Аялдар гүлдөп турган мезгилинде
жарык дүйнө менен кош айтышууда…
Аялдардын эмчек безинин рагы барган сайын актуалдуу маселе болуп бара жатат жана ал биздин өлкөдө биринчи орунга чыкты. Дарылоого жана алдын ала аныктоого карабастан бул оорудан каза болгондордун саны көбөйүүдө.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Өлкөдө эмчек безинин рагына чалдыккандардын саны 40 жаштан жогору карай 11 пайызды түзсө, ал эми 40 жашка чейинкилердин саны 11 пайыздан жогору. Анын ичинен биринчи баскычында болгону 2,5 пайызында табылууда. Дарттын өтө күчөп кеткен түрү же болбосо 3-4-баскычы 46 пайызды түзөт. Улуттук Онкология борборунун Маммологиялык борборунун директору Дамир Абдылдаевдин маалыматы боюнча оорунун эң эле бийик чокусу калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү болгон 40-49, 50-59 жашты түзүп жатат. Бул көпчүлүк учурда өлүмгө алып келген коркунучтуу дарт болуп калууда. Мунун натыйжасында, көпчүлүк балдар жетим калуу менен аялдар күчкө толгон, жашоодогу эң сонун курагында жарык дүйнө менен кош айтышууга аргасыз болушууда. Айрымдары айыгууга мүмкүнчүлүк алышса дагы, өмүр бою майып болуп, эмгекке жарамсыз боюнча калышууда. Мунун себеби аялдардын бул оору тууралуу маалыматынын начардыгы менен байланыштуу. Аялдардын ай сайын өзү текшерилип турууга түрткү болчу нерселердин жоктугу. "Биринчи көйгөй аялдар абдан кеч кайрылып жатышат. Экинчиси бул бардык деңгээлдеги дарыгерлерде онкологиялык оорулар боюнча сактык көзөмөлүнүн жоктугу. Үчүнчү маселе, жетишерлик каржылоонун, заманбап диагностикалык жабдуулардын, реактивдердин жана дары каражатынын жоктугу. Төртүнчү маселе илимий изилдөөлөрдүн жетишерлик каржыланбай жатышы болууда",-дейт Д.Абдылдаев.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун негизинде калктын репродуктивдүү саламаттыгы боюнча 2015-жылга чейинки Улуттук программа түзүлгөн. Анын биринчи милдети - эмчек бе-зинин рагын алдын ала аныктоо жана скрининг боюнча иштерди күчөтүү болуп саналат. Скрининг (калкты массалык түрдө текшерүүдөн өткөрүү) учурда ооруну эрте аныктоо максатында эл арасына кеңири тараган. Анын ичинен негизгиси - маммография. Скринингдин башкы максаты - эмчек рагынан болгон өлүмдөрдү азайтуу. Экинчи милдет - аялдар арасында маалыматтуулукту жайылтуу менен өзүн-өзү изилдөөгө үйрөтүү. Д.Абдылдаевдин айтымында, сурамжылоонун жыйынтыгында, аялдар өзүн-өзү изилдөөнү кандай жасаш керектигин билбей тургандыгын айтышат, бул тууралуу тилекке каршы, ал гана эмес дарыгерлердин өздөрү дагы аны кантип туура жасаш керектигин жана кайсы мөөнөттө өткөрүүнү билишпейт. Бул дагы чечилиши зарыл болгон бирден бир маанилүү маселелерден болуп саналат. Аны мамлекеттик, мыйзам чыгаруу деңгээлде чечүү зарыл. 2009-жылы эмчек безинин рагы менен ооругандардын ассоциациясы түзүлгөндүгү кубанычтуу окуя болгон. Алардын максаты бул категориядагы оорулуулардын экономикалык, маданий, социалдык жана башка мыйзамдуу укуктарын, эркиндигин жана кызыкчылыктарын коргоо. "Ар бир эле аял өзүнүн ушундай оорусу бар экендигин жана ага карата кандай дарылангандыгы тууралуу айта албайт. Бирок, алардын арасынан тайманбаган, эр жүрөк аялдар да чыкты. Алар бардыгы чогулуп, оорулуу аялдарга жардам берүүнү чечишип, ассоциация түзүштү",-дейт дарыгер.

ӨЛКӨДӨ КҮНҮНӨ БИР ЖЕ ЭКИ АЯЛДАН ЭМЧЕК РАГЫ ТАБЫЛАТ
Ошол эле учурда апаат алып келүүчү дарт катары саналган бул оору менен күрөшүүдө "Эргенэ" коомдук фонду бир канча жылдан бери өз салымын кошуп келет. Алар аялдар арасында аталган дарт тууралуу кабар берүү, өзүн өзү изилдөө багытында көп иштерди жүргүзүп келишүүдө. Фонддун төрайымы Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, бул маселеде Кыргызстан жалгыз эмес, жыл сайын дүйнө жүзүндө 3 миллион аялдын ичинен 1 миллионуна эмчек безинин рагы деген аныктама коюлат, анын ичинен 465 миң аял каза таап турат. Ал эми Кыргызстанды ала турган болсок, эгерде санга которсок, өлкөдө бир күндө бир же эки аялга аталган дарт аныктамасы коюлуп турат. Алардын дээрлик жарымы кеч баскычында табылат. "Биздин жакындарыбыз, энелерибиз, эжелерибиз, сиңдибиз же кызыбыз убагында зарыл болгон дарыланууга жете албай каза болуп жатышат. Көпчүлүгү жедеп күчөп кеткенде кайрылышат, ал учурда кеч болуп калууда. Бул оору бүткүл дүйнө жүзүндө алдыга чыккан. Анын себептери көп факторлорго байланыштуу, бирок, эң кубанычтуусу ракты болтурбай коюуга болот. Эң башкысы сергек жашоо образы, туура тамактануу. Рак такыр айыкпайт деген көп "жомоктор" бар. Бирок, анын эрте баскычында аныктоо менен туура дарыласа айыктырууга болот. Анткени онкология мындан он жыл мурдагыга караганда бир канча кадам алдыга жылды. Шишикке каршы багытталган жаңы дары каражаттары чыгып жатат",-дейт Т.Сабырбекова.
Т.Сабырбекованын айтымында, Кыргызстанда рак оорусуна абдан аз көңүл бурулат. Дүйнө жүзү боюнча алып караганда жалпы рак ооруларынан жыл сайын 7 миллион адам каза табат. Бул безгек, кургак учук, СПИДке караганда көп. Ошол эле учурда рактын алдын алууга абдан аз каражат жумшалууда. Анын ичинде биздин өлкө дагы четте калган эмес. Рак ооруларынын ичинде эмчек безинин рагы биринчи орунда бара жатат. Ушул тапта донорлор, эмчек безинин рагы менен ооругандардын ассоциациясы, дарыгерлердин ассоциациясы, коомдук уюмдар калкка маалымат берүү максатында биригиши жакшы саамалык болууда. Ошондой эле башка коомдук уюмдар, мамлекеттик эмес уюмдарга жана саясий партиялар дагы бул иште кошулууга тийиш. Аталган фондго Кызматташуу боюнча Швейцариялык бюро каржы жагынан колдоо көрсөтүп келет. Кыргызстанда гистохимия боюнча лаборатория курулуп жатат, ал рактын кайсы түрү экендигин аныктоого жардам берет. Ал мындан ары бул ооруга максаттуу дарылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Аталган лаборатория эмчек рагына гана эмес, рактын бардык түрлөрүнө изилдөө жүргүзөт.

ӨЗ КАЙГЫҢ МЕНЕН ЖАЛГЫЗ КАЛЫШЫҢ РАКТАН ДАГЫ КОРКУНУЧТУУ…
Эмчек безинин рагы менен ооругандардын ассоциациясынын мүчөсү Лариса Краснованын айтымында, ал ооруканага эмчек рагы деген аныктама менен келип түшкөн. Дарылануу процессинде бул ооруга чалдыккандарга мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөгөндүгүнө күбө болгон. "Бөлүмгө келгенден кийин, бул оору боюнча эч кандай каржылоонун жоктугун түшүндүм. Кыргызстандын эң алыскы айылдарынан келген аялдардын оор абалдарына да күбө болдум. Бул эң коркунучтуу дартка кабылгандан кийин өз кайгың менен өзүң жалгыз калаарың андан дагы коркунучтуу экен. Бул маселенин кеңири жайылгандыгын көргөн соң, биз сыяктуу бейтап аялдарга жардам берүү үчүн ушул уюмду түзүүнү чечтик. Эң эле башкы көйгөй - маалыматтын начардыгы, төмөндүгү болууда. Ар бир аял мындай оорудан операция болгондугун жашырат, башкалар аны сөз кылышынан коркот. Бул оору жашарып бара жатат. Ал канчалык эрте табылса, ошончолук жакшы айыгат, жашап кетүүгө болот. Бөлүмдөрдө бардык дарыларды өзүбүз сатып алабыз. Операциядан кийин адамдар андан ары кандай жашаарын билишпейт, эч кандай профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлбөйт. Мамлекеттик мыйзамда бардыгы жазылып турса дагы каржыланбайт, мисалы, кургак учук, кант диабети каржыланат. Ал эми биз өзүбүздүн оорубуз менен жекеме-жеке калуудабыз. Мамлекет бул маселеге жүз буруп кароого тийиш. Анткени эртеңки күндө буга ар бирибиздин жакындарыбыз туш болушу ыктымал",-дейт ал.
Л.Краснованын айтымында, бул баарыдан дагы аялдардын саламаттыгы. Дарыгерлердин эмчек безинин рагы боюнча маалыматы дагы төмөн, мурда совет учурунда гинекологго бармайынча бир дагы дарыгерге коё берилчү эмес. Ал ооруп калгандан кийин Үй-бүлөлүк дарыгерлерге барып, алардын УЗИге жана башка жерлерге жиберүүсүн өжөрлүк менен талап кылып жатып, акыры дартын аныктаткан. Бул бейтаптын демилгеси менен эмес, дарыгердин демилгеси менен болууга тийиш. Анткени бардык эле адамдар талап кыла беришпейт. Рак оорусу менен ооруган бейтаптар социалдык жактан таптакыр корголгон эмес, аларга оору баракчаларын жалпы негизде гана төлөп беришет жана майыптуулук бир жылга гана берилет. "Майыптуулук бир жылга гана берилгендиктен, ошол убакыт өткөндөн кийин бюрократиялык кагаздарды толтуруу үчүн бардык мекемелердин эшигин жыртууга туура келет. Бара-бара майыптык тобуңду да төмөндөтө беришет. Биздин топтогу майыптарга өзгөчө мамиле жасалышы керек деп ойлоймун. Мен өтө күчөп кеткен баскычында туш болгон жаш кыздарды дагы көрдүм. Ошого жол бербеш үчүн бул дарттын алдын алууга болгон күчүбүздү жапа тырмак жумшоого тийишпиз",-дейт Л.Краснова.

МАММОЛОГИЯГА КЕЛГИЧЕКТИ КӨП ЖЕРЛЕРГЕ АКЧА КОРОТТУМ
Ушул эле уюмдун мүчөсү болгон Арзыгүл Карабаева мындан бир жыл мурда ушул дарт боюнча дарыланып чыккан. Анын айтымында, оору башына келгенче, эч кандай маалыматы болгон эмес. Качан гана көкүрөктөрү оорута баштаганда тынчсыздана баштаган. "Бул оорунун белгилери мурда билинген эмес, көкүрөктөрүм ооруй баштаганда, массаж жасаган курбума барсам, ал кармалап көрүп, "маммологиялык борборго бар, көкүрөгүң жакшы эмес", деп айтты. Бирок, чынын айтсам, мен буга көңүл деле бурган жокмун. Мындай олуттуу ооруга туш болом деп үч уктасам түшүмө да кирген эмес эле. Маммологиялык борборго келгенге чейин мен көп жерлерге бардым. Бул ооруга туш болгонума эч ишенгим келген жок",-дейт ал.
Анын божомолунда, бул оору нервге байланыштуу пайда болгон, себеби, ал өмүрлүк жубайы менен ажырашып, уруш-талаш менен депрессиялык абалда көпкө жүргөн. Дарты аныкталгандан кийин операция жасатпаганга аябай аракет кылган. Ар кайсы жактарга барып көп акчаларын кетирген, бирок, акыры маммологиялык борбордо гана дарылануу зарыл экендигин түшүнгөн. "Операция жасатпайм деп жүрүп, ар кайсы жактарга көп каражат кетирдим. Бирок, акыры маммологияга келдим. Меники башталыш баскычы болгондуктан, дарылоо натыйжалуу болду. Бирок, бизге мамлекет жагынан эч кандай жардам болбойт экен, химия, нур менен дарылоого жана операцияларга өзүбүз төлөдүк. Баш-аягы 50 миң сом кетти. Операциядан кийин колдоп туруучу дарыларды ичишибиз керек экен, алардын баасы 200-300 доллардын тегерегинде. Ага каражат жок болгондуктан көпчүлүгүбүз иче албайбыз"-,дейт А.Карабаева.

РАКТЫ ОНКОЛОГ ГАНА ДАРЫЛООГО ТИЙИШ
Т.Сабырбекованын айтымында, КРнын мыйзамында онкологиялык оорулар менен ооругандарга дары-дармектер акысыз берилет деген жобо бар, бирок, ал иштебейт. Бүт дары-дармектердин бардыгын оорулуулар өздөрү сатып алышат. Атайы улуттук программа болгону менен ал дагы иштебейт, анткени акча бөлүнгөн эмес. Онкология институту акыркы жылдарда деги эле иштебей калган. Мисалы, областтарда, райондордо онкологдор жок, ал жерде болгону хирургдар бар. Албетте, хирург өзүнүн жумушун аткарат, бирок, рак ооруларын онколог адис гана дарылоого тийиш. Онкология ооруларын алдын алууга көңүл бурулбагандыктан, аны дарылоого аябагандай көп акча сарпталат. Маселенин дагы тереңдеп кетүүсүнө Д.Абдылдаевдин айтымында, эмчек безинин рагын дарылоого гинекологдон баштап, хирургга чейинки бардык адистердин киришип жатышы түрткү болууда. Ошентип, дарт өз учурунда максаттуу, туура дарыланбагандыктан күчөп кеткен учурлар да кездешет. Андыктан, аялдар бул маселе боюнча маммологдорго гана кайрылуу керектигин эсине тутушу зарыл.