Спорт сарайы: оюн-күлкү
эмес, кылым соту
7-апрелдеги кандуу окуянын курмандыктарына шектүү делгендердин ишин териштирүү боюнча биринчи сот отуруму 17-ноябрда өттү. Анда жалпысы 28 адамга кылмыш иши ачылып, алардын ичинен бул жерде болгон 22 адам соттолууда. Калгандарына өкүм сырттан чыкмакчы. Сот процесси көп сандаган мыйзам бузуулар менен коштолуп, жабырлануучу тарап соттолуп жаткандарга жана алардын жактоочуларына карата нааразылыгын билдиришти.


АЙМИРА МЕНДЕЕВА, АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ

Беш жүзгө жакын адам чогулган сотко Бишкек гарнизонунун аскердик сотунун судьясы Жакыпбек Бектемиров төрагалык кылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочулардын башында Башкы прокурор Кубатбек Байболов өзү турду. Көптөгөн адамдар Спорт сарайына баш бага албай калды, алардын ичинде жабырлануучуларды да, айыпталуучуларды да колдогондор бар. Бул сот Кыргызстандын эле эмес дүйнөнүн тарыхындагы сейрек учуроочу процесстердин катарына кирет, анткени, биринчиден, ал сот залында эмес, оюн-зоок коюуга жана спорттук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган жайда өтүп жатат, экинчиден, айыпталуучулардын ичинен алты киши алды Лондондо, арты Минскиде, дагы калганы белгисиз жактарда качып жүрөт. q КАБАРЛАР 04


Бул сот Кыргызстандын эле эмес дүйнөнүн тарыхындагы сейрек учуроочу процесстердин катарына кирет, анткени, биринчиден, ал сот залында эмес, оюн-зоок коюуга жана спорттук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган жайда өтүп жатат, экинчиден, айыпталуучулардын ичинен алты киши алды Лондондо, арты Минскиде, дагы калганы белгисиз жактарда качып жүрөт. СҮРӨТ: REUTERS






Президент Санкт-Петербургга кетти

КМШ жана ЕврАзЭС уюмдарына кирген мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусуна катышуу үчүн президент Роза Отунбаева Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Президентти КМШдагы жана ЕврАзЭСтеги Кыргызстандын өкүлү Базарбай Мамбетов, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Каржы министри Чоробек Имашев менен Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев коштоп жүрөт.
Буга чейин белгилүү болгондой, кыргызстандык делегация уюмга кирген өлкөлөр менен экономикалык, гуманитардык, коопсуздук маселелерин мындан ары күчөтүү максатында 20дан ашуун долбоорлорду алып кеткен. Бул жыйында негизинен экономикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле, саммитте КМШнын уюшулганына 20 жыл болгондугуна байланыштуу да сөз жүрүшү күтүлүүдө. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ




Меккеде эки кыргыз жараны каза тапты

Ажылык зыяратын өтөп жүргөн эки кыргызстандык Сауд Аравиясында каза тапты. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Болотбек Абдырахмановдун билдиргенине караганда, каза болгондор Ала-Бука районунан барган 66 жаштагы К.Нишанова менен Чүй облусунун 54 жаштагы тургуну М.Ибрагимов. Учурда бул жарандардын өлгөнү тууралуу туугандарына билдирилип, сөөгүн ошол жакка коюу тууралуу сүйлөшүү жүргөн.





Сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Сасык тумоонун алдын алуу үчүн өлкөгө 21 800 даана "Грипол плюс" дарысы алынып келинди. Орусиядан келген бул вакцина биринчи кезекте сасык тумоого каршы тура албаган адамдарга жана оорулар менен иштеген дарыгерлерге берилүүдө. Акысыз жүргүзүлүп жаткан бул эмдөө республиканын баардык медицина түйүндөрүндө ишке ашууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы тогуз ай ичинде өлкөдө тумоону жуктурган 94 724 киши катталган. Сасык тумоонун эпидемиясы жыл сайын кыш мезгилинде күчөп, жер бетиндеги калктын 15 пайызын жабыркатат.