"Люстрация" мыйзамы ишке ашабы?
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
"Люстрация" батыш өлкөлөрүндө колдонулган
"Люстрация" мыйзамы практика жүзүндө бир катар батыш өлкөлөрүндө колдонулган. Атап айтсак, 90-жылдары Чыгыш Европадагы социалисттик мамлекеттерде жүзөгө ашырылган. Алар негизинен Коммунисттик партиянын активдүү ишмерлерине жана сөз эркиндигин кескин кыскан КГБнын кызматкелерине карата иштетилген. Мисалы, Чехия мамлекетинде "Люстрация" мыйзамынын курмандыктары өмүр бою мамлекеттик кызматтарга алынган эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда "Люстрация" мыйзамы толук жазылып бүткөн. Мыйзам демилгечилери аталган закондун көтөрүлүп жатышы, паракорчулукка малынган жана кылмыш иши козголгон бийлик өкүлдөрүн мамлекеттик кызматтарга аралаштырбай жоопкерчиликке тартуу деп эсептейт. Мындай мыйзам кабыл алынып калса, мурдагы режимдин камчысын чаап, кызматын кыянаттык менен пайдаланган алдыңкы саптагы чиновниктер сот жообуна тартылып, 10 жыл мамлекеттик кызматтарга алынбайт. Бирок, алардын эс алууга, бизнес жасоого, маалыматты эркин жайылтууга болгон укуктары чектелбейт.

"Люстрация" төмөнкү адамдар үчүн арналат:
- 7-апрелдеги кандуу окуяларга тиешеси бар адамдар;
- Паракорчулукка малынган экс-чиновниктер;
- Үзөңгү-Куушту Кытайларга өткөрүп берип жатканда добуш берген 73 эл өкүлү;
- Каркыраны Казакстанга берүүгө макулдугун берген 65 депутат;
- авторитардык жана тоталитардык бийликти орнотууга көмөктөшкөндөр;
- 1994-жылдан 2010-жылга чейинки шайлоолорду бурмалоого катышкандар;
- стратегиялык мекемелерди менчиктештирүүгө салым кошкондор;
- сөз эркиндигин жана башка негизги эркиндиктерди бузгандар;
Аталган мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Абдырахмановдун берген маалыматы боюнча, бул мыйзам саясат жасаган бийик даражалуу чиновниктерге гана арналган. Ал эми ортоңку катмардагы мамлекеттик кызматкерлерге тиешеси жок.

Убактылуу бийлик тазаланууну каалабайбы?
2010-жылдын 31-июлунда 47 бейөкмөт уюмдун жетекчилери жана Кыргызстандын баардык аймактарынан келген өкүлдөрдүн катышуусу менен "Элдик кыймыл-Люстрация" коомдук бирикмеси түзүлүп, 13-октябрда каттоодон өткөн. Бул уюмдун негизги максаты "Люстрация" мыйзамын жүзөгө ашыруу. Коомчулуктун кызуу талкуусуна ээ болгон мыйзамдын авторлорунун бири, президенттин саясий иштер боюнча жардамчысы Топчубек Тургуналиев. Аталган уюмдун мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөзүп, анда 5 пункттан турган катты президент Роза Отунбаевага жолдогонун жарыялады.
1. 2010-жылдын 10-октябрындагы шайлоону жокко чыгаруу;
2. 7-апрелдеги кандуу окуяларага тийешеси барларды тез арада жоопко тартуу;
3. Түштүктөгү улут аралык чырдын себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазалоо;
4. "Люстрация" тууралуу мыйзамды тез арада кабыл алуу;
5. "Люстрация" мыйзамын ишке ашыруу максатында атайын комиссия түзүү;
"Элдик кыймыл-Люстрация" уюмунун жетекчиси Иманбек Асылбековдун айтымында, бул мыйзамды 30-июнда эле Убактылуу өкмөткө сунуштаган. Тилекке каршы, апрелде бийликке келгендер мыйзамга кайдыгер мамиле жасаган. Демилгечи топту колдогондор жер-жерлерде күн санап өсүүдө дейт ал. "Люстрация" кыймылынын Жалал-Абад областы боюнча координатору Кубаныч Маматкеримовдун белгилегенине караганда, учурда аталган мыйзамды кубаттаган 15 миң адамдын колу чогултулган. Эгерде Жогорку Кеңеш "Люстрация" мыйзамын кабыл албай койсо, анда бул уюм өлкө боюнча 300 миң кол чогултуп референдумга алып чыгарын белгилөөдө.

"Люстрация" баш мыйзамга каршы келеби?
Кыргыз Республикасынын Адилет министри Аида Салянованын пикиринде, "Люстрация" мыйзамы керекпи, жокпу, аны жаңы шайланып келген Жогорку Кеңеш гана чече алат. Ошол эле учурда Акыйкатчы Турсунбек Акун "Люстрация" мыйзамы конституциянын 16-беренесинин 2-пунктуна каршы келет деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргыз Республикасы өз жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Конституцияда жазылгандай ар бир атуул мамлекеттик кызматтарга шайланууга жана шайлоого укуктуу. Эч ким жынысы, түсү, тили, майыптуулугу, кайсы бир этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий ишмердүүлүгү, билими, теги, мүлктүк же башка абалы сыяктуу жагдайлары боюнча басмырлоого алынбашы керек.

"Люстрация" мыйзамы БШКдан катталды
БШК "Люстрация жөнүндө" мыйзамын кабыл алууну жалпы референдумга алып чыгууну сунуштаган арызды каттоого алды. БШК төрагасы Акылбек Сариев белгилегендей, топтолгон кол тиешелүү санга жетиши керек. Бул иш үч-төрт айга созулат, андан соң топтогон колдор президентке өткөрүлүп берилет. А.Сариев "Люстрация" мыйзамын референдумга алып чыгуу маселесин президент гана чечет деп эсептейт.
Серепчилердин айтымында, мындай мыйзам кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын көздөп калышы мүмкүн. Учурдагы бийликте жана оппозицияда жүргөн саясатчылардын көпчүлүгү Акаев, Бакиев заманында чоң-чоң кызматтарда иштеп кеткен инсандар. 7-апрелден кийин эл ишенимин актоо үчүн келген УӨ баары таза адамдар деп айтууга мүмкүн эмес. Кыргызстандын саясий элитасы өзгөрбөсө "Люстрация" мыйзамы ишке ашышы күмөн, эгер кабыл алынып калса деле акыйкат жүргүзүлүшүнө кепилдик жок.




Таалай Айдаров, "Элдик кыймыл-Люстрация" коомдук бирикмесинин жетекчи орунбасары:
- Сиздер көтөрүп жаткан мыйзам кимдердин кызыкчылыгын коргойт?
- Бизди бүгүн коррупцияга малынган, мамлекет мүлкүн тоногон адамдардын кайрадан бийликке келип жатышы аябай өкүндүрөт. Негизинен бул мыйзам кабыл алынып калса биринчи кезекте 7-апрелдеги кан төгүүгө түздөн-түз тиешеси барлар жоопкерчилекке тартылып, мамлекеттик кызматтарда 10 жылсыз иштей албайт. Андан сырткары, Бакиевдин бийлиги учурунда эл мүлкүн тоногондорду уурдаган байлыктарын кустурушубуз керек. Чет өлкөдөн жардам сурай бербей коррупционерлерди жоопко тартып алгандарын кайтартсак ошол эле жетмек. Анкени 20 жылдан бери мындай адамдардын алкымына миллиарддаган каражаттар кирип кеткен.
- Бул мыйзамды жаңы шайланып келген Жогорку Кеңеш кабыл албай койсо эмне болот?
- Негизи эле 10-октябрдагы парламенттик шайлоо мыйзамсыз өттү. Бул шайлоо жаңы конституцияга каршы келет. Ал эми жаңы парламент колдобой коюшу мүмкүн, бирок бизди коомчулук колдоп жатат. Учурда "Люстрация" мыйзамын колдогон 15 миңге жакын жарандардан кол топтоп койдук. Эгер Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды өткөрбөй койсо, анда биз 300 миң кол чогултуп, муну эл тандоосуна алып чыгабыз. Карапайым калк мындай демилгени сөзсүз кубаттайт деп ишенебиз.




Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" саясий партиясынын төрагасы:
- Айрым атуулдар "Люстрация" мыйзамын кабыл алууну көтөрүүдө, буга пикириңиз кандай?
- Албетте, бул мыйзамды колдоймун. Бирок, муну парламенттик шайлоого чейин кабыл алуу керек болчу. Азыр кеч болуп калды. Аталган мыйзамга туш боло турган көпчүлүк адамдар бүгүнкү күнү депутаттык мандат алуу алдында турат.
- Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алат деп ойлойсузбу?
- Беш пайыздык чектен өткөн партиялардын тизмесин карап көргүлөчү кандай адамдар бар. Бул адамдар кантип өзүнө-өзү каршы добуш берсин. Менин оюмча, "Люстрация" мыйзамын ишке ашыруу үчүн бир эле жол бар, ал парламентти таратуу. Жаңы парламент таркатылгандан кийин гана аталган мыйзамды кабыл алууга болот.




Мухтарбек Өмүракунов,
"Замандаш" партиясынын төрагасы:
- Учурда "Люстрация" мыйзамы керекпи?
- Бул мыйзамдын оң жана терс жактары бар. Мисалы, бийликте турган кандайдыр бир топтор өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп коюшу мүмкүн. Чыныгы люстрациялык мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн көз карандысыз соттор керек. Ушулар гана акыркы чекитти коюшу зарыл деп эсептеймин. Алар бул мыйзамга ким туш болорун аныктайт.
- Мыйзамды көтөрүп жаткандар жалпы элдик референдумга алып чыгабыз деп айтууда, буга пикириңиз кандай?
- Референдумга алып чыкса болот. Бирок, бул көп чыгымды талап кылат. Элибиз экономикалык кыйын кырдаалда турганда ашыкча чыгашанын кереги жок деп ойлоймун. Эгер 20-30 киши бул мыйзамга туш боло турган болсо, ар бирини өзүнчө алып чыгыш керек болот. Бул кымбатка турган иш-чара.




Улуттук конгресс шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп эсептейт
Буга чейин белгилүү болгондой, шайлоодон өтпөй калган 20 чакты саясий партиялар биригип Улуттук конгресс түзгөн. Алар өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалдарга өз бааларын берип келүүдө. Шайлоо жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин аталган уюм өз ойлорун билдирди. Улуттук конгресс парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбайт. Конгресс мүчөлөрүнүн баамында жаңы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү узакка созулбайт. Анкени, жеңип чыккан партиялар ортосунда гана эмес, бир эле партия ичинде көптөгөн пикир келишпестиктер бар. Улуттук конгресстин лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, бийлик өкүлдөрү жана БШК шайлоо жыйынтыгын одоно мыйзам бузуулар менен бурмалаган. "Мындай кадамга алар стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн барган, бирок, жыйынтыгында бул аракеттери чоң чырдын башаты болуп калышы мүмкүн"-деп эсептейт Аликбек мырза. Ал эми "Замандаш" партиясынын төрагасы Мухтарбек Өмүракуновдун пикиринде, эң көп добуш алган партия 8 пайыздык добуш менен өттү. Элдин ишенимине өтө аз татыган партиялардын келечеги узак эмес. "Жашасын Кыргызстан" партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева 10-октябрдагы шайлоо тарыхта эң ыпластыгы менен калат деп эсептейт. Эгемендүүлүк алган жылдан берки баардык шайлоолордогу мыйзам бузууларды кошкондо да акыркы шайлоодогу мыйзам бузуулар ашып түшөт. Белгилей кетсек, Улуттук конгресс эч кандай митинг уюштурбай арыздарын сот аркылуу гана чечип аларын белгилешти. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ