Ош: Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чукул чаралар көрүлүүдө
НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА ОШ

Апта башында кечке жуук күч түзүмдөрүнүн Ош шаарындагы Мажүрүм тал көчөсүндөгү үйдө террористик иштерге катыштыгы бар деп шектелген куралчан адамдарды кармоо операциясы калаа тургундарын бир топ дүрбөлөңгө салды. Окуя автобекет жана борбордук базардын жанында болгондуктан соодагерлер күркөлөрүн таштай качышты. Калаа ичинде автотыгын пайда болуп, жол кыймылы кыйындады. Заматта эл арасында улуттар аралык кагылышуу башталды деген такталбаган маалымат тарап, жаалданган жаштар "Тико" автомашинасын өрттөп жибергенге да үлгүргөн.
Террорчулар жок кылынган аймак толугу менен курчоого алынып, тазалоо иштери соңуна чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан үйдү тазалоо иштери соңуна чыгарылып, натыйжада ок-дарылары менен Макаров үлгүсүндөгү эки тапанча, эки Калашников автоматы жана бир граната, бир колго жасалган жарылуучу зат табылган. Ошол жерде граната менен жарылуучу зат зыянсыздандырылган.
Ушул тапта шаар ичинде эл көп чогулган жайларда, базарларда милиция кызматкерлери күзөттө турушат.
Элди дүрбөлөңгө түшүп, ушак кептерге ишенбөөгө чакырган укук коргоо кызматкерлери куралдуу согушкерлерди кармоо үчүн мындай ыкчам иш чаралар дагы болорун эскертүүдө. "Кандайдыр бир деструктивдүү күчтөр элди дүрбөлөңгө салбашы үчүн, биз жан кечтилерди дагы жок кылышыбыз ыктымал. Атайын ыкчам аракеттер дагы жүргүзүлөт. Ошондуктан, мындай учурда элди түрдүү ушак-айыңдарга ишенбей, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам", - дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Фуркат Үсөнов.
Мындан сырткары кайсы бир жерде шектенүү пайда боло турган болсо, тезинен укук коргоо органына маалымдоосун айтышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Памир Асанов бул үчүн 102 телефонунун алты каналдуу кабыл алуусу иштерин, ага бардык уюлдук телефондордон акысыз чалууга боло тургандыгын маалымдады.

Июнь окуясынын уландысыбы?
Айрымдар муну июнь окуясынын уландысы катары карап, өлкөнү туруксуздукка алып келүүгө максатталган аракет деп баалоодо. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев "Мунун артында массалык кагылышууларды жарата турган аракет турат. Ошонун ичинде улуттар аралык кагылышууну тутандыруучу мүнөзгө ээ болгон. Бул болсо Кыргызстанга каршы багытталган эл аралык террористтик уюмдардын катыштыгы бар белгилүү деструктивдүү күчтөрдүн иш аракети менен даярдалган", - дейт.
Жок кылынган согушкерлерге террористтик кыймылдардын мүчөлөрү деген мүнөздөмө берилип, бул куралдуу топ сырттан атайын даярдыктан өтүп келгендиги айтылууда. "Табылган граната, жардыргыч заттар бул адамдардын террористтик уюмдарга түздөн-түз катышы бар экенин айгинелеп турат. Биздин кызматкерлерге биринчи ок аткан, куралдуу каршылык көрсөткөн ушул аймактын имамы болгон. Бул жерде террористтик гана эмес, диний-экстремисттик уюмдарга да катышы бар экенин көрсөтөт", - деп кошумчалады өлкөнүн башкы чекисти.

Сактыкта кордук жок
Шаардык бийлик террордук актылардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында чукул чараларды көрө баштады. Элди ызы-чууга алдырбай, сабырдуулукка чакырып, такталбаган ушак-айыңдарга ишенбөөгө үндөп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал ортодо шаардагы орто мектеп, жогорку окуу жай, маданий иш чаралар өтүүчү объектилерде маданий массалык иштерди убактылуу өткөрбөөгө, базар, соода түйүндөрүндө жардыргыч заттарды сатууга жана колдонууга тыюу салынды. Калаадагы бардык мекеме-ишканаларда күнү-түнү нөөмөтчүлүк уюштурулуп, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Ушул тапта Ош шаарына кирүүчү жолдордун бардыгына куралчан милициялар жана аскерлер коюлуп, паспорттук көзөмөл киргизилди. Шаар аймагындагы жети блокпост күчөтүлгөн тартипте иштеп, курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды ташып кирүүнү болтурбоо үчүн автоунаалар токтотулуп, текшерүүдөн өтүп жатат.

Дин тынчтыкты каалайт, а имамдарчы?
Өзгөчө жай айындагы окуядан соң коомчулук тарабынан дин кызматкерлерине, анын ичинде мечиттердин имамдарына карата бир топ сын пикир, даттануулар айтылып келет. Июндагы тополоңдун алгачкы учкуну айрым мечиттерде азан чакырылып, салюттардын атылышы менен башталганы элдин эсинен кете элек. Оштогу болгон атайын операцияда да курал-жарак катылган үй Мажүрүм тал мечитинин имамы Фархат Нурматовго таандык болуп чыкты.
Ошол себептүү мечиттердеги имамдардын ишмердүүлүгүн текшерип, тазалоо сунуштары айтылууда. Ош шаарынын вице-мэри А.Жолдошалиев казылар имамдарын башкарууга күчү жетпей жаткандыгын сынга алып, "Июндагы тополоңду уюштурду делген имамдар качып жүрөт. Аларга эч кандай чара көрүлгөн жок. Алар таза, талапка ылайык иштегенде мындай окуялар болуп кетпейт эле", - деген оюн билдирди.
Өлкөнүн дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүктөгү орун басары Убайдулла Сарыбаев чындыгында кайсы бир мечиттин имамын иштен алгандан көрө район жетекчисин иштен алуу оңой деп белгиледи. "Мечиттердеги имамдардын тааныш-билиштиги абдан тамырлашып кеткен. Бирөөсүн эле иштен алайын десең, туш тараптан телефон чалуулар болуп, бут тосуп жатат", - дейт. Ал эми Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматов шаардагы бир нече мечиттерден имамдары жакында иштен алынат деп ишендирди.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы автобекетке жакын аймактагы үйлөрдүн бириндеги операция маалында куралдык каршылык көрсөткөн үч адам жок кылынып, өзүн жардырып жиберген ошол аймактагы мечиттин имамы Фаркат Нурматов болгон.




Оштогу дүрбөлөң - жакшылыктын башаты
Нуржигит Кадырбеков

Оштогу окуя болгон Мажүрүм тал кварталы тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Тегерегинде шаардык борбордук автовокзал, "Келечек" базары, "Новаи" паркы жана борбордук базар жайланышкандыктан, ар дайым кыймыл шакардай кайнап, адамдар жык-жыйма болот. Атылган мылтыктардын үнүн уккан ошол көпчүлүк маселенин чоо-жайын түшүнбөй эле, жамандыкка жоруп үрөйлөрү учуп, соода түйүндөрүн шашылыш жаап, жумуштарын таштап, үй-үйлөрүнө жана коопсуз жактарга качып, миңдеген адамдардын жана унаалардын баш аламан кыймылынан чаң асманга сапырылып, айлана кымгуут болуп, ызы-чуу түшүп жатып калды. Бул маалымат чөнтөк телефондор аркылуу заматта шаардын бардык булуң-бурчтарына жетет. "Саманкананы өрт алыптыр" дегенди "Самаркандды өрт алыптыр" деп жеткиргендер чекеден чыгат. Бузук телефондун башында турган бирөөлөрү сөөгү жок тилдери менен "Келечек" базарын жардырып жиберишсе, экинчилери чоң базарда адамдарды атыштырып, үчүнчүлөрү шаардын Батыш кичи районунда улуттар аралык чоң жаңжал чыкканын кабарлап тааныш-тамырларына телефон чалууга үлгүрүшөт. Ал тургай мончодо жуунуп жаткандарга да кирип барышып "тезирээк чыгып кеткиле, уруш дагы башталды" деп эскерткендер болгон. Мектептеги окуучулар, окуу жайлардагы студенттер сабактарын бүтүрбөстөн шашып-бушуп үйлөрүнө жөнөшсө, алардан кабатыр болуп издеп чыккан ата-энелер андан көп. Ал аңгыча чөнтөк телефондордогу байланыш дагы толук үзүлүп калды. Көчөгө чыксам, адамдардын бардыгы агылып бир тарапка качып, сигнал берген унаалардын көптүгүнөн кулак тунат. Кыргызы деле, өзбеги деле аралашып, кара жандын камын ойлоп, корккон жүздөрү кубарып, кайдадыр шашып жүрүшөт. Эң аянычтуусу, балдарын жетелеген байкуш эне-аталардын көздөрүнөн "мен эмне болсом да, балам сак, аман болсо экен" деген санаркоону окууга болот эле. Таягын таянып, араң басып жүргөн кары-картаңдардын аксап-тексегенин эсинен чыгаргансып, аман калыш үчүн аласалып алга чуркагандарын көрдүк. Гүл сатып жаткан аялдар эми эле кызыган базарын таштап кача албай, же гүлдөрүн жыйнаганга батынбай аркы-терки чуркагандарды карап айласы кетип, калтырап турушту. Эң кызыгы, ошол күнү үйлөнүү үлпөтүн белгилеп жаткан жаш жубайлар өздөрү шуулдаган лимузиндерде дасторкондору даярдалып, адамдар чакырылган ресторандарга эмес, түз эле үйлөрүн көздөй шашып кетип жатышты. Канча тойлор, ошентип, үзгүлтүккө учурады. Топтолгон жаш жигиттер менчик жеңил автоунааларды токтотушуп, аялдамаларга жык толгон элди чекеден салып узатып жатышты. Алар кыргыз же өзбек деп бөлбөстөн баарына тегиз жардам ыроолоп атышты. Канча айдоочулардын санаага батып турган аламанды кыя өтпөй, токтотуп барар багыты бирлерди кошо алып кеткендирине күбө болдум. Ошентип, кадимки эле үркүн болуп, эл катуу дүрбөдү.
Өзүмдү канча токтоо кармасам да, алда эмне болуп кеткенине акылым жетпей, эч кимден так маалымат ала албай убара болдум. Кооптонуп сыртка чыккан коңшу-колоңдорду топтоп, кандай күн болсо да кызуулукка алдырбай, коркпой кыргыз, өзбек, орус, татар дебей бирге туруп, буюрган сыноону көтөрүүнү макулдаштык. Айрымдары Оштогу жагдай тууралуу бир маалымат айтылабы деген үмүт менен сыналгыны тирмейип тиктеп олтурушту. Бардык каналдарда баягыдай же көркөм фильмдер, же көңүл ачуу программалары же "акылдуулардын" бүтпөгөн маеги.
Арадан бир сааттан ашык убак өткөндөн кийин гана жергиликтүү ОшТВ телеканалынан Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов чыгып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, үрккөнгө, дүрбөгөнгө эч негиз жок экенин маалымдады. Демин ичине алып, кандай каргашага туш болдук деп санаасы санга бөлүнгөн көпчүлүк ошондон кийин гана өздөрүнө келип, көңүлдөрү жайланды. Мобилдик байланыш кайра иштеп, бирин-бири жооткотуп, сооротуп телефон чалышкандар көбөйдү.
"Тоону-ташты сел, адамзатты сөз бузат" дегендей, ушунча элди убарагерчиликке салып, жүрөгүнүн үшүн эле албастан, чачынын агын, жүзүнүн тырышын көбөйтүп, сар-санаага батырган үркүнгө себеп болгон апыртуучулар Кудайдын алдында аябай чоң күнөөгө батты деп ойлойм. Бирок, болгон бул болмуштун оң, пайдалуу жактары да бар десем жаңылышпайм. Анткени, укук коргоочу органдар менен куралчан, кылмыш жасагандыкта шектелген топтордун кандуу кагылышуулары, тилекке каршы, болуп келген, а балким, мындан ары да боло берет. Деген менен, караламан көпчүлүк тарс эткен мылтыктын үнү угулса эле "дагы уруш башталды" деп курулай дүрбөлөңгө түшпөгүдөй таалим алгансыды. Анан ошондой баш көргөндү көз көрбөстөй тополоңдо айрым бейбаштар чыгып, өздөрүнүкүнөн башка улуттардын өкүлдөрүнө кол салып, дагы бир кандуу кагылышуунун башталышына себеп болуп калбагай эле деп аябай кабатырландым. Кудайга шүгүр, андай болбоду, кыргыздар менен өзбектер аралашып качып, аралашып балдарын издеп, керек болсо бири-бирине кайрат болуп, кол кабыш кылып жатышты. Ортодон эле жүзү кара күчтөр чыгып себеп болуп калбаса, оштуктар согуш эч качан жакшылыкка алып барбасын жакшы түшүнүп калганы көрүндү. Бул сыноо, ошон үчүн, түбөлүк ынтымактын башталышы деп жорудум.