Спорт сарайы: оюн-күлкү эмес, кылым соту
Ак үйдүн алдындагы аткылоодон 87 киши каза болуп, миңден ашык киши жаракат алган. Аларды атууга буйрук берген жана атууга катышкан деген шектүүлөрдүн ичинен бүгүн айыпталып жаткандардын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, ал кездеги Өкмөт башчы Данияр Үсөнов, мурдагы Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталинов, ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакиев жана Марат менен Максим Бакиевдер бар.
Бул жолу айыпталуучулардын катарында К.Бакиев учурунда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп турган Э.Сатыбалдиев, К.Жороев, Б.Калиев, О.Малеванная, Д.Дунганов сыяктуу чиновниктер жана Мамлекеттик коргоо жана элиталык "Альфа" жана "Арстан" тобунун он беш офицери жана жоокери турду.

ЖУРНАЛИСТТЕР ТАЛАШКА ТҮШТҮ
7-апрелдеги иш боюнча сот котормочулар керектигин билдирди. Анткени сот залында айыптоо расмий тилде окулду. Буга жабырлануучу тарап нааразылык билдирди, эки тилди бирдей билген котормочулар А.Карагулова жана А.Жумабаев тилмечтик милдет аткарды. Сот төрагасы Жакыпбек Бектемиров процессте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү отургандыгын эскертти эле, мамлекеттик айыптоочу аларды сот залынан чыгарып жиберүү сунушун ортого салды, актоочулар болсо журналисттердин керектигин, алар аркылуу элге баарын жеткирүү зарылдыгын белгилешти.
Ошентип журналисттер "кылым сотуна" катышуу менен кызыктуу "моменттерди" түбөлүккө калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

КЫЙКЫРЫКТАР КИМДЕРДЕН ЧЫКТЫ?
Сот процессинин жүрүшүндө ар бир соттолуучунун анкеталык маалыматтарын тактоо жана мыйзам боюнча каралган иштерди аткарууга эле бир канча убакыт кетти. Соттолуучулардын кимдигин тактоо учурунда алардын жашаган жери боюнча даректерин кайрадан кайталоосун актоочулар талап кылып жатышты. Ошондой эле залдан соттолуучулардын дарегине карата ачууланган, сөгүнгөн сөздөр жана "Үйүңдү өрттөп кетебиз", "Балдарыңды көрбөй каласың" деген коркутуулар айтылып жатты. А түгүл телевидениеден түз алып көрсөтүү талабы да коюлду. Мындай агрессивдүүлүк процесстин башынан аягына чейин созулуп жатты.
"Адилет" укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова соттон мындай коркутууларды токтомго каттап жана жабырлануучуларга эскертүү берүүнү өтүндү. Бирок, мындай өтүнүчкө карабастан, соттун төрагасы жабырлануучуларга административдик жаза колдонгон жок. Жыйынтыгында жарыяланган танапис учурунда, Ч.Жакупова бул боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады, ошол эле учурда жабырлануучу тараптагылар буга нааразылыгын билдиришти. Ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү дагы Ч.Жакыпованын бул кадамын "өзүн өзү көрсөтүү үчүн жасалды" деп баалашты.
"Таза коом" мамлекеттик эмес уюмунун башчысы Анара Дауталиева жабырлануучулар тарабынан айтылган сөздөр кызуу кандуулук, муну кайра-кайра баса белгилеп элди козутуунун кереги жок деп эсептейт. "Жакындарынан айрылгандарды да түшүнсө болот, алардын жаны күйүп турат. Ошондуктан буга түшүнүү менен мамиле жасоо керек. Ал эми укук коргоочу Чолпон Жакупованын бул сөздөргө кайра-кайра басым жасоосу элдин кыжырын кайнатып жатат. Мындай кырдаалда сабырдуулук кылуу керек",-дейт А.Дауталиева.
Чынында эле мындай татаал соттук процесстерге атайын чагымчылар аралашып кетиши, чоң чырды баштап ийиши толук мүмкүн эле...

ЭЛ ДУШМАНДАРЫНА АДВОКАТ ЖАЛДАНЫШЫ КЕРЕК ЭМЕС...
7-апрелде каза болгон Эрлан Өмүралиевдин апасы Жаңыл Иманакунованын айтымында, мындай эл душмандарына карата адвокат жалданышы керек эмес, булардын бардыгын атууга кетирүү керек. Ал эми соттолуп жаткан мурдагы Мамлекеттик коргоо кызматынын (МКК) башчысынын орун басары Данияр Дунгановдун апасы Тукан Иманакунованын айтымында, анын уулу өзүнүн кызматтык милдетин аткарган. Ушул тапта жаңы эле операция болгондугуна карабастан сот процессине "Тез жардам" автоунаасы менен алынып келинген. "Жабырлануучулар азыр күйүп турушат. Аларга албетте эне катары көңүл айтамын. Убактылуу өкмөттүн жетекчилиги 11 киши өлтүрүүчүнү таптык деп айтышкан. Алар эми кайда кетти. Аларды алып келмейинче эл ичинде кагылышуулар боло берет, биздин балдарыбыз да ак жерден күйүп жатканына жаныбыз кейип турат. Бакиевдердин бирөөсү дагы кармалган жок. Аларды кармап келмейинче эки тарап касташа берет. Биздин уулдар кызматтык милдетин аткарышкан",-дейт Т.Иманакунова.
Ал эми дагы бир соттолуучунун апасы Дамира Рысалиева биздин балдарыбызды далили жок соттоп жатышат, накта күнөөлүүлөр эчак эле 7-апрелде качып кетишкен дейт. "7-апрелде элди жалданма көзгө атарлар аткан деп Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров өздөрү айтышкан. Биздин балдар 11-апрелге чейин ошол эле Роза Отунбаеваны кайтарып жүрүшкөн. Бекназаровду Ошко чейин жеткирип келишкен. Бул Убактылуу өкмөт менен эски өкмөттүн күнөөсү. Ушундай эле балдар каргашалуу Ак Үйдү Усубалиевдин дагы, Акаевдин дагы убагында коргоп келишкен. Бул балдардын айрымдары сактоочу жайды кайтарышкан прапорщиктер, айрымдары сууда сүзүүчүлөр, алар эч кандай көзгө атарлар эмес. Алар Ак Үйдү талап-тоноочулардан кайтаргыла деген буйрукту аткарышкан",-дейт ал.

АДВОКАТТАР СОТ ПРОЦЕССИН СОЗДУКТУРУУГА КЫЗЫКДАР
Жүрөгүнө ок жеп каза болгон таластык Жолчубек уулу Урматтын апасы Күмүшай Бокотоева болсо соттолуп жаткандардын бардыгын эл алдында атууну талап кылат. "Булардын жашаганга акысы жок, алар дагы атылышы керек, бардык каза тапкандардын жана жабыр тарткандардын ата-энелери ушуну талап кылат",-дейт К.Бокотоева. Кандуу башаламандыкта уулу Кайрат Тойбаевден айрылган Рысбүбү Исмаилованын айтымында, соттолуучулар акчасына таянуу менен экиден-үчтөн адвокат жалдап алышып кутулуп чыгып кетебиз деп жатышат. "Акыйкат менен чечилиши керек, биздин дагы ичибиз ачышып турат. Алардын ар бирине адвокат жалданган, бул жерде дагы акчасына таянып жатышат. Биздин балдарыбыздын төгүлгөн каны үчүн алар жооп бериши керек",-дейт Р.Исмаилова.
Соттун танапистен кийинки уланган олтурумунда, адвокаттардын биринин каза болгондордун ичинен 9уна гана ок тийген деген билдирүүсү жабырлануучу тарапты дүргүтүүгө себепчи болду. Натыйжада зал ичи кыйкырык-чууга толуп, микрофон талашкандар көбөйдү. Ошол эле учурда адвокаттар соттолуучулар тууралуу иштер менен таанышып чыгууга мүмкүн болбогондуктан бул процессти 40 күнгө же андан көп убакытка чейин токтото турууну суранышты. Алардын айтымында 60 томдон турган ишти эки күндүн ичинде карап чыгуу эч качан мүмкүн эмес. Бул дагы кыжырланууларга түрткү болду. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бакыт Рысалиев "Адвокаттар 7-апрелдеги окуя боюнча процессти создуктурууга кызыкдар",-деп айтты. Анын айтымында, адвокаттардын коопсуздугун сактоо үчүн сот органдары колунан келгендин бардыгын жасашты. Адвокаттардын арасында сот ишин өткөрүүгө жолтоо болгон, жабырлануучулардын кыжырына тийип, козгогондор да бар.
Жабырлануучулар эгерде соттор соттой алышпаса, өзүбүз соттойбуз деп кыйкырып жатышат. Жыйынтыгында бул окуя боюнча сот 22-ноябрга которулду. Ч.Жакупованын айтымында, апрель окуялары боюнча айыпталып жаткандардын коргоочулары соттордун аракетин баалоо боюнча көз карандысыз комиссия түзүү тууралуу беш партияга кайрылышмакчы.

ТАЛАПТАР ДАГЫ КҮЧӨДҮ
Спорт сарайы бир нече жолу ызы-чуунун кучагында калды. Баарынан да эчен томдогон тергөө материалынын тартылып алыныш коркунучу бар эле. Операция столунун алынып келинген Д.Дунгановду торго камоо же ортого чыгаруу талабын койгондор болду. Кыйкырыктар гана эмес, кол менен ургулоо учурлары кездешти.
Айыпталып жаткандардын жактоочулары аскер соту Жакыпбек Бектемировду төрагалыктан четтетүү керек деп талап койсо, жабырлануучулар тарап бул киши ишти аягына чейин улантуусу керек дешти.
18-ноябрда эрте менен соттук териштирүүгө келген тиешелүү адистерге жана айыпталуучуларга, жабырлануучуларга төрага Ж.Бектемиров актоочулардан "коопсуздуктары толук сакталбагандыгына байланыштуу соттук кароого катышуудан баш тартышкандыгы" тууралуу арыз менен кайрылгандыгын билдирди жана КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык соттук кароону 22-ноябрга жылдырды.

АКШ ЭЛЧИЛИГИ ТАНДАЛГАН ЖАЙДЫ СЫНГА АЛДЫ
Кыргызстандагы АКШ элчилиги кечээ 7-апрель окуясы боюнча сот процессин жүргүзүп жаткан Спорт сарайы андай иш жүргүзүүгө ылайык эмес деген билдирүү таратты. Алар соттун адилеттүү жана кысымсыз өтүшүнө жана жарандардын коопсуздугуна бул жай ылайыктуу эмес дешти.

ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАР НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРДИ
Сот процессинин жылдырылышынан улам апрель окуяларында каза болгондордун жакындарынан элүүдөй киши Жогорку Кеңеш алдына митингге чыкты. Алар маркумдардын сүрөттөрүн колдоруна кармап бул сот ишин уюштуруунун башында турган вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун келишин талап кылды.
А.Бекназаров мыйзам боюнча соттордун ишине кийлигишүүгө акысы жок экендигин айтып, эмдиги процесстерде коопсуздук маселеси толук чечиле тургандыгын убада кылды.