Данияр Көбөнов:
"МЕН ҮЧҮН СПОРТ - ЖАШОО, СПОРТ - ЫРАХАТ"
Кыргыз элинин улуу акыны Байдылда Сарногоевдин: "Керегине жарасын деп кыргыз элдин, тоолук эне төрөгөн сени, мени" деген жалындуу ыр саптары дал ушул биз сөз кылчу каарманга айтылгандай. Кыргыз элинин даңкын далайга жеткирип, туусун бийик желбиреткен Данияр Көбөнов бүгүнкү күндө керекке жарап, бычакка сап болуп турган учуру. Дегеним, Данияр Гуанчжоудогу Азия олимпиадасында алтын медалды жеңип, кыргыз спортуна зор салым кошкону баарыбызга маалым. Канчалык бийик болуп турса дагы, ошончолук ийилип, жөнөкөй, жайдары, шайыр мүнөзүнөн жанбаган маектешибиз менен сүйлөшүп олтуруп, адамгерчилигине баа бердим. Жанымда чемпион эмес, кыргыздын карапайым, тамашакөй, чынчыл мырзасы олтурду. Анда эмесе чемпион биздин төрдүн коногу.

- Балалык кезиңиздеги кыялдарыңыз орундалдыбы? Спорт жолун тандай электе ким болгуңуз келчү?
- Мен сагынып жүргөн күндөрдү эстеттиң го. Ал убакта кыялданганга жетишпей деле калчумун. Анткени, өзүм оюндан колум бошобой жүрүп, көп деле кыялданган эмесмин. Ойлогонум бир гана спорт болчу. Азыр эстесем кандайдыр бир деңгээлде кыялдарым орундалды. Анткени, бала кезимден спортчу болууну эңсеп, аябай кызыгып жүрчүмүн. Мындан башка жолду тандайм деп ойлонуп көрбөптүрмүн. Бишкектеги Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдик окуу жайына 9-классымда келгем, ошондон бери спортко кызыгуум ого бетер артып, баш отум менен киришип кеттим. "Аганы көрүп ини өсөт" дегендей улуу спортчуларга таасирлендим. Мен үчүн спорт-жашоо, спорт- ырахат.
-Мектепте кандай окугансыз?
- Мектепте орто эле окугам. Жалаң "бешке" окугам деп айта албайм. "Үч", "төрт" аралашып кетчү.
- Жогорку билимдүүсүзбү?
- Чүй университетинин Юридика факультетин бүтүргөм. Кесибим боюнча азырынча иштейин деген оюм жок, дипломду жогорку билимдүү болуш үчүн гана алгам.
- Жашоодогу каршылыктарды, кыйынчылыктарды кандай жол менен жеңе аласыз?
- Жашоодогу кыйынчылыктар, каршылыктар менен күрөшүүгө толук кудуретим жетет. Эң негизгиси эрктүү болуш керек. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн баардык нерсени убагында пайдалана билүү зарыл. Мисалы, мен убакытты текке кетирбегенге аракет кылам.
- Кыйналган учурда сизге ким биринчи жардамга келет?
- Ата-энем, бир туугандарым, досторум. Кыйынчылык башка түшкөн соң башкаларды кыйнай бербей, өзүм жеңгенге аракет кылам. Жашоодо эмнелер гана болбойт. Андай нерселерге моюн сунбайм.
- Деги эле адам болуш үчүн кандай жолду тандаш керек?
- Адам болуш үчүн негизгиси түз жүрүш керек. Жашоонун ансыз да татаал жолунда, адам деген атка татыктуу болуп, башты бийик көтөрүп, адамгерчилик, кичи пейилдүүлүк менен жашаса баардыгы ордунда болот. Жөн эле бул дүйнөгө келип кетпей, мекениңе кызмат кылсаң, бул дагы адамдыктын бир жолу. Билбейм ким кандай түшүнөт, жеке оюм ушундай.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт. Спорттон сырткары колуңуздан дагы эмнелер келет?
- Спорттон сырткары, элдер менен пикир алышып сүйлөшкөндү аябай жакшы көрөм. "Адам алдыдагы максаты менен жашайт" дегендей кыргыз элинин спортун дүйнөлүк деңгээлге көтөрөм деп аракет кылып жүрөм. Мындан сырткары азырынча сыр кыла турайын. Жүрөгүмдүн тереңинде жашап жүргөн жакшы максатым бар. Кандай болоорун, эмне иштер аткарылаарын убакыт көргөзөт.
- Мал союп, жиликтегенди билесизби?
- Жок, билбейм. Кой союлуп жатканда, аракет кылып, карап көргөн эмесмин. Кичирээк кезимде эле шаарга окуп кетип, үйрөнгөнгө убакыт болбой калды. Мен өзүм кой кайтарып чоңойгон баламын. Үйрөнгөнгө аракет кылышым керек. Анткени, бул ар бир кыргыз жигитинин милдети.
- Ар бир адамда "ички кыйкырык" деген сезим болот эмеспи. Балким адамдарга же кимдир бирөөгө айта албай жүргөн сөздөрүңүз бардыр?
- Менин ички кыйкырыгымда "жан дүйнөмдө жеңишке толгон кубаныч" турат. Канчадан бери күтүп, тилеп келген оюм ишке ашып, бактылуу болуп жүргөн учурум. Мындай кубанычка жеткирген кыргыз элиме, ата-энеме терең ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары, Лондон олимпиадасын багындыруу деген максат менен жашап жүрөм.
- Кепти спорт жаатына бурсак, килемге чыгаардын алдында кандай сезимдер болот?
- Толкундануулар сөзсүз болот. "Өзүмдү өзүм көзөмөлдөп, кыргыз элинин намысын коргоп, жеңишке жетишем" деген сезимди бекем карманып, оюмду бир жерге топтоп чыгам. Кайсыл спортчу болбосун сөзсүз килемге чыгаарда толкунданып, артындагы элинин намысын ойлоп чыгат болуш керек.
- "Лондон олимпиадасын багынтсам спорттон кетем" дептирсиз, кетсеңиз сизди ким болот деп ишенели?
-Ооба, айткам. Мындай кылам деп алдын ала эч нерсе деп айта албайм. Азырынча айтпай турайын, жогоруда айтып кетпедимби, жүрөгүмдүн тереңинде жашаган жакшы оюм бар деп. Биринчи Лондон олимпиадасын багындырсам, анан өлкөнүн ар бир районуна спорт залдары курулса, өсүп келе жаткан жаш муундарды спорт жаатында жөн эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде тарбиялап чыгарсам деп аракет кылып жүрөм. Аз болсо да өлкөнүн өсүшүнө салымымды кошсом деген тилегим бар.
- Ар бир мырза кыялында келечектеги келинчегин элестетет эмеспи. Сиздин кыялыңыздагы селкини билсек болобу?
- Албетте болот. Мектепте кайсыл кыз жакшы окуса, же сулуу болсо сүйө бермей адатыбыз бар го. Мен деле ошентип жакшы көрө берчүмүн. Ал эми азыркы учурда, кыргыздын татынакай бир сулуусун карап жүрөм. Келечектеги менин келинчегим боло турган акылдуу, жөнөкөй, сулуу кызды тандап койгом деп айтсам болот. Балким балдарымдын апасы болуп калаар. Маектешкен Баян Кулова




2010-ж.ДЧ. "Алтын топ" Диего Форланга тапшырылды

Германиянын Херцогенаурах шаарында 2010-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын эң мыкты оюнчуларына жеке сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Уругвай курама командасынын чабуулчусу Диего Форлан турнирдин "эң мыкты оюнчусу" катары "Алтын топ" менен сыйланды. Чемпионаттын эң мыкты бомбардири болгон, Германия курама командасынын жарым коргоочусу Томас Мюллер - "Алтын бутсы", ал эми Икер Касильяс (Испания) эң мыкты дарбазачы катары "Алтын мээлей" менен сыйланды. АР


Африка да өз мыктыларын аныктайт

Африка футбол конфедерациясы жылдын мыкты оюнчусуна талапкер негизги үч оюнчунун атын атады. Алар: Дидье Дрогба ("Челси", Кот-д`Ивуар), Самуэль Это`О ("Интер", Камерун) жана Асамоа Гьян ("Сандерленд", Гана). Буга чейин конфедерация беш оюнчунун атын атаган. Алардын катарында жогорудагы үч оюнчу менен кошо Саломон Калу ("Челси", Кот-д'Ивуар) жана Сейду Кейта ("Барселона", Мали) бар эле. Ал эми лауреаттардын аты 20-декабрда Каирде анык болот.


"Шериктештик кубогуна" кимдер катышат

Ошондой эле Москванын "Футбол үйүндө" 2011-жылдын 14-23-январь айында Санкт-Петербургда өтүүчү 19-"Шериктештик кубогуна" катыша турган командалардын тизмеси такталып, алардын группалары аныкталды. Алар:
А группасы. "Интер" (Азербайджан), "Искра-Сталь" (Молдавия), "Истиклол" (Таджикистан), "Нефтчи" К-А (Кыргызстан).
B группасы. "Тобол" (Казахстан), "Сконто" (Латвия), "Мика" (Армения), "Бунедкор" (Өзбекстан).
С группасы. "Зенит" (Россия), "Небитчи" (Түркмөнстан), "Шахтер" С (Белоруссия), "Флора" (Эстония).
D группасы Россия жашт.кур.ком, "Динамо" К (Украина), ХИК (Финляндия), "Экранас" (Литва).






  Клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионат

Финалда "Мазембе" менен "Интер" беттешет
ј финал.
Мазембе" (Конго) - "Пачука" (Мексика) - 1:0
"Соннам" (Корея) - "Аль-Вахда" (БАЭ) - 4:1
Ѕ финал.
"Мазембе" - "Интернасионал" (Бразилия) - 2:0
"Интер" (Италия) - "Соннам" - 3:0
Абу-Даби. Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Ага ар бир континенттин клубдар арасындагы чемпиондору катышууда. Мурда бул турнир мурда "Тойото кубогу" деп аталып, жыл сайын Токиодо өтчү. Анда Түштүк Америкадагы Либертадорес кубогунун жеңүүчүсү менен Европанын Суперкубогун уткан команда беттешчү. Кийинки жылдары бул турнир клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионатка айланып, Абу-Дабиде өтүп жатат.
Өткөн жумада клубдар арасында дүйнөлүк чемпионаттын ј финалында Африка континентинин чемпиону "Мазембе" (Конго) Түндүк Америкадан келген Мексиканын "Пачука" клубун 1:0 эсебинде, ал эми Азиянын клубдар арасындагы чемпиону "Соннам" (Түштүк Корея) үй ээси "Аль-Вахданы" (БАЭ) - 4:1 эсебинде жеңип жарым финалга чыгышкан. Аларды жарым финалда Түштүк Америка менен Европанын командалары тосуп алды.
Шейшемби күнү өткөн биринчи жарым финалда "Мазембе" Бразилиянын "Интернасионалы" менен беттешип, оюн 2:0 эсебинде африкалыктардын жеңиши менена аяктады. Ооба, футбол оюнунда эч ким тең келбейт деген бразилиялыктар утулуп калышты. Мүмкүн, атактуу бразлиялыктар африкалыктарды жөн эле утабыз дешкендир?.. Бирок футбол оюнунун бүткүл дүйнөдө өнүгүп Кот-д`Ивуар, Камерун, Гана, Нигерия сыяктуу күчтүү курама командалардын пайда болгондугун эске алсак, анда африкалыктардын жеңиши эч кандай деле жаңылык эмес. Ал эми Бразилиядан жыл сайын миңге жакын таланттуу, мыкты оюнчулардын Европа жана башка континенттерге келип ойноп жатышы өлкөдө клубдардын начарлап калышына себеп болбой койбойт. Ал эми экинчи жарым финалда Италиянын "Интернационалы" да Кореянын "Соннамын" 3:0 эсебинде жеңип, 18-декабрдагы финалдык оюнда африкалык "Мазембе" менен беттешет. Ошентип, көпчүлүк күйөрмандар күткөн финалдагы эки "Интернационалдын" оюну болбой калды. Айтмакчы, бразилиялыктар бул турнирди эки жолу жеңип, 2005-жылы "Сан-Паулу", ал эми 2006-жылы ушул "Интернасионал" чемпион болгон.