Оштун мэрине кимдер оппонент?
Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун айланасында дагы деле ар түрдүү уу-дуу кептер жүрүп келет. Анын бейнесине кызыккан окурмандар аз эмес. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, ал чын эле "коркунучтуубу"? Же, чын эле мэрдик кызматка ак эткенден так этип "жабышкан" бийлик кумарпозубу? Төмөндө мына ушул суроонун айланасында кеп кылууну чечтик.

Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов бардык жергиликтүү бийлик төбөлдөрүн бир максатка бириктирип, 7-апрелден кийин шаарды көздүн карегиндей сактап калуу максатында күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Анткени, ошол күндөрү өлкөнүн саясий турмушундагы башаламандыкты байкаган ар түрдүү деструктивдүү күчтөр кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү иш-аракеттерин тымызын жүргүзө баштаган.


Жаңы менен эскинин күрөшү
Мелисбек Мырзакматов Ош шаарына мэр болуп келген алгачкы күндөн тартып салттан тышкаркы башкаруу технологиясы менен бийлик жүргүзө баштады. "Чү" дегенде эле "Сен мага тийбе, мен сага тийбейин" деген эски түшүнүктүн быт-чытын чыгарып, эл башкаруунун жаңыча үлгүсүн пропагандалады. Ош шаардык Кеңештин бир топ депутаттары жана жергиликтүү бийлик башындагы чиновниктер баш болуп ушул күнгө чейин "бул маселени чечүү мүмкүн эмес" деп кашаңдык кылып келген эски түшүнүктөр жокко чыгарылды. Ошентип, эл арасында "жасаса болот экен го" деген ишенимди пайда кыла баштады. Жергиликтүү жетекчилерге аткара турган иштери так аныкталып, тапшырманы аткаруу колунан келбегени аппараттык жыйында өз айыбы менен кызматтан четтетилип жатты. Өзү менен кошо эл үчүн кызмат кылуунун ысык-суугуна чыдай билген кадрларды топтоп алды. Шаардыктар менен жер-жерлерде жолугушууларды тынымсыз уюштуруп, эл тарабынан көтөрүлгөн маселелерге оперативдүү реакция жасап, ишиндеги кемчилиги ашкере болгон чиновниктер катуу эскертилип, сапатсыз кадрлар эл көзүнчө кызматтан алынып жатты. Илгерки "тааныш-билиш" аркылуу кызматта калууга аракеттенген чиновниктердин абийири айрандай төгүлдү. Мына ушундай эл-жер үчүн абийирдүүлүк менен ак кызмат кылалы деген аруу максаты М.Мырзакматовду бир топ эски чиновниктерге жаман көрсөтүп, шаар башчысына аркасын салган экс-чиновниктердин бир ууч тобу пайда болду.

Ууру менен туурунун күрөшү
Экинчи борборду өнүктүрүү маселеси шаар башчысынан кажыбас кайратты, бекем эрктүүлүктү талап кылган оор иш болчу. Мындай озуйпаны тереңинен түшүнгөн Мырзакматов шаардын инженердик-архитектуралык облигин түп-тамырынан бери өзгөртүп, кайра баштан түзүп чыгуу максатында чечкиндүү кадамдарды жасай баштады. Анын бул иш-аракети көптөгөн жылдар бою шаардыктардын эсебинен тымызын байып келген жатып-ичер чиновниктерге, өзгөчө, бизнес тармагындагы көпөстөргө жага берген жок. Жең ичинен иш бүтүрүп келген эки тарап (жер саткан жетекчилер менен кошоматчы соодагерлер) мындан ары мээнетсиз эле агып келип жаткан "ырыскысынан" кол жууп каларын байкай баштады. Ошентип, уурулар баары топтолуп алып М.Мырзакматовго каршы ар тараптан бут тосууга бел байлашты. Ага карабай жүз миңдеген элдин алкоосуна ээ болгон шаар башчы жатып ичерлер менен күрөшүн токтоткон жок. Анткени, ал шаарды иретке келтирүү үчүн бул иштерди сөзсүз жасоо керектигин, ал үчүн жигердүү күч-кубат, кажыбас кайрат жумшоо зарылдыгын эчак эле түшүнгөн болчу.
Натыйжада, шаардын өнүгүү планына туура келбеген соода түйүндөр, ашканалар, имараттар түп тамырынан бери бузулуп салынды. Анын ордуна гүлдөр, бак-дарактар эгилип, жолдор кеңейип, шаардыктар үчүн ыңгайлуу жашоого шарттар түзүлө баштады. Албетте, мындай үлкөн аракеттин натыйжасы жанагы жатып ичерлердин түн уйкусун бузуп, кыжырдануусун ого бетер ойгото берди. Мындай кыжырдануудагы адамдардын бир ууч тобу улам топтолуп олтуруп, М.Мырзакматовду жамандап Өкмөткө, Сотко кайрылуу каттарын жолдошту. Тийиштүү органдар мэрдин аракетин тыкыр иликтеп, натыйжада, баары мыйзам чегинде жасалып жаткан иштер экендигин аныктады. Тилеги таш капкан миллионерлер жүз миңдеген жашыл акчаларын сапырып, эптеп мэрди ээрден кулатууга аракет жасап, мэрге каршы кара пиар жасоонун айласын ойлоп табышты. Шаарды тазалоо, иретке келтирүү программасы эч кандай улутуна карабай жүргүзүлгөнүнө карабай, өзбек тектүүлөрдү М.Мырзакматовго каршы коюп, ага "улутчул" деген жарлык тагышты. А чындыгында, бул программанын жыйынтыгында бир топ кыргыздар да, уйгурлар да, татар жана тажиктер да соода жайларынан айрылып, жапа чегүүгө аргасыз болушкан эле. Анткени, чырмооктой чырмап алган эски системадан арылуу үчүн мына ушундай чечкиндүү кадамга баруу мезгил талабы болчу.

Сепаратисттер менен "кармашуу"
Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов бардык жергиликтүү бийлик төбөлдөрүн бир максатка бириктирип, 7-апрелден кийин шаарды көздүн карегиндей сактап калуу максатында күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Анткени, ошол күндөрү өлкөнүн саясий турмушундагы башаламандыкты байкаган ар түрдүү деструктивдүү күчтөр кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү иш-аракеттерин тымызын жүргүзө баштаган. Мэрдин демилгесин колдогон коомчулук бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, шаарды сактоого жан үрөп жатышкан.
Ага карабай, кара ниеттүү сепаратисттердин албуут аракети менен эки ай бою "былк" этпей бекем турган Түштүктө жаңжал чыгып кетти. Тополоңдун оту оболу Жалал-Абадда, андан кийин Ошко көчтү. Ата Мекен үчүн кан-жанын аябаган мекенчил Мелисбек Мырзакматов бул оор сыноого татыктуу жооп кайтарып, орду толгус трагедияга кабылган шаар элин бир мүнөт да шаар башчысыз (мэрсиз!) калтырган жок. Айрым эси эңги-деңги болгон орун басарларын заматта кызматтан алып, татыктуу инсандарды жетекчиликке алып келип, шаар турмушун өз калыбына келтирүүгө болгон күч аракетин жумшады. Бактыга жараша, сепаратисттердин узакка пландалган ыплас максаты таш каап, ордолуу Ошубуз аман калды. Шаар турмушун жөндөп кетүүгө опол тоодой кызматын арнаган Мелисбек Мырзакматовду эл-журт алаканга салып ардактап, аны Эл Баатыры наамына көрсөтүп чыгышты.

Чындыктын изи менен
Эч кимибиз: кыргызы да, өзбеги да каалабаган иш - коогалаң болуп кетти. Кантип эле каалайлы!? Акыркы мезгилдеги (май айындагы) сепаратисттердин ТВлар аркылуу чыгып сүйлөгөн кайрылууларын угуп, жакабызды кармап "тообо" келтирип, Жараткандан тынчтык тилеп жатканбыз. Кыргызы да, өзбеги да мына ушундай абалда тынчтык тилеп жатышкан. Демек, эки элдин деле максат-мүдөөсү тынчтык болчу. Анда бул жерде тополоң чыгышын ким каалады?
Ушул күнгө чейин кыргыз бийлигинде отурган бир да киши ала кушту атынан атай элек болчу. Бир гана чындыкты безге сайгандай катуу айтып чыккан М.Мырзакматов болду. "Бул коогалаңды жалпы Борбордук Азияга көз арткандар жасады. Өзбекстандын президенти И.Каримовдун оюн мен да кубаттаймын. Бул жерде кыргыз-өзбек элдеринде күнөө жок" деп айтып чыкты ал. Мына ошентип акты-ак, караны-кара деп айтып чыккан күндөн тартып мэрди каралоо кампаниясы күчөдү. Абийири ачыла баштаган күчтөр аны элге атайлап "бокочо" көрсөтүү максатында көптөгөн дүйнөлүк, эл аралык маалымат каражаттарын ишке киргизди. Интернет сайттар, ТВ-радиолор түшүндө да көрө элек Кыргызстан тууралуу кыргыздарды бир беткей шыбаган маалыматтарды жаадырып жатышты. Узакка пландалган коогалаң сценарийине катуу каршылык көрсөтүп, жолтоо болгон М.Мырзакматов оозго алынгыс сөздөр менен караланып, моралдык жактан да, материалдык жактан да кысымга алынды. Жыйынтыгында, Ош шаарындагы коогалаңдан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иши бир айга кеч башталды… "Эгерде Мырзакматов кетпесе колдоо токтойт" деген маанидеги талаптар донорлор тараптан айтыла баштаганы элге тарап кетти. А бирок, калайык калктан айланса болот. Элдин көзү ачылып, баарын көрүп-билип, туура баалай баштады. Мындай прогресс сырткы күчтөргө ого бетер мүшкүл жаратууда. ТУРГУНБАЙ АЛДАКУЛОВ




Ошто кант диабети боюнча коом ачылды
Ошто кант диабети менен ооруган бейтаптарды бириктирген "Ак -Ниет" ачык коому (АК) ишке киришти. Бул коомдун түзүүгө дарыгер-эндокринолог Гульнара Рысбекова демилгечи болду, ал өзүнүн тегерегине жарандык активдүү көз караштагы диабет менен ооруган бейтаптарды жана өзүнүн бейтаптарына кайдыгер болбогон дарыгер-эндокринологдорду топтоду. Бишкек эндокринологиялык борборунун маалыматтары боюнча 2010-жылы Ош областында биринчи типтеги кант диабети менен жабыркаган 677 оорулуу, анын ичинде 36 бала жана экинчи типтеги диабет менен 4 885 адам катталган.
Бүткүл дүйнөлүк кант диабетинин алкагында Ош областтык клиникалык ооруканасында коркунуч факторлору бар адамдардын арасында кант диабетинин 2-тибин аныктоо боюнча акция өттү. Ага Ош шаарынын бардык тараптарынан эле эмес, Ош, Жалал-Абад областтарынын жакын жайгашкан райондорунан, Кызыл-Кыядан дагы бейтаптар катышты. Аларга диетотерапия, инсулинди саюу техникасы, таманды байкап жүрүү боюнча кыскача маалыматтар берилди. Диабет менен ооруган балдарга диабет боюнча боёгуч-китепче жана белектерди тапшырышты.


Жалал-Абадда кыш күрөөдө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу каралды
25-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны болуп, анда кышкы мезгилдеги өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыктардын жүрүшү боюнча кеңири сөз болду.
Облустук мамлекеттик администрациясынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев кыш мезгилинде облустун аймагында өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча район-шаарларда эмнеге көңүл буруусу керектигин айтып өттү.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министринин облустук башкармалыгынын ушул жылдын 11 айында аткарылган иштери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Тезекбай Мамбетов баяндама жасады. Анын сөзүнө караганда, облустун аймагында бул аралыкта 154 өзгөчө кырдаал катталып, натыйжада 305 млн. 559 миң 940 сомдук материалдык зыян алып келген. "Жабырланган участкаларда жашаган жабырлануучулардын коопсуз жайга көчүрүү боюнча эвакомиссиясынын аткарган иштери негизинде облус аймагындагы 167 үй-бүлө жабырланган. Анын ичинен 92иси журт которсо, 75 үй-бүлө көчүрүлгөн эмес", - деди Т.Мамбетов.
Анын берген маалыматына караганда, 2011-жылга район-шаардык жарандык коргоо комиссиясы тарабынан 55 обьекттин план болжолу берилген.
"Иш кагаздары толук болбогундугуна байланыштуу Сузак районунан 4 объект, Чаткал районунан үч, Майлуу-Суу шаарынан бир, Кара-Көл шаарынан бир объект чыгарылып, 46сы Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан КР ӨКМ тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларды аткарылуусун жүргүзүүгө киргизүү жагы сунушталган", -дейт Т.Мамбетов.
Жыйынга ишин Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Абдурашит Умарбеков, өзгөчө кырдаалдар министринин облустук башкармалыгынын башчысы Тезекбай Мамбетов, облустук ИИБнын башчысы Станбек Бакиров жана райондордун акимдеринин биринчи орун басарлары, шаарлардын биринчи вице-мэрлери катышты. АНАРХАН ЖАНЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД