Кыргыз гезиттери



Жарык алып келген Свет-аке
Актан Арым Кубат "Свет-аке" тасмасында биздин кыргыз айылдарында азыр сейрек кездешип бараткан, жан-дүйнөсү баладай таза, жарык, башкаларга эт-бетинен кетип жардам берген, бирок, көптөрү анын дүйнөсүн түшүнбөй "апенди" сымал мамиле кылган адамдын образын түзгөн.


Кинорежиссер, Кыргызстандын улуттук киноакадемиясынын жана Европалык Киноискусство Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Актан Арым Кубаттын "Свет-аке" тасмасынын бет ачары Бишкек шаарында өттү. Кыргыз киноөнөрүнүн адамдары бул тасманы жылуулук тартуулаган картина деп баалашса, бир катарлары кыргыз киночуларына телегейи тегиз кино тарта алабыз деген ишенимди жаратты дешти.
Бул кинотасманын жалпы көрөмандар үчүн өзгөчөлүгү башкы каарман, айылдагы электриктин ролун, Свет-акени - режиссердун өзү, Актан Арым Кубаттын ойногону болду.
... Башкы каарманды экранга адеп жарык түшкөндө күйпөлөктөп, эскилиги жеткен электр өткөргүчтөрдү бири-бирине туташтырып, жылаңач зымды эптештирип, электр эсептегичти артка айлантып, оокаты жармач бүлөгө свет уурдап берип жаткан жеринен кезиктиребиз. "Өх-хх" деп жаңы эле терин аарчып жеңилденген Свет-аке терезеге жалт карап, "ай-йй, энеңди..." деп эскилиги жеткен электр шаймандарын, жаңы эле туташтырган ууру зымдарын шаша-буша жулуп, жүктүн астына жашыра салган жеринен баштап таанышабыз.
... Айыбы ачылып калган элеттик электрик башын шылкыйтып, Айыл Өкмөтүндө отурат. Жергиликтүү милиция өкүлү менен чакчырылган чиновник аны элге свет уурдап берип жаткандыгы үчүн күнөөлөп жатат. Ага жан тарткан Айыл Өкмөтүнүн жетекчиси чынбы дегендей суроолуу караганда Свет-аке: "Колунда жокторго светин артка айлантып бергем" деп күнөөлүү жер тиктейт. Ушундан тарта көрөрман Свет-акенин ар бир кыймыл-аракетине арбалып отурат.
Актан Арым Кубат "Свет-аке" тасмасында биздин кыргыз айылдарында азыр сейрек кездешип бараткан, жан-дүйнөсү баладай таза, жарык, башкаларга эт-бетинен кетип жардам берген, бирок, көптөрү анын дүйнөсүн түшүнбөй "апенди" сымал мамиле кылган адамдын образын түзгөн. Свет-аке айылдагы карапайым адамдардын жакындан жардамчысы болсо, колунда бар, акчасы менен бийлигине таянгандар үчүн келеке. Бирок, Свет- аке айылдагылар үчүн сөздүн түз маанисинде да, кыйыр маанисинде жарык адам, жарык алып келүүчү адам. Ал өз өмүрүндө башкалар алып келген ошол жарык жылуу бойдон кийин да алардын тагдырында калат.
Бул туурасында режиссер жана башка ролду аткаруучу Актан Арым Кубат төмөндөгүдөй дейт:
"Менин каарманым - Свет-аке адамдарга, бул дүйнөгө, жашоого жарык алып келген жөнөкөй эле монтер. Бул түзмө-түз маанисинде электр эле эмес, философиялык жактан алганда да жарык алып келген киши. Анын элге бекер электр алып келсем деген максаты болот. Шамал менен электр энергиясын иштеп чыккан станцияны жасап жүрүп, аягында күйүп калат… Фильмде бир учур бар. Андан "сенин жакшы долбоорлогон чиймелериң бар экен, аларды бирөө -жарымга көрсөттүңбү" деп сураганда, Свет-аке бир нече адамдарга көрсөткөндүгүн, бирок, ага назар деле салышпай, кайдагы бир апенди катары баалагандыгын айткан жери бар. Мындай жарык, адамдарга жакшылык кылайын деген кишилер биздин арабызда, ар бир айылда бар. Бирок, биз аларды баалабайбыз, элес албайбыз, ал тургай апенди деп мамиле кылабыз. Менин каарманым - Свет-акенин адамдарга жакшылык, жарык маанай алып келген ушундай миссиясы бар",-дейт Актан мырза.




Тасманын таржымалынан

Тасма Кыргызстанда көрсөтүлө электе эле он чакты эл аралык кинофестивалдардын баш байгесине ээ болуп, бир катар номинацияларда жеңүүчү болуп табылды.
"Свет-аке" тасмасынын жылдызы "чу" дегенде эле Франциядагы Канн кинофестивалында жарк этип, 2010-жылы бул Эл аралык кинофестивалда конкурстан сырткары расмий "Режиссерлордун эки жумалыгы" программасына катышуу укугун алды. Андан кийинки сапар Швейцария, Монголия, Канада, Бразилия, Катар, Казакстан, Россия, Тажикстан, Улуу Британия, Япония, Германия, Беларусияда уланды.
Алматыда өткөн VI эл аралык "Евразия" кинофестивалында, Дүйшөмбүдөгү ири "Дидор" эл аралык кинофестивалда гран-прини жеңип алса, киносынчылардын Анапа шаарында өткөн "Киношок" деп аталган КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин киносунун "Киношок" XIX ачык фестивалында эки сыйлыкка ээ болгон. Анда киносынчылардын сынынан өтүп, тасма сыйлыкка татып, ал эми Актан Арым Кубат "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" номинациясында сыйлыкка ээ болгон. Германиянын Коттбусунда көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай - "Свет-аке" Кыргызстандын атынан расмий түрдө "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Тасма америкалык киноакадемиянын тандоочу комиссиясына үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында тартууланмакчы.




"Фильмде бир жылуулук бар, ал ошонусу менен көрөрмандарды тартып турат"
"Свет-акенин" премьерасында бир катар көрүүчүлөр жана режиссерлорго жолугуп, кинотасма туурасындагы пикирин эшиттик.
Геннадий Базаров,
кыргыз киноөнөрүнүн корифейи:
- Биринчиден, бул тасманын көрүп, ырахаттандым. Таланттуу эмгек болуптур. Мен муну күткөн элем. Себеби, ал - башкаларга окшобогон, таланттуу художник жана жөнөкөй адам. Экинчиден, Актан бул тасмасында өзүнүн багытын, стилин сактап калыптыр. Фильмде бир жылуулук бар, ал ошонусу менен көрөрмандарды тартып турат. Биздин улуттук салттар да четте калган эмес. Бул жерден автордун өз мекенине болгон сүйүүсү, жан тартып тургандыгы сезилип турат. Кайталап айтып кетейин, дал ушул нерселер фильмге жылуулук берип турат. Мен көптөн бери мындай жылуу жана жарык кинонун көрө элек болчумун. Азыр карасаңар, бардыгы терс маанайда, коркунучтуу, агрессияга толгон фильмдер. Алардын арасында "Свет-аке" жылуу, жүрөккө жакын. Оптимисттик маанайда. Деталдар жакшы берилген. Башкысы, өзүнүн индивидуалдуулугун, актандык стилди, өзүнүн боегун сактап калышы. Бул - эң башкысы.

Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер:
- Актан башынан эле өзүнүн киносу, стили менен, ошол эле "Жолбун ит", "Селкинчек", "Беш кемпир", "Маймыл" тасмалары менен элди таңгалдырып келген. Ошондуктан эл укмуштуудай нерселерге көнүп калган. Арада 9 жыл ичинде тартпай жүрдү. Ал арада ар кыл сөздөр өттү. Анан ошонун фонунда бүгүнкү тасма башкача көрсөтүлүп жатат. Себеби, баягыдан кандайдыр бир башка деңгээлге чыккандыгы... Мисалы, мурда балалык кыялдан чыга албай жүргөн болсо, бүгүнкү күндө башка бир бийиктикке чыгып, масштабдуу түрдө элин, жерин, келечегин ойлогон ой-толгоо тасма тартылыптыр деп эсептейм. Бул тасманын ичинде бардыгы бар, ошол эле кыргыздын мусапырлыгы, улуулугу, өткөн чагы, ошону менен бирге эле кыргыздын келечеги бар. Мунун баарын таамай белгилеп кеткен. Бул тасмада Актандын поэтикасы тапталып калгандыгы көрүнүп турат. Кыргыз киносу сыймыктана турган өзгөчө бир тасма болуптур. Экинчиден, сапат жагынан (техникалык) жогорку деңгээлде тартылыптыр. Бул бизге үлгү боло турган нерсе. Өзү да айтпадыбы, менде эң мыктылар иштеди деп. Алгачкы жолу профессионал актерлер менен иштегендиги көрүнүп турат. Мурун айылдыктарды тартып, өзүнчө стиль таап алган, анан бир катарларында "Актан профессионал актерлер менен иштеше албайт, ошондуктан тартпай жүрөт" деген ой калчу. Бул ирет башка актерлорду тартып, өзү да ойноп кереметти тартуулады. Анан дагы бир жактан бизге да Кыргызстанда ушундай жогорку деңгээлде телегейи тегиз болуп турган тасманы тарта алабыз деген ишенимди жаратты. Мисалы, мен өзүм көп жерден аксаганым ошондон. Кээде профессионалдуу оператор ала албайсың, кээде техникалык жактан аксап каласың, кээде жеткирем деген оюңду жеткире албай каласың. Ошол жагынан алганда зор бир үлгү катары ала турган тасма болуптур. "Свет-аке" Актан Арым Кубаттын жаңы кадамы, жаңы тепкичи жана жаңы деңгээли болду. Бүгүн кыргыз киносуна дагы бир жаңылык алып келген майрам болду. Кыргыздын бүгүнкү күнүнө ой жүгүртүлгөн, ошол эле учурда келечекке түрткү бере турган тасма катары көрүп турам. Ошол эле учурда искусствонун деңгээли төмөн түшпөй, поэтикалык жактан жогорку деңгээлде жасалган деп так кесе айта алам.

Досалы Эсеналиев,
"Республика" саясий партиясынын
аткаруу комитетинин төрагасы.
- Актан Арым Кубаттын "Свет-аке" тасмасынын бул сценарийи негизинен 5-6 жыл мурун жазылган болчу. Биз аны менен көп жылдардан бери таанышпыз... Өзгөчөлүгү - коомдогу, элдеги, мамлекеттеги окуяларды алдын ала көрө билгендиги. Художниктин таланты коомдогу боло турган нерсени алдын ала туя билүүсү, алдын ала көрө билүүсү менен билинет. Электр энергиясы менен чыккан проблемалар, коомдогу шайлоолорго тиешелүү ар түрдүү талаш-тартыштар, рынок мамилесине келгендеги, ар кандай жолдор менен байып кеткендердин үстөмдүк кылган учурлары, жат көрүнүштөр, элеттеги көйгөйлөр, айылдагы элдин башка жактардан келгендер менен болгоно карама-каршылыктары ж.б. чагылдырылды. Бул тасма былтыр, 2010-жылы тартылган. Көрдүңүздөр, кээ бир кадрлары кечээ, бүгүн болуп кеткен окуяларды кудум алдын ала сезгендей күзгүдөй чагылдырылышы сүрөткердин туюмунун күчтүүлүгүнөн кабар берип турат. Буга чейинки канчалган өзүнүн чыгармалары менен да берген. Алыс кетпей эле, бүгүнкү күндөрү улуттук коомдук 1-каналдан берилип жаткан "Ырыс алды - ынтымак" деп аталган социалдык ролигин алсак. Эгиз эки баланын суу көтөрүп баратып, бири-бири менен урушуп кетиши, аксакалдын аларды жараштырып, бул коомдун да, мамлекеттин да, үй-бүлөнүн да негизги түркүгү - ынтымак боло тургандыгын билгичтик менен, чеберчилик менен көрсөтүп берди. Ошол ролигин Актан 1997-жылы тарткан. Он жылдан ашык убакыт өтсө да, өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келе жатат. "Ырыс алды - ынтымак" деген кыргыздын философиясы, кыргыздын жашоосунун, мамлекеттин тиреги, анын келечеги да ошол тирек. Биздин Актандай художниктин көрсөтүп берип жаткандыгы. Мына ушундай Свет-акедей ак көңүл, кандай гана маселе чыкпасын эл ага жардам сурап чуркаган, ал да өзү жан дили менен жардам бергиси келген адам. Свети жокторго, пенсионерлерге, жада калса жаш балдарга жардам берип жатат. Бул деген "биз ынтымакта болсок, эл-бирине кайрымдуу болсо, мамлекетибиздин, коомубуздун келечеги да жакшы жолго салып кете алабыз" деген чакырык. Бул фильмдин тарбялык дагы, ойлонто турган дагы жана келечекке жол көрсөткөн дагы чоң маанилүү философиясы бар. ДАЯРДАГАН НУРГҮЛ МАКСУТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"