Президент Р.Отунбаева XVI Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды
Роза Отунбаева Өзгөчө, грек-рим күрөшүндө XVI Азия оюндарынын алтын медалын жеңип алган Данияр Көбөновго, күмүш медалга ээ болгон Каныбек Жолчубеков менен коло медалдын ээси Жанарбек Кенжеевге, велоспорт жана кайыкта сүзүүдө күмүш медалды жеңген Евгений Ваккер менен Александр Паролго ыраазычылык билдирди.
СҮРӨТ:
СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

КРнын президенти Роза Отунбаева өкмөт үйүндө XVI Азия оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрүн кабыл алды.

ТАБЫЛДЫ АСЫГАЛИЕВ

Чемпиондорду куттуктоо сөзүндө Р.Отунбаева биздин спортсмендерибиз өлкөдө болуп жаткан ар кандай саясий-экономикалык кыйынчылыктарга карабай мыкты даярдыктарын жана чеберчиликтерин көрсөтүшүп чоң жеңишке жетишкендигин белгиледи. Өзгөчө, грек-рим күрөшүндө XVI Азия оюндарынын алтын медалын жеңип алган Данияр Көбөновду, күмүш медалга ээ болгон Каныбек Жолчубеков менен коло медалдын ээси Жанарбек Кенжеевди, велоспорт жана кайыкта сүзүүдө күмүш медалды жеңген Евгений Ваккер менен Александр Паролго чоң ыраазычылык билдирип, өлкө жетекчилери мындан ары да спортко колдон келишинче көңүл буруп, материалдык-техникалык базаларды жаңыртууга жана спортсмендерге жардам бере тургандыгын айтты. Акырында мамлекет жетекчиси мурда убада кылган сыйлыктарын тапшырып:
XVI Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновго 15 миң $ (АКШ) жана үч бөлмөлүү квартира белекке тартуулады.
XVI Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болушкан Каныбек Жолчубеков менен Евгений Ваккер 10 миң $.
XVI Азия оюндарынын коло медалдын жеңүүчүлөрү Жанарбек Кенжеев менен Александр Пороль 5 миң $ менен сыйланышты.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов да жеңүүчүлөр гана эмес Кыргызстан курама командасынын машыктыруучуларын да акчалай жана баалуу белектер менен сыйлады.





  Оюндар жазында уланат

Группалык оюндар
А группасы
Твенте - Тоттенхэм 3:3
Вердер - Интер 3:0
1. ТОТТЕНХЭМ 6 3 2 1 18-11 11
2. ИНТЕР 6 3 1 2 12-11 10
3. Твенте 6 1 3 2 9-11 6
4. Вердер 6 1 2 3 6-12 5

Группа В
Лион - Хапоэль Т-А 2:2
Бенфика - Шальке 1:2
1. ШАЛЬКЕ 6 4 1 1 10-3 13
2. ЛИОН 6 3 1 2 11-10 10
3. Бенфика 6 2 0 4 7-12 6
4. Хапоэль Т-А 6 1 2 3 7-10 5

С группасы
МЮ - Валенсия 1:1
Бурсаспор - Рейнджерс 1:1
1. МАНЧЕСТЕР ЮН. 6 4 2 0 7-1 14
2. ВАЛЕНСИЯ 6 3 2 1 15-4 11
3. Рейнджерс 6 1 3 2 3-6 6
4. Бурсаспор 6 0 1 5 2-16 1

D группасы
Барселона - Рубин 2:0
Копенгаген - Панатинаикос 3:1
1. БАРСЕЛОНА 6 4 2 0 14-3 14
2. КОПЕНГАГЕН 6 3 1 2 7-5 10
3. Рубин 6 1 3 2 2-4 6
4. Панатинаикос 6 0 2 4 2-13 2

E группасы
Бавария - Базель 3:0
ЧФР - Рома 1:1
1. БАВАРИЯ 6 5 0 1 16-6 15
2. РОМА 6 3 1 2 10-11 10
3. Базель 6 2 0 4 8-11 6
4. ЧФР 6 1 1 4 6-12 4

F группасы
Марсель - Челси 1:0
Жилина - Спартак 1:2
1. ЧЕЛСИ 6 5 0 1 14-4 15
2. МАРСЕЛЬ 6 4 0 2 12-3 12
3. Спартак 6 3 0 3 7-10 9
4. Жилина 6 0 0 6 3-19 0

G группасы
Реал - Осер 4:0
Милан - Аякс 0:2
1. РЕАЛ 6 5 1 0 15-2 16
2. МИЛАН 6 2 2 2 7-7 8
3. Аякс 6 2 1 3 6-10 7
4. Осер 6 1 0 5 3-12 3

Н группасы
Шахтер - Брага 2:0
Арсенал - Партизан 3:1
1. ШАХТЕР 6 5 0 1 12-6 15
2. АРСЕНАЛ 6 4 0 2 18-7 12
3. Брага 6 3 0 3 5-11 9
4. Партизан 6 0 0 6 1-12 0


Ошентип, чемпиондор лигасынын биринчи, группалык оюндары аяктап, жаз айынан баштап 1/8 финал, же плей-офф оюндары өтөт. Плей-офф оюндарына "Тоттенхэм", "Интер", "Шальке", "Лион", "МЮ", "Валенсия", "Барселона", "Копенгаген" командалары чыгышты. Эмесе, биринчи группалык мелдештеги акыркы оюндар тууралуу кыскача айта кетели.
А группасында Лондондун "Тоттенхэми" менен Миландын "Интери" эки жума мурда эле плей-оффту камсыз кылышкан. Андыктан бул жумадагы оюндардын жыйынтыгы аларды анча деле кызыктырган жок. Ал эми "Твенте" менен "Вердер" Европа лигасына жолдомо берүүчү үчүнчү орунду талашып, ал голландиялыктарга буйруду. Голландияда өткөн "Твенте" менен "Тоттенхэмдин" ортосундагы оюнда командалар алмак-салмак гол киргизип олтуруп акыры ал 3:3 эсебинде аяктады. Россиялык Роман Павлюченко бул оюнда 73-мүнөткө чейин ойноп, бирок гол киргизген жок. Ал эми Германиянын "Вердери" "Интерди" чоң эсеп менен утканы менен баары бир акыркы орунда калды. Эгерде "Интер" утса анда алар группада биринчи орунга чыгышмак.
В группасында да 1/8 финалга чыгуучу эки команда мурда эле анык болгон. Бирок биз ал группада германиялык "Шалькенин" плей-оффко биринчи орунда чыгышын белгилей кетели.
Ошондой эле көрүнүш С группасында да болду. Ал группада Англия менен Испаниянын командалары шотландиялык жана түркиялык командалардан бир топ эле күчтүү экени көрүнүп турат.
Бул жумада сөзгө алынган "Барселона" болду. "Д" группасында испандыктар мурда эле биринчи орунду камсыз кылышкан. Ошондуктан "Рубин" менен болгон оюнда Хосеп Гвардиола өзүнүн Хави, Иньеста, Месси, Вилья сыяктуу негизи оюнчуларын эс алдырып талаага Фонтас, Жеффрен, Кркич, Адриану, Хонатан Дос Сантос сыяктуу жаш оюнчуларын чыгарды. Ал эми "Рубинге" сөзсүз утуш керек эле (эгерде "Копенгаген" өз үйүндө "Панатинаикоско" утулса, татарлар Европа лигасына жолдомо алышмак). Бирок баары бир каталондуктар күчтүү экен. Адегенде Курбан Бердиевдин командасы күчтүү атаандашына кичине болсо да кыр көрсөтүмүш болду. Анан экинчи таймдын жарымында күйөрмандар оюнга кошулган Мессини дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып, анын талантына, чеберчилигине моокумдары канды. Күйөрмандарды эсеп кызыктырган жок. Ал эми оюн 2:0 эсебинде аяктаган ("Барселона" "Рубин" менен былтыртан бери үч оюн ойноп, бир да жолу ута элек болчу).
Е, F группаларында да бардыгы өз ордун табышкан. "Баварияда" акыркы оюндарда украиналык Тимощук негизги оюнчу болуп гол да киргизе баштады. Бирок россиялык "Спартактын" фанаттары Словакияга барып "Жилинанын" стадионунда оюн башталары менен эле футбол көрбөй жаңжал чыгарышып, от, петардаларды күйгүзүп, отургучтарды өрттөшкөн. ... Көрсө, Москвада бир фанат бирөөлөр менен атышып, өлгөн экен. Анан фанаттар тынч жаткан Словакияга келип өч алышыптыр?!. Оюн жыйырма мүнөткө токтоп, араң дегенде уланган. Орустар футбол ойногонду, футбол көргөндү билишпесе, анан эмне кылышат. "Атың чыкпаса, жер өрттө" деген ошо да.
G группасында да "Реал" менен "Милан" мурда эле биринчи, экинчи орунду камсыз кылышкан. Тек гана "Реал" - "Осер" оюнунда испандык клубда ойногон франциялык Бенземанын өзүнүн жердештерине үч гол (хет-трик) киргизгенин белгилей кетели. Дагы бир голду Криштиану Роналду киргизди.
Ал эми акыркы Н группасында Лондондун "Арсеналы" группада биринчи үч оюнду утуп, биринчи орунда келаткан. Анан кийинки эки оюнда "Шахтер" (1:2) менен "Брагага" (0:2) утулуп калып, плей-оффту акыркы турда гана камсыз кылды. Ошентип, чемпиондор лигасы жазга чейин эс алууга кетти. Ал эми группаларда үчүнчү орунду ээлеген командалар Европа лигасында ойношот.

"Барселонанын" үч оюнчусу - испаниялык Хави менен Аднреас Иньеста жана аргентиналык Лионель Месси "Алтын топко" негизги талапкерлер экендиги анык болду.

"Алтын топ" "Барселонага" кетет

"Барселонанын" үч оюнчусу - испаниялык Хави менен Аднреас Иньеста жана аргентиналык Лионель Месси "Алтын топко" негизги талапкерлер экендиги анык болду. Ал эми жылдын эң мыкты оюнчусуна татыктуу дагы бир оюнчу, голландиялык Весли Снайдер ("Интер") үч талапкердин арасына кирбей (күтүлбөгөн окуя катары каралууда) калды. Ошентип, "Алтын топ" "Барселонага" кетмек болду.
Бул мен үчүн таң калыштуу. Кантип ушундай болсун, мен А сериясын (Италия чемпионаты), Италия кубогун жана чемпиондор лигасынын уттум. Ошондой эле мен Түштүк Африкадагы дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду ээлеп, анда мыкты бомбардирлердин бири болдум. Эми менин жакында өтүүчү клубдар арасындагы дүйнөлүк чемпионатты да жеңип алуу мүмкүнчүлүгүм бар",-дейт Снайдер "De Telegraafка" берген интервьюсунда.
Ал эми жылдын мыкты тренери деген наам Испания курама командасынын башкы тренери Висенте Дель Боске, "Реалдын" азыркы машыктыруучусу португалиялык Жозе Моуриньо (2009-10-сезондо "Интер" менен чемпиондор лигасын уткан) жана анын "Барселонадагы" коллегасы Хосеп Гвардиола үчөөнүн бирине ыйгарылат.
France Footballдун баалуу сыйлыгына бир клубдан үч оюнчу талапкер чанда чыгат. Акыркы жолу мындай окуя 1989-жылы болгон. Анда бул байгенин ээси ошол учурдагы эң күчтүү "Миландын" үч оюнчусу - ван Бастен, Барези жана Райкаарддын ортосунда чечилген.
Испанияда 2010-жылкы "Алтын топту" Иньеста алат деп ишеничтүү айтып жатышууда. Хави - экинчи орунга чыгып, ал эми былтыркы жылдын эң мыкты оюнчусу Месси быйыл үчүнчү орунга жылат дешет.
Айтмакчы, "Барселонанын" оюнчуларынын быйылкы жеңиши кийинки жылы "Алтын топту" эки жолу үч оюнчусу менен уткан (эки хет-трик) "Миланды" кууп жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
"Алтын топко" номинанттардын аттары курама командалардын машыктыруучулары менен капитандарынын жана журналисттердин добуштары аркылуу аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн аттары 10-январда аталат. Reuters