Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Партия башчылары кайрылып келди, али биригүү боло элек

"Ата-Мекен" партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев 15-16-ноябрда Парижде, Франция өткөн Социнтерн кеңешинин кезектеги отурумуна катышып келди, анда катышуучулар бүт өлкөнүн социалисттик кыймылдардын мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты. "Ата-Мекенчилер" бир нече өлкөнүн партиялары менен жолугушуу өткөрдү жана Ө.Текебаев Кыргызстандагы абал боюнча атайын билдирүү окуду.
"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов Украинанын борбору Киев шаарында болгон, анын иш сапары мурдагы жумушу чакан ГЭСтер боюнча экен. КСДПнын башчысы Алмаз Атамбаев Москвада болду дешет, бирок аны партиялаштары так билбестигин айтышты. "Ата-Журттун" алтандары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков Астанада болуп келгендигин айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.
КСДПнын каолиция түзүү аракеттери азырынча майнап бере элек. Кечээ да жыйын курганы, бирок бул маселе каралбаганы маалым болду.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Ташболот Балтабаев болсо партиялар качан сөзгө келишсе эле, дароо жыйынды баштоого даяр экендигин билдирди. АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ





Р.Отунбаева ПРООНдун өкүлү Н.Волкер менен жолугушту

Роза Отунбаева 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) туруктуу координатору, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкерди кабыл алды. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар БУУнун өлкөдө ишке ашып жаткан долбоорлору тууралуу талкуулашты.
Н.Волкер ПРООНдун Кыргызстандагы негизги иш багыттары тууралуу маалымат берди жана белгилүү болгондой негизги көңүл Ош жана Жалал-Абад облустарына гуманитардык жардам берүүгө, билим берүүгө, курулушка, жаштарды, аялдарды жана калктын аялуу катмарын колдоого бурулат.


Жаңы элчилер дайындалды

Буга чейин Президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеген Муктар Жумалиев Кыргызстандын АКШдагы Толук жана ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал 1972-жылы Ананьево айлында туулган. Англис, француз тилдерин жакшы билет. Буга чейин бул кызматты журналист Замира Сыдыкова аткарып келген.
Дагы бир жарлык Бактыгүл Каламбековага чыкты. Баткендик кыз бир топ жыл комсомолдо, Тышкы иштер министрлигинде, Президенттик администрацияда иштеген. Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын Улуу Британия биргелешкен королдугундагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилик милдетин аркалайт. Бул ишти мурда журналист Кубан Мамбеталиев жүргүзүп келген. КАБАР БОРБОРУ


"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Жогорку Соттон да колдоо таппады

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Адахан Мадумаров, Мирослав Ниязов башчылык кылган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын арызын карап чыгып, Жогорку Сот алардын 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана БШК тарабынан Россиядагы шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылышынын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул жагынан Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. КАБАР БОРБОРУ




Ат-башылык чемпион айым АКШга барбай калабы?

Кол күрөш спорту боюнча өлкөнүн 4 жолку жана быйылкы жылдын 22-28-август күндөрүндө Индия мамлекетинде өткөрүлгөн Азия чемпионатында алтын, коло медалдарды тагынып келген Айнур Асанбекова учурда сары убайым менен күн кечирип жаткан маалы. Анткени ал 3-декабрда АКШда болуучу кол күрөш мелдешинин дүйнөлүк чемпионатына катышууга жолдомо алган. Бирок, каражаттын тартыштыгынан океандын ары жагына барганга чама-чаркы чак. Бул тууралуу чемпион өзү Нарын шаарында 10-ноябрда өткөрүлгөн дене тарбия жана спорт кызматкерлердин кесиптик күнүнө арналган жыйын учурунда билдирди.
Азиянын чемпиону Айнур Асанбекова Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн алдындагы Ат-Башы элдик театрында режиссёр болуп иштейт. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН


Илим кызматкерлерине сыйлыктар

Республиканын илимин өнүктүрүүгө кошкон эң көрүнүктүү салымы үчүн II даражадагы "Манас" ордени менен КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Кудаяров Дүйшөн, КР Улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Маматканов Дүйшөн, "Даңк" медалы менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин механика кафедрасынын профессору Абдрахманов Сарбагыш, КР Улуттук илимдер академиясынын автоматика жана маалымат технология институтунун телекоммуникациялык тармактар лабораториясынын башчысы Замая Владимир Иванович сыйланышты.


Ак халатчандар киночуларды текшерди

17-ноябрь Кыргызстандын кинематографистеринин күнүнө карата М.Миррахимов атындагы Улуттук кордиология борборунун адистери кыргыз кино тармагына салым кошкон инсандарды жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча акысыз текшерүүдөн өткөрүп, кеп-кеңештерин берди. Ошондой эле, киночулардын майрамы менен куттуктаган ак халатчандар жүрөк кан-тамыр оорусун алдын алуу үчүн кандай аракеттерди кылыш керектигин эскертип, искусство өкүлдөрүн кан басымын да өлчөп берди.


Өлкөгө йодат калий алынып келинди

Жакын арада Кыргызстанга 500 кг. өлчөмүндөгү калийдештирилген йодат жүгү келди. Йоддун жетишсиздигинен акыркы жылдары өлкөдө буга байланышкан оорулардын саны көбөйгөн. Кыргызстан географиялык жайгашуусунан алып караганда деңиздерден алыс. Ошондуктан йод жетишсиздиги бардык аймактарда байкалат. Калктын йоддолгон тузга болгон муктаждыгынын өсүшү анын өнөр жайынын өнүгүшү жана калкынын санынын өсүшү менен байланыштуу. Бүгүнкү күндү Саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир адамдын күнүнө 6 граммдан туз пайдалануусу оптималдуу болуп саналат. АЙМИРА МЕНДЕЕВА


"АзияУниверсалБанк" кардарларына карыз

"АзияУниверсалБанк" кардарларына 6 млрд 696 млн 600 миң сом карыз экендигин Улуттук банк ашкере айтты. "АзияУниверсалБанктын" активдери банкрот болгон маалда 4 млрд 929 млн сомду түзгөн. Учурда АУБдун кардарларга бере турган милдеттери үчүн 1,767 млрд сом жетишпейт",-деп айтылат маалыматта.
Активдердин 369,8 млн сомун акча каражаттары түзгөн, 650,9 млн сому корреспонденттик эсептер, 1 млрд 644 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздар, калган активдер 1 млрд 787 млн сомду түзөт.
Банктын жеке тараптарга карызы 502,3 млн сом, юридикалык тараптарга карызы 2,233 млрд сом экендигин "Zpress" агенттиги жазып чыкты.


Гренландияда Кыргыз маданиятынын күнү белгиленди

Гренландиянын түндүк-батышындагы Уумманнак шаарында жакында эле Кыргыз маданиятынын күнүн белгилешти деп кабарлайт Би-Би-Си. Бул Уумманнактагы музыкалык мектебинин негиздөөчүсү Галина Мореллдин идеясы болгон. Анын сөзү боюнча долбоор ушул жылдын жаз айында Бишкекте өткөн революциялык окуялардын убагында башталган. Уумманнак гренландиялык тилден которгондо "тюлень жүрөгүнүн түспөлүндө" дегенди түшүндүрөт. Бул Батыш Гренландиянын түндүгүндөгү ушул аталыштагы коммунанын мурдагы борбору. Шаардын өзү Уюлдук аймактан түндүккө карай кеткен 590 чакырым жердеги аралда жайгашкан. АЙМИРА МЕНДЕЕВА




Жаза аткаруу кызматы жаңы окуу борборун ишке киргизди
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ОБСЕ уюмунун көмөгү менен жаңы окуу борборун ишке киргизди. 2010-жылдын 2-февралында түзүлгөн келишимдин негизинде, аталган кызматка караштуу соттолгон жарандарды күзөтүү Департаментинин бир имараты капиталдык оңдоодон өткөн. Бул окуу борборунда Жаза аткаруу кызматынын бүткүл өлкө боюнча өкүлдөрү билимин жогорулата алат. Ошондой эле, аталган борбордо алыскы аймактардан келген кызматкерлер үчүн жатып окуганга да шарт түзүлгөн. Мында 11 адам баардык шарты бар бөлмөлөрдө жатып окушат. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ


Жаштар кинофоруму чакырат
Кыргызстан соңку айларда кино мекени болуп калды. Бүгүн Бишкекте Cinema Camp аттуу жаштардын кинофоруму өз ишин баштады. Үч күнгө созулган иш чарада жаш киночулар жаңы эмгектерин тааныштырат. Кинофорумдун уюштуруучуларынын бири Нэля Жаманбаеванын ырастоосуна караганда мындай иш чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. Форм алкагында белгилүү киночеберлердин жаштар үчүн мастер-класстары да уюштурулат. КАБАР БОРБОРУ

Нарында суук башталды, сарык да күчүндө
Нарын райондук санитардык эпидемиологиялык борборунун башчысынын орун басары Сыяпат Сырдыбаева өткөн жылдын он айында 50 адам сарык дарты менен ооруса, быйыл ушул мезгилде алардын саны 131ге жеткенин "Азаттыкка" кабарлаган. Бул ооруга алдын ала чара көрбөгөнү үчүн үч медицина кызматкерине, эки мектептин жана бала бакчанын директоруна айыптар салынган. КАБАР БОРБОРУ






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
Яндекс.Метрика