Ааламдык жылуулануу эмнеге алып келет?
Климаттын өзгөрүүсү ааламда ушул кезде 150 миңге жакын адамдын өлүмүн шарттады. Ага курч кармаган ичеги-карын оорулары, безгек, тамак-аштын жетишсиздиги жана ошондой эле суу ташкындарынын жыйынтыгында келип чыккан жаракаттар себепчи болууда. Ушул тапта бул көйгөй саламаттыкка коркунуч келтирүүчү-чылым чегүү, алкоголь, ашыкча тамактануу ж.б. менен катар каралууда.


АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Климаттын өзгөрүүсүнүн бирден бир кесепеттеринин бири катары суу ташкындары, деңиздеги катуу бороон, күчтүү куюн, катуу шамал эсептелет. Ал ошондой эле аймактарды суу каптоонун жыйынтыгында чиркейлердин көбөйүшүнө, кенелердин жана башка инфекция ташуучулардын активдешүүсүнө алып келет. Буга байланыштуу ичеги-карын ооруларынын коркунучу пайда болот. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ааламдык жылуулануунун кесепеттерине аномалдуу жогорку температурадагы ысык күндөр кирет. Температуранын кыска мөөнөткө эле жогорулашы ар кандай оорулардын күчөшүнүн натыйжасында калк арасында өлүмдүн көбөйүшүнө алып келет. Ал өзгөчө улгайгандар, майыптар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коркунучтуу.
Жылуулануу көптөгөн инфекциялык жана мите ооруларынын көбөйүшүн шарттайт. Эгерде муздак климатта ооруган адамдагы инфекция тышкы чөйрөгө келип түшкөн соң жашай албай турган болсо, жылуу шарттарда түп-тамырынан бери өзгөрөт.
Окумуштуулардын маалыматында, каза болгон 20 адамдын бирөөсү сөзсүз түтүндүн курмандыгы болот. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, андан жол аварияларына караганда адамдар 3 эсе көп каза болушат. Италиялык окумуштуулар дүйнөнүн 8 ири шаарына изилдөө жүргүзүшүп, натыйжада түтүндөн жыл сайын 3500 адам көз жума тургандыгын далилдешкен. Буга абада камтылган уулар себепчи болгон. Анын пайда болушуна транспорт, климаттын жылуулануусу жана өндүрүш ишканалары түрткү болот.

ГИППОКРАТ ДА САК БОЛ ДЕГЕН ЭКЕН…
Учурунда улуу Гиппократ дагы "Аба ырайы алмашканда өзгөчө сак бол, бул мезгилде кан агызба, күйгүзбө жана колуңа скальпель алба" деп эскерткен экен. Анын сыңарындай, барган сайын белгилери айдан ачык билине баштаган аба ырайынын өзгөрүүсүнө карата адамдардын ыңгайланышы, ага ылайык аракеттениши өлүмдөрдүн жана оорулардын алдын алат. Ааламдык жылуулануу көйгөйүнүн маселелери бардык тармактардагы адистердин көңүл буруусун талап кылат. Өткөн жылдын декабрь айында Копенгагендеги бардык өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда ага көп тараптуу жана макулдашылган пландык иш-чаралар зарыл болгондуктан жалпылоочу декларация кабыл алынган эмес. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ааламдык жылуулануу маселесин ар тараптуу изилдөө сунушун кабыл алган. Бул долбоорго бардыгы жети өлкө катышууда, анын бири Кыргызстан болуп саналат. Өткөн жылы эле ааламдык жылуулануунун өзгөрүүсүнө карата атайы комиссия түзүлүп, аны учурда "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов жетектеп жатат. Саламаттыкты сактоо сектору менен катар бул маселе айыл чарбасы, суу ресурстары, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык тармак жагын камтыйт.
Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун сөзү боюнча Кыргызстан албетте, ааламда болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөргө таасир бере албайт, бирок өзүнүн саламаттык сактоо тармагында анын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтууга даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн дарылоо-профилактикалык илимий изилдөө, климаттык-географиялык өзгөрүүлөр, орточо бийиктиктеги жана бийик тоодогу илимий негизделген иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл. Бул багытта бир жылдын ичинде бир канча иштер жасалган.
"Иштин жүрүшүндө өлкөдө өлүм, оору боюнча ири маалымат базасы чогултулган. Метеорологиялык байкоолор боюнча жылдар жана айлар, ал гана эмес суткалар боюнча көрсөткүчтөр алынды. ДСУнун бул программасынын алкагында дарылоо мекемелеринде энергиянын альтернативдик булактары менен иштөө боюнча сыноолор жүрүп жатат. Ааламдык жылуулануу темасы дүйнөнүн бардык окумуштууларынын аң-сезимин дүрбөлөңгө түшүрүп жатат. Андыктан бул абдан маанилүү маселе экендигин көңүл борборуна түйүү зарылдыгы келип чыкты",-дейт С.Адикаримов.

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ ООРУЛАРДЫН БАШАТЫ БОЛМОКЧУ
ДСУнун Кыргызстандагы офисинин башчысы Өскөн Молдокуловдун айтымында, ааламдык жылууланууга байланыштуу адамдардын саламаттыгынын начарлашы байкалмакчы. Тамак-аштын курамы өзгөрүп, өлүмдүн саны көбөйөт, диарея, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары өсөт. Ааламдык климаттын өзгөрүүсү ушул күндөрдө эле адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Суу ташкындары, кургакчылык, аптаптан дүйнө жүзү боюнча 60 миңден ашуун адам каза тапкан. Ич өткөк, безгек, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жыл сайын 3 миллиарддан ашуун адам жарык дүйнө менен кош айтышууда. Аномалиялык ысыктан Европада 70 миңден ашуун адам көз жумган. Анын ичинде Россиянын айрым райондорунда болгон токой жана чым көң өрттөрү көптөгөн кырсыктарды алып келди. Мындай кырсыктардын кесепеттери менен күрөшүү боюнча ДСУ тарабынан адамдарды климаттык өзгөрүүлөрдүн шартына карай ыңгайлануу боюнча программа иштелип чыкты. "Дарыгерлер бул көйгөйлөрдүн кесепеттери менен күрөшүүдө дайыма алдыңкы сапта турушат. Ошол себептүү саламаттыкты сактоо тармагы аны менен күрөшүүгө даяр болушу керек. Бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ абдан активдүү иштеп жатат",-дейт Ө.Молдокулов.
Дүйнөлүк банктын климаттын ааламдык өзгөрүүсү боюнча фондунун Башкаруу комитетинин мүчөсү, Кыргызстандын Эл аралык университетинин академиги Асылбек Айдаралиев жакында эле Шотландияда болуп өткөн ааламдык жылуулануу жана тоолор маселеси боюнча конференцияга катышып кайткан. Ал конференцияда тоолуу аймактардын бир катар маселелери каралаган. Ааламдык жылууланууда биринчи кезекте тоолуу аймактар жапа чеккендиктен жаратылышта ар кандай терс көрүнүштөр пайда болот. Ага жер ресурстарынын деградацияланышы мүнөздүү болуп, жер кыртышы начарлап, нымдуулугун жоготот, натыйжада айдоо аянттары, адам жашай турган жерлер тарый баштайт. "Климаттын ааламдык өзгөрүүсүнүн таасиринен улам адам башына салыштырмалуу айдоо жери, курулуш аянты азайып, тамак-аш коопсуздугунун коркунучу жогорулай баштайт. Негизинен буга чейин эле тоолуу аймактарда баңги бизнеси, диний-улуттук экстремизм жайылган, коомдук социалдык жактан бузулушу орун алган. Бул көрүнүштөрдүн келип чыгышына социалдык кыйынчылыктар, жумушсуздук, калктын басымдуу көпчүлүгүнүн жакырчылыгы себепкер. Борбордук Азиянын өнүгүү факторуна жетишерлик маани берилбей келет. Ааламдык жылуулануу климаттык эле өзгөрүүлөргө алып келбестен, адамзаттын бардык кырсыктарынын башаты болмокчу. Ал экологиялык, социалдык, саясий, экономикалык жана маданий факторлорго таасирин тийгизет",-дейт А.Айдаралиев.

ТАЗА СУУ ЖЕТИШСИЗДИГИ АЛДЫГА ЧЫГАТ
А.Айдаралиевдин пикиринде, аталган маселе жер жүзүндөгү айрым аймактарда климаттын түп-тамырынан бери өзгөрүүсүнө, кыйроолорго алып келиши ыктымал. Биздин планетада климаттык кыйроолор бир нече жолу болуп өткөн. Ага байланыштуу жашоо чөйрөсүнүн трансформацияланышы, жер кыртышынын биоциррозу, өсүмдүктөр дүйнөсүндө бүтүндөй түрлөрдүн жоголушу, адамдардын жер которуусу, улуу согуштар, жашоо образынын, цивилизациянын кыйрашы келип чыккан. XVII-XVIII кылымдарда адамдардын чарбалык ишмердүүлүгүнүн таасирине чалдыкпаган жерлер болгон. Ошол себептүү экологиялык жана экономикалык өнүгүүлөр бири-биринен көз карандысыз иштеген. Учурда бул эки система бири-бири менен айкалышты. Анын экономикалык параметрлери бири-бири менен өз ара байланыштуу жана көз каранды. Жаратылыш ресурстарынын деградацияланышы жана азайышы экономикадагы экологиялык компоненттердин бүтүндөй кыйроосуна алып келет. "Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде климаттык өзгөрүүнүн башкы белгиси таза суунун жетишсиздиги болмокчу. 1984-жылы эле Эл аралык геологиялык конгрессте таза суу номур биринчи пайдалуу кен деп таанылган. Ошол учурда эле ал үчүн айыгышкан күрөш боло тургандыгы божомолдонгон болчу. Углеводородду күн, шамал, биологиялык, атомдук энергиянын башка булактары менен алмаштыруу мүмкүн эмес",-дейт А.Айдаралиев.
Анын айтымында, ДСУ 2009-жылы Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүндө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлануусу боюнча ааламдык жылууланууга байланыштуу докладында Европа жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү өтө кооптуу экендигин белгиленген. Анын ичинде мөңгүлөр боюнча чоң маселелер жаралууда. Дүйнөлүк банк климаттын ааламдык өзгөрүүсү боюнча фонд түзүп, ага 6,2 миллиард доллар бөлгөн. Жакында эле Тажикстан Республикасы долбоорду даярдоого 1,5 миллард доллар, ал эми Мексика 400 миллион доллар алган. Кыргызстанга аталган программа боюнча акча алуу үчүн стратегиялык программа иштелип жатат. Анын ичинде биринчи кезекте тоолуу райондордо жашаган калктын ден соолугуна кам көрүүгө көңүл бурулмакчы.
"Тоолуу аймактарга көңүл бурбай коюу терс факторлорго алып келет, мен бийликке нааразычылыктар дал ушул себептерден да келип чыккан деп ойлоймун. Андыктан Тоолорго Эл аралык стратегиялык жардам берүү программасы боюнча тоолуу аймактарга жардам берүү жагы каралмакчы",-дейт ал.
Ааламдык жылуулануу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында уюшулган топ Кыргызстандын мыйзам чыгаруу базасын изилдеп чыкты. Жумушчу топтун жетекчиси О.Касымовдун айтымында, бул программалар ДСУнун Римдеги офиси тарабынан каржыланууда. Анын ичинде адистерди коомдук саламаттыкты сактоо тармагында окутуу, энергияны үнөмдөөчү жабдуулардын альтернативдүү булактарын пайдалануу жагы каралган. Саламаттыкты сактоо секторунда учурда климаттын өзгөрүшүнүн таасири, трансмессивдик ооруларга, иче турган сууга, жаракат алууларга, тамак-аш продуктуларынын коопсуздугуна анализ жасалган.
Дүйнө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардан артта калбай биздин өлкөнүн да аракеттениши албетте кубанаарлык. Эми саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка тармактардын жапа тырмак кызматташуусу менен белгиленген иш-чаралардын жасалашы күтүлүүдө. Ошентсе да ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн кам көрө билиши абдан зарыл.