"Люстрация" мыйзамы ишке ашабы?
"Люстарция" мыйзамы айрым адамдардын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө чек койгон саясий практика. "Люстрация" латын тилинен бизче которгондо "тазартуу", "тазалоо" дегенди түшүндүрөт. Бул мыйзам ишке кирсе тиешелүү атуулдардын профессионалдык, диний, партиялык ишмердиги иликтенип, мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынат. Аталган мыйзам Кыргызстанда 7-апрелден кийин кызуу талкууга алынууда. Буга чейин авторлор тарабынан Убактылуу өкмөткө жиберилген "Люстрация" закону колдоо тапкан эмес. Учурда мыйзамды ишке ашыруу максатында атайын "Элдик кыймыл-Люстрация" уюму түзүлгөн. q КАБАРЛАР 04

Наристелер көп төрөлүүдө
2009-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу Кыргызстандагы балдардын төрөлүүсү 2010-жылы өскөн. 9 ай ичинде өткөн жылы 101 миң 330 бала төрөлсө, 2010-жылы 109 миң 263 бала жарык дүйнөгө келген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы эне жана баланы коргоо бөлүмүнүн адиси Айгүл Бообекова белгилегендей, төрөлүүнүн өсүшү реперодуктивдүү курактагы аялдардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт. Аялдарда активдүү репродуктивдүү курак 20-29 жаш болуп саналат.
Энени жана баланы коргоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 80-жылдары республика боюнча балдардын көп төрөлүшү катталган. Эми ошол мезгилдеги балдар репродуктивдүү куракка жеткендиктен ушул жылдын 9 айында балдардын жарык дүйнөгө келиши көбөйгөн. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны качан болору белгисиз
БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин билдиргенине караганда, 5-ноябрга белгиленген жаңы парламенттин алгачкы жыйыны болбой калышы мүмкүн. Анткени шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын арызын сот толук карап бүтмөйүнчө мандаттар тапшырылбайт. Анын айтымында, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Коомдук парламент, "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Акыйкат" партиялары сотко арыз менен кайрылган. Буга чейин президент Роза Отунбаеванын видео кайрылуусунда Жогорку Кеңеш биринчи отурумуна жума күнү чогулушу айтылган болчу.
Бул учурда "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка үчүнчү болуп катталган Жоомарт Оторбаев мандатынан баш тартты. Ал эми "Ата Журт" партиясынан четтетилген Динара Исаева БШКга кайрылган эмес. Белгилүү болгондой, эл өкүлүн тизмеден четтетүү үчүн БШКга талапкердин өз арызы керек. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Быйыл көлгө туристтер өтө аз келди
Туруксуз саясий кырдаалдан улам Ысык-Көл областына келүүчү чет өлкөлүк туристтердин агымы 2009-жылга салыштырмалуу эки эсе азайган. Бул тууралуу Ишкердикти жана туризмди колдоо боюнча аймактык мамлекеттик администрациясынын башчысы Бакыт Ибраев кабарлады. Анын сөзү боюнча, 2010-жылы областка 180 миң 529 адам келген, өткөн жылы болсо 383 миң 725 болчу. "Жыйынтыгында, Ысык-Көлдүн пансионаттары эс алуучулардын аздыгынан жана атаандаштыктын чоңдугунан бааларды 20 пайызга азайтууга мажбур болушкан. Көлдө негизинен Кыргызстандын жашоочулары аз убакытка эс алуу менен ар кандай конференциялар өтүп турду",-дейт Б.Ибраев. АЙМИРА МЕНДЕЕВА