Ырчы Кубаныч Сатаев:
"Мен ырчы эмес сүрөтчү болууну каалагам"
Кыргыз элине таанымал, бирок арабыздан эрте кеткен мукам үндүү, керемет ырчы Чубак Сатаевдин тун уулу Кубаныч да ата жолун жолдоп ырчылык менен алектенип жүрөт. Арадан көп убакыт өтсө да маркумдун ырлары унутулбастан жергебизде дагы да ырдалып келет. Буга анын баласынын да кошкон салымы чоң. Кубанычтын балалык чагы, учурда эмне менен алектенүүдө аны менен катар чыгармачылыгында кандай өзгөрүүлөрдүн болуп жатканын билүү максатында аны менен маек курдук.

- Кубаныч мырза, учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Азыркы учурда жаңы конуштардын биринен ак өргөө алганбыз. Жаңы үйдүн жаңы түйшүгү менен алек болуудамын. Андан тышкары жаңы жылдык көрсөтүүлөргө да кызуу даярданып жатам. Коомдук телеканалдын ошондой берүүлөрүндө ар бир ырчы өзүнүн номерин аткармакчы. Баарыбыз билгендей жаңы жыл күнү үйдө болот эмеспизби. Ошол учурда жаңы жылдык концертти кечки саат 9дан баштап таңкы 5ке чейин беришет. Ал күнү элге кубаныч, шаңдуу маанай тартуулайлы деген ниеттебиз.
- Ал эми чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Чыгармачылыгым акырындык менен алга жылууда. Ырларыбызга жаңыча тема, жаңы мазмун табалы деп аракеттенүүдөмүн. Андан бир топ өзгөрүүлөрдү жаратайын деген ниеттемин. Ал эми учурда эки ыр даярдоонун түйшүгүндөмүн. Улуу муундар темасына кайрылып, Табылды Актановдун калемине таандык "Карыларым" деген чыгармасы. Анын темасы мага абдан жакты. Болгону аны аранжировкалоо гана керек. Андан тышкары атамдын аккордеон менен ырдалган эски жана популярдуу "Ак бата" деген ыры да бар. Биздин эстрада жанрыбызда мындай чыгарма жок. Ошол себептен мен аны жаңылап, шөкөттөгүм келди. Азыркы кыргыз эстрадасына кандайдыр бир маанилүү из калтырсын деген ниетим бар. Анын ичине айкөл Манасты, аны менен катар Манас айткан жерлерин, ушундай бир башкача кылып иштесемби деген оюм бар.

"Ак бата" кайра жаңырат
- "Ак бата" мааниси жана мазмуну төп келишкен мыкты ыр, аны эстрадалаштыруу менен бузуп алуу коркунучуна туш болбойсузбу?
- Артык кылам деп тыртык кылгым келбейт. Антип бир тобу эптеп эле ыр болсо болду деп популярдуулукка илинип калуу үчүн ушундай иштерди жасап жатпайбы. Ошол ырда Манас, Бакай, Кошой, Чолпонбай, Чыңгызды кошуп ырдаган жери бар. Аны менен гана чектелип калбастан кыргыздын каада-салттарын кошуп ырдаган. Ошол себептен айкөл бабам Манасты кошуп ырдоо, ырдын темасына да туура келип жатат.
- Бир аз атаңыздан кеп салсак, маркум Чубак Сатаев узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына чейин жетип, таанымал болуп турган кезде, кошуна келин-кыздардын баары анын ырларын гана ырдашар эле. Анын белгилүү ырларын сиз кайрадан шөкөттөп, жаңылап жатасыз. Атаңыздын чыгармалары бара-бара унутулуп калбашы үчүн эмне кылайын деген оюңуз бар?
- Эми көп эле нерселер болду. Атамдын көзү өткөндөн кийин, бир гана мен эмес, көпчүлүк ырчылар, анын чыгармаларын кайрадан эл алдына алып чыгышты. Мисалы, байкем Кушчубек Сатаев да ырдап аны менен катар концерттерди да коюп жүрдү. Андан кийин мен чыктым. Көпчүлүккө белгилүү Жылдыз Тутуева деген эжекебиз, "Эки тал", Султан Садыралиев "Кан досумдан айрылууну" аткарып, андан тышкары да "Энекем" деген ырын ырдап жүрөт. Мирбек Иманбеков "Сыйлай жүр", Замир Сабитакунов деген досум, "Курбуларды" аткарууда. Атамдын эмгеги жерде калбай, элдин жүрөгүнө абдан сиңген экен ушул убакка чейин анын чыгармаларын бир гана мен эмес, таланттуу ырчылар да аткарып жүрүшөт. Бул мен үчүн табылгыс сыймык. Атамдын эмгегин дагы да жерине жеткире аткарууну максат кылып келем. Атамдын баскан жолу, артына калтырган мурасы бар экендигине кубанычтамын. Элге жакшы мамилеси болгондугун мен ушундан кийин терең түшүндүм. Анын кадыр-баркы узун элдин учуна өткөндүгү мени сыймыктандырат. Атамды унутпай ушул убакка чейин эскерип жүрүшкөн калкыма ыраазымын. Жакшы адамдын көзү өтсө да анын артында жакшы сөз, эскерүү, мурастары калды. Анын үстүнө мекени Талас шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине ысымы ыйгарылды. Аны менен гана чектелбестен атамдын туулуп өскөн мекени Боо-Терек айылынын чоң көчөсүнө да аты берилди. Андан тышкары Маданият үйү жана стадионго да аты ыйгарылган. Атамдын көзү өтсө да эл эмгектен эскерип анын атын түбөлүккө унуткарбай жаткандыгына кубанычтамын жана ыраазымын.
- Сизди башкалар аз ырдайт дебейби?
- Жок андай эмес. Башкалар айтат окшойт, ырдабайт деп, жок. Атамдын ыры жөнөкөй эле чыгармалардан эмес. Ошол себептен анын мыкты ырларын аткаруу да оңой иш эмес. Бирок ырдайт десе эле, биринин артынан бирин чыгаруу туура эмес. Анда мааниси, сапаты бузулуп калышы ыктымал. Бирөөнү алып чыксаң да майын чыгара аткарсаң, ошол жетиштүү. Андан тышкары аны даярдоо бир топ түйшүктүү. Анын аранжировкасы, үн жаздыруу деген сыяктуу толгон-токой иштери бар. Ага да убакыт жана акча каражаты керек. Ошондуктан аз бирок, саз ырдайм. Кээ бир ырчылардай болуп, чет элдикин алып, бурмалай коюп, меники деп аткара албайм. Ар бир чыгарманы алып чыгууда, даяр боюнча ырдоо бул туура эмес. Аз да болсо ар биринде жоопкерчилик болуш керек деп ойлойм. Ошондо гана артыңда туяк калгандай, түбөлүккө сакталчу мурас калат.

Сүрдөө... Ак калпак...
- Алгачкы ырдап чыккан ырыңыз туурасында айтып берсеңиз?
- Эң биринчи жолу баш калаабыздагы цирктин имаратында аккордеон менен ак калпак кийип атамдын "Энекем" деген чыгармасын аткаргам. Бул ыр менин жашыма жана имиджиме туура келгендерден болчу. Алгач чыкканда элдин сүрүнө кабылып, сүрдөгөнүм ушунчалык, саламдашуу учурунда "Саламатсыздарбы, урматтуу телекөрүүчүлөр" деп жаңылыш сүйлөп алгам. Ак калпакты ар дайым башымдан түшүрчү эмесмин. Азыр ойлоп көрсөм мектепте бир гана мен ак калпак кийген экенмин. Чоң энем да менин ар дайым калпакчан жүрүүмдү жактырчу. Бирок бул абалыма сыймыктангандын ордуна, тескерисинче, баары күлүп, шылдыңдашчу. Учурда унаа айдап жүргөндүктөн калпак кийип жүрүү ыңгайсыз болуп жатат. Себеби, калпак машинага тийип бырышып-тырышып калат, же башыңдан түшө берет. Бирок аны ар дайым кие албасам да машинамда сөзсүз түрдө бар. Калп айткан менен болобу патриот жаштар бизде саналуу гана. Аны бизде мончого кийгендей көрүшөт. Ал эми башка улуттарды карап көргүлөчү, алар өздөрүнүн улуттук кийимдерин абдан баалашат. Мисалы, өзбектерди алалы. Алардын допусу баштарынан түшпөйт. Бизде болсо тескерисинче болуп жатат.
- Бала кезден эле ырчы болом деген тилегиңиз болгон беле же башка кесипти кааладыңызбы?
- Мен кичине кезде эле ырга жакын болчумун. Ага шыгым бар болчу десем да болот. Бирок ырчы болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Себеби, бала кезде сүрөтчүлүктү абдан каалап, сүрөт ийримине катышып жүрчүмүн. Анда мен сүрөттү да, жазууну да сол колум менен жазып, тартчумун. Сүрөт тартып жаткан учурда эмнегедир колум тез эле талып калчу. Анын кесепетинен агайымдан оңдуу кеп уга албай, кружокко барууну токтоттум. Оператор болууну эңсеп, Искусство институтунун кинооператор жаатына тапшыргам. Бирок, кийинчерээк шык ойгондубу, айтор, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына кайрадан тапшырдым. Өзүм ыр жазып, обон чыгарам. Чыгармаларымдын 80 пайызы мага тийиштүү. Ал эми кээ бирин акындардан алгам.
- Бала кездеги тентектик учуруңузду эстеп көрөсүзбү?
- Эркеликтин айынан тентектиктерди жасагам. Балдар менен мушташып эже-агайлардан тил уккан күндөрүм эсте. Шоктугум ушунчалык эле, бирөөнүн мурдун каната койгон учурларым көп кездешкен. Балдар мушташканда оң колу менен муштаса мен сол колум менен муштачумун. Бирок, тентектик да бара-бара артта калды. Кийинчерээк токтолуп калдым. Себеби, атамдын көзү өтүп кеткенден кийин үйдүн улуусу катары жоопкерчилик пайда болду. Жоопкерчиликти моюнга алуу абдан татаал экен. Айылдагы өрүк, алмаларды сатып, андан түшкөн каражатка керектүү оокаттарды алчумун. Ал учурда жаңыдан чыгып жаткан "Стиморол", "Сникерс", "Дирол" деген сагыз жана таттууларды сатып алып, айылга алып келип кайра сатып акча тапчубуз. Мен ал учурда тогузунчу класста элем.

Жеке турмуш... Жан багуу...
- Кээде көңүл чөгүп, капа болгон учуруңузда өзүңүздү кантип алаксытасыз?
- Мурда көңүлүм чөгүп турган учурда колума акордеонду алып калчумун. Бирок кийинки учурда мындай абалга туш болсом, досторум менен жолугам, андан тышкары алар менен чогуу биллярд ойноп көңүлүмдү көтөрүүгө аракет кылам.
- Көпчүлүк ырчылар мончого барууну каалашат экен. Сиз да барасызбы жана мончо эмнеси менен жагат?
- Ооба барам. Мончонун ден соолукка пайдалуу жактары көп эмеспи. Ошол себептен жумасына бир жолу барып турам. Буудан чыккандан кийин досторум менен чогуу максым, шоро ичкен жагат. Кээде мончо ооруну, чарчаганды ж.б. жаман нерселерден алдын алууга жана арылууга жардам берет. Ошондуктан анын дарылык касиетине ишенем.
- Үй-бүлөңүздү багууда жеңилдик кылган жагдай кайсы? Аш-тойбу же концерттерден түшкөн каражатпы?
- Үй-бүлөмдү аш-тойдун жардамы менен багып жатам. Анда бир гана Кыргызстан менен чектелип калбастан, Казакстандын Алматы шаарына чакыруу болгон учурда барып турабыз. Ал эми ырчылыктан көп деле пайда таба албайсың.
- Үй-бүлөңүздөн кеп козгоп берсеңиз?
- Келинчегимдин аты-жөнү-Кундуз Авашова. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Саламат Садыкова эжеңиздердин кызы. Ар дайым мага жардам берет. Чачымдын да жасалгасынан бери жасап берет. Ортобузда Алишах аттуу уулубуз бар. Баламдын кубанычын көрүп, анын өмүрүн тилеп, ыраазы болуп жүрөм. Бактылуумун. Анткени, келинчегим мени колдойт жана баа берет. Ал-түшүнүктүү жан.
- Келинчегиңиз түшүнүктүү жан экен. Бирок ашыкча кеткен күйөрман кыздарыңызга карата кандай пикирде?
- Кундуз андай нерселерди туура түшүнөт. Чыр чыгаруудан алыс. Себеби, ал чыгармачылык чөйрөдө чоңойгон. Чыгармачыл адамдардын көйгөйлөрүн эң жакшы билет. Ошол себептен андай нерселерди ал туура кабыл алат. Мен да жаш бала сыңары үй-бүлөмдүн бузулушуна жол бере тургандардан эмесмин. Кээде күйөрман кыздарым чалып калат. Чалганда эмнени айтышмак эле, "Сиз менен таанышалы дедик эле, ырларыңызды жакшы көрөбүз" деген сыяктуу сөздөр. Анан телефондон чалбагыла деп койсом, кайра чалбай калышат. Андан эң негизгиси, эмоцияга алдырбаш керек. Себеби, андан сенин нервиң бузулат, андан сырткары үй-бүлөңдөн да ажырап калышың мүмкүн. МАЕКТЕШКЕН САМАРА КАБЫЛБЕКОВА