-куйду, жеңил-желпи ырларды жарата берүү эмес. Андай ырлардын деле угармандары чыгат. Бирок өмүрү кыска болот. Он тогуз-жыйырма жашымдан баштап, улуу инсандар Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев менен иштешип, ал кишилердин таасиринен улам, ырдын сөздөрүнө көбүрөөк маани берем. Балким угармандарга ырларымдын жагып жатканынын сыры ушунда.
- Ырчы болуу үчүн кубулжуган үн, сулуу келбет, акча керек экенин билебиз, мындан сырткары дагы эмне зарыл?
- Ырчы болуш үчүн албетте, биринчиден, талант керек. Бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз аракет керек деп айтып коюшат, бул ойго таптакыр кошулбайм. Менин оюмча жүз пайыз талант, жүз пайыз аракет болуш керек. Чыгармачылыкка кайдыгер мамиле жасабоо зарыл. Акча кереги жок деп айтса таптакыр болбойт. Жаңыдан чыгып келе жаткандарды жөлөп-таяш керек. Өзүм да бир кезде ушундай жардамга муктаж болгом. Ырчыга ден соолук керек, миң келбетиң болуп туруп, ден соолугуң болбосо кыйын. Эгер үй-бүлөлүү болсо, үй-бүлөлүк тыл бекем болушу зарыл. Бар үй-бүлөнү кээ бир жаштарыбыздай болуп "мен бойдокмун" деп жашырганы кудайга жакпайт. Үй-бүлөлүк ынтымактын бекем болуусу, көрүүчү угарман күйөрмандарга орой эмес, өз деңгээлиндеги мамиле зарыл.
- Жашоодон алган акыркы соккуңуз?
- Соккудан кудай сактасын, бирок, май айында Россияда чыгармачылык сапар менен жүрсөм, дал ошол учурда атамдын иниси, агам кайтыш болуп, ушунчалык катуу чоң сокку болду. Ал соккудан көп эсиме келе электе, Ош окуясы башталып кетип, 17-июнда гуманитардык жардам жеткирип барып, гүлдөгөн Ош шаарынын акыбалын көрүп, ошол соккудан дагы деле, ногдаунга түшкөн боксёрдой эсиме келе албай жүргөн учурум.
- Тагдырдын бизге тартуулаган тамашасы көп болот эмеспи. Ошолордун ичинен жүрөккө жетип, "ушул ишти кылбай эле койсом болмок" деген өкүнүчүңүз, ичи койнуңузга батпай кубанып жүргөн кубанычыңыз барбы?
- Жаш кезимде өкүнүчтөргө көп маани берчү эмесмин. Майда-барат өкүнүчтөргө "баары бир убакыт дарылайт" дегендей көңүл бурбаганга аракет кылчумун. Ош окуясы тууралуу жогоруда айтып кетпедимби. Эки улут ушундай кылбай эле койсо болбойт беле деген оор ойлор бир жагынан кыйнаса, экинчи жактан ушундай коогалаңды баштаган башчы сөрөйлөргө наалат айтып өкүнүп жүрөм. Учурдагы коалициянын түзүлбөй жатканы, чоңдорубуздун элибизге кайдыгер мамиле жасагандыгы, мени өтө кайгыртып жүрөт. Жашоодо бирөөгө катуу айтып алып "жаман айтып, көңүлүн оорутпай койсом болмок" деген өкүнүчтөр болот. Адам болгондон кийин жашоо ушундай тура.
- Кубанычыңызчы?
- Кубанычым учурдагы эки жарым жашар уулум Кадырлуунун күнүгө чыгып келе жаткан кылык-жоруктары, эртең менен тургандан баштап кеч киргенге чейин кубанычка бөлөйт. Анын ар кандай сөздөрү, оюнан чыгарып ырдаган ырлары жеке мени эмес, баарыбызды кубанычка бөлөп жаткан учуру. Мындан сырткары кыргыз элимдин амандыгы, тынчтыгы мени абдан кубандырат.
- Акыркы жаңылыктарыңыз?
- Акыркы жаңылыктарды айтсам, Орусия жергесинин 13 шаарына чакыруу менен барып концерт тартууладым, келгениме бир жума болду. Япониянын жанына, Түштүк Сахалинге чейин жеттим. Бир боорлор ушунчалык алыс кетишиптир, Камчаткага, Якутскиге чейин чакыруу менен концерт койдум. Тынбай учак менен ары-бери жүрүү адамга бир топ кыйынчылыктарды жаратат окшойт, келгенден бери ооруп калып, ден соолугумду карап жатам. Ал жактагы кыргыздардын өсүп-өнүгүп келе жатканы, эртеңки муундун келечекке болгон көз карашы, жаштарыбыздын мамлекетке күйүп-бышканы мени чоң толкундоолорго, кубанычка жетеледи. Өзүм он бир жылдан бери Орусиядагы мигранттарыбыздын чакыруусунда барып концерт коюп жүрөм. Миргант соодагерлерибиздин кантип бутунан турганы, кандай кыйынчылыктарды көрүшкөнүн эң жакшы билем. Азыркы учурда алар кабат-кабат үйлөрдү салышып, акыркы үлгүдөгү унааларды айдап, мыкты үйлөрдө жашашканы аябай кубандырды Ушундай жакшы жаңылыктары сиздердин газета аркылуу элге айтып коёюн деген оюм бар эле.
- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат, учурда тыныгуу жасап жатасызбы?
- Чыгармачылыкта тыныгуу деген нерсе сөзсүз болот, тыныгуусуз жакшы чыгарма жаралбайт. Россияга кетердин алдында "Жүрөк кыйкырыгы" аттуу ыр жазгам. Ыр көлөмдүү, он бир куплеттен турат, дастанга тете десем болот. Мазмуну биздин замандын кыйынчылыгы, Орусияга кетип жаткан агымдын токтобогондугу, чоңдордун эл менен иши болбой жаткандыгы, жашоодогу болуп жаткан көйгөйлүү көрүнүштөрдү чагылдырдым. Азыр ушул ырга сегиз мүнөттүк клип тарттырып жатабыз. Ыр эч кимди кайдыгер калтырбайт деп ишенем.
- Өзүңүз жөнүндө кандай ушак сөздөрдү угуп жүрөсүз? Чыгармачыл адамдарды сөз көп ээрчийт эмеспи.
-Ушактарга аябай көп кабылдым. Азыр деле ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Жакында бир жылдан бери дос болуп жүргөн таанышым "Жубайың экөөңөр аябай ынтымактуу турбайсыңарбы, ичпейт-чекпейт экенсиң. "Сыймык ичип алып аялын сабайт, укук коргоочуларга кайрылып эки күндүн биринде үйүнөн милиция кызматкерлери менен тез жардамдын машинасы кетпейт"-деп укчумун. Бир жылдан бери байкап, мындай жоруктарыңдын бирин көргөн жокмун. Мындай ушактар кайдан чыгат"-деп таң калган. Азыр эстесем 2000-жылы популярдуулуктун туу чокусунда турганда, бир жолу өлтүрүшкөн. "Өлдү деген кабар ата-энеме жарадар экен, атып кетиптир"- деп жетиптир. Анда азыркыдай мобилдик байланыш кыйыныраак болуп, "бител" жок болчу. Мен "Кател" байланышын колдончумун. Шаар ичинде байланышканга жарап, шаардан чыгып кетсең тартпай калчу. Суук кабарды уккан апам, биздин айылдан райондун борборуна чейин эки чакырым, ошончо жолду жөө басып ойлонгонунан таксилер токтой турган жерден өтүп кетиптир. Кийин "ошондо ойлонгонумдан, чачтарымдын көбү агарып кеткен"- деп айтып жүрдү. Апам мага чалса мен дагы шаардан чыгып кетсем керек, үйдө да келинчегим телефонду албай калып, чындап эле ошондой болгон го деп ого бетер коркушуптур. Менин телефонум иштеп кетип, үнүмдү уккан апамдын ыйлаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. "Саман учса, Самаркан өрттөнүптүр"дегендей адамдар азыр деле ар кандай сөз кылып жүрүшөт. Мындай көрүнүштөргө көнүп деле бүттүм.
- Келинчегиңиз мындай көрүнүштөргө кандай көз карашта?
- Ал мага турмушка чыгып жатканда кимге чыгып жаткандыгын билген. "Ар кандай сөздөр чыгат, баарына чыдашың керек"- деп айткам. Негизи күйөрмандар үйгө чейин келип, "Сен Сыймыкка тең эмессиң, мына мен болушум керек"деп келинчегимди кекетип кеткендер болот, бирок менин көзүмчө келе алышпайт. Нурзада абдан түшүнүктүү жан. Баарына түшүнүп, чыдап, 16 жылдан бери үч баланын ата-энеси болуп, жашап келе жатабыз. Маектешкен БАЯН КУЛОВА




  Маданият кабарлары

Жазуучунун атын алган лицейде

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн Бишкек кыргыз-түрк лицейинин жамааты 12-декабрь күнү жазуучуну эскерип, анын сөөгү коюлган Чоң-Ташка барышты. Лицейдин мүдүрү Юртсевер Карасой баштаган бир нече мугалим жана окуучулар анын арбагына багыштап куран окушту. Мүрзөсүнө гүл коюп, таазим кылышты. Мындан сырткары, аталган лицейде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жумалык жарыяланып, жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылгын тасмалар көрсөтүлдү. Чыгармаларын эң көп окуган окуучулар белектер менен сыйланышты. "Жазуучунун чыгармаларындагы тарыхый фактылардын чагылдырылышы", "Жазуучунун чыгармаларындагы экологиялык проблемалардын чагылдырылышы" деген темадагы илимий-изилдөө проектилеринин, чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн конкурстары да жарыяланып, 7-11-класстардын арасында диспуттар өткөрүлүп жаткандыгын белгилей кетсек болот. Кабар борбору


"Ыйык тил" төш белгиси берилди

Республикалык "Кыргыз тили" коомунун демилгеси менен Улуттук филармонияда "Тилибиз - биздин дилибиз" деген аталышта иш-чара болуп өттү. Аны аталган коомдун президенти Раимжан Курбанов ачты. Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Абылабек Асанканов улуттук аң-сезимдин уюткусу тил, тилди билген адам гана маданиятты, тарыхты түшүнө белерин айтып, эне тилге эмгеги сиңген журналист, котормочу Т.Мамбетжунушевге жана БГУнун окутуучусу М.Сыдыкбаевага КР Президентинин Ардак грамотасын тапшырды.
"Кыргыз тили" коому да "Ыйык тил" деген аталышта төш белги негиздеп, анын алгачкы ээлери А.Эркебаев, К.Акматов, А.Мырзаев, К.Токтоналиев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, А.Ибраимов ж.б. тил күйөрмандары болду. Кабар борбору


Айтматов залы ачылды

Улуттук китепкана улуу даанышман жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арнап атайын иш-чара өткөрдү. Ал жерге жазуучунун калемдештери, кыргыздын чыгаан жазуучулары, Маданият министри Садык Шер-Нияз, иниси Ильгиз Айтматов, кызы Ширин Айтматова катышып олтурушту. Алар Чыңгыз атаны эскерип Бишкектин чоң көчөлөрүнүн бирине аты берилсе, Айтматов атындагы музей ачылса, деген сыяктуу көп ойлорун ортого салышты. Аягында атайын улуттук китепкананын ичиндеги "Чыңгыз Айтматов" атындагы залдын ачылышы болду. Лентаны Ильгиз Айтматов кесип, ушундай жакшы иштерди уюштуруп, зал ачкандыгы үчүн улуттук китепкананын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Баян Кулова