Нагыз лириканын чебери
Атакул Жакыповдун "Күүгүмдөгү кусалык" аттуу китебин окугандан кийинки ой

Сооронбай Жусуев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Бизде акындар көп. Алардын ичинен айырмаланып, өзгөчөлөнүп турган бир акынды жакшы билем. Ал - Атакул Жакыпов. Анын алгачкы ырларын окуп, тушоосун кесип, ак жол каалап ал жөнүндө гезитке жазганым эсимде. Ошондон бери поэзияда анын жасаган ар бир жаңы кадамына кызыгуу менен көз салып келе жатам. Анын жылдан жылга өсүшү мени кубантып, канааттандырып келди. Албетте, ал республикабыздын эң батышкы четки Лейлек районунда жашап, Коргон кыштагындагы Курбаналы Сабыров атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип иштеп, адабият чөйрөсүнөн алыс болгону анын китептеринин өз убагында басмадан чыгышына жолтоо болгонунан кабарым бар. Акындын өзүнүн айтканына ишенсек, бир кезде сегиз жыл бою китеби чыкпай калган. Албетте, бул азыркы катаал шарттын кесепети экени түшүнүктүү.
Мына ошентип акындын кыйналып, көп күтүп жүрүп 2008-жылы "Актилек" акционердик коомунун президенти, айкөл пейилдүү Исаев Жусубалинин демөөрчүлүгү менен чыккан "Күүгүмдөгү кусалык" аттуу китеби менин колумда. Башкаларга окшобогон кылдат лирик акын бул китебинде да өзү тапкан жолунда чыгармачылыгын улантып жаңы жеңиштерди карай орчундуу кадамдарды шилтегени көрүнүп турат. Ал саясаттан оолак акын, жактырганы нагыз лирика. Бул багытта анын табылгалары арбын жана жемиштүү. Менин пикирим кургак, ынанарлык эмес болбосу үчүн акындын ырларынан көбүрөөк мисал келтирсем деймин. Акындын ырларын сөз менен айтууга болбой турган, окурманды ишендире ала турган кайталангыс саптарын көрсөткүм бар. Мисалы акындын төрт сап ырында табияттын сүрөтү чебер тартылган:
Кылтылдап ойнойт нурлар жалбыракта
Дирилдеп канатындай көпөлөктүн.
Ушинтип сайран курат жазгы бакта,
Кылкылдап так төбөгө жете элек күн.
Же болбосо:
Бакта алмалар бышып калган кыпкызыл,
Кызылынан уялгансып албырат.
Чаңкаганда чала кымыз жуткузуп,
Чанач чайкап чаар ала чал турат,-деген ыр саптарын окуганда окурман элестүү көрүнүштөрдү көз алдынан өткөрүшү мүмкүн. Бул саптарда канча түрдүү боёктор колдонулганын баамдоого болот. Демек, акында сүрөтчүнүн көзү бар, акын сөз менен сүрөт тартып жатат, анда сүрөтчүлүк касиет күчтүү.
Акындын "Балалык түнү" деген ырынын сегиз сабын окуп көрөлү:
Күүгүмдө жылып кирчү,
Күрсүнүп караңгылык.
Термелип турчу эле ай,
Күлкүсүн араң тыйып.

Асканын урчугунда,
Ак буура өркөчүндөй,
Термелип турчу эле ай,
Цыган кыз сөйкөсүндөй.
Бул ыр саптары да жогоруда акын жөнүндөгү оюмду далилдеп турат. Алыскы Лейлекте адабият чөйрөсүнөн да алыс турган акын чебердиктин жогорку деңгээлине жеткени кубандырат. Чындыгында Атакул ар бир ыр үчүн, ар бир ырдын ар бир сөзү үчүн талантынын күчүн сарптаган акын. Ал акын болуп ыр жазып, ыр аркылуу поэзияга ак кызмат өтөгөн тагдырына ыраазы экенин төмөндөгү төрт сапта билдирген:
Ырларым маңдайымдагы ырыс, күнүм,
Балбылдап бешенемде жанат шамдай.
Буюрган мага ушул бир ырыскыны,
Миң ирет ыраазымын жаратканга!
Атакул Жакыпов ыр менен гана чектелип, ыр менен жашап келе жатат. "Ырым гана менин кыйбас адашым, ырым менин санаалашым, муңдашым" дейт да, "Ыр - жылдызы балбылдаган жолумда, ыр дартымдан айыктырат оорумда" деп кошумчалайт. Ал мансапты оюна такыр жолотпогон топуктуу акын. Төмөндөгү саптар буга далил:
Кызыл-тазыл максат тагып алдыга,
Күндүр-түндүр алектенип, жан үрөп,
Көптү тилеп, азга жеттик турмушта,
Шүгүрчүлүк, ушуга да канимет.
Атакул Жакыповду ушул даражага көтөрүп атактуу акын кылганга жүрөгүндөгү күчтүү сүйүү себепкер дешке толук мүмкүн. Ал жөнүндө өзү да минтип айтат:
Поэзиям ошол күндөн ушул күн,
Албырттаган сезимдерге кабылып.
Түнү бою уктай албай жүрөмүн
Жалбырттаган махабаттын табы уруп.
Акын сүйүү жөнүндө жазганда да оригиналдуу салыштырууларды, боёкторду, образдарды таап жазууга аракет кылат. Анын сүйүү жөнүндөгү ырлары башка акындардын ушул темага арналган ырларынан айырмаланып турат, өз атын жазбаса да Атакулдуку экени таасын билинери бышык. Бул оюмду далилдешим үчүн дале болсо анын ырына кезек бергим келет:
Күлкүң ай, күлкүң сенин күндөй тунук,
Айдын ак шооласындай түшкөн жуунуп.
Жаркыным, сенин ак жамалыңдан
Жашоого келгенсидим кайра туулуп.
Акындын төрт сап ырында эле көп ойлор айтылып, художник үчүн болочок сүрөттүн темасы даана белгиленип, окурмандын көзүнө түнкү, үмүттүү көрүнүштөр тартылып турганын көрүүгө болот:
Шуудурушат дайра жээктеп өсүшкөн,
Тал-кайыңдар, жүрөм жылкы откоруп.
Өзөгүмө өксүк салган, өрт салган,
Өчпөдү ай терезеңдин оттору.
Сүйүшкөндөрдүн ортосунда боло турган өбүшүү жөнүндө да бөтөнчө - Атакулча жазганын көрөбүз:
Өзөгүмө өрт салдың го келбей тим,
Өмүрүмдүн өрт жолунда кезигип.
Өрүгүңдөй эриндериң - Лейлектин,
Өтө бышып калган кезде эзилип.
Ошол өбүшүү жөнүндөгү акындын экинчи ырын алып көрсөк, акын өбүшүүнүн маанисине ой буруп, аныктайт:
Эриндериң эриниме батты эле,
Эриндериң унутулгус татты эле.
Ошол учур биз өбүшүп турушкан
Өлө турган өмүрдө бир бактым эле.
Атакул Жакыпов Есенинди чыгармачылыгында пир көрүп, таасирленип, анын поэзиясынан көп нерселерди үйрөнгөнү көрүнүп турат. Ал жөнүндө өзүнүн ырында да жазат. Есенинден которгон ырлары китебин кооздоп турганы сезилет да, Есенинден дагы көп сабактарды алгысы келгенин кубаттоо гана керек.
Акын сүйгөнүнө минтип убада берет:
Жүрөгүмдө сүйүү алып келемин,
Оргуп чыккан тээ түптүрдөн, тереңден.
Ырга салып өтөм сени түбөлүк
Түгөнгөнчө ыр башаттуу көрөңгөм.
Демек, акындын сүйүү жөнүндөгү лирикалык ырлары улана бермек, биз андан адамдын күчтүү, кудуреттүү касиети жөнүндөгү сонун саптарды акындан дайым күтө бермекпиз.
Лириканын ар түрү бар экендиги: саясий, жарандык, махабат лирикасы сыяктуу бөлүнгөнүн билебиз. Акындын махабат лирикасы менен анча-мынча тааныштык. Ал эми лириканын башка түрлөрүн Атакул Жакыпов жакшы жазарына анын аз сандагы ырлары бизди ынандырды. Анын Мурзапар Үсөнгө арнаган "Кыпчактар" деген ырында:
Кыпчак деген улуу даңктуу көчмөн журт,
Жылдыз болуп жерге түшкөн көктөн журт.
Кылымдарды дүңгүрөтүп ат менен,
Кылымдардын кыйырынан өткөн журт,-десе, "Кыргызым" деген ырында:
Көзүн карап бирөөлөрдүн, ийменип,
Өз тагдырын өз жеринде чече албай,
Башка бир да элди, журтту билбедим,
Өз үйүндө турган төргө өтө албай,-деген көңүлүн өйүгөн ойду айткан.
Бизге ар түрдүү манерада, стилде, багытта жазган акындар керек. Атакул Жакыпов кыргыз поэзиясында өзүнө жаккан, өзү тандап алган багытта жемиштүү эмгектенип келе жатканы кубанычтуу көрүнүш. Бул багытта дагы сонун жеңиштерге жетишине ишеничибиз чоң. Бул ыр китебинде байкалгандай кусалык, сагынуу ырлары менен катар көңүл чөгүү, муңаюу, чүнчүү, үмүтсүздүк сыяктуу сезимдер баяндалган ырлар арбын болуп кетпесе деген каалоону айтып, Козу-Баглан дайрасынын боюнда жашаган акындын чыгармачылыгынын ошол дайрадай кудуреттүү, тунук, жаркын нукта уланарын күтөбүз.



Таланттуу- наамга татыктуу
(Сүйөркул ТУРГУНБАЕВГЕ)
Саптары көгүчкөндөй көкөлөнгөн
акындардын акыны бар өзгөчөлөнгөн,
асыл ойду адагенде көзгө чөгөргөн.
Кумдан алтын издегендей
курч сөз иргеп көпкө көшөргөн -
ал Сүкөм, жүрөгү ырга төшөлгөн.

Жайнатып көп китеп чыгаргандар көптүгүнөн
өзүлөрүнүн текчелерине араң батчу.
Сүкөм аз жазды, бирок саз жазды,
бөтөнчө жетимиш, сексенинчи жылдарда
иштеткен тындырбай
жарашыктуу кара чачтуу жаш башты.
"Кечки троллейбустагы" саптарынын таскагы
кезинде троллейбусту
калтырып артка таштады.
Ырларды жазды, сындарды жазды,
сындардан ырлары, ырлардан сындары жакшы.
Чачтары суюлса да
ыр, сындары коюу болуп,
жуураттай таттуу.
"Борсойгон боорсок бет жакшына кызына"
бойго жеткен боз уландар
убагында ашык болуп, артынан жамырашты.
Жеткени жетип,
жетпегени автордон
дагы үмтөтүп, жалдырашты…
Алтын жерде жатчубу,
акыры эмгеги бааланып,
Сүкөмдү сүйүнүч басты -
жарык маанай маңдайына
Президент "Эл акыны" деген наамды такты.
Эми,
"Береримди бердим, аларымды алдым",- деген
чагыңыз эмес чалкалап жатчу.
"Эл акындары" баары эле тегиз эмес,
аны окурмандар өздөрү
иргеп, сорттоп билет айырмалашты.
Эсиңизде болсун,-
төмөнкү сортко түшүп калбасты.
Жан-дилиңизде эргүү кайнап, ташып,
бууланып текке кетпесин асты.

Жаңы парламент келбедиби,-
жаңы мыйзамдарды чубалжытып чоёр.
Балким,
"Эл сынчысы" деген наам маселесин да
Регламентине коёр…

Асанбек ИМАНБАЕВ